Кыздын сыры төркүнгө маалым…
Болот БАЙКОЖОЕВ, коомдук ишмер,
Жогорку Кеңештин экс-депутаты:
"Жапаров "жасалма"
депутат, жеткен ууру"
- "Кумтөр" компаниясын улутташтыруу маселесин көтөргөн эл өкүлү Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы митинги төңкөрүш менен аяктап кала жаздады. Ошондон улам, "бул митингдин максаты чындап эле "Кумтөр" беле же бийликке жетүүнүн аракети беле?" деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып турат?
- Чындыгында митингдин максаты бийликти алуу болгондугу ачык эле көрүнүп калды. Ал эми "Кумтөр" компаниясы ага жөн гана шылтоо болуп берди. Андан башка бийликти карапайым элге жаман көрсөтүүнүн шылтоосун таба албай коюшту. "Митингге чогулган элди дүрбөтүү менен бийликти ала коебуз" - деп ойлошкон. Бактыга жараша, эл дагы кимдин ким экендигин түшүнүп калышыптыр. Митингдин уюштуруучуларын эки жылдан бери карай Бакиевдер каржылап, реванш алуу максатында колдонуп жатышпайбы. Булар - реваншисттер. Президенттик шайлоодо дагы Ташиевди бийликке алып келүүнүн аракетинде Бакиевдер чоң каражаттарын жумшады. Ташиевдерди бийликке алып келүү менен Бакиевдер Кыргызстанга кайтып келүүнүн аракетин көрүшүүдө. Анткени, алардын үстүнөн рейдерлик басып алуу, адам өлтүрүү ж.б. фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон. Ошол кылмыш иштеринен таза чыгып кетүүнүн амалы болууда. Бакиевдер өздөрү Кыргызстанга келе албайт. Андыктан Ташиевге окшогон бирөөнү бийликке алып келип койсо, алар амнистия кылыппы же башка жол мененби, айтор Бакиевдерди куткарып кетиши мүмкүн.
- Садыр Жапаров "Кумтөр" компаниясына байланыштуу көп сөздөрдү айтууда. Анын айткандарынын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Жапаров Американы ачып аткан жери жок. Бул маселе 1992-жылдан бери карай эле келатат. Бүгүнкү күндө биздин мамлекет компаниянын 33 пайызына ээлик кылат. Андан сырткары, компания мамлекетке салык төлөп турат. Эл аралык келишимдер бар. Ал келишимдердин чегинен чыгып кете албайбыз. Эгер "Кумтөр" экологиялык нормаларды бузуп жаткан болсо, бизде экология боюнча агенттик бар. Ошолор бардык ишти иликтеп, канчалык деңгээлде нормалардын бузулуп жатканына жараша айып төлөтүү жолдорун караш керек эле. Андай кадамдарга барбай туруп, "барып эле баса калабыз, тартып алабыз" - дей берсек, дүйнө коомчулугу кандай түшүнүктө калат? "Булар жапайы адамдар турбайбы" - деп ойлошпойбу? Бул Жапаровдун деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтөт. Ал "жасалма" депутат, эң негизгиси билими жок. Тоо-кен өндүрүшү боюнча эмнени түшүнүшү мүмкүн? Бүгүнкү күндөгү саясый айдыңда Жапаров, Ташиев өңдүү билимсиз, "жасалма" депутаттар көбөйүп кетип, элдин баарын бузуп атышат. Булар - бузукулар.
- Жапаровдун бул кадамдарынын артында кандай максат турушу мүмкүн?
- Жапаров 2004-жылы Акаевдер менен биргеликте Каракол эркин экономикалык аймагында 46 миллион салыкты төлөбөй койгон. Бул маселени мен депутат кезде парламентте да көтөрүп чыккам. Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилбей келет. Жапаров ушунча жыл аралыгында УКМКга, прокуратурага пара берүү жолдору менен ишти жаап келет. Мен бийлик алмашкан сайын Башкы прокуратурага бул маселе боюнча кат жазам. Алар "Ишти карап атабыз, иликтеп атабыз. Жообун беребиз" деп гана кутулуп кетишет. Силердин сайт аркылуу Аида Саляновага да кайрылуу жасап кетким келет. Качанга чейин бул жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Жапаровдун артында бир гана "Ысык-Көл инвест банкы" эмес, дагы көптөгөн рейдерлик басып алуулар бар. Мисалы, "Жыргалаң" шахтасы дагы рейдерлик жол менен тартылып алынган. Балыкчы шаарында мэриянын маңдайында бензин куюучу жайын уруксатсыз куруп алыптыр. Анын артында толтура кылмыш иштери бар. Ушунча кылмыш иштерин жасап алып "мен тазамын" деп трибунада туруп алып элге калп айтканы - бети жоктук болуп жатат. Мамлекетке салык катары гана 46 миллион карызы бар. Ал эми "Ысык-Көл инвест банкын" эмне үчүн алышкан? Максим Бакиев, Надельдер менен биргеликте кылмыш жолдору менен келген, таза эмес 800 миллион доллар акчаны дал ушул банкта "жууп тазалашкан".
- Ошол эле банктан дагы чоң суммадагы кредит алып, кайра аркага кайтарбагандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыкты?
- Туура, 2002-жылы "Ысык-Көл инвест банкы" мага тиешелүү болуп турганда 1 миллион доллар кредит алган. Ошондо ал бүгүнкү күндө 400 миң доллар болуп эсептелет. Ал акча дагы кайра аркага кайтарылып берилбей келет. Бул боюнча ИИМ иш козгогон. Дагы деле иш аягына чыкпай токтоп турат.
- Бул кредитти кандайдыр бир жолдор менен жоюп жиберген деген кептин чын-бышыгын уксак?
- Эч кандай жоюлган эмес. Болгону Садыр Жапаровдун эжеси банктын башына келгенде ал кредитке тиешелүү документтерди жок кылып жиберген экен. Бирок, менде ал документтердин көчүрмөсү сакталуу турат. Жапаров өзү жеткен аферист жигит экен. Киев көчөсүндөгү Бакиевдерге тиешелүү имаратты арзан баада сатып алганы ачыкка чыгып жатканда, ага чейинки мен жогоруда айтып өткөн былык иштери чукулуп чыкканда, өзүн улуттук баатыр катары алып чыгып, "мага бийлик бут тосууда" - дегени жеткен алдамчылык эмей эмне? Өзүн саясый курмандык катары көрсөткүсү келет. Кайдан ал саясый курмандык болсун, ал кылмышкер.
- Балким, чындап эле "Кумтөрдүн" тагдырына күйүп жаткан болбосун?
- Бакиевдин учурунда коррупцияны алдын алуу агентствосун жетектеп келди. Эмнеге ошол учурда бул маселени көтөрүп чыккан жок. Эмнеге ошол учурда бир коррупциянын бетин ачпады? Же ал учурда коррупция жок беле? Коррупциянын гүлдөп турган учуру болчу да. Түштөн кийин элге жакшы көрүнгүсү келүүдө. Жеткен алдамчылык деп гана айта алам. Ушундай депутаттарды шайлаганыбыз өзүбүзгө эле уят болууда. Өзгөчө элдерге шерменде болуудабыз. Президентибиз Алмазбек Атамбаев "Эң коркунучтуусу парламентте уурулар отурат" деп айтып атат. Чындыгында эле ошондой болууда. Алар бардыгын жеп-ичип алып, анан трибунага чыгып, кайра бизге үйрөтөт. Же акылы жок, же мээси жок, же билими жок. Ушундай депутаттар келген "Ата-Журт" партиясы Кыргызстанды кантип кыйынчылыктан алып чыгып кетиши керек деген программаны киргиздиби? Экономикалык программаларды жазыштыбы? Жок.
- Жапаров парламенттеги сот, укук маселелери боюнча да комитетти жетектеп калды эле. Аракети кандай болду?
- Бүгүнкү күндө сот системасын реформалоо Чотбайды Ботбайга алмаштыруу гана болуп калды. Былтыркы жылы "сот системасын реформалайм" - деп, жалаң өзүнө жакын адамдарды тартып, Мухаммеджанов деген Ташиевдин досун төрага кылуу аракетин көргөн. Анткени, президенттик шайлоодо "Атамбаев уткан жерлердин баарын жокко чыгарып, Ташиевди президент кылабыз" - деген максат менен ушундай аракетти жасаган. Сотторду тандоо кеңешине төрага кылып Базарбеков деген өзүнүн досун койгон. Базарбеков деген ким болгон? Анын үстүнөн толтура арыз түшүп соттон кеткен адам болгон. Ал көрсө парага акчасы жоктордон тоок дагы алып жүрчү экен. Ошондой адамдарды айланасына топтогусу келген Жапаровдун аракетин кандай баалайбыз? "Досуңдун ким экенин көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин" демекчи, ушулар өңдүү алдамчылар, бузукулар сот системасында дагы, парламентте дагы жүреет. Ушуларды тазаламайынча Кыргызстан оңолуп кеталбайт.

Маек fokus.kg
cайтынан алынды