Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Актуалдуу маек
Бакыт Төрөбаев, ЖКнын вице-спикери:
"Өнүүгүнүн өзөгү борбордон эмес, элеттен башталат!"
- Бакыт Эргешович, акыркы кездерде Сиздин демилгеңиз менен түзүлгөн "Өнүгүү" партиясын кубаттаган пикирлер арбып баратат. Мунун себеби эмнеде?
- Анын себеби эң эле жөнөкөй. Биз түптөгөн "Өнүгүү" кыймылы түзүлгөндөн тартып эле ооз менен эмес, кол менен иш кылып келе жатат. Кыргызстанда буга чейин бир катар аракеттер болгону менен толук кандуу ишке ашпай келе жаткан дыйкандарды колдоону жолго коюп келе жатабыз. Аты айтып тургандай эле биз биргелешип өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгып, анын ичинде алды менен өнүгүүнү борбордон эмес элеттен баштоону чечтик. Себеби, шаарды багып жаткан да ошол айылдагы карапайым дыйкандар менен фермерлер. Борбор ашкере саясатташып кеткени эле болбосо, андан көзгө көрүнөрлүк колдоо, камкордук айылдарга жетпегенин баарыбыз эле көрүп турабыз. Буга кошумча, Өкмөттүн абалы деле баарыбызга маалым. Алардын айрыкча айыл чарбасын өнүктүрүү, элеттин жашоосун жакшыртуу, агрардык секторду бир кездегидей кубаттуу тармакка айландыруу боюнча жакынкы мезгилде реалдуу ишке аша турган план, программасы деле жокко эсе. Ошондуктан, биз Өкмөттүн убадаларын күтүп, ар убак аларды күнөөлөп отура бербей, өз алдыбызча өнүгүүгө багыт алуубуз керек. Так ушул максатта биз түптөгөн "Өнүгүү" кыймылы бүткүл Кыргызстан боюнча демилгелүү дыйкандар менен фермерлердин башын бириктирип, айыл чарба техникаларын арзан баада, чет элдик белгилүү заводдордон түз сатып алууга, өнүккөн агрардык өлкөлөрдүн жер иштетүү, мал чарбачылыгы боюнча иш-тажрыйбаларын үйрөнүүгө аракет жасадык. Ошону менен бирге эле калктын саламаттыгын алдына алуу, улуттук спорт оюндарыбызды жандандыруу, ички туризмге жол салуу боюнча да бир топ иштер аткарылды. Ошонун бардыгы сен айтып жаткандай, коомчулук тарабынан колдоого алынып, "көрсө, саясаты жок эле өнүгүүгө болот турбайбы" деген көз-караш калк арасында калыптанып келе жатканы жашыруун эмес.
- Сиз "саясаты жок" деп жатканыңыз менен саясатчылар "Өнүгүүнү" саясий кадам катары санап, керек болсо Сизди "Өкмөт башчы же төрага болууга камданып жатат" деп жатышпайбы?
- Буга чейин баарыбыз көрдүк, билдик бизде жарытып иш кылбагандар куру саясат менен алектенип, ар кимди сындаганды жакшы көрүшөт. Байкасаң, элдин көзүнө көрүнөрлүк иш жасабаган, эртең менен кабинетине жылып кирип, кечинде үйүнө тынч барып кирип кеткен адамдар гана сындан алыс, ушактан сырткары болушат. Ал эми эл үчүн деп иш аткарып, ар кандай жаңы идеяларды айтып, аларды ишке ашыруу үчүн кыймылдаган адамдарды дароо эле саясатка оодара салып, сындап, "бул партия ачты, демек, эртең саясий соодалашууга кам уруп жүрөт", "тигил өз алдынча кыймыл ачып, районго барып жыйын куруптур, кыязы шайлоого даярданып жаткан го" деп эле өздөрүнө жан тарткан ММКлар аркылуу шыбап, өздөрүнчө жоромол жасап жиберишкенге маш. Албетте, иш болгон жерде сын болот дечи, бирок, конкретүү, калыс пикир болсо, ал сага тескерисинче, пайда алып келет, кемчиликтериңди оңдоого аракет жасайсың.
Ал эми мага келсең, мен башында эле саясий максатты көздөбөй турганымды, биздин партия болгону элеттеги дыйкандардын башын бириктирип, алардын арбын түшүм жыйнап, аны күйбөгөн баада сатып, кайра иштетип, ал аркылуу айылдарда жумуш орундарын түзүп, калктын калың катмарынын социалдык деңгээлин көтөрүүнү колго алууну көздөгөнүн айтып келем. Муну азыр биздин кыймылга, партияга кирген бардык мүчөлөр жакшы билишет. Саясатты көздөп, саясий карьерамды жогорулатууну кааласам, менде башка жолдор деле бар. Азыркы шартым деле кудайга шүгүр, элдин ишеничи менен экинчи ирээт Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, кесиптештеримдин колдоосу менен төраганын орун басары болуп турам. Демек, мен саясий амбициядан алысмын. Аны элдин баары жакшы билет, табиятыман саясий оюндарды, интригаларды жактыра бербейм, ошондуктан, буга чейинки саясий чыр-чатактарга да катышпаганымды сен жакшы билесиң.
- Ооба, бирок ошол эле убакта "Өнүгүү" партия катары жергиликтүү кеңештерге карата шайлоого катышып жатпайбы?
- Муну саясат менен алектенүү деп айтууга болбойт. Жергиликтүү кеңештерге шайлануу бийликти көздөө деген нерсе эмес да. Бул болгон турмуштун талабынан келип чыккан кадам. Ырас, жергиликтүү кеңештерге деле борбордогу кайсы бир саясий лидердин айтканын аткарган, саясатчы адамдар эмес, ошол аймактын маселелерин жакшы түшүнгөн, айылдын күрөө тамыры болгон дыйканчылык менен мал чарбачылыкты жакшы билген, алардын суроо-талаптарын чечүүнүн жолдорун өздөштүргөн, Өкмөттүн да, өкмөттүк эмес жеке тараптардын да өнүгүү боюнча демилгелерин колдоого алууга аракеттенген адамдар депутат болсо, акимдер, губернаторлор менен тил табышып, биргелешип иштөөгө дилгир адамдар келсе деген тилегибиз бар. "Өнүгүү" партиясы ушул максат менен коомчулуктагы колдогон миңдеген дыйкан, фермер, карапайым элдин суранычы менен шайлоого катышып жаткан чагы. Буюрса, биз бирге өнүгөбүз. Шайлоого чейин кандай ооз толтуруп айтарлык иштерди жасасак, шайлоодон кийин да ошондой эле үзүрлүү иштерди жасай беребиз.
Маектешкен
Айданбек АКМАТОВ


10 миң сом, бир мүшөк күрүч

Ош областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районундагы айыл округдарынын биринин мурдагы башчысы милиция кызматкерине пара сунуштаганы белгилүү болду. 2009-2011 -жылдары аталган айыл округунун башчысы айыл чарбасына багытталган жерден ондон ашык участокту берүү тууралуу токтом кабыл алган экен. Бул иши билинип калган учурда кылмыш ишин козгойм деп барган милиция кызматкерине 10 миң сом менен бир мүшөк күрүч сунуш кылыптыр. Милиция кызматкери "алсамбы, албасамбы" деп ойлонуп, акыры 10 миң сом пара берип жаткан кезде шордууну кылмыш үстүнөн кармап алышып, кылмыш кодексинин 314-беренеси менен "пара берүү" иши козголгон.


Сабировду санаага салган сот

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун үстүнөн жүргүзүлүп жаткан сот процесси аягына чыгып, өкүм угузулуу алдында турат. Мамлекетик айыптоочу Сабировго 15 жыл, ал эми анын жардамчысы Тахир Мырзахметовго 14 жылдык мөөнөт берүү боюнча өтүнүч келтирип жаткан чагы. Ал эми Сабировдун адвокаты бул айыпты туура эмес деп таап, аны актоо керек деп жатат. Эми сот кимисин нааразы кылып, кимисин колдоорун кийинки саныбызда тактайбыз.


20 мектеп дейби?

Кыргызстанда айрым мектептердин абалы мышык ыйлай турган деңгээлде экени, учурда республика боюнча беш мектептин окуучулары чатырларда окуп жатканы кабырга кайыштырат.
Кыргызстандын өкмөтү бул абалдан Түркиядан алынуучу кредиттин эсебинен 20 мектеп кура салып, чыгып кетебиз деген үмүттө. Курула турган 20 мектептин катарына киргендер негизинен кыйроонун чегине жеткен мектептер болуп эсептелет. Алдын ала белгиленгенге караганда, Ош облусу боюнча 9 мектеп, Баткен облусу боюнча 2, Нарын облусу боюнча 2, Талас облусу боюнча 3, Жалал-Абад облусу боюнча 2, Чүй облусу боюнча 2 мектеп бүткөрүлмөкчү.


Германиядан 26 млн...

Байкап турсаң Кыргызстанга акча дегениң ар кайсы булактардан агылып эле келип жаткансыйт. Кашайганда, ал каражаттардын аягын таппай калган адатыбыз бар. Бул жолу да "Германиядан 26 млн.евро бөлүнүптүр"- деп жатышат.
Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариевдин айтымында, аталган каражат негизинен жолдорду оңдогонго, инженерлик курулуштарга, суу түтүктөрүн курганга жумшалат экен. Ошондой эле медицинага, балдарды жана энелерди коргоого, айыл жериндеги чакан насыя берүүнү өркүндөтүүгө, коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга жумшалат окшойт.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??