Кептин кыскасы...
Орунбасары менен
кошо отургузду
Мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жана анын орун басары Алмазбек Иманалиев Элдар Мадылбековго ачылган кылмыш ишинин алкагында, чыр болуп жаткан "Киев көчөсүндөгү №74 үйдү, тактап айтканда имаратты менчиктештирүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" - деген айып менен кармалды. Аларга карата КР Кылмыш-Жаза кодексининин 94-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Судьялар, качкыла. Бензин келатат
Жалал-Абад облустук сотунда киши өлтүрүүгө шектелген Даткайым Садыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук териштирүүдө соттолуучунун сиңдиси сот отуруму өтүп жаткан залга бензин куюлган эки бөтөлкөнү ала кирип, судьяларга чачып жиберген. Сот коллегиясынын мүчөлөрү эшикке чыга качышып, процесс үзгүлтүккө учураган. Соттолуучунун сиңдиси кармалып, Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш жаза кодексинин 319-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Жүрөк-боору бар бекен?
НТС каналынын "Элет" долбоорунун чыгармачылык тобу Талас областынын Кыргызстан айыл округунан үрөй учурган окуяга күбө болгон. Беш жашар кызды 27 жаштагы эркек зордуктаган окуя беш ай мурда болуп, кылмышкер 20 жылга эркинен ажыратылган. Кыздын энеси жалгыз бой, үч балалуу. Азыр наристенин ден соолугу оор абалда, бардык муктаждыктары курсагы тешилип жоон ичегиси аркылуу гана жүрүп калган. Учурда кыз боорукер адамдардын аркасы менен Бишкекке алынып келинип, операцияга даярдалууда. Кичинекей кызга бир катар коомдук уюмдар, психологдор, деги эле кыздын аянычтуу тагдырына кайдыгер карабаган адамдар жардамга келүүдө.


Азбы, көппү?
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, авиациялык коопсуздук кызматынын жана бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ош эл аралык аэропортунда 715 гр героинди алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.