Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Эмне, Жалал -Абадда ун арзан сатылып - берилип жатканына сүйүнүп жатасыздарбы? Абайлагыла! Вакцинадан койлор кырылгандай, эми карапайым эл арзан унду жеп алып, бир балээге туш болбогой эле. Түштүккө деп, күтүүсүздөн берилген унду далилдеп, текшерип анан таркатсаңар. Сатуучуларды да иликтеп алуу керек. Эми Кудай сактасын! Курган кыргыз элди абайлагы-лааа!!!
707 2368***

Жазмакерлер жана журналисттер союзунун мүчөсү Сагын Эшме абдан туура! Чыңгызхандын 810 жылдык мааракесин, илимий конференцияны(дүйнөлүк деңгээлде) тез арада өткөрүү керек. Ушул гана Чыңгызхандын теги кыргыз экенин дүйнөгө далилдей алат. Ошондо кыргыз элинин аброю дүйнөлүк коомчулукка ого бетер көтөрүлөт. Бул маселеге олуттуу карап, тезирээк өткөрбөсөк, казактар карап отурбайт! Алардын да тарыхтары далил издеп, далбас уруп жүрүшөт. Миңдей казак эл аралык ДНКга АКШга анализдерин жөнөтүшкөн "прямой тукумдарыбыз" дешип. Кыргыздардан мурун алар илимий конференция өткөрүшсө, биз бир жерди кысканыбыз эле оң. Адатыбызча артта калып. Саке, бул маселени эртерээк көтөрүңүз. 19 -кылымдагы орус окумуштуулары деле айтып жатпайбы.
Аскер,
778 1796***

"Массалык маданият" деген түшүнүктү коюп, Манас айткан, кыяк тарткан балдарды колдош керектигин Түгөлбай Казаков туура айтты. Жоголуп бараткан маданиятыбызды колдоо - ар бирибиздин милдетибиз жана добулбас кагып, аракеттенишибиз керек.
778 2768***

Юстициянын генералы К.Кожоналиевди каралаганды токтоткулачы. "Ал митинг учурунда террористтердин лидери менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр" дегенди айтып жатышат. Кимдир бирөө телефон чалса , алып сүйлөшүп койгондур. Ким экенин кайдан билсин. Иликтөө иши бүтмөйүнчө ал жөнүндө айтуунун кажети жок го деп ойлойм.
555 2919***

Чолпонай, туулган күнүң кут болсун! Кудай сага узун өмүр жаш берсин, түгөнбөгөн кенч, бөксөрбөс бакыт -таалай каалап апаң, эжең Айсулуу.
778 5342***

Жароокерим, сени асмандан 3 метр бийиктикте сагындым! Сени күтөм, кайрылып келесиңби?
779 9221***

"Учур" гезити жазат десе эле ыплас, элди козуткан нерселерди жаза беришет экен! "К.Ташиевдин камалышына түштүктүн тыңчыкмалары кайдыгер, ооз ачып, колдоп коюшкан жок" -деп жазыпсыңар. Биз баарыбыз кыргызбыз, бир элбиз. Бардыгыбыз үчүн мыйзам бирдей. Кимдин, кандай , мыйзамга каршы иш жасаганын иликтеп, чече турган органдар бар. "Түштүк" - деп бөлүп, бар балээни баштаган силерге окшогон гезит журналисттери! Ойноп сүйлөсөңөр да ойлоп сүйлөгүлөчү, байболгурлар!
779 1352***

Ой, айланайындар! Кыргыздын эң бийик (75 метр) туусунун айланасын аз убакытта (31-августта эле орнотулган) таштандыга толтуруп, ал орнотулган постаментке жазып, чийип булгагандар айбандар го! Башка сөз жок! Башка башка, кыргыз болуп туруп, ушуну жасагандарга эмне дейбиз?! Абдан эле уят иш болуптур. Ар бир жаран балдарыбызга, жаштарга мектепте болобу, үйдөбү бул көрүнүш тууралуу айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Эгер ошол флагштокту көрүү үчүн баргандар болсо, анын тегерегин тазалап, аяр мамиле кылсак. Туубуз - улуттун сыймыгы экенин түшүнсөк.
Зари,
773 1339***

Биздин Кыргызстанда, дал Бишкекте миллиондор, миллиарддар сапырылып "аралап" жүрөт. Ага 20 жылдан ашты. Ишенбейсиңерби? Ишенбесеңер, гезиттерди, жалпы маалымат каражаттарын карап, окуп көргүлө. Жалаң эле ошол милли-миллиарддар жөнүндө жазылат, кызыктырып. Акаевде сапырылган миллион -миллиарддар, Бакиевдерде күзгү жалбырактардай эле сапырылыптыр! Ананчы, андан бери деле, алар канчасын шамалдай учуруп алып кеткени менен азыр деле, ар бир чиновниктердин, тыңчыкмалардын, депутаттардын короосунан үйүнө чейин сапырылып кирип, учканы учуп, калганы калып жатат. Сүйлөшсө эле миллиондорду, миллиарддарды сүйлөшүшөт! Баарынын эле Бишкекке агылып, келип атканы да ошондон, сапырылган акчаларды кубалап. Бирок, аны кармап калыш кыйын экен, ошентсе да, үмүт шамын кармап, издеп келебиз аны.
Энгельс,
БИШКЕКСКИЙ

ЖОЖдорду кыскартып, же сырттан окууну токтотобуз дешти эле. Сырттан окууга контракт мурда 7-8 миң болсо, эми 18-21 миңге өсүп кетти. Акча жасамай токтобойт экен го! Кайсы бир депутат айтып жатты эле : "Жогорку окуу жайлар студенттерди окутуп, анан аларды иш менен да камсыз кылуу жоопкерчилигин алышы керек" деп. Эң туура! Себеби, ата-эне баласын окутуу үчүн ошол окуу жайдын мугалимдерин 5 жыл бою чоң акча төлөп , (контракт) багып, жумуш менен камсыз кылып жатпайбы. Студенттердин эсебинен жашап жатышканы калппы?! Депутаттар, ушул маселени карап, чечип берип, анан таргылачы?!?
554 4453***

Кыргызстандын бюджетинин кемтигин билип туруп, бийликтегилер, эл өкүлдөрү кантип уялбай миллион сомдук машинелерди тээп жүрүшөт. Керек болсо, силер карапайым элдин эсебинен байып, алардын добушун пайдаланып, депутат болуп, майлуу - жумшак креслодо отурасыңар? Качанга чейин эл силерди багат?! Элин ойлоп, күйбөгөн депутаттардын кереги барбы деги?
Баку, 771 3003***

Бийликтен бирөө теледен чыгып, "бюджетте кризис бар, чындык, анын себеби, азыр кумарканалар, казинолор жабылып, бизде акча толбой жатат" дебатат. Ой, казино жабылганы менен сойкуканалар (накта кумарканалар) иштеп жатпайбы! Эмне андан талап кылбайсыңар? "Мамашалар" эле жыргап жатышат.
Калыс,
773 3972***

Нарындын ОТТУК орто мектебинде ыр жазган жаш таланттарга өтө көңүл бурулат. Ушул мектепте иштеген эжейибиз Мыскал Байгазиевага ыраазычылык билдирип, ырахмат айтабыз. Жылдар зымырап өтө берет экен. Мына, арадан 34 жыл өтүп кетиптир. Оттук орто мектебине чоң салам жолдойм!
778 0075***

Өмүрбек Бабанов, эл тагдырын жакшыртууга жаралган жансың! Чөөлөр баркыңды билбеди.Сенде тубаса жетекчилик талант оргуштайт. Султан Ибраимовдой чыгаан мамлекеттик ишмер болушуңа бөркүмдөй ишенем. Сендеги, эркек таналарга берилчү сулуу сымбатың да көралбастардын көзүн көр кылды окшойт. Журт башы болчу инсан өзүңдөй көркөм болушу абзел. Улут символу болгон калпакты какайта кийип, алгалай бер Өмүрбек! "Көкчө көз", "Көз камандардан" алыс бол! Жашооңдо оомат аруулай берсин!
Эргеш -Али Эл-Бек,
Жалал -Абаддан, 557 0046***

Жакында премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Аксыга чейин келип кетти. Кербенде Маданият үйүнө кирип алып, бюджетниктер менен гана жолугушту. Карапайым эл акыйып кала берди. Анан да анын деөгээли 19 -кылымдагы бойдон кала бериптир. Кыргыздар Ак -Терек, Иринжит каналдары аркылуу өзбектерден суу сурап калабыз, көз каранды болуп. Ушул маселени чечип берүүнүн ордуна, кайра элге карап, "илгери Отуз -Адыр, Чоң Чүй каналдарын эл кол менен, кетмен -күрөк менен эле казышкан. Эми деле ошентсе болот" -дейт. Ишмердүүлүгүн көрсөтүп, жардам кылуунун ордуна элди шылдың кылгандай болду. Бу жетекчилерден эч нерсе үмүт жок! Жанагы депутаттардын машинелери миллион турат экен, майды да көп жейт. Ошолордун ордуна канал казчу зор техникаларды алдырбайбы? Элиң ачка болуп отурса, тигилердин мингени, тайраңдаганы ким үчүн? Элиңе карап кой, анан тайраңдай бергиле.
Кербен шаарынан, суу сурагандар

Шайлоо, шайлоо… Бишкек митинг, пикеттердин борбору болбой, өнөр жайлуу өнүккөн шаарга айланса экен! Шайлоочулар жаңылбай, алданбай тизмеге көз чаптырып, анан тандоону баштагыла. Тандоо өзүбүздөн!
Бакыт, Бишкектен,
772 6277***
773

774
775
776
777

кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??