Баяндамачынын бапкесинен
"Портной"

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф.Куловдун айтымында, премьер-министр Ж.Сатыбалдиев өкмөттүн жаңы структурасын келерки жылдын 10-январына карата гана парламентке сунуш кыла алат экен. Ага чейин "айранга талкан көөлөп жеп туралы" - дегенби, Ф.Кулов "Ар намысын" күргүштөтө айдап алып, (анын үстүнө капталдан чымчып, тыйып турчу К.Талиеваны да кадимки казак Тезек төрөгө берген Төрөкан сулуудай мактап жатышып, өкмөткө өткөрүп беришкен) өкмөттүн структурасын өз билгениндей карыштап бычып кирди.

Фракция өкмөттүн "эски тигишин" сөгүп жиберип, эки жол менен "кайра көктөп чыгууну" сунуш кылууда. Экинчиси боюнча кетсе өкмөттүн мүчөлөрү 6 кишиге кыс-карып, 4 министрлик жана 2 мамлекеттик комитет "оомийин" болот экен. Мурда андай өнөрүн ким билиптир, Ф.Кулов оңой "портной" эмес көрүнөт. (К.Юдахиндин сөздүгүндө "портной"- бычмачы-тикмечи, болгондо да эркектердин кийимин тиккен тикмечи"- деп түшүндүрүлөт). Кайчысына эң биринчи эле саламаттык сактоо, экономика, маданият министрликтери илиниптир.
Башка министрликтердин маанисин төмөндөтпөйлү, бирок, мамлекеттин негизги өзөгү - ушул аталган үч министрликтен тураарын биздин "портной" билбесе керек. Кайсы гана мамлекетте болбосун улуттун ден-соолугу биринчи орунда турат. Мамлекеттеги бардык аракеттер же болгон-бүткөн министрликтер түбү барып улуттун саламаттыгына кызмат кылышы керек. Экономика министрлиги - аты эле айтып тургандай мамлекеттин пайдубалы. Ал эми Маданият министрлиги - улуттун руханий көрөңгөсү, уңгу-башаты. Эгемендик жылдарында канча жолу өлүп, кайра тирилген Төштүк жандуу бул тармакты кекиртектеп баса калуу, кыргыз бийлигинин өнөкөт оорусу. Маданияты жок эл болбосун бийлик дегеле түшүнбөй койду.
Ошону менен биздин "портной" Экономика министрлигин агенттик деңгээлге түшүрүп, Саламаттык сактоо министрлигин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Маданият министрлигин жогоруда айтканымдай Билим жана илим министрлигине "жамаачылай" салууну көздөп жатыптыр.
Бул аз келгенсип, бирөөнүн акылын уурдап алгансыган "портноюбуз" улуттук идеология жана саясат" аталган жаңы министрликти түзүүнү сунуштоодо. Аттиң, улуттук идеологиянын башаты дал ушул улуттук маданиятта жатканын "портной" неме аңдабай жатса, айлабыз канча? Билсе, Маданият министрлигине эбак күбө жеп бүткөн эски тулупту жаба салып, (бооруна албетте "маданият" - деп жазганды унутпай) сүтү жакпай, ичин өткөрүп турчу Билим жана илим министрлигине телүүнү сунуштоого даабайт эле да. Кеп сүтү жакканында деле эмес, Билим жана илим министрлигинин этегине басылган маданият тармагы өзүнө тиешелүү функционалдык милдеттерин аткарууга чамасы чак болуп каларын турмуш көргөзгөн. Мурда да ошондой мамиледен улам маданият тармагы маңкуртка айланып барып, араң эсин жыйган.
"Портнойдун" жүйөөсүнө таянсак, Кыргыз Республикасынын улуттук идеологиясын иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алып, жүзөгө ашыруу" жаңы түзүлө турган "улуттук идеология жана саясат" министрлигине жүктөлөт имиш. Улуттук идеология керек. Ансыз карайлаган сокурбуз. Бирок, бул кайсы бир министрликтин деңгээлинде калчу маселе эмес да! Улуттук идеология - президенти баш, карапайым калкы төш болуп колдоого алган, улутту уюткан, мамлекетти өргө сүрөп, ар жагынан жарыгы көрүнүп турган, баарыбызды баш коштурган руханий улуу күч. Ал бир министрликтин эмес, бүтүндөй мамлекеттин көргөн күнү, ичкен ашы, басаар жолу, жанагы жамай албай жаткан саясаты эмеспи. Тилекке каршы, жыйырма жылдан бери улуттук идеологиябыздын учугун табалбай убарабыз.
Бир күндө эле "портнойлук" таланты ашынып кеткен Ф.Куловдун сурнайы кандай обондо тартылса, ошого жараша бийлеп турчу "ар намысчылардын" аты бар, заты жок Айыл жана суу чарба министрлигин Улуттук корпорация кылып кайра түзөбүз дегени да кызык. Аныгында, агрардык мамлекет болгондон кийин бул министрликтин мааниси өтө зор. Ушул өлөсөлүү алында да Кыргызстандын айыл чарбасы ИДПнын 30-34 пайызын берип турат. Калктын 65 пайызы айыл жерлеринде жашайт. Андыктан атын эмес, затын өзгөртүш керек. Эшматты "Ташмат"- деп койгондон Эшмат өзгөрүп кетпейт. Баягы эле Эшмат боюнча калат.
Азыркы тейинде дыйкан-фермерлердин бир да көйгөйүн чечип жыргатпаган Айыл жана суу чарба министрлигиндей жек көрүмчү министрлик жок десек да болот. Топурагы да жеңил. Таш ыргытсаң ошолордун башына барып тиет. Министрлери өңүн тааный электе тебетейдей алмашылып турат.
"Ар намысчылар" баарыдан мурда өзүнчө эле монстрга айланган, бюджет каражатын ашагандан башка, алгылыктуу иши көрүнбөгөн, (сырттан деле канчалаган гранттар келип жаткансыйт, бирок, акыбети байкалбайт), анын айынан эчендеген мал кырылып, эпизоотикалык абал дегеле оңолбогон, министрлик катары дыйкан-фермерлердин өндүргөн продукциясын сатканга кенедей да пайдасы тийбеген - Айыл чарба министрлигинин структурасын карап чыгып, андагы бирин-бири кайталаган мамлекеттик кызматтарды жоюп, компакттуу, мобилдүү, маселе чечкенге маш министрлик катары кайра түзүп чыгуу жагын ойлонсо, элдин батасын алар эле. Анын ордуна башкы "портной" Ф.Куловдун жаман кайчысын жабыла кайрашып, азыркы өкмөттүн структурасын каягынан кескилешти билбей кайсактоодо. Кайчылары өтөр бекен?

Редакциядан:
Гезиттин баяндамачысы Т.Алымбековдун макаласындагы ой-пикирлер - автордун жеке ой-пикирлери. Өткөн жылдагы Ө.Бабановдун өкмөт структурасын "реформалоо" аракети тескери натыйжа берип, көптөгөн өкмөттүн түзүмдөр күнү бүгүнкүгө чейин чалажан, өлүмтүк абалда тургандыгы эч кимге деле жаңылык эмес. Ошондуктан, "Алиби" гезити учурдун талабына татыган, мобилдүү өкмөт түзүмүн түзүү боюнча өз ойлорун ортого салууну көздөгөн ар бир адисти пикир бөлүшүүгө чакырабыз.




Эриген мөңгү…
Эртеңки санаа
Кыргызстандын түбөлүк мөңгүлөрү акыркы 10 жылдын "2006-2010ж.ж.) аралыгында 20 пайызга кыскарып кетиптир. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалы боюнча Улуттук докладда айтылды.
Биздин өлкөдө Орто Азиядагы мөңгүлөрдүн 45 пайызы жайгашкан. 60-жылдары 8208 кв.м мөңгү болсо, бүгүнкү күндө 8076,9 кв.м. мөңгү калыптыр. Окумуштуулар мунун баары глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн кесепети дешет. Мөңгү айтпаса да белгилүү болгондой таза суунун булагы. Бирок, келечегин карап отурсак санаа тынч эмес. Ошол эле окумуштуулар 2020-2025-жылдары эриген мөңгүнүн эсебинен суулар ташкындап, бир катар кесепеттерди пайда кылышы мүмкүн экен. Андан ары суу ресурстары төмөндөп, энергетикалык потенциалыбыз басаңдап, сугатка суу жетишпей, айтор, азапты көрөт окшойбуз. Эми, "көп менен көргөн той" дегендей көрсө көрөбүз да. Анын эмнесине кейийли. Кыргыздын түбүнө эриген мөңгү эмес, "кыркы бирикпеген, кыркы бириксе ыркы бирикпеген" эски оорусу жетпесе болду.




Каттани шайлоого шашпай,
куурдакка шашты
"Ар-Намыс" партиясынын атынан Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына көч баштап чыкчу Өмүрбек Суваналиев "кокус, мэр болуп калсам, чоло тийбей калбасын" дегенби, Аксайга аркар-кулжа атканы жөнөп кетти.
Жанында фото мерген Бегалы Наргозиев. Алар антип жүргөндө бул жакта шаардык кеңешке барчулар буту үзүлгөнчө чуркап, шаардык тууган-туушкандарын чогултуп, "алысты жакын кылуу" менен алек болушууда. Азырынча шайлоого 22 саясий партия катышууга арыз берсе, алардын алтысы талапкерлердин тизмесин тапшыра салышты. Калганы кайсалап кадр таппай жатса керек...