кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

п»ї

Консерватория Калый Молдобасановдун
ысымын алды
Көптөгөн таланттардын уясы болгон Кыргыз улуттук консерваториясына өкмөттүн токтому менен СССРдин эл артисти, улуу композитор Калый Молдобасановдун ысымы ыйгарылды.
Бирок, бул чечимге чыгармачыл жамааттын айрымдары каршы. Тагыраагы, консерваториянын ректору М.Бегалиевдин өзү коллегияда каршы чыкканы менен калгандары колдоп кетишиптир. М.Бегалиевдин айтымында К.Молдобасанов кезегинде аталган консерваториянын ачылышына каршы чыккан. Жамааттын бир даары алп манасчы Саякбай Каралаевдин ысымы берилсе деп жүрүшкөнүн да айтып жүрүшөт. Эмнеси болсо да кыйла жылдан бери кимдин атын ыйгарышты билбей, ызылдап жүрүшчү эле, акыры чекит коюлса керек.




...Окутууга жумшалат
Кыргызстандын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында АБР банкы бизге 20 млн.доллар кредит бөлүп бермекчи. Бул каражат кесиптик -техникалык билим берүү системасына жумшалат экен.
Учурда бардыгы эле ЖОЖдордон билим алууга аракет кылары жашырууун эмес. Тилекке каршы, бүтөөрүн бүтүп алышып, иш таппай, далай дипломдор чемоданда калары да белгилүү. Ал эми кесиптик-техникалык окуу жайларын бүтүргөндөрдүн каны жерге тамбай, дароо жумуш таап кетип жаткандарына да күбөбүз. Демек, бул окутуу системасын жакшыртуу мезгилдин талабы. Алынган каражаттын бул багытка жумшалып жатканы да тегин жеринен эместей. Белгилей кетүүчү нерсе - алына турган кредиттин 10 млн.доллары грант түрүндө болмокчу.






"Алиби", 11-сентябрь, 2012-ж.

"Алиби", 7-сентябрь, 2012-ж.

"Алиби", 31-август, 2012-ж.

"Алиби", 24-август, 2012-ж.

"Алиби", 21-август, 2012-ж.

"Алиби", 17-август, 2012-ж.

"Алиби", 7-август, 2012-ж.

"Алиби", 3-август, 2012-ж.

"Алиби", 21-июль, 2012-ж.

"Алиби", 17-июль, 2012-ж.

"Алиби", 13-июль, 2012-ж.

"Алиби", 6-июль, 2012-ж.








??.??