Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Келечек - жаштардыкы
Бишкегим - жүрөгүм
Жан дүйнө
Чыңгыз Акматов 1988-жылы 24 мартта Бишкекте төрөлгөн, үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Учурда "ОПР - Азиз" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
Турмушта туу тутканы: Кыргыз элим, туулган жерим - мекеним. Эң негизги принцибим - ар-намысты бийик тутуп, уятка калбоо.
Адамдын бактысы эмнеде? - Мен эки жашар кызымдын чоңоюп келатканын көрүп, ата-энем менен бир туугандарым аманчылыкта, ден соолукта жүргөнү менен бактылуумун. Кыргызда айтат ко "Аман болсоң, алтын аяктан суу ичесиң" деп.
Кыргызстандагы жактырган саясатчыңыз ким? - Мыкты саясатчылар аз эмес. Бирок принципиалдуу, өзүнүн сөзүнө туруктуу, таза деп - Темир Сариевди эсептейм.
Китеп окуйсузбу? - Тарыхый романдарды өзгөчө кызыгуу менен окуйм. Т.Касымбековдун "Сынган кылычы", А.Стамовдун "Хан Тейиши" жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын.
Канча тил билесиң? - Эне тилимди жакшы билем, орус жана англис тилдеринде таза сүйлойм.


- Чыңгыз Жумабекович, Кыргызстандагы көптөгөн партиялардын ичинен "Акшумкар" партиясына мүчө болуп киргениңиздин себеби эмнеде?
- Партиянын өзүнүн туруктуу тарыхы бар, оппозициялык күрөштү башынан өткөргөн, куугунтук көрүп жүргөн кезде лидери - өз элинен качып же жан сактап калыш амалы үчүн көзүн май баскандар менен алакага барган жок. Партиянын тизмесинде таза, жөнөкөй адамдар. Басымдуулук көпчүлүк жаштардан турат. Жаштарды колдогонуна биздин талапкерлердин тизмеси далил. Туруктуулугу, тазалыгы көңүлүмө туура келет.
- Бишкек шаардык кеңешине ат салышууну чечкениңиз көптөн бери ойлонуп жүргөн кадамбы же күтүүсүздөн ушундай ойго келдиңизби?
- Г.В.Плеханов атындагы Москвадагы экономикалык академияны бүтүргөндөн кийин, жумуш шартына байланыштуу ОАЭ Дубайдагы "Кыргызстан" авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүндө 3 жылга жакын иштедим. Ошол кездери эле боордош калаам Бишкек ушундай болуп көрктөнүп өнүгүп чыкса деп, кыялданчумун. Андан бери эки окуу жайды бүтүрүп, финансы кредит жана эл аралык мамилелерди илим катары тааныдым, бул инвестицияларды тартуу жолдору. Азыркы учурда, бул кадамым менин кыялымды иш жүзүнө ашыруу мүмкүнчүлүгүм, мен даярмын.
- Кудай буйруп, шаардык кеңешке депутат болуп калсаңыз, эң биринчи кайсы маселени көтөрүп чыгат элеңиз?
- Борборубузда маселелер өтө эле көп. Азыр шаардын чекесиндеги Ак-Босого, Калыс-Ордо, Көлмө, Касым, Керемет жаңы конуштарына барып, эл менен жолугуп жатабыз. Эң негизги маселе - борбордук канализация, жарык, жол, суу,транспорт, мектеп, бала бакча. Бул олуттуу маселелердин чечилиши бир күндүк эмес, бардык нерсе каражатка такалат. Эң биринчи маселе, жаңы конуштардын турмуш шартын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселени көтөрүп чыгат элем. Жаңы конуштар заманбап кичирайондорго айланышы керек. Каражаттар бар.
- Жаңы конуштардын тургундары менен жолугушканда жаштыгыңызды көрүп, кандай мамиле кылышууда?
- "ОПР - Азиз" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын башкы директору болуп иштеп жатканыма эки жыл болуп калды. Андыктан, эл менен иштеше алам. 200дөн ашык иш орун бергем, биздин дүң соода бирикмебизде баалар шаар боюнча салыштырмалуу эки эсеге арзан. Жаңы ыкма менен иштейбиз, арендаторлорго да, жашоочуларга да абдан ыңгайлуу. Башта "Башкы директор сенсиңби, койчу, колуңан эмне келет?" - деп ишенишчү эмес, жашсынтышчу, бирок көз коркок, кол баатыр. Азыр ийгилигин, пайдасын көрүп, ишенич артып калышты. Көпчүлүгү жаңы конуштардын тургундары. Кезигүүгө барганда туура сүйлөп, маселени туура чечсең, элдин мүдөөлөрүн уга билип, жапакечтик менен мамиле жасасаң ишенич болбой койбойт. Жана дагы мени менен чогуу иштешкендер колдойт, кошуна колоңдоруна айтып, "жаштыгына карабагыла, иш билгичтигине карагыла, биз иштешип жүрөбүз го" деп ишеним артып беришет. Адамды адам билет. Көрө көрө көсөм болосуң, сүйлөй сүйлөй чечен болот, экенсиң.
- Программаңыздын түпкү өзөгүн эмне түзөт?
- Эң башкысы борбор калаабыз Бишкек - Кыргызстандын визиттик карточкасы, Бишкек шаары гүлдөп-өскөн, жапжашыл, кыргыз эли сыймыктангандай, келген коноктор суктангандай шаар болуш керек. Биз төрөлгөн жылдары 1 кишиге 21.5 кв.м жашыл бактар туура келчү экен, азыр бир адамга 6.5 кв.м туура келет. Көпчүлүк бак-дарактар АЗС, кафелерге орун бошотуш үчүн кыйылат. Жаңыларды отургузушса, эч ким карабайт, сугарылбайт. Борбордук көчөлөрдө эски уранды тамдар, "Англиядан келген секонд хенд" деген жарнактар менен жасалгаланып турат. Ушундай көрүнүш ар бирибиздин, мекенчил кыргыздын жүрөгүн оорутат. Эскини жамап, жыртык тешигин бүтөгөнчө, жаңыны курган абзел. Бишкек - көркөмдүгү боюнча Москва, Дубай шаарларынын катарына тургандай болуш керек. Башкы планга байланыштуу курулуш архитектура саясатын жүргүзүш керек. Борбордук көчөлөрдөн эски тамдардын тургундарына 2-3 бөлмөлүү батирлерди муниципалдык курулуш үйлөрдөн бөлүп берип, инвесторлорду кызыктырып, 15-16 кабат сымбаттуу үйлөрдү куруш керек, канчалаган батирлер турат, ал жерден жер базар баасына ылайык % менен муниципалдык бөлмөлөрдүн санын алыш керек. Жашоо шартын жакшыртуу кезегинде көптөгөн шаардык тургундар турат, өз баасына бөлүп бериш керек. Каражаттар бар. Парковкалардан, автостоянкалардан түшкөн каражаттарды, контролго алып, жол транспорт маселелерине жумшаш керек. Жер фондусун туура пайдаланып, элдин жашоо шартын жакшыртыш керек. Мына бул бир аз эле менин программамда чагылдырылган бөлүмдөр. Мекенчил болуп, талпынып, өнүгүү идеяларын кош колдоп турсак, баарына жетишебиз.
Маектешкен
Бермет Матке римова







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??