Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Максат Ашырбеков,"Адилеттүү Кыргызстан"
саясий партиясынын лидери:
"Заманбап муунду тарбиялоо жана кезеги келгенде бийликти ишенимдүү тапшырып берүү маданиятын орнотуу зарыл"

Элдин ишенимине арзып, айткан кеби менен аткарган иши дал келген партиялар жок эмес. Төмөндөгү маек дал ошол элдин жүрөгүнөн түнөк таап, партия болуп түзүлгөнүнө бир ай болгон соң, Ош шаардык Кеңешине аттанып, жыйынтыгында партиянын атынан эки мүчөсү Ош шаардык Кеңешине депутат болуп шайланган "Адилеттүү Кыргызстан"саясий партиясынын лидери Максат Ашырбеков менен болду. Жаш болсо да көптү көрө билген Максат мырза биздин суроолорго төмөнкүчө жооп берди.

- Максат мырза, партияны түзүүчүлөрдүн сап башында туруп, партиянын күнгөй-тескейин жакшы билип калдыңыз. Партия тууралуу азыноолак айтып өтсөңүз.
- "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясы бүгүнкү күндө элдин мүдөөсүн түшүнө билген жана болгон көйгөйлөрдүн чечүүчү жолдорун так билген партия. Бул партиянын мүчөлөрүнүн бири дагы мамлекеттин эсебинен байып, байлыгына чиренген чиновниктин баласы же тууганы эмес, таза, туруктуу, эч кандай саясий оюндар менен алектенбеген, коррупциялык схемалардан алыс, куру кыйкырык менен курсак тойгузбай, жасай ала турган иштерин жети өлчөп бир кескен соң гана эл алдында айтып, анан аткарып, эң башкысы элдин көйгөйүн толук түшүнгөн, көп жылдар бою чет жерлерде билим алып, ал жерлерде ишке орношуп, ошол мамлекеттердин жарандарынан кем калбай ийгиликке жетишип тажрыйбага ээ болгон, мекенине кайтып келип, биздин мекенибиз өсүп-өнүккөн мамлекет болоруна көзү жеткен, терең ишеними бар мекендин улуулугун, аруулугун, ыйыктыгын жүрөгүнүн түбүнөн өткөрүп, Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон урмат-сыйы бышып жетилген жаштардан куралган. Далил катары, бүгүнкү күндө коомчулукту чоң көйгөйгө салып турган жердешчилик илдетинен алыстап, партиянын түзүүчүлөрү жана активдүү мүчөлөрү жети дубандын өкүлдөрүн камтыды.
- Бийликке келүү менен элдин ишенимин актай аласыздарбы? Жаш өзгөчөлүк, иш-тажрыйбаңыздар толук жооп береби?
- Элдин жүгүн көтөрүш оңой иш эмес, эгерде сен жалгыз болсоң. Ал эми бир ойдо, бир көзкарашта, бир тараптуу, элим-жерим деген санаалаштарың болсо, анда элдин бакубат жашоосу үчүн эр жигит турмуштагы кандай гана оорчулук болбосун милдеттүү түрдө аткарып кете алат. Жогоруда айтып кеткендей, өзүмдүн партиялаштарым менен биргеликте депутаттык милдеттерди аткарууга буйруса толук мүмкүнчүлүк жана ишеним бар. Бул далилденген. "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясы түзүлгөн соң бир айдан кийин Ош шаардык Кеңешине болгон шайлоого катышып жеңишке ээ болуу менен Ош шаардык кеңешке партиянын эки активдүү өкүлүн депутат кылып жибердик. Бул жетишкендик жана таза жеңиш. Биздин жеңиш албетте, элдин колдоосу менен болду. Биз дагы, элди алдабай, шайлоо алдында берген убадалардан тайбай, шаар тургундары үчүн колдон келишинче иш-аракеттерди аткарып жатабыз жана да уланта беребиз.
- Бийликке келбей эле аталган иштерди аткарса болмок дегендерге кандай жооп бересиз?
- Туура. Бийликсиз деле элге пайдалуу иш кылса болот. Партия мүчөлөрү буга чейин деле ар кимиси пайдалуу иштерди аткарып, кайрымдуулук иштерин кенен жүргүзүп келген. Ар биринин өзүнө, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө, бала -бакырасына жете турган жетишээрлик мүмкүнчүлүгү бар. Ар бирибиз өз алдыбызча деле иш кылып жүрө берсек болмок. Бирок, жеке керт башыбызды гана ойлоп, сырттан туруп сын айта бербестен мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө кол кабыш кылып, элге да биздикиндей шарт түзүп, аларды да бардар, тынч жашоого жеткирели деп чечтик. Мындайча айтканда, биз Конституциялык укукту колдонуп мыйзам чегинде, мамлекетибизге өз салымыбызды конкреттүү түрдө кошолу деп жатабыз.
- Учурда бийликке жаштар келсин деп жатабыз. Ким, кайсы жаштар буга конкретүү жооп жок. Сиздин көз карашыңыз?
Жакшы суроо. Жаштар келсин дегенди туура кабыл алыш керек. Алды менен, ал жаштар кимдер болуш керек деген суроого жооп берүү зарыл. Ошондуктан сөзсүз түрдө алар жөн эле жаш эмес, бышып жетилген, билимдүү, өткөндөн кабардар, бүгүнкү күндүн талабына так жана таасын баа бере алган, эртеңкини көрө билген жана заманбап технологияларды өлкөгө алып келип иштете алган жаштар болушу зарыл. Ошону менен бирге эле, алар негизги жүргүзө турган саясатынын бири катары өз элибизге, мамлекетибизге сиңимдүү, жарашыктуу, ошол эле учурда дүйнөлүк аренада өз ордун татыктуу коом катары орното ала турган заманбап муунду тарбиялоо жана кезеги келгенде бийликти ишенимдүү тапшырып берүү маданиятын орнотуусу зарыл.

Аягында айтаарым:
Урматтуу окурман. Алдыдагы шайлоодо сизде каалаган партияга добуш берүү менен ордо калаабыз Бишкекти таза, кооз, инфраструктурасы заман талабына жооп берген, эң башкысы сиздин жана калаанын коноктору үчүн коопсуз шаар кылып куруу мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан туура чечим кабыл алып, татыктуусуна добуш берели. Себеби, ТАК АДАМДАР ТАК ЧЕЧИМ кабыл алышат!!!

Маектешкен
Катаган САЯКОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??