Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Айтканы акыл. А кылганы...
УКМК юстициянын генералы Кубат Кожоналиевге укурук салып, кийин ал ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Бирок, УКМК укуругун коё бергиси келбей турат. Айтымдарында 3-октябрь күнү ушул эле К.Кожоналиев, учурда колго түшкөн террорчу топтун өкүлдөрү менен телефон аркылуу байланышып туруптур. УКМК: "эмне сырыңар бар эле"- деп ошол жагынан илинчек издеп жаткандай. Эгер андай боло турган болсо, демейде экрандан түшпөй элге акыл айтып турчу генерал үчүн өкүнбөй коё албайсың. Бардыгын соттук териштирүүлөр аныктай турган болгондон кийин, бул жерде бир жактуу бир нерсе айтыш да кыйын.


Ар ойго салган
"Алтын-Кен"

Т ышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаменти Талды-Булактагы "Алтын-Кен" ишканасында иштегенге кытай тараптан 32 гана жаранга уруксат берилгендигин айтып чыкты. Дагы 466 адамга уруксат берүү жагы каралып жатыптыр.

Департаменттин билдиргенине караганда Кытай тарап башында 498 адамга квота сураптыр. Биздикилер "тырышып" жатып, 32 адамга уруксат беришкен имиш. Бирок, өткөндөгү Кыргызстан тараптан ар кандай жаракаттар менен 4 кишини ооруканага жаткырган, (бир атты бульдозер менен жайлаган) Талды-Булак "таймашында" Кытай тараптан 500-600 адам иштеп жатканын жергиликтүү эл кан-какшап айтып чыгышкан. Бул тууралуу "Коом коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров күйүп-бышып мындай деди: "Мен кечээ эмгек инспекциясына барып келдим. Биз тараптан иштегендердин эмгек китепчеси жок болуп чыкты. Эгер кырсык болуп кетсе, алардын укугу кантип корголот? Кыргызстандын миграциялык кызматы кытай тараптан 500-600 киши иштеп жатканын көрбөйбү? Эгерде макулдашууда "90 пайыз Кыргызстандыктар иштесин"- деп жазылып турса, ал эмне үчүн аткарылбайт?
Манас Кадыровдун айтымында Кемин районунун акими, "Алтын-Кен" компаниясынын директорунун кыргыз тараптан орунбасары, "ишканада болгону эле 250 кытай улутундагылар иштейт"- деп билдиришиптир. Жергиликтүү бийликтин, ишканадагы "кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргойт"- деген жетекчинин минтип эл көргөндү көрбөй турганына караганда, кытайлар көздөрүнө "бир балээ" бүркүп коюшканбы?" деген да ойго алдырасың.
Ал эми Алтын-Кенде" иштеп жатып, жумуштан айдалып кеткен Бейкут Абдысаков: "Тогуз адамды "кайда барсаңар, айда баргыла"- деп, эч себепсиз эле жумуштан айдап чыкты...Бул жакта 500-600 кытай улутундагылар иштеп жатат"- деп өз көзү менен көргөнүн, баштан өткөргөнүн айтып жатпайбы.
Демейде, мындай маселе чыкса "атка жеңил, тайга чак" комиссиясын түзө калып, тырпыратып баса калчу Жогорку Кеңеш да, Талды-Булак "таймашын" көрмөксөнгө салып, башын кумга тыгып жиберген төө куштун таз кейпинен чыга албады. "Талды-Булакта 90 пайыз жергиликтүү тургундар иштеши керек"- деп элдин баарын козутуп койгон премьер-министр Ж.Сатыбалдиев да эмнегедир "талкан сугунуп алгансып" унчукпайт. Ал сөзүн келишимди карап туруп айттыбы же жөн эле элдин көңүлүн көтөрмөкчү болуп "балп эттирип" салдыбы, биле албадык.
Кыргызстан учурда, дал ушул жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргой албай, анын айынан ар кандай нааразычылыктар чыгып, натыйжада, жер байлыгын иштете албай мүңкүрөөдө. Туюк айтканда, "Алибинин" өткөн санында жазганыбыздай ("Алиби" №82(334).26-октябрь, 2012. "Талды-Булактагы "таймаш" эмнени көрсөттү?) бул жеке эле "Алтын-Кен" компаниясына тиешелүү көрүнүш эмес. Мунун артында баарынан мурда жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылуу, инвесторлор менен келишим түзүүдө "эки тараптан канча киши иштейт, кандай шарттарда?"-дегенди тактап алуу, ошол келишимден, тагыраагы мыйзамдан чыкпоо маселелери турат. Аны сактаганга биринчи кезекте мамлекеттин өзү кызыкдар болушу керек эле да.
Дагы бир маселе, биздин жарандар кайсы гана тармак болбосун, инвесторлор эмнени берсе ошону алууга аргасыз. Ушул эле "Алтын-Кен" компаниясында бирдей эле жумушту аткарышканы менен кытай жарандары күнүнө 2500, биздин жарандар 1000 сомдон алышат экен. Муну "Алтын-Кенди" аралап келген Манас Кадыров айтып жатат. "Эмне үчүн мындай?" - деген эч ким жок. Кыскасы, "Алтын-Кенди" каза берсең, ар жагынан кыргызга сабак болчу кыйла маселе чубала берчүдөй.

...Катарлап ГЭСтер салынса
Өткөн жумада президент А.Атамбаев Нарындагы Таш-Булуң айылынын тушуна курулуучу Жогорку Нарын каскадынын ГЭСтеринин биринин пайдубалына алгачкы капсула салып, ишти баштап берди.
Коомчулук туура баалап жаткандай, бул чыны менен эле тарыхый окуя. Кыргызстан - суу башы болгонубуз менен гидроэнергетикалык потенциалыбызды пайдалана албай келүүдөбүз. Эмнеси болсо да Орусиянын "Русгидро" ишканасы Жогорку Нарынга 4 ГЭСти курууга киришти. Бул ГЭСтерге 400 млн.доллар жумшалып, 2016-жылы пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Президент А.Атамбаев келечекте "Орусия дагы 12 ГЭС куруп берет"- деген үмүтү бар экенин билдирди.
Кыргызстанга ГЭС курууга кызыкдар жалгыз гана Орусия эмес. Кытай Сары-Жаз дайрасына ГЭС курууга ниеттенсе, Казакстан Суусамыр-Көкөмерен дайраларына көз кырын салууда.


Кетишпейт окшойт
CA-NEWS (KG) сайты билдиргендей, АКШ "Манас" аэропортунун базасында "жарандык транспорттук түйүн" куруп жиберели деп шымаланып жаткандай.
АКШнын соода жана өнүгүү агенттиги атайын каражат бөлүп (118 миң. 800 доллар), "Манас" аэропортуна "жарандык транспорттук түйүн" курууга "бизнес планыңарды бергиле"- деп жар салып жибериптир. Аларды "минткиле"- деген киши деле жок. Айтымдарында, "жакшы ниеттен" улам ушуга барып жатышкандай. Белгилей кетүүчү нерсе - президент А.Атамбаев АКШнын "Манастагы" аскердик-транзиттик базасы 2014-жылы чыгарыларын, толук жарандык аэропорт болорун айткан.
Эми, АКШ түшкүрүң жөн жатпай "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу жылына 1,6 млн.жаран өтөрүн, 2007-2011-жылдары жарандардын жана жүктөрдүн агымы 175 пайызга чейин өсүп кеткенин эбак эсептеп коюшуптур. Сыягы, "кетейин"-деген ойлору жок окшойт.

"Алиби" пресс






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??