Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


"Алиби" №77, абонент 0555 1414***кө жооп: Сайна карындаш, мүмкүн эжеке болоорсуз, мени "тарп аңдыган таз жору деп, , бийликтен шыбага күтүп... анан саясат ырларды ырдабай эле коюңуз" дептирсиз. Сиздин жазгандарыңызга каршылыгымды билдирем. Себеби, мен эч убакта "ууру бийликтен" эч нерсе сурабайм да , эч нерсе алгым келбейт! Жулунбайм дагы . Эч бир наам да алган эмесмин. " Шыбага талашкан" накта бийликтегилер. Саясат ырлар эле эмес, сиз айткан лирикалык ырларым да бар( Д.Жалгасынова оркестр менен "Сыйлоо"деген ырымды ырдап жүрөт, дагы "Кандай сонун"ж.б.), ал эле эмес балдар үчүн "Тоголонуп топтой", "Мамалак", "Сары күчүк" деген ырларым ырдалып жүрөт. Баары болуп 150 ырым бар дискте жаздырылган. Ырларымды сурагандардын учугу үзүлбөй келүүдө. Мен сизге да ырларымды бекер белекке (дисктерде жазылган) берүүнү чечтим. Ошондо өз ойлоруңуздан кайтып, эл үчүн арналган ырларымды сиз да ырдап каласыз го деп ойлойм. Саламым менен ырчы, коомдук ишмер Сагынбек Момбеков.
Редакция менен
байланышсаңыз болот.

Ташиев, Жапаров, Мамытов дегендерди эгерде туура жоопко тартпаса, точно весь Кыргызстан облажается, пусть несут наказание! У наших "нардепов" совести нет!
555 7277***

Таши-Садырга жашыруун кеңеш: Силер "пушистый" куйругуңарды чамгарактата көтөрүп булгалагыла, соттордун напсисин агыткыла, ага өзүңөрдүн өмүрү эч нерсени моюнга албаган кежирлигиңер кошул-ташыл болсо, сот балким ага жеткизбей эле "жетиштүү далилдер жок" деген шылтоо менен бошотуп жиберүү мүмкүнчүлүктөрү бар. КЖ кодексинде да ушундай статья бар. Мындайлар болуп эле келатпайбы! Анүстүнө биздин соттор дүйнөдөгү "эң гуманный" соттор эмеспи.
778 1796***

2010-жыл, 7-апрелдеги кандуу окуяда азыркы парламенттеги депутат сөрөйлөрүбүздүн 90%зы болгон эмес десек, эч жаңылышпайбыз. Ошол кандуу окуяда болушканда мынчалык таш боордукка, көңүл коштукка барышпай, өлкөнү оюнчук катары карашпай, бир аз да болсо элди сыйлап, уялып, эл үнүн, ыйын угушмак! Алардын жоруктары ага далил болуп отурбайбы. Ошого окшогондордун айынан кыргыз парламенти да өзүнүн касиетин жоготту. Эми мындай парламенттин кереги барбы?! Ташиев кичине жерден жаңылды, "Чыңгызхандын 17 баласынча да жокпузбу..?" деп. Андан көрө, "Кыргызстанга Чыңгызхандай жол башчы керек, ошондой тартипке өтөлү!" десе жөндүүрөк болмок экен. Андай адамды Ак үйдөн издеп, ашып түшпөй, тандоону баштап, кайра шайлоого барыш керек эле. Өзүбүз ушуну тилеп жатабыз.Мен дагы тиги Акүйдөгүдөрдүн деңгээлине түшүп кеттим окшойт, кечирим сурайм туугандар! Чыны, азыркы кырдаалга эмне айтышты билбей турабыз.
КЖ, 778 2497***

Кайрыламын Алыкулдун сөзүнө,/ Карайт эле Ысык -Көлдүн көзүнө./ Салым кошуп Мекен үчүн азыраак,/ Гүл болойун Ата-Журтум өзүңө!\
Тынчтык, Ноокенден, 778 4705***

Ташиев, Садыр Жапаров, Мамытовдордун Ак үйдү басып алуу аракетинин артында Максим Бакиев тураарын баары эле билет. 2010-жылы да анын сценарийи менен кыргыз элинин ынтымагы менен тынчтыгын бузуп, түштүк элине калп эле баатыр болуп чыга келген шумпайларды катуу жазалоо зарыл. Эч ким, эч качан өз кызыкчылыгын өзү жашаган мамлекетинен жана анын калкынан бийик коюуга эч бир акысы жок!
550 3103***

Коррупция менен арам акча топтоп байыган бийликтегилердин мыйзамы менен жашоо-биздин элге, жерге эле зыян. Алар Бакиевдердин пландарын жанталаша аткарган жана арам акча, арам байлык дегенде акылынан адашкан акмактар! Эмнеге аларга алданып, айрым байкуш түштүктүк туугандар кыргызымды бүт дүйнөгө уят кылып жатышат? Аларды коргоп жаткан жердештериме айтат элем : "Сабыр кылып, калыс болгула! Кара жаны үчүн калп эле Кумтөр маселесинин артына жашынып, экономикага чоң зыян келтиргени үчүн да( 3, 5 миллион сом зыян келтиришиптир) аларды жоопко тартыш керек!
550 3103***

Мен Казакстанга барган сайын алардын тартибине көз салам. Чоң шаарларын айтпайын, чакан шаарларынын көчөлөрү да таза. Эч ким мусор таштабайт. Баары урнага таштап, тартиптүү, эгер булгаса 2 миң теңге штраф же заматта сүйрөп барып камайт. Эң башкысы бардык жерде тарбия-таалимге багытталган ураандар, элдик макал-ылакаптар, аалымдар айткан накыл сөздөр. Кудум СССР убагындай, ураандары мээге кыттай куюлат. А бизде башкаларын айтпайын, бозодон баштап, презервативге чейин реклама. Кафе, ресторандан көп неме жок, баарынан да "гостиничного типа" деген сыяктуу "квартиралар берилет" деген сойкуканалар ачык эле жазылып, жайнап турат. Патриоттук ураандар жок. Көчөлөр мусорго толгон, скверлер бузулган, тебеленген. Борбордук аянттагы кооз чоң фонтан чала-була араң иштейт. Жанындагы гүлдөр өстүрүлүп жасалган кооз кумура талкаланып, мэрдин жайыттагы кабыргасы көрүнгөн уюндай арматурасы көрүнүп турат. Ары жагы ЖК, ал жерге да мэр тоогун, малын жайганбы...
778 1796***


"Алиби" гезитине ийгилик, силер суперсиңер!
779 4270***

Биздин ажобузга таң калам, өлөкөдө болуп жаткан окуяларга эмне үн катпайт? Же ага баары бирби? Бир жагы ойлойт экенсиң, "вазир жакшы хан жакшы " дейт эмеспи, тегерегиндегилер "башкача айтып жатышабы, кырдаалды" деп. Ошон үчүн Ажобузга айтаарым, кеңешчилериңизди эртерээк алмаштырыңыз. Мисалы, тиги Фарид Ниязов дегендин кыргыз эли эмес, сиз менен деле иши жоктой го. Кыргызча бир сөз сүйлөй албагандарды мамлекеттик кызматка алган туура эмес.
Чеге, 779 3909***

"Алиби" бар болгула! Ар дайым кыргыз эли үчүн иштеп келе бергиле. Тоң районундагы, Боз -Булак айылындагы Т.Мырзамамбетов атындагы орто мектебине чоң салам!
Кыдык кызы Айсулуу, ТОң району,
779 4270***

"Аткаминерлер" дегендерибиз четинен камала баштады. Жаңы шайланган адилет соттор туура чечим чыгарат деп ойлойбуз. Эл ырыскысына кол салгандарга болушуп жаткандар өлкөбүздү ойлойлу, биринчи. Бирин -экин кишинин кызыкчылыгын талашпай тургула. Нариман Түлеевди деле баарыбыз жакшы билебиз да. Союз ураганда эле 1-ден болуп, кыргыздын темир-тезегин чогултуп, Кытайга саткан адам. Аны бизнеске айлантып, карапайым элдин казан-табагын сатты. "Темир" олигархка айланган. Бакиевдердин жакын адамы болчу да. Эми ар ким өз кылганын өзү мойну менен тартсын да. Ташиев, С.Жапаров да анын бир түрү. Убакыт өзү көрсөтөт баарын.
559 6322***

Мен Байжан деген досумду издейм. Токтогулдан болот. Бишкектеги спорт школду былтыр бүткөн. "Манас" университетине тапшырган болчу. Байжан, смсимди окусаң, мага чал! Күтөм, сөзсүз чал! Мен Кыргызстанга келип калгам.
0702 92 47 39

Мен көп жылдан бери "дальнебойщикмин". Кыргызстан менен чектешкен жерлерде көп эле болдум. Бир нерсеге таң калдым, биздин чек арадан башкалар шыр эле өтүшөт, ичкери кирип, каалаган жерине коркпой эле барышат. Ал эми кыргыздар ушу эле тажик, өзбек, афган чек арасына барып, жүк киргизгенде болду дегенде 300 метрге ичкери киребиз, андан ары эч жылдырышпайт. Тартип катуу, мыйзамдары иштейт. Ойлоп көрсөк, биздин бийликтегилер өздөрү шерик, контрабандага да , баарына аралашкан.
Дальнебойщик,
Надир

Шаарыбыздагы көрнөк-жарнактар качан оңолот? Каталарычы? Канча айтылып, жазылса да жогору жактагыларга баары бир экен да. "Алиби" силер жазган Лебединовкага кире берген жердеги чоң щиттеги "насосы" -"чаң соркыскычтар" деген жазуу килейип, тигил жээктен бул жээкке чейин бадырайып ката бойдон турат. Уялат экенсиң.
Айдана,
779 4535***







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??