Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

ММКлар чабышы
"Учур"
учурганбы?
"Учур" гезити үстүбүздөгү жылдын 11-октябрдагы санында Коомдук телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаевдин жеке турмушуна кийлигишип, "өзүнө тагылган кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаруунун ордуна кабинетин жаап алып, интернет аркылуу кыздар менен кыйшаңдоодон колу бошобойт" дегенчелик кылып, анын таластык бир "сулуу" менен "жазышкан каттарын" жалпы журтка жайганы бар.

Асланбек Сартбаевдин бул жоругун өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына гана эмес, жетекчилик аброюна, үй-бүлөлүк ынтымагына жарака салып, доо кетирүүгө жасаган аракети катары баалаган, Кубат мырза ызага буулукканын жашырбай, мындай чагымчылдык иштер А. Сартбаев тарабынан биринчи жолу жасалбагандыгын, ар нерсенин чеги болоорун эске алуу менен өзүн шылдың бутасына айландырган гезит редакциясын башкы редактору Асланбек Сартбаевди кошуп сотко берээрин билдирди.
Саясатчылар бүтүп, массалык маалымат каражаттары өз ара чабышчу мезгил келгени ушулбу? "


"Алиби пресс"




Геосаясат жыттанабы?
Максим маанилүүбү же мамлекетпи?

Лондондо бизнесин бейгам улантып, Кыргызстандан чыгарып кеткен байлыгы менен ээн-эркин доорон сүрүп жүргөн Максим Бакиевдин Улуу Британия өлкөсүнүн укук коргоочулары тарабынан кармалышы өтүп бараткан жуманын эң башкы окуяларынан болуп калды. Эки кишинин башы кошулса эле, ошол сөз. Анын үстүнө, бул окуяны кыргыз маалымат каражаттарынын көбүртүп-жабыртып, эл жатаарда жарыя кылышы окуяны ого бетер уу-дуу кылып отурат…

Максим кимге
керек?
Албетте, Кыргызстанга эл аралык экономикалык аферисттердин командасын башкаруучу кылып кийирип, элдин миллиондогон ырыскысын өз эсептерине которуп, тарыхына найза бойлогус кыргыз улутун малга теңеп, Теңир берген кен байлыгыбыздын баарын жалгыз ээлеп алгысы келген бул карамүртөз, ачкөз адамдын камалышы - жалпы журттун күткөнү экени чындык. Кыргыз "уурунун көчүгү кууш" демекчи, качандыр бир убакта ал кыргызга кылган кыянатчылыгы үчүн бир жазасын алыш керек эле. Бирок, биз азыр дүйнөлүк цивилизациянын казанында кайнап, демократиялык принциптер менен өнүгүп, дүйнө элдери менен алака-катыш кылып жаткандан кийин, заманга жараша күнөөсү мойнуна илингендерди жазалоого тийишпиз. Демек, Лондондо кармалган Максим ириде Кыргызстанга керек. Аны биз ушул жерде, эл алдында, ар бир кылган кылмышы үчүн татыктуу жазасын колуна карматышыбыз керек. Кыргыз эли эч качан малга тең болгон абалга түшпөгөнүн, кыргызды душман санагандар эгерим жакшылык көрбөгөнүн, биз эч качан бир адамдын бутуна жыгылып, башкаруусуна "ляппай" деп кызмат кылбай турганыбызды, ыдырабай турган ынтымак менен өнүгөөрүбүздү анын көк жашыл көздөрүнө сайып көргөзүшүбүз керек. Ал абакта ит тартпаган азапты тартып, Кыргызстандын күн санап өнүгүүсүнө күбө болушу керек.
Ал эми анын ошол Лондонго, АКШга кылган кастыгы же ошол өлкөлөрдөгү жасаган мыйзамсыз иштери да ушул жерден тергелип, биз койгон күнөөлөрдүн үстүнө кошулушу шарт. Демек, кыргыз бийлиги кандай гана болбосун кармалган Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүүнүн жолун табууга милдеттүү. Ошондо гана бийлик элдин ишеничине ээ болору шексиз. Бирок…

Жасалма пиар
Кыргызстанды кайсыл убакта ким башкарбасын, бийлик сересиндегилерге курулай мактаныч же азыркынын тили менен айтканда "популизм" деген оорусу жабышат да турат. Качан болбосун бийликтегилер бирөөнүн жасаган ишине автоматтык түрдө автор боло койгонду жакшы көрөт. Мында да ошондой болду. АКШнын атайын органдарынын өтүнүчү менен Лондондогу укук коргоо кызматтары финансылык көз боемочулукка шектүү катары кармалган Максим Бакивди биздин бийлик аз жерден "биз кармадык" деп кое жаздады. Тагыраагы, Президенттин аппаратынын тышкы байланыштар боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков деген жигит "АКШ менен Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалды" деп, түнкү саат 12ге аз калганда, болгон атамекендик электрондук сайттар менен телеканалдардан жар салып жиберди. Бирок, таңдын атышы менен эле бир катар эл аралык сайттар бул билдирүүнүн популизм жыттанып турганын ачык айгинелешип, Максимдин кармалышына Кыргызстандын тиешеси болбогондугун жазып чыгышты. Ага биздеги АКШ элчилигинин "Ал АКШнын гана суранычы менен кармалганын" маалымдаган билдирүүсү себеп болгон.
Кыскасын айтканда, кыргыз бийлиги баягы "Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" кылып, оңой жерден очко топтоп калууга аракет кылганы менен анысы ашкереленип калып, уят болду десек болот. Андан көрө, элди жатаарда дүрбөтпөй эле, эртеси чынын айтып, "эми АКШ менен Британия Өкмөтүнөн Максимди сураганы жатабыз" дешсе, эл деле туура кабыл алып, колдоп-коштойт эле го?!

Геосаясат соодасы
Эл арасында Максимдин камакка алынышы ар түрлүү божомолдонууда. Кай бирөөлөрү Максимдин чындап эле ал жакта да жөн жүрбөй, көнгөн адаты менен мыйзамсыз ишкерликке аралашып, кылтакка илиниши мүмкүндүгүн айтышып, бул чындап эле АКШнын мыйзамдык принцибинин негизинде болгондугун жоромолдошот. Экинчи тарап Максимди дал ушул мезгилде кармоо АКШнын саясий позициясынан улам келип чыкканын шардана кылышат. Эмне үчүн?
Биринчиден, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мурдагы "Ганси" авиа базасы, азыркы "Манас" транзиттик жүк ташуучу базасы тууралуу келишим 2014-жылы аяктаганы турат. Аны узартуу боюнча АКШ кыргыз бийлигинин тамырын тартып көрүп, бирок азырынча алар күткөндөй майнап чыкпасы алдын ала белгилүү боло баштагандай таасир калтырууда. Ушундан улам, мындай иштерде жедеп адис болуп бүткөн АКШнын политтехнологдору кыргыз бийлиги менен саясий соодалашууга барууну тандап алган көрүнөт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алар Максим Бакиевди Кыргызстанга берүү менен транзиттик базасын Кыргызстанга дагы бир канча мөөнөткө калтырууга сунуш кылчудай. Бул биздин бийлик үчүн анык башоорутма маселе. Анткени, Кыргызстан геосаясатта Орусия менен болгон достугун бекемдеп, экономикалык бир топ келишимдерге кол коюп, алаканы жакшыртуунун жаңы тепкичине чыгып калганда, АКШнын базасын калтырууну баягы Бакиевчилеп будамайлап салууга бара албайт. Антсе эле, эртеңки элге үмүт жараткан энергосектордогу пландардын ташталканы чыгары бышык. "Жок, Максимдин да, Гансиңдин да кереги жок",-деп кесе жооп берип коеюн десе, бул жерде бийликтин өзөгүн түзүп турган эл жапырт Максимдин жазасын алышы керектигин эки жылдан бери эң башкы талап катары коюп келе жатат. Демек, Максимден баш тартуу бийлик жасай турган иш эмес.
Экинчиден, ушу тапта укук коргоо органдары, коррупцияга каршы күчтөр, бийликтеги "Ата Мекен" партиясы баш болуп АКШнын транзиттик базасынын күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыз болушуна кызыгуу башталды. Эксперттердин божомолдоруна таянсак, бул жердеги миллиондогон долларлар ойногон коррупциялык махинацияларга АКШнын дагы, мурдагы жана азыркы бийликтин да колдору чыканагына чейин батып кеткендей. АКШ дал ушул кооптуу жагдайдан чочулап, эртең кокус иш иликтенип башталса, бардыгын так ушул Максимдин мойнуна жүктөп, "биз деле билбеппиз, көрсө Максим кылып жаткан тура" деп сыртка чыга берүүнүн жолу катары Максимди карматып жатуусу мүмкүн дешет.
Максимдин кармалышы боюнча үчүнчү бир божомол, айланып келип эле Кумтөргө такалат. Маселен, Кумтөрдү адегенде ачып, алтындарды ташып кеткен "Камэко", азыркы "Центерра" компаниялары Канаданын капчыктуу адамдарынын ээлиги эмеспи. Ал эми Канада болсо АКШнын айныгыс досу. Демек, АКШ кан досу Канаданын суранычы менен Максим Бакиевди кылтакка илип, кыргыз бийлигине "Кумтөрдү жайына койсоңор, биз Максимди силерге беришибиз мүмкүн" деген астейдил ультиматумду жылдырышы да ажеп эмес.
Корутундулай келгенде, АКШ геосаясатта, эл аралык экономикалык процесстерде капталын жеп бүткөн карт бөрү болгондугун эске алсак, жогорудагы үч вариантты тең жокко чыгарууга болбойт. Ал эми Кыргызстан канчалык суранып, Максимдин күнөөсүн 100 эмес, 200 пайыз далилдеп, эл аралык келишимдерге, уюмдарга, Конвенцияларга таянбасын, алар өздөрүнө пайдасыз шарттар менен Максимди жөн эле кармата койбойт. Алардын мындай саясаты буга чейин эле көп ирет далилденип келбеди беле.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??