Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мекен үчүн бир бололу, Замандаш!
Урматтуу Кыргызстандын эли!
Урматтуу Бишкектиктер!
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо аламан жарышы соңуна чыгып баратат. "Замандаш-Современник" саясий партиясы шайлоо учурунда гана эмес, уюшулгандан тартып көп иштерди жасаганы маалым. Жардамга муктаж жүздөгөн атуулдардын санаасына ортоктош болуп, жашоосуна тагдырлаш болдук. Биздин максат - бийликке жетүү эмес, биздин максат - бийликти элге иштетүү. Бийликтин ээси ЭЛ болууга тийиш! Эми мындан аркы тагдыр чечүүчү иштер - СИЗДЕРДИН колуңуздарда! Анткени, 25-ноябрь күнү ТАГДЫР СЫНООСУНАН өткөнү турабыз!
Биз буга чейинки шайлоолордо добушубузду уурдатып, ар кандай мыйзам бузууларга кабылганбыз. Бул ирет ак эмгегибиздин жеңишин көргүбүз келет! Бүгүн партиянын 5 жылдык үзүрлүү эмгегин алдым-жуттум аракеттерге, арам акчаларга тарттырып жибербейли! Ал үчүн шайлоо күнү өз добушубузду татыктуу коргоп алалы жана мыйзам бузууларга жол бердиртпейли. Албетте, мурунку шайлоолордой одоно мыйзам бузуулар болбойт деген ишенимдебиз. Ошентсе да, "шайтан оюндар" болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн, өз КҮЧҮБҮЗГӨ жана АРАКЕТИБИЗГЕ гана таяналы. 25-ноябрда бардык шайлоо участкаларында жигердүү иштеп, бизге берилген ар бир ДОБУШ үчүн күрөшөлү. Бир адамдын добушу - бүтүндөй шаардын тагдырын чечүүчү КҮЧ болушу ыктымал.
Биз мамлектин ырыскысына кол салган, булганган партиялардан эмеспиз. Биз адал эмгек менен тапканыбызды ЭЛГЕ берген партиябыз! Биз чындап иштегени жана ишенимди актаганы баратабыз. СИЗДЕРДЕН сураныч - 25-ноябрь күнү КҮРӨШКӨ чогуу аттанып, көп жылдан берки эмгегибиздин үзүрүн чогуу көрөлү!
Урматтуу партиянын жактоочулары!
Сиздерге ЖИГЕРДҮҮЛҮК күч, МЕКЕНЧИЛДИК сезим жана БЕКЕМ КАЙРАТ каалайбыз! Ар дайым ден соолукта болуп, ЖЕҢИШТИН үстүндө чогуу жүрөлү! Биздин ЖЕҢИШ шаар турмушун түп-тамырынан бери жакшыртууга багытталсын!

Сиздерди терең урматтоо менен,
"Замандаш-Современник" саясий партиясынын тең төрагасы Эмилбек Өмүракунов




СДПК: ШАЙЛОО МАЙРАМ ЭМЕС - ЖООПКЕРЧИЛИК!
Эл тагдырын аркалаган Социал-демократтар
Тээ эгемендүүлүктүн эшиги ачылгандан ушул күнгө чейин Социал-демократтар бир ийиндешип, оорчулукту бирге көтөрүү менен жумурай журттун ысыгы менен суугун бирдей көтөрүшүп келишти. Андан берки дээрлик он жети жылдык тынымсыз күрөш бир топ мекенчил Социал-демократтардын чачын агартып, күчүн алды. Дал ошол 17 жылдык талыкпаган күрөш бир гана бутуна бекем туруп, өнүккөн өлкө курабыз деген аруу тилек, ой-максаттын негизинде болуп келгенин жашыра албайбыз. Адилеттүү, кара кылды как жарган калыс мыйзамдар, таза жана чынчыл бийлик жөнүндө, билимдүү жана жоопкерчиликтүү кадрлар тууралуу көп идеаялар айтылып жатат. Көздөгөн максаттар кеп жүзүндө калбасы үчүн Социал-демократтар бүгүн да күрөштү улантышууда.
Манас атабыздын жети осуятындагы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымак-биримдик менен достуктун баасы Социал-демократтар үчүн канчалык маанилүү экени байкалып турат. Кечээ жакында кыргыздын кыр аркасын сындыра жаздап, башына каран түн салып кеткен Бакиевдик режимден соң өлкө оор абалда калды. Ошол эле 2005, 2010-жылдардагы окуялар элдин эсинен гана эмес, тарых бетинен эзели өчпөй тургандай.
Мына эми эки жылдан бери мамлекет экинчи ирет мүмкүнчүлүк алып, жаңы турмушка бет алды десем жаңылышпастырмын. Парламенттик система биз үчүн чоочун болгону менен, акырындап орноктуу калыпка түшүп келе жатат. Парламенттик системанын орношу менен айрым көп жылдык тарыхы бар партиялар биригүүдөн чегинип, экиден-үчкө, үчтөн-төрткө бөлүнүп, ар кандай чуулуу иштерге малынуу менен аларга болгон элдин ишеними ылдыйлай түштү. Социал-демократтар гана өз позициясын, шайлоочулар арасындагы кадырын бекем сактап, эл үчүн жоопкерчиликти моюнга алуу менен белсене иштеп келатышат.
Туура, жумурай журтка болгон кайдыгер мамиле чегинен чыгып, өлкөнүн күч-кубатын алып, ар кандай чакырыктар менен коркунучтар калкты бүжүрөтүп таштады.
Арийне, мамлекетке каршы иштеген күчтөр азыр деле бар. Президент А. Атамбаев баштаган жигердүү реформалар, айрыкча коррупция, кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү баарына эле жага берген жок. СДПКнын көз карашын баары эле тең бөлүшө бербеди. Айрым суу жүрөк саясатчылар өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө, элибидин дарамет-күчүнө ишенишпейт. Ошондуктан алар элди шыйрактан кармап, артка тартып, мамлекетти сырткы күчтөргө сатып жибергенге, кубаттуу державаларга жүгүнтүп көз каранды кылганга аракеттенишүүдө.

Абактарга
куугунтукталгандар эмес, коррупционерлер
отургузула баштады
Эсиңердеби, жыйырма жыл ичинде бир дагы жолу министр, депутат, же башка чиновник кылган кылмышы иши үчүн жоопко тартылган эмес эле. Абак, куугунтук жалаң акыйкат издегендерге карата гана жүргүзүлүп калган. Эми болсо кырдаал башка. Абактарга акыйкат издегендер эмес, эл ырыскысын уурдагандар бара башташты. Башкача айтканда, коомду мителерден тазалоо жүрүүдө. Эл арасы жанданып, калктын бийликке болгон ишеними кайра жанды. Таза адамдарды куугунтуктоо, буйрутма киши өлтүрүү деген жексур көрүнүштөр кан буугандай токтоду.
СДПКнын аткарган ишинин натыйжасы: жергиликтүү калк жогору жактын көрсөтмөсүн күтүп отурбастан, жетекчилерин өздөрү тандай алышат. Мунун өткөн жылдагы парламенттик жана Президенттик шайлоолор ачык тастыктады. Далил катары бийликке оппозиция болгон жаңы жана эски күчтөр парламентте көпчүлүк орун алууга жетишишти. Бул да болсо партиянын тээ башынан берки алдыга койгон максаты эле.
Социал-демократтар ар дайым бийликти "менчиктештирүүгө" чечкиндүү каршылык көрсөтүп келген. Бирок, азыркы шарттагы саясий түзүлүшкө ылайык, СДПК өзүнө ири жоопкерчиликти алуу менен Президент, премьер-министр, спикерди камсыздады. Муну түшүнбөгөн айрым саясатчылар элдин башын айлантышууда. Бирок, алар мамлекеттик аппаратты партиянын кызматчы-жандоочусуна айлантууга эч кимдин укугу жок экенин эстеринен чыгарып коюшкандай. Административдик ресурсту пайдаланат дешип айгай салышууда. Бир райондун акими "атажурчу", экинчи райондун акими "республикачы", үчүнчүсү "ата мекенчи" болуп турган кезде административдик ресурсту пайдалануу акылга сыйбаган нерсе.

СДПК элге берген убадасын ишке ашыра баштады
СДПК партиясы бүгүн кай жагынан алып караба, өлкөнү бардык тармактар боюнча жаңылоого, анын турмушуна жаңы дем киргизүүгө аракеттенүүдө. Мисалы, кадырлуу инсан, кесипкөй энергетик Лев Васильев айткандай, СДПК партиясы Кыргызстандын стратегиялык тармагы болгон энергетика жаатында үч ири, маанилүү ишти турмушка ашырды. Биринчиси-Россия менен кызматташтык жөнгө салынып, Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча макулдашууга жетишилди. Республиканын түштүгүндө ири электр подстанцияларынын курулушу жүрүп жатат. Кемин -Датка линиясынын курулушу башталганы турат. Баса, бул линия курулса электр энергиясы түштүктөн түндүккө жиберүүгө жол ачылат жана Кыргызстан толук бойдон энегетикалык көз карандысыздыкка жетишет.
Социал-демократтардын дагы бир демилгеси - мурда приватташтырылып кеткен бала бакчаларды балдарга кайрып берүү. Бул багытта алгачкы кадамдар башталды. Бишкектин Октябрь районунда №82 бала бакчанын имараты бошотулуп берилди. №138 жана №56 башталгыч мектептердин имараттары кайтарылды. Аталган мектептердин ар биринин ремонтуна, жабдуусуна 30 млн сомдон акча каражаттары да каралды. Шаардык кеңештин биринчи эле сессиясында жаңы шайланган социал-демократ депутаттар бул долбоорду каржылоо маселесин алып чыгышмакчы.
СДПК партиясынын программасында Бишкек шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилген. Буга чейинки шаар кеңешине депутат болуп келген СДПК партиясынан депутаттар жаңы конуштарды таза суу менен камсыздоо багытында шаар бюджетинен 27550,8 сом каражат бөлдүрүүгө жетишишкен, "Рухий мурас" жаңы конушундагы "Сельский" суу көлмөсү толук оңдолгон. "Орто -Алыш" суу көлмөсүнө скважина казылса, Ак -Өргө жаңы конушунун тургудары таза суу менен толук камсыздалмакчы. Шаар кеңешиндеги СДПКчы депутаттар ошондой эле шаардагы биолабораториянын курулушун токтотуп, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн 60 жаңы лифти орнотуп берүүгө жетишишкен. "Жаш мугалимдин депозити", "Жаш дарыгердин депозити" программалары, Бишкекке жаңы троллейбустарды алып келүү да СДПК партиясынын депутаттарынын активдүүлүгүнүн аркасы менен ишке ашырылууда.
Сөздүн кыскасы, өлкөнүн көзкарандысыздыгына, бүтүндүгүнө, коопсуздугуна, өнүгүп-өсүшүнө жооп бере турган партия бүгүн бизде бар. Ал партия СДПК. Алар Социал-демократтар…

Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??