Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Дүңүнөн соктурду
Депутат М.Сабиров өзү курушуп жаткансып, "Түп-Кеген" жолу бүтпөйт"- деп түтөгөндөй болсо, жанына туралбайсың.
Депутат белгилегендей бул жолдун курулушу 2008 - жылы башталганы менен дегеле бүтпөй койду. Чыны менен депутаттын күйгөнүнчө эле бар. Бул стратегиялык жол бүткөрүлсө, өзгөчө көлдүктөргө жакшы эле болмок. Жайкы туризмге деле оң таасирин тийгизмек. Депутат М.Сабиров бул жолго каралган 10 млн.сомду Каржы министрлиги Нарындагы "кайсы бир көпүрөгө" жулуп берип салыптыр" - деп жатат. Азыр жолчулар "кур дегенде салыкка төлөп туралы"- деп 5 эле млн.сом сурап жатышыптыр. Бирок, М.Сабиров муну менен мурдагы Каржы министри А.Жапаровго карата таш ыргытты окшойт. Анча ыргыткандан кийин "кайсы бир көпүрөгө"- деп тергебей, депутат катары тактап айтса болмок. Коомчулук деле "кокуй, бул эмнеси?"- деп калмак. Же дүңүнөн согуп калайын, калганын көрө жатармын дегениби? Дүңүнөн соксо ушул, Нарындыктар "кайсы көпүрөгө алыптырбыз, далилдеп берсин"-дешүүдө. Буга "эмне"- деп дүңүнөн соктуруп кутуларын билбейбиз.


Акматбек айтты да, эй!
Депутат А.Келдибеков айрым чиновниктер кытай жүк ташуучуларынын кызыкчылыгын коргоп жатканын айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда кытай жүк ташуучулары Кыргызстанда кымыз ичип жайлоого чыккан немече жайма-жай жүрүшсө, ал эми кыргыз жүк ташуучулары Кытайдын чек арасын ашар замат, төөчө чөгөрүлүп, үстүндөгү жүктүн баарын түшүрүүгө аргасыз болушат экен.
Депутат кыйла жылдан бери чечилбей келаткан талылуу маселени көтөрүп жатат. Башкы бажычы К.Кулматовдун айтымында "бул үчүн ЖК атайын токтом чыгарган күндө деле майнап чыкпайт имиш. Себеп дегенде, Кыргызстан 1994-жылы эле эл аралык макулдашууга кол коюп салыптыр". Анда азыркы "Торугарт-Бишкек" маршруту аныкталып калса керек. Буга А.Келдибеков макул эмес. "Эмне үчүн биздин машиналар Кытайга кире албайт? Биз го киргизип жатабыз. Эки тарап тең болбойбу?"-деген суроону кабыргасынан койду. Бажычы К.Кулматов "биздин машиналардын Кытайга киришине тоскоолдук жок"- дейт. Чыны менен андай болсо эмне үчүн биздин жүк ташыган машиналарды ары өткөрбөй жүгүн түшүрүүгө аргасыз кылышат?! Депутат А.Келдибеков айткандай бул кайдыгер карай турган маселе эмес. Айрым чиновниктердин кызыкчылыгы болбосо, эбак эле чечилиши керек эле да.


Самолётко жалган билет
Бу, аферисттерге айла жок экен, башкасы бүтүп калгансып самолётко жалган билет сатып, далайларды сыздатып оту-рушпайбы.
Бишкектеги Чүй-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Алмазный путь" авиакассасынын сатуучусу Айнагүл Исмаилова 30 чакты жаранга жасалма билеттерди сатып жиберген. Натыйжада, алар эч жакка учалбай томсоруп отуруп калышты. Учурда бул айым кармалып, кылмыш иши козголду. Мындан улам кайсы жагынан жайлап кетээрин билбей, бүгүнкү күндө кимге ишенерди да билбей калдык.


Адам эмес...
Айбан
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон РИИБнын кызматкерлери өз кызын зордуктоого жана 6 жыл мурда кайын атасын өлтүрүүгө шектелген жаранды кармады.
Кармалган адам Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл округунун 53 жаштагы К.М. аттуу жараны болуп чыкты. Кызынын милицияга кайрылган арызына караганда, айбан атасы аны 2010-жылдын күз айынан бери зордуктап келиптир. Бул берендин 2006-жылы эле 75 жаштагы кайнатасын муунтуп өлтүрүп, "Тентек-Сай" дарыясынын жээгине көмүп салып, Орусияга баса берген жайы бар экен. (Кайсы жерге көмгөнүн милицияга көргөзүп берген). Аялы каза болуп үйүнө кайтып келгенден кийин 19 жаштагы кызын зордуктап, аны өнөкөткө айлантып алыптыр.


Өрттүн себеби эмнеде?
ММКларда түштүк аймагында элдин жыйып алган чөптөрү өзүнөн өзү эле өрттөнүп кетип жаткандыгы айтылууда. Буга чейин кышка камдалган чөптүн 5 жолу өрттөлгөн фактысы катталыптыр.
Жакында эле Токтогул районундагы Үч-Терек айлынын тургунунун кышка камдалган 6 тонна чөбү күйүп кеткендигин ӨКМ министрлиги билдирди. Себеби аныкталып жатыптыр. Айта кетүүчү нерсе былтыркы кышкы суукта, жазгы үзүмчүлүктө түштүк аймагында тоюттун жетишсиздигинен көп мал чыгым тарткан. Мындан пайдаланган айрымдар түндүктөн тоют ташып, ортодон бир топ эле пайда таап алгандай болгон. Бул иш "быйыл да ошондой болсо экен"-деген тилеги жамандардын колунан келип жатабы же кырсыкпы, айтор, такталбай жатат. Эмнеси болсо да, элибиз сак болгой эле.


Орусия биздин мигранттарды окутмай болду
Москвадагы Маалымат жана эсеп борборунун кызматкерлери биздин мигранттарды атайын кесиптик колледж-дерден кайра окутууну көздөөдө.

Алардын билдиргенине караганда кайсы ишти болбосун кайсап түшкөн биздин мигранттардын кесиптик чеберчилигине айла жок экен. Бирок, алар ошол баарына жөндөмдүү алтын колдоруна карабастан, өздөрүнө ылайыктуу жумуш таба албай, кыйналып жатышкандыктары белгилүү. Себеп дегенде, көпчүлүгүнүн кесиптик даярдыгын тастыктаган колдорунда документтери жок. Ошону менен Москванын кесиптик колледждери Маалымат жана эсеп борборунун демилгесин колдоп, биздин жарандарды "кайра окутуп берели"-деп жатышыптыр. Ал эми Москвадагы мебель жасоочуларды даярдаган колледж "биз окуталы, окутканда да базалык билим беребиз, келишсин"-дептир. Ошондой эле Маскөөдөгү архитектура, дизайн, реконструкция боюнча адистерди даярдаган колледжи да "окутканга даярбыз" дешсе керек. Айтымдарында окуп бүткөнчө стипендия, үч маал ысык тамак, бүткөндө адистигин тастыктаган диплом беришет экен. Айтор, мигрант жаштар жабылып окучу эле сунуштар окшойт.


Таланты ташка чабылып...
Бишкектеги №13 лицейинин мурдагы директору Роза Буйлакеева Мамлекеттик экономикалык кылмыш боюнча күрөшүү кызматынын кылтагына илинди. Көрсө, бул айымдын мугалим гана эмес, ишкердик таланты да бир топ окшойт.
Өкүнүчкө жараша анын ишкердик таланты өзүнө да, өзгөгө да пайдасын тийгизбей, тескерисинче кылмышка кириптер кылып отурбайбы. Кыскасы, бул лицейде 7-10 класстын окуучуларынан "Кыргыз адабияты" аталган китеп үчүн "100 сомдон чогулткула" дешип эле дүрбөп калышат. Кашайганда анын авторлору мектеп мугалимдеринин өздөрү болуп чыгышат. Аныгында ар кандай окуу китеби Билим жана илим министрлиги тарабынан бекитилиши керек эле да. Андай болбоптур. Анын үстүнө баасы да болгону 40 эле сом экен. Бир сөз менен лицейдин "адабиятчылары" ортодон пайда көрө коёлу дешсе керек.

"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??