СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Көзү ачыктарды "көзү ачык" деп какшыктап тергейбиз, а чынында булар көзү караңгы, көкүрөктөрү сокур, ыйманы жок байкуштар. Андан көрө денесин сатып, сойкулук кылган түзүгүрөөк, же бомж болуп тентип кеткен салыштырмалуу жагымдуураак болот беле" деп жазыптыр, биз сыйлаган, бизге жаккан мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бир маалымат каражатына. Түшүнө албай, таң бердим. Андан көрө : "Ислам дүйнө таанымында парламенттик башкарууну тааный албайбыз, өлкөбүз тынч, мамлекетибиз өнүгүп, элден ыйман кетпей , жакшы жашоо үчүн бир адам жоопкерчиликти моюнга алышы керек. Андай , Кудай алдындагы жоопкерчилик ажобуз Алмаз Атамбаев, сизге жүктөлөт" -деп айтканыңызды колдойм. Эң туура, "ажо болом, жетекчи болом" дегендер муну түшүнүшү керек. Ошон үчүн өзүңөр каалап, шайлоодо ат салышып, элдин алдында ант берип, бийликке келгенсиңер да. Азыркы шайлоого катышкандар да ушуну эсиңерге тутуп алгыла.
Калканбек, Токмоктон,
556 4188***


"Республика" партиясынын жаштар канаты көтөрүп чыккан, Кыргызстандын экологиясын сактоо кыймылы үчүн болсо да жана кагаз пакеттерге өтүү үчүн жасаган аракеттерин колдоп, шаардык кеңешке шайлоодо ушул партияга гана добуш берем. Анда жигердүү жаштар көп экен. Мына, бул турган эле Орусияда целлофан баштыкчаларды азайтып, кагаз баштыктар чыгып, колдонулуп жатат. Майда кагаз баштыктан, чоң , кагаз сумкаларга чейин(5 кгдык) колдонуп башташыптыр. Демек, шаарыбызды "таштанды борборго" айланткан целлофан баштыкчалардан арылсак болот. "Республика" бул маселени чечет деп ишенем!
Дархан, Бишкек шаары,
773 4329***


Алтынбек Сулайманов, "Кыргызстанда 5 депутат камалды, мындай болгон эмес. Сиздин жолуңуз катуу, жаман экен" деп, спикер Асилбек Жээнбековго асылбай эле кой! Себеби, ал жолдун катуусунан эмес, парламентке таза эмес, акыры ушундай болчу депутаттар келген. Эгер мыйзам чындан иштесе, али дагы канча депутат сурак берип калышы мүмкүн.
773 7590***


Жумушчу күчтөрүн экспорттоо - дүйнөдө чоң киреше алып келүүчү жана келечектүү тармак экени белгилүү. Бул дагы өнүгүүнүн бир жолу болуп саналат, бирок, кыргызстандыктар сыртка гастарбайтер болуп чыкпай, тиешелүү адистиктеги кесип ээлери, атайы чакырылган жумушчулар болуп барышса. Айтаарым, мамлекет башчылары бул маселени да ойго алып коюшса.
543 6559***

Шайлоого талапкерлерге айтаарым, экологияга терең маани берип, көбүрөөк көңүл бурсак. Биздин өлкө жаратылыш байлыктары менен бааланып, ушул жагыбыз менен гана экономикабызды көтөрө алабыз. Байлыгыбыз десек эле бирөө -жарымга "иштет" -деп бере салбай, өзүбүз иштеп, пайдалансак. Экологияны курутсак, экономикабыз көтөрүлбөйт, эч качан!
Ысык -Көл району, 779 4362***

Бишкекте 5 ветеринардык бөлүм жабылган экен, талапка жооп бербеген үчүн. Эми борбордо ушундай көрүнүш болуп жатса, анда элетке кеп жок экен. Талапка ылайык болбогондо демек, ветеринардык билими начар же ветеринардык кесипке тиешеси жоктор отурса керек. Кандай дегенибиз менен ветеринардык кесипти өз деңгээлинде өнүктүрбөсөк болбой калды го. Сөзсүз эле же юрист, же чет тилчи эмес, бул кесипте деле чет өлкөгө окууга жаштарыбызды окутуп алуу керек. Мамлекет өзү ушул багытта иш алып барса. Дени сак улут-дейбиз, ал үчүн жеген ашыбыз таза болсо, баккан малыбыз таза болсо. Малдын жугуштуу оорулары көбөйсө аны токтотуу мүмкүн эмес.
Ат -Башы району, 770 7333***

Теледен мен дыйкандарды көбүрөөк көргүм келет. 20 жылдан бери артисттер теледен саат сайын, минут сайын өздөрүн ашыкча рекламалап жиберишти. Мышыгы, күчүгү, машинесине чейин көргөзүшөт. Эл мындай шоулардан аябай эле тажады. Мындан маданиятыбыз өсүп кетеби? Манас айтып, чер жазаар көрсөтүү болобу? Теле берүүнү реформалап, элге жагымдуу вариантын иштеп чыгышса дегендердин биримин. Оңолуп кетээр…
Нурдайжан.
773 8952***

Бюджет акчасын үнөмдөсөк. Жайнаган облустардын кереги барбы? Ош - Чүй облусуна райондорду кошсок, региондорду өнүктүрүү иш -чараларын баштап, айылдарга, шаарларга инвестиция тартып, аракеттене баштасак . Жайнаган чиновниктерден да кутулат элек. Жер -дыйкандарга, бийлик - кеңештерге , көзөмөл - Элдик курултайга өтсө - деген оюм бар.
Нурдайжан, Бишкектен

Бишкек шаардык кеңешке шайлоо - 2010 жылдагы парламенттик шайлоого окшоп тургансыйт.Үч же төрт партия келсе, шаар мэрин шайлоо көпчүлүк коалицияга көз каранды болот го. Бишкек шаарынын статусу өзгөчө болсо, мэрдин колу узарып, диктатор болуп кетпейби!? Шаар депутатынын статусу Жогорку Кеңештин депутатына теңешсе, шаардыктардын көйгөйлүү оор маселелери тезирээк чечилеби? Бул Текебаевдин чийки, бышпаган мыйзамдарынын бири го. Статус - жоопкерчилик катуу болсо, портфель талашка баруу татаал -катаал болмок.
Нурдайжан, 773 8952***

Урматтуу жана кымбаттуу "АЛИБИ" туулган күнүңөр менен! Жана ошондой эле кесиптик майрамыңар кут болсун!
Таалайгүл, Бишкектен,
779 4016***

2012 - жылдын күзү дүйнө жүзү боюнча шайлоо менен башталды. Кытайда коммунисттер "Жаңы багыт менен кетебиз" деп турушат. Парламентаризм , Элдик курултайлардын идеялары, баркы болуп көрбөгөндөй өсүп баратат. 7 - апрель дүйнө тарыхында калат окшойт. Дүйнөнүн элдерин ойготту. Жашасын Кыргыз элим! Алдыда шайлоо турат. 20 жылдык тарыхы бар партиялар маарага келсе деген тилегим бар. Албетте, жаштар менен толукталып турса, жаңы үн, жаңы ысым, жаңы демилге менен келишсе. Жаштар бириккиле!
778 0075***

КПССтин мүчөсү болгон мурдагы жетекчилерибиз , элге таанымал инсандар : Исхак Раззаков, Т.Усубалиев, Б.Мамбетовдордун карап көрсөк, өскөн жери климаты жактан окшош экен.Ал жерлер сууга абдан муктаж болгон жерлер, сугат жерлерин насос менен сугарууга шарт түзүп берип турушкан. Мен ушуга абдан таң калдым. Бул адамдар убагында ар бир айылдын кире беришине "Суусуз жашоо мүмкүн эмес" деп жаздыртып, ага көңүл буруп, элди суу менен камсыз кылышкан экен. Ал учурда дагы "Кыргызглавводстрой" деген мекеме болуптур. ЖБИ заводдору сугат иштерине лотокторду жасап беришкен. Заводдо канчалаган адамдар иштеп, щофер, крановщик, эксковаторщик жана бульдозер айдагандар ардактуу кесип ээлери болушкан экен. Урматтуу депутаттар, айылдарды канткенде көтөрөбүз? "Джиптер" мененби? Кафе -ресторандар, аш - тойлор мененби?! Практикалык жактан , азыр баары -нөл! Күндөр өтүп жатат. Чыныгы патриоттор кайдасыңар?!
Темучин, Бишкетен,
770 2673***

Эй, "республикачылар", "Ата Мекенге" ор казбай, жөн жүрбөйсүңөрбү? Өзүңөр түштүңөр, ошол орго. Мурдагы эки президенттин тушунда Кыргызстандын байлыгын силер гана тоногонсуңар! Андан көрө ошо кылган күнөөңөр үчүн Кудай алдында жооп бергиле. Эл билет, кимдин ким экенин. Качан болсо провокатор, сойкулардын сөзүнө ишенип жүрөсүңөр, андан көрө адам болгулачы, ар бир кылган иш үчүн жооп бере турган күн да келет.
Патриот Азимбек, 777 6019***

Дагы эле бийлик талашмай! Баары жасалма! Таза иштечү адамдар барбы?!
777 1393***

Эй, Ак үйдү тегеренип отургандар! Иштей албайсыңарбы, анда бошоткула Ак үйдү! Ал жерде кыргыздын намысына шек келтирип отура бербей, жаштарга бошоткула орунду. Ынтымак дегенди жоготтуңар! Ыйманыңар өчтү!
778 5877***

Ассалоому алейкум "АЛИБИ"! Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм! Дагы Ак -Талаа районундагы Куртка айылында жашап жаткан чоң атам Жапанга, чоң энем Зулайкага, атам Нурбекке, апам Гүлмирага салам айтам. Кудайым ата -энеме бардык жакшылыктарды берсин!
Калкаман, Ак -Талаа району,
778 5332***

"Майдан" газетасы эмне жөнүндө жазат деп алып окудум. Аябай таң калдым. Жек көргөндөрү СДПК партиясы, Атамбаев экен. Оппозиция азыр Ак үйдө отурат. Баары мыйзам ченемдүү, неге иштей албайт? Көралбастыктан арылып, терең анализдеп, талдап. Чет өлкөлүк эксперттер менен иштешпейби? Өздөрү Бакиевдердин тегерегинде жүрүп. Дагы Отунбаева боорукер адам экен. Шанс берип, депутат кылып койсо, жеңил ойлуулар митингде элдин тескери жакка үндөшөт.
770 2673***

Кыргызстандын экономикалык жактан артта калышынын себеби бизнес процесстерин жөнгө салууда экономикалык билимдин тиешелүү деңгээлде болбой жатканында, о.э. технологияларды өздөштүрүү боюнча да артта экенбиз. Бизде инвестицияларды туура пайдалана албай аларды сол чөнтөккө солоп, ач көз бийликтегилер өз кызыкчылыгына жумшап жиберишүүдө. Ушул жактан болсо дагы жайнаган ЖОЖдорду жоготуп, пайдасы тийчү окуу жайлардын техникалык базаларын оңдоп, же жигердүү жаштарыбызды чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайлардан окутуп, алардын акылын, билимин пайдаланбайлыбы? Чакан кыргыз мамлекетине билимдүү жаштарды көбөйтүүгө эмнеге болбосун?! Азыркыдай сатып алган дипломдору менен эмес. Кыргыз жаштары кара жумуштарды гана аткарыш үчүн сыртка кетип жатышат, билимдин начардыгынан. Өнүккөн өлкөлөрдө деле жаштар мигрант болуп чыгышат, бирок, билимдерин пайдаланышып, өз кесиптери менен иштешет. Малекет ушуну дагы ойлонуш керек. Кыргыздар эмне "малайлыкка" эле жаралганбы?!?
Эркин мигрант,
Казакстан

А дейсиңер, Б дейсиңер, качан Кыргызстан оңолот? Ошону айткылачы?
702 1719***

Адамзат тарыхында "саясий сойкулар" болгон үчүн бийликтегилерди туура жолдон чыгарып, адаштырып, мамлекетти жок кылууга чейин алып келишкен. Эфирди булгап, элдин кыжырын келтиргендерди (адам дегенге ооз барбады)көрсөтпөй эле койгулачы?! Алардан жакшыны үмүт кылууга болбойт!
Талас Бишкектен