"Ак Илбирс" -
кыргыздын
"Оскары"

Быйыл белгилүү кинорежиссерлор жана киноишмерлер Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шер-Нияз, Темир Бирназаров, Таалай Кулмендеев, Нурлан Абдыкадыров, Марат Сарулу жана Артыкбай Сүйүндүковдор тарабынан "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы негизделип, 27-октябрда сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыктын аталышы тууралуу: "Атын жана эмблемасын коердо бир топко ойлонуп, акыры "Ак илбирс" деп атадык. Ак илбирстин эмблемасын таптык. Илбирс тоодо таза, бийик жерде жүргөн жаныбар болгондуктан, биздин сыйлык да ошондой болсун деп ниет кылдык" - дейт кинорежиссер Артык Сүйүндүков.

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын максаты - улуттук кинематографиянын көркөм деңгээлин өстүрүп, мыкты жетишкендиктерин аныктоо аркылуу кыргыз киносун даңазалоо. Сыйлыкка 2011-жылдан бери тартылган ар кандай жанрдагы тасмалар катышып, "Манас" кинотеатрында өткөн иш-чарада 12 номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгында ийгиликке жетишкендер:

1. "Эң мыкты кинотасма" "Ак Илбирс" киносыйлыгын "Көч" фильми жеңип алды.
2. "Эң мыкты кинорежиссер" сыйлыгы "Көч" фильминин режиссерлору Артык Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновго ыйгарылды.
3. "Эң мыкты киносценарий" сыйлыгына "Көч" фильминин сценаристтери Артык Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакунов татышты.
4. "Эң мыкты кинооператор" сыйлыгын "Көч" фильминин оператору Стамбулбек Мамбеталиев жеңип алды.
5. "Эң мыкты киноактер" сыйлыгын "Күкүк Шахра" фильминдеги башкы каарманды ойногон Николай Пименов утуп алды.
6. "Эң мыкты киноактриса" сыйлыгын "Күкүк Шахра" фильминдеги башкы каарман кызды ойногон Зарема Асаналиева багынтты.
7. "Эң мыкты үн режиссер" сыйлыгына "Көч" фильминин үн режиссеру Марат Эргешов татыды.
8. "Эң мыкты куракчы (монтажчы)" сыйлыгын да "Көч" фильминин куракчысы Марат Эргешов илип кетти.
9. "Эң мыкты киносүрөтчү" сыйлыгы "Гу Чжун Пего кантип турмушка чыгууга болот?" көркөм фильминин сүрөтчүсү Элдияр Мадакимге ыйгарылды.
10. "Эң мыкты кинокомпозитор" сыйлыгы да "Гу Чжун Пего кантип турмушка чыгууга болот?" көркөм фильминин композитору Наргиза Жалиловага тапшырылды.
11. "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон эң мыкты фильм" "Ак Илбирс" киносыйлыгына "Көк салкын" көркөм фильми жетишти.
12. "Кыргыз киносуна өзгөчө эмгек сиңирген эмгеги үчүн" "Ак Илбирс" киносыйлыгы кинооператор Кадыржан Кыдыралиевге ыйгарылды.

Садык Шер-Нияз,
Кинематографисттер
союзунун төрагасы:

"Өзүбүздүн улуттук
кино сыйлыгыбыз болсо дечү элек"

- Садык мырза, сыйлыктын жаралуу идеясы кимге таандык?
- Улуттук киносыйлыгын идеясы орто муундагы режиссерлорго таандык. "Кыргыз кино тармагы өнүгүп, кыргыздын өзүнүн улуттук кино сыйлыгы болсо экен"- дечү элек. Ошол тилегибиз буюрса ишке ашып, биринчи сыйлык тапшыруу аземин ачып жатабыз. Азыркы жаш режиссерлор өздөрүнүн тушоосун өздөрү кесип, жаңы фильмдерди тартып, эл сынына коюп жатышат. Албетте ал тасмалардын сапаты боюнча коомчулукта ар кандай сындар айтылып жүрөт. Сын адамды өстүрөт, бирок сыйлык же мактоо сөз дагы адамды өстүрүп, чыгармачылыгын өнүктүрүшү мүмкүн. Сын эле айта бербестен, мактоо менен дагы кино тармагын өнүктүрүүнү ойлоп, орто муундун өкүлдөрү атайын ушул сыйлыкты уюштурдук. Жыл сайын өткөрүүнү пландоодобуз. Бул планыбыз ишке ашып калса, кыргыз кинематографиясынын сапатын жогорулатууга өзгөчө салым кошот деген тилектебиз. Ушундай ылдамдык менен кетсек, он жыл ичинде кыргыз кинематографиясы кайрадан жанданып, дүйнөлүк аренага чыгаарына шек жок.
- Каражат маселеси кандай болду? Кимдер демөөрчүлүк кылууда?
- Алгачкы жолу өтүп жаткандыктан, биринчи каражат маселелесин уюштуруп жаткан 8 адам төлгө кылып, ырым катары өз моюнубузга алдык. Кийинки сыйлыктарга каражат жагынан көйгөй болбойт болушу керек деген ойдомун. Себеби кийинки мааракелерди өткөрүүгө демөөрчүлөрдүн кызыгуусу күч. Бул өзүн-өзү актаган, элге жаркын маанай тартуулаган маараке болот деп ишенем.
- Калыстар тобу кимдер болду жана алар кандай шартта тандалды?
- Кино үйүнүн отуздай мыкты адистери жашыруун добуш менен тандалып, калыстар тобуна шайланышкан.
Зарема АСАНАЛИЕВА, "Эң мыкты айымдын ролу" номинациясынын жеңүүчүсү:

"Мен үчүн
жомоктой сезилчү"

- Бул менин алгачкы сыйлыгым болуп, толкунданып турам. Абдан кубанычтамын. Уюштуруучуларга, режиссерлорго, кыргыз искусствосуна салым кошкон адамдарга чоң ыраазычылык билдирем. Сыйлыкты күткөнүм менен мен үчүн жомоктой сезилчү.


Молдосейит
МАМБЕТАКУНОВ,
"Эң мыкты тасма"
номинациясынын жеңүүчүсү:

"Көч" улана берет"

- Молдосейит ага, бир эмес үч сыйлыкка ээ болуп отурасыздар, бул ийгилик деле оңой менен келбесе керек?
- Чынында толкунданып турабыз. "Көч" тасмабыз Казань шаарында гран-прини алды. Эми минтип "Эң мыкты тасма" сыйлыгына ээ болуп отурат. Жакында Польшага кетип атабыз, ал жерден да ийгиликке жетишебиз деген ойдомун.
"Көч" тасмасы бир-эки адамдын эмес, бир чоң топтун идеясы. Анын башында Артыкбай Сүйүндүков агай экөөбүз турабыз. Бир жолу Таш-Рабатка эс алганы барсак, ал жердин жашоочулары, топозчулары бизге "жайдын күнү бир келип, биздин турмушту, малчылардын жашоосун чагылдырып кетпейсиңерби?" - деп калышты. Алардын бул сөзү бизге идея болуп, аны өркүндөттүк. Бирок биз жайды эмес, кышты тартууну ойлодук. "Кыш мезгилин, кышындагы табият менен болгон күрөштү, табияттын кыйынчылыгына биздин кыргыз элибиз кандай туруштук берет ошол жөнүндө фильм жасабайлыбы" - деп сценарийдик топ кеңешип, анан чечкенбиз. Андан кийин бизге башка да идеялар келе баштады. Фильмдеги карышкырлар, топозчулардын көчкүнүн алдында калышы өзгөчө эпизоддор. "Бизге цивилизация өркүндөп келе турган болсо, биздин эл туруштук береби? Же алар менен жуурулушуп, салт-санаабызды унутуп калабызбы?" - деген ой келди. Анан аягында "Жок, биздин эл эч кандай цивилизацияга ооп кетпейт. Биз эч качан кыргыз экенибизди унутпайбыз. Биздин жүрөгүбүз тоолордо. Топоздор бийик жерлерде жашайт, биздин адамдар да ошондой бийик жерде жашайт. Ошондуктан биз ар дайым өзүбүздүн элибизди, каада-салтыбызды сактап калабыз" - деген ойду бергенге аракеттендик. Ат-Башы районунда "Таш-Рабат" деген касиеттүү жерде тартылган. Тоонун башы, 40 градус суук, шамал, бороон. Бул жерде оператордун эмгеги абдан чоң. Окуяга абдан кызыктыбы, айтор ошончолук суукта жерге жатып алып жан-дили менен тартып жатты.
- Кино дүйнөсүнө жаңыдан аралашып келе жаткан жаштарга эмне айта аласыз?
- Кино чоң эмгекти талап кылгандыктан, кээ бирөө тажап таштап коет экен. Ошондуктан кыйынчылыкка карабай, өзүңдүн ойлогон оюңду кандай да болбосун сөзсүз аягына чыгарышың керек. Мына ошондо гана сен мыкты режиссер болуп, жакшы тасма жаратасың. Көп кинолор чыгып жатат. Көпчүлүк учурда айтайын деген оюн аныктоо. Анын көрүнүшү, сүрөттөлүшү кандай болот мына ошолор жөнүндө көбүрөөк ойлонушубуз керек экен. Биз кыргыз кереметинин уландысы бар экенине ынандык. Эми бул уланат. Уюштуруучуларга, калыстар тобуна ыраазыбыз. Кадам шилтенди. Эми арышыбыз чоң болсун!