Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Мен "Ата Мекенчилерге" эмес, Абдулла
Юсуповго көбүрөөк ишенем. Себеби...

2012- жылдын 12-ноябрында качкын жана канкор президент Курманбек Бакиевдин жана жакындарынын мүлкүн тоноого катышы бар деп дүң болгон "Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаттарынын үстүнөн козголгон кылмыш иши "туулбай жатып туна чөккөндүгүн" Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Кубатбек Ноорузбаев жар салган. Анын айтымында, алдамчылык фактысынын негизинде айыпталып, учурда Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда (СИЗО-1) камакта кармалып жаткан Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү тергөө учурунда тастыкталган жок. Демек, миллиондогон кыргызстандыктардын көкүрөгүндө адилеттикке, чындыкка үмүт отун жандырган ишенимдин бүл-бүл жарыгы кайрадан "жалп" өчтү.

Кылмыш ишинин козголушу, кайра жабылышы, чынында, эч ким үчүн жаңылык эмес. Айрыкча Кыргызстанда. Өзүн-өзү сыйлаган укуктук мамлекеттерде күнөөсүз адамдарга карата козголгон кылмыш иши үчүн аны козгогон кызматкерлер кылмыш жообуна тартылат. Бизде болсо, албетте, кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгогондор, күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тарткандар, кылмыш-жаза ишин козгоодон мыйзамсыз баш тарткандар, мыйзамсыз кармап же камакка алгандар, көрсөтмө берүүгө мажбурлагандар, далилдерди жасалмалагандар, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандардын деги бири жоопко тартылыптыр дегенди уккандар барбы? Менимче, булар шайырлар менен тапкычтарга берилчү суроолор.
Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда "Алиби" гезити Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиев менен гезиттин башкы редакторунун орун басары Болотбек Таштаналиевдин "Башкы прокуратура, ИИМ, Жогорку соттун ортосунда карама-каршылык, түшүнбөстүктөр бар..." деген темадагы маегин жарыялаган. Ал кезде мародерчулук фактысы боюнча козголгон кылмыш иши экинчи айлампадагы "турнесин" жаңыдан баштаган кез болчу. Ошондо Биринчи орун басар Н.Жээналиев кымырынып-кысталбай эле минтип айтып, бирок мыйзамды түшүнгөн адам катары, башкы редакторлук укугумдан пайдаланып анын төмөндөгү айткандарын гезитке берген эмеспиз. Бүгүн Нурлан Токтожумаевичтин ошол сөздөрүн толугу менен "Алибинин" окурмандарына кайтарып берүүнүн ыгы да, убактысы да келип турат.

- Кыргызстанды тикесинен тик тургузган Абдулла Юсупов тууралуу эмне айтасыз?
- Жанагы Юсупов Абдулла деген телевизордон чыгып алып сайрап, шоумен болуп жатпайбы. Ошол неме 2010-жылы 7-июнда алдамчылык боюнча Жалал-Абаддан 8 жылга соттолуптур. Мына иши турат. Биз аны 7-августта камаган экенбиз. Ошондон бери бизге депутаттар А.Келдибеков, А.Жапаров, И.Исаковдор, Абдиев деген адвокат, баш-аягы 9 жолу арыз келиптир: "кайра текшергиле" деп. Улам-улам текшерилип, аны УКМК да текшерип, Юсуповдун бир да сөзү далилденбептир. Анын айтканы калп болуп чыгып атат.
- Алтын да жокпу?
- Жок. "Республика" фракциясы кайрылып жаткан соң, дагы бир жолу текшерели деп жатабыз. Иш бүтсө, биз анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялайбыз.
- Кызык экен, "Республика" фракциясы алдамчылык менен кармалган адамды "Ата Мекенге" каршы курал кылып, коомчулукту дүрбөтүп жатканы кандай?
- Бул эми саясат да. Биз прокуратура саясаттан алыспыз. Кандай гана кылмыш иши болбосун, анын мыйзамдуулугун карайбыз. Юсупов 9 эпизод боюнча алдамчылык менен соттолгон. "Мен Жусуп Бакиевдин фондунда иштейм" деп, элди алдап, акча ала берген. Кандай дейсиз, ага ишене албайбыз го дейм. Соттолуп чыккан. Анан ошондой куйругуна калбыр байланган адамдын сөзүн алып чыгып, "Республиканын" коомчулукту дүрбөтүшү туура эмес го дейм.

Башкы прокуратуранын таасирдүү жетекчисинин мына ушундай "олуялыгынан" кийин бүгүн биз ИИМдин тергөө башкармалыгы мародерчулук боюнча кылмыш ишин негизсиз кыскартып салды деп айтууга акыбыз барбы?
Чынын айтсам, арадан 2-3 ай өткөн соң кылмыш ишинин кыскарыла тургандыгын мен ошондо эле сезгем. Мага аны ким кыскарта тургандыгы кызык болчу.
Прокуратурабы? Ички иштер министрлигиби? Улуттук коопсуздук кызматыбы?
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кызматынан кетирилип, анын ордуна Шамиль Атаханов келген күндүн эртеси эле, он күндүн ичинде мародерлук боюнча "кылмыш иши кыскартылат" - деген менин жоромолумду редакциядагылар жакшы билишет. "Ата Мекенчилердин" мародерчулукка тиешеси бар экендиги 85 пайызга такталды"- деген сөзү менен ошондо эле З.Рысалиев өзүнө-өзү өкүм чыгарып койгонун деле билбей калды окшойт.
Бүгүн Кыргызстанда карапайым калкты каакым ордуна көрбөй, анын пикири менен эсептешкенди мындай кой, элдин баары эшектин мээсин жеп алгандай өз билгенин жасап тайраңдагандар эсирүүдө. Алар үчүн коомдук пикир да, мыйзам да жөн гана бубликтин тешиги.
Менин сөздөрүм кимдердин чарбагына кетип жатканын акыл-эстүү ар бир эле адам билип турса керек. Алар президент, Жогорку Кеңеш жана укук коргоо органдары экендигин менин деле жашыргым келбейт.
Биз бүгүн "Алиби" гезитине Башкы прокуратура "шоумен" деп мазактаган Абдулла Юсуповдун тергөө органдарына берген көрсөтмөлөрүн кыргызчага которуп бердик. Көрсөтмөгө ишенсек (ишенбей коюуга эч кандай негиз жок) А.Юсупов эмес, мародерлордун ишин кыскарткан ички иштер министрлиги менен ага алакан жайып бата берген Башкы прокуратура өздөрү шоумен экендигине бир гана мен эмес, юридика жаатына тиешеси бар ким деле болсо ишенбей коё албайт. Бул аксиоманы президент Атамбаевдин гана түшүнгүсү келбей, билген намазын окуп жатат. "Кудай"- деп сүйлөгөн киши эмеспи. Бирок, анын Кудайы учурда бүтүндөй бир мамлекетти чалды-куйду башаламандыкка, мыйзамдарга түкүрүүчүлүккө, адилетсиздикке сүйрөп баратканын бир жолу ойлоп койсо жакшы болор эле.
Ал эми "Ата Мекенчилер" айыпталган мародерство фактысына кайрылып келсек, мен алардын ордунда болсом, кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгогондугу үчүн" - деп тергөөчүнү, "атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткан" деп "Алиби" гезити менен З.Рысалиевди, партиялык жана адамдык аброюбузга шек келтирди деп бүтүндөй кыргыз элин терикпестен туруп тергөө - сотко берет элем.
"Ата Мекенчилердин" антүүгө кудурети жетпейт. Себеби, биз бүгүн көлөмүнүн көптүгүнө карабай "Алибиге" жарыялап жаткан Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрүндө чындык чыркырап турат. Мен "Ата Мекенчилерге" эмес, А.Юсуповго көбүрөөк ишенем. Ал эми менин ишенимим мени эч убакта алдаган эмес.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ,
Юрист




Комиссия мүчөлөрүнүн
жоопкерчилиги
- алардын
абийиринде…
Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары атайын комиссия түзүп, Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов жаткан №1 СИЗОдо болуп кайтышып, иликтөө иштеринин жыйынтыгын бүгүн өз ара комиссияда карашат. Биз аталган комиссиянын ишине коомдук байкоочу катары катышкан Жолдош Орозовго кайрылып суроо узаттык.
- Комиссия ишин жыйынтыктап, бүгүн маалымат берет. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын мародерчулукка катышы бар экендиги ооздон-оозго көчүп айтылганына карабай, ИИМ "алардын бул кылмыш ишинде катышы жок" деген тыянак менен ишти кыскартышты. Ошентсе да комиссия бул маселеге өзүнүн саясий баасын бериши керек. Комиссия кандай иштеди?
--Комиссия жаман иштеди деп айтпайм, болгонун болгондой териштирди. Бул биринчиден. Экинчиден, комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн бултаңдап турганы ачык эле көрүнүп турат. Алардын катарында "Ата Мекенден" кошулган Бакыт Калмаматов менен Наталья Никитенко. Экинчисин эл деле дурус тааныбайт да. Алардын чындыктын эмес, Текебаевдин гана сөзүн сүйлөй тургандыгы бештен белгилүү. Ал эми "КСДПдан" келген депутаттардын бул ишке ынтызар эмес экендиги баарыбызды ирээнжитип койду. "Ата Мекенден" Бакыт Калмаматов менен Наталья Никитенконуку го түшүнүктүү, ал эми "КСДПдан" Заирбек Жоошбеков менен Бактияр Кадыровдор, "Ар Намыс" партиясынан Кожобек Рыспаев комиссиянын жыйынтыгына "макулбуз" деген колдорун койбой, качып жатышат. Калгандары дурус иштешти. Албетте, бүгүн ачыктала турган депутаттык комиссиянын жыйынтыгын жарыя салышым туура эмес болуп калат. Жыйынтыкты Жогорку Кеңеш чыгаргандан кийин сиздер менен жолугам.
Ошентсе да, айрым мен байкаган жагдайларга токтоло кетейин, аларды коомчулуктан жашыра турган жери деле жок. Анткени, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бул окуя менен элибиз жакындан тааныш. Биз аталган СИЗОдо болгонубузда алар түздөн-түз кайсы объектилерде болушканын, кеп болуп жаткан 36 объектиде кимдер жүргөнүн даана сүрөттөп беришти.
(Уландысы 8-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??