кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

п»ї

Ар ойго салган
"Алтын-Кен"

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаменти Талды-Булактагы "Алтын-Кен" ишканасында иштегенге кытай тараптан 32 гана жаранга уруксат берилгендигин айтып чыкты. Дагы 466 адамга уруксат берүү жагы каралып жатыптыр.

Департаменттин билдиргенине караганда Кытай тарап башында 498 адамга квота сураптыр. Биздикилер "тырышып" жатып, 32 адамга уруксат беришкен имиш. Бирок, өткөндөгү Кыргызстан тараптан ар кандай жаракаттар менен 4 кишини ооруканага жаткырган, (бир атты бульдозер менен жайлаган) Талды-Булак "таймашында" Кытай тараптан 500-600 адам иштеп жатканын жергиликтүү эл кан-какшап айтып чыгышкан. Бул тууралуу "Коом коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров күйүп-бышып мындай деди: "Мен кечээ эмгек инспекциясына барып келдим. Биз тараптан иштегендердин эмгек китепчеси жок болуп чыкты. Эгер кырсык болуп кетсе, алардын укугу кантип корголот? Кыргызстандын миграциялык кызматы кытай тараптан 500-600 киши иштеп жатканын көрбөйбү? Эгерде макулдашууда "90 пайыз Кыргызстандыктар иштесин"- деп жазылып турса, ал эмне үчүн аткарылбайт?

2-бет


Тарых кайталанууда
Адатта, тарых кайталанат деп коюшат. Кайталанбай анан, Акаев жана анын үй-бүлөсү "Алга, Кыргызстан" саясый партиясын түзгөндө, сагызгандай шакылдаган кыргыз саясатчылары, окумуштуулары, интеллигенциясы, мугалимдери, врачтары, бизнесмендери түп көтөрүлүп, Акаевдин аялы Майрам Акаева менен кызы Бермет Акаеванын көзүнө "бир көрүнүп калалы" деп, жабалактап жагалданышып, үй-бүлөлүк партияга "оптом и в розницу" өтүшүп, Акаев режимине ак кызматтарын кылышкан. Күндөрдүн бир күнүндө партиясын да, башкасын да таштап, Акаев Москвага кара башын жана үй-бүлөсүн ала качты. Анан Бакиев бийликке келип, үй-бүлөлүк "Ак жол" саясый партиясы түзүлгөндө, кечээ эле Акаевдин этегин өөп, көлөкөсүнө табынып жүрүшкөн баягы эле кыргыз саясатчылары, окумуштуулары, интеллигенциясы, мугалимдери, врачтары, бизнесмендери кайрадан бүтүндөй көтөрүлүп Бакиевдин үй-бүлөлүк партиясынын катарына өтүп, Бакиевге жана анын үй-бүлөсүнө кызмат кыла башташкан. Күндөрдүн бир күнүндө Бакиев кара башын жана бир туугандарын, балдарын ала качты. Бирок, алгач Акаевге, анан Бакиевге тизелеп кызмат кылгандар кала беришти. Калсын, анда эч чатак жок.

6-бет


"Ак Илбирс" - кыргыздын "Оскары"
Быйыл белгилүү кинорежиссерлор жана киноишмерлер Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шер-Нияз, Темир Бирназаров, Таалай Кулмендеев, Нурлан Абдыкадыров, Марат Сарулу жана Артыкбай Сүйүндүковдор тарабынан "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы негизделип, 27-октябрда сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыктын аталышы тууралуу: "Атын жана эмблемасын коердо бир топко ойлонуп, акыры "Ак илбирс" деп атадык. Ак илбирстин эмблемасын таптык. Илбирс тоодо таза, бийик жерде жүргөн жаныбар болгондуктан, биздин сыйлык да ошондой болсун деп ниет кылдык" - дейт кинорежиссер Артык Сүйүндүков.
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын максаты - улуттук кинематографиянын көркөм деңгээлин өстүрүп, мыкты жетишкендиктерин аныктоо аркылуу кыргыз киносун даңазалоо. Сыйлыкка 2011-жылдан бери тартылган ар кандай жанрдагы тасмалар катышып, "Манас" кинотеатрында өткөн иш-чарада 12 номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

8-бет




"Алиби", 11-сентябрь, 2012-ж.

"Алиби", 7-сентябрь, 2012-ж.

"Алиби", 31-август, 2012-ж.

"Алиби", 24-август, 2012-ж.

"Алиби", 21-август, 2012-ж.

"Алиби", 17-август, 2012-ж.

"Алиби", 7-август, 2012-ж.

"Алиби", 3-август, 2012-ж.

"Алиби", 21-июль, 2012-ж.

"Алиби", 17-июль, 2012-ж.

"Алиби", 13-июль, 2012-ж.

"Алиби", 6-июль, 2012-ж.








??.??