Өмүрбек Абдырахманов, ЖК депутаты:
"Текебаев азыр соттон утса да, чындыктын алдында ута албайт"

Жакында эле "Ата-Мекен" жана "Республика" фракцияларынын ортосунда тутанган чатак, Текебаевдин ызы-чуу жараткан долбоорлору жана башка маселе боюнча депутат Өмүрбек Абдырахмановго бир катар суроолор менен кайрылдык.

- Жакында эле Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди камактан чыгаруу үчүн анын акыл-эси жайында эместиги боюнча экспертиза чыгаруу керектигин билдирген. Бул маселе коомчулукта чоң сын менен кабыл алынды. Буга Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Бул Башмыйзамга дагы, жөнөкөй мыйзамга дагы, адамгерчиликке дагы жатпаган метод. Минтип демилге кылгандын өзү адамдын укугун тебелеген болуп эсептелет. Эмне үчүн Омбудсмен унчукпай отурат, мен түшүнбөйм. Эч ким антип адамды зордуктап, психиатриялык анализ кылганга акысы жок. Болгондо дагы кыргыз парламентинин вице-спикерин, парламенттеги эң көп мандаттуу фракциянын лидерлерин ошондой пастыкка аралаштырганга эч ким укук берген эмес. Бул деген өзүм билемдик жана Башмыйзамды тебелегендик. Мындай ыкмалар өтө авторитардык мамлекеттерде гана, маселен КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Түркмөнстанда колдонулган. Биздин укук коргоо органдарыбыздын жасаган иш-аракеттери Түркмөнстандыкына окшоп баратат. Эгер биз мындай көрүнүштөргө эмитен тыюу салбасак, "Бөрк ал десе баш алмай" адат улана берет. Укук коргоо органдары илгерки эле НКВДнын деңгээлинде калып калган, буларды реформалаш керек. Ошон үчүн көчөдөн кармап туруп эле камап салышат, ал эми соттор аларга шымаланып санкция берет. Мына, ошондой нерсе экөөбүздүн дагы башыбыздан өтпөдү беле? Ошондогу Башпрокурор Сатыбалдиев санкция берип, каматып, 295-беренени илип койбоду беле? Мына, так ушундай эле жоруктар азыр да болуп жатат.
Мен муну менен кесиптештеримди актап жаткан жерим жок. Алардын жасаган жоруктарына жараша сот чечим чыгарып соттосо, мен каршы эмесмин. Мен биздин укук коргоо органдарыбыздын "сотко чейин эле отура турсун" - деп чечим чыгара койгонун сындап жатам.
- Өмүрбек Текебаев молдолорго жана дин адамдарына айлык төлүп, ал акчаны айлык алган кызматкерлердин айлыгынан кыркып алуу боюнча мыйзам долбоорун алып чыкты. Буга кандай карайсыз?
- Эми кийинки кездерде Текебаевдин "крышасы" жылып баратат окшойт. Жакында эле шайлоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап, "шайлоодо бизнесмендер, чиновниктер, мектептин деректирлери депутат болбосун" деген демилгени көтөрүп чыккан. Эмне үчүн дегенде алар ууру, коррупционерлер имиш. Текебаевдин оюнча жалаң жумушсуз, өз оокатын тыңдап кыла албагандар депутат болушу керек экен. Бул дагы Башмыйзамды тебелегендик. Башмыйзамда ачык жазылып турат: "Адам шайлаганга жана шайланууга укуктуу" деп.
- Ал өзүн "Башмыйзамдын атасымын" деп жүрбөйбү…
- Эми "атабыз" кийинки кездерде бир аз алжып баратат окшойт. Ал эми жанагы молдолорго элдин айлыгынын эсебинен айлык беребиз дегени таптакыр туура эмес. Бизде дин мамлекеттен бөлүнгөн. Биз дин кызматкерлеринин жалпы мамлекеттик мыйзамдарды бузбашын гана камсыз кылышыбыз керек. Калган учурда алар эмне кылышат, ал өздөрүнүн иши. Динге ишенген адамдар мечитке кааласа садага деп беришет, кааласа питир деп, же жөн эле акча берсе, ага тыюу жок. Ал эми кызматкерлердин айлыгынан кармап, молдолорго айлык төлөп беребиз дегени адам укугун бузат жана Башмыйзамга каршы келет.
- Жакында чуулгандуу видеотасма интернетке жарыяланды. Ал тасманы "Республика" партиясы Текебаевден көрүп жатат. Текебаев болсо танып жатат…
- Эми бул тасманы кийин интервью берген аял өзү деле тастыктабадыбы. Бул провокациялык тасма экендиги, тигил жактан жашынып алып провокациялык суроолорду берип жатканы ачык эле көрүнүп турбайбы. Эртеси күнү эле Айсулуу Дүйшөнкулова мурда газеталарга берген интервьюларын кайталап берип жатпайбы. "Текебаев өзү криминал менен байланышкан" дебедиби. Ошондуктан бул жерде эч кандай талаш деле жок. Ошол тасманы, Алтынбек деген баланы Текебаев өзү уюштурган деп эле эсептейм. Алтынбек деген жигит Текебаевдин партиясынын мүчөсү же жакын адамы болот деп мурда эле айтылып жүрчү. Эми Текебаев ошол аялдын айтканын чындык деп көрсөтүп жатат. Ал эми мен өзүм көргөн нерселерди айтып берсем, Текебаев калпка чыгарып жатат.
Мына, депутат катары айтып коеюн, "Мегакомду" мамлекетке толук алып, анан силерге беребиз"- деп Текебаев Москвалык бир компаниядан 1 миллион доллар алган. Ошол "Мегафондун" кишилери менен Текебаевдин кабинетинде жолугушканбыз. Мен "Мегаком" боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы элем. Андан кийин "Мажор" деген кафеде отуруп, Чотонов кечирим сураган: "Өмүрбек байке, кечирип коюңуз. Мен бир аз туура эмес айтып коюпмун. Ооба, 1 миллион доллар алганбыз. Партиянын ишине жумшаганбыз", -деп азыркы Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун көзүнчө айткан. Адилет министри азыр албетте танат да, Текебаев аны министр кылып атса. Ооба, муну жазган силердин гезитти жана мени сотко берип акча утуп алам деп аракеттенүүдө. Мүмкүн азыр Текебаев чоң кызматта турганда соттон утуп алаар, а бирок кудайдын, чындыктын жана элдин сотунда эч качан ута албайт.

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru



2026-жылга чейин узартылган
"Центерра Голд Инк" компаниясы Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кен ишканасынын борбордук карьеринин чектеринин кеңейтилишине байланыштуу өзүнүн техникалык-каржылык изилдөөлөрүнүн натыйжалары тууралуу маалымат таратты. Тастыкталган жана божомолдонгонзапастар 58%га көбөйгөн жана рудадагы 9,7 млн унция алтын көлөмүнө жеткен. Ошентип, азыр жалпы карьердик запастар рудадагы 9,7 млн. унция алтынды түзөт.
Ал эми кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтү 5 жылга узартылган жана эми KS-13 карьеринин контурлары үчүн тоо-кен иштеринин планы менен ачык тоо-кен иштерин жүргүзүү мезгили 2023-жылга чейин, а руданы алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү мезгили - 2026-жылга чейин узартылган. Кен запастарынын көбөйүшү жана кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу, эгер келечекте алтынга баа 1350 доллар болсо, Кыргыз Республикасынын бюджетине, 1,5 млрд долларга жакын салыктарды төлөөгө мүмкүндүк бермекчи. Ошондой эле кен ишканасын эксплуатациялоонун бардык мөөнөтүндө жумушсуздук проблемасын чечип жана регионалдык өнүгүүнү камсыз кылмакчы.


Буудайдын уругу таратылды
Ош жана Жалал-Абад облустарына КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 100 тонна күзгү буудай уругу таратылганын "Эдвокаси адам укугу боюнча борборунун". Буудай БУУнун "Азык түлүк жана айыл чарба уюму" долбоорунун алкагында Австрия өкмөтү тарабынан сатылып алынып, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорундагы, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун фермердик чарбаларына бөлүнүп берилген. Аталган долбоор 2011-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Учурда таратылып берилген 100 тонна буудай уругу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоого жана дыйкандардын иш менен алек болуп кирешелеринин көбөйүшүнө шарт түзөрү күтүлүүдө.

"Алиби" пресс