Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ
Көзүмдүн тирүүсүндө күрөш бүтпөйт,
Эй, мени көралбастар, уктуңарбы!?

КҮЗ ЫРЛАРЫ


Мүдүрүлүп, чалынып, тайгаланып,
Беш эчкисин кубалап айдап алып.
Ышкырыгы таш жарган кыргызым ай,
Майдаланып кетиппиз, майдаланып.

Ыйман деген булактын көзү бүтүп,
Ырыскысын кубалап кетиришип.
Ыргыткан көп тагдырын таштандыга,
Ар-намысын аракка эзип ичип.

Жетекке бош, өйдө-ылдый
оомой турмуш,
Жар боюнда кылтылдап коомай турбуз.
Урпактардын уурдалып шыбагасы,
Устаранын мизинде оонайт кыргыз.



Туруп калдым шалдайып, угуп кепти,
Бир тамырын жүрөктүн жулуп кетти.
Кара күчкө кашымда жагалданбай,
Өзүң эле түшүнүп, чыгып кетчи.

Убада-бул жигиттик, ыйык депмин,
Уялбагыр, чындыкты жыгып кеттиң.
Жолдорубуз экинчи тогошпосун,
Жомок айтпай чыгып кет, чыгып кеткин!



КЕЛЧИ, СҮЙЛӨШӨЛҮ

Кыргызым, келчи, бир аз сүйлөшөлү,
Кай жакка баратканын дүйнө көчү.
Табалбай өз ордуңду, жетеленип,
Башкысы-тактекедей бийлебечи!

Изгилик асты-үстүнө аңтарылып,
Унуткан нан кадырын, жан кадырын.
Заманда турасыңбы кармай албай,
Дүйнөнүн оң-терс соккон кан тамырын?

Корк кыргыз, өзүңдөн корк, кенебеген, Шыкаалап турат дүйнө керегеңен.
"Коноктор" колтугуңа кирип алып,
Төрүңдү эбак эле тебелеген.

Өлкө өзү үзүлчүдөй бышкандыгын,
Өзгөлөр көрүп турат тыштан бүгүн.
Бийликтин кумарына мас болушкан,
Кыргызга кыргыз гана душман бүгүн.

Жыйналбай этек-жеңи, баш-аягы,
Ар бири ар колоттун машаягы.
Кырк уруу кырды бычак болуп алып,
Кыргызым, кара көзүң кашаябы?

Дүйнөдө ааламдашуу-бөрү жүрүш,
Убада-көбү жомок, көбү имиш.
Чоң иште кичинекей өлкөлөрдү,
Садага чаап ийүү көнүмүш иш.

Шалданып тили, дини, жөрөлгөлөр,
Чыланып ичкиликке көрөңгөлөр.
Соолуп баратабы тамырынан,
Байыркы, "Манасы" бар кеменгер эл?

Чуурутуп ырыскыңды чөнтөгүңөн,
Кыргызым, коркпойсуңбу эртеңиңен?.
Биз эмес, канча деген империя,
Заматта айрылышкан кел-келинен.

Ырас, ким өз бактысын издебеген,
Эркиндик тийгениби бизге кенен.
Кантсе да, калагы жок кайык сымал,
Өлкөбүз - мыйзамдары иштебеген.

Өзүңдү өзүң гана аябасаң,
Өзүңдү-өзүң жөлөп-таябасаң.
Ким жардам бермек эле, өзүң гана,
Жыртылган этегиңди жамабасаң.

Таң калып, дүйнө бизге карашат деп,
Ойлойсуң, кол сунушуп, аяшат деп.
Ээрчиме эл экенбиз, шилтеп койсо,
Көчөгө чыгып кеттик, саясат деп.

Кыргызым, чейрек кылым ичинде биз,
Келбедик бир жакшына бүтүмгө биз.
Адашып, бара турган жолубуздан,
Бүгүн биз, бир балээнин ичиндебиз.

Жөө жүрдү, тулпар минди, жөрмөлөдү
Кыргыздын калган жоктур көрбөгөнү.,
Белгисиз жакка бүгүн алып барат,
Кылымдын кыйчылдаган дөңгөлөгү.

Кыргызым, көтөр башты, барбы намыс?
Бириксек жок нерседен бар кылабыз.
Өзгөнү өйдө-төмөн ээрчий берип,
Өтөлбөй мойнубузда калды карыз.




Баскан жол татаал болду оңбогондой,
Же буюм эмес экен оңдогондой.
Үмүттүү карай берем алды жакты,
Эңсеген мүдөөлөрүм колго конбой.

Утам деп, байкабадым уттурарды,
Бу турмуш жеңген менден мыктыларды.
Көзүмдүн тирүүсүндө күрөш бүтпөйт,
Эй, мени көралбастар, уктуңарбы!?



Кездешпей жүргөн кезим бул,
Күнөөлүү, балким, өзүмдүр.
Кечирим сурайт белем же,
Келип кет!.. Келбе!.. Өзүң бил!..
Жөн эмес десем сезим бул,
Жөнөкөй эле сөзүм бир.
Жулунуп ооздон, өчкөн соң,
Жолукпа!.. Жолук!.. Өзүң бил!..



КҮЗ КЕЧИ

Жапырылып, жалындай аргымактын,
Желге эркелейт камыштар,
магдырап күн.
Күз ырлары баш багат балапан көз,
Ар биринен саргайган жалбырактын.

Өрүк, жийде, теректер, алма багы,
Куштар сайрап, күү ойнойт канда дагы.
Күз - сүрөтчү, дирижёр, жуурулушат,
Боёктордун дүйнөлүк гаммалары.

Коңур күздүн түркүн түс нур дүйнөсү,
Миң кубулуп, ажайып сырдуу кези.
Берекелүү талаалар уйкусурап,
Батып барат үргүлөп күндүн көзү...




КҮЗГҮ ТҮН

Түн уюйт, күздүн түнү, керемет түн,
Уйкуга теребелди чөгөрөт түн.
Жылдыздар жаап жаткан сыяктанып,
Төгүлөт төрт бурчунан төгөрөктүн.
Сулуулук-көңүл кушун көкөлөтүп,
Капырай, кайра өзүңө чөгөлөттүң.

Табийгат мыйзамына моюн сунуп,
Бут серппей уктайт айыл боюн сунуп.
Желпинген жел ойготкон бак-дарактар,
Жаткансыйт жылдыздарга колун сунуп.
Үр кыздар саманчынын жолу менен,
Чоң тойго бараткансыйт оюн куруп.

Унутуп күндүз тарткан убарасын,
Алышып токчулуктан шыбагасын.
Балбырап уктайт тегиз, күз түнүнүн,
Көркүнө суктанып да кубанасың.
Шоокуму гана тынбайт дарыянын,
Кайтарып айылымдын улагасын...




БОРБОРУМ-БИШКЕГИМ

Сезип-сезбей мемиреген күз демин,
Шайың ооп жатасың ээ, Бишкегим.
Келген сайын араң чыдап эки күн,
Качып жөнөйм, бүтүп-бүтпөй иштерим.

Өнтөлөгөн өз өлкөмдүн борборун,
Жамандабайм, айтып жатам болгонун.
Жаштыгымдын жаңырыгы угулган,
Көчөлөрдүн көрө албадым оңгонун.

Барам-келем, бүтөт-бүтпөйт жумушум,
Кеп анда эмес, бирок, менин сунушум.
Чаркабыңды чачырата бербестен,
Чатырыңды карай керек жылышың.

Шаарым, сени келбейт деле сындагым,
Кайдан билдим, кандай түйшүк,
сыр барын.
Олокосуз кылыгынан кыргыздын,
Онтоп өтүп жаткан жокпу жылдарың?

Борбор калаам, саябаным-Бишкегим,
Канткен менен, бүтпөйт сенсиз иштерим.
Тааныш дагы, чала тааныш көчөңдөн,
Издеп таппайм жаштыгымдын издерин...







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??