Академик Абдылдажан Акматалиев:
"Манастын" тагдырын чечкен конференция

Редакциядан: Мындан 60 жыл мурда Фрунзе шаарында (бүгүнкү Бишкек) кыргыз адабиятынын анын ичинде "Манас" эпосунун ачык калыптануусун шарттаган Бүткүл союздук конференция болуп өткөн. Кыргыз элинин руханий ыйык байлыгына айланган Манас үчилтиги "Манас", "Семетей", "Сейтек" деген аталышта "көк" китеп болуп мына ошондон кийин жарыкка чыккан. Бул учур "Манас" эпосунун гүлдөө доору болгон.Бүгүн биз филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги, анын кыргыз тил жана адабияты институтунун директору Абдылдажан Акматалиевдин 1952-жылкы конференция тууралуу баяндарын алып чыгууну туура көрдүк.


- Абдылдажан, 17-сентябрда "Манас" эпосуна арналган конференция өткөргөнү жатыпсыңар, чакырууңарды алдык, рахмат! Экөөбүздүн маегибизди да 1952-жылы, мындан алтымыш жыл мурун өткөн Манас тууралуу илимий конференциядан баштасак деп турамын. Анткени, бүгүнкү күндүн көз карашы менен алганда 1952-жылкы конференциянын мааниси зор эмеспи?!
- Алгач конференцияга катышып берүүңүздөрдү суранат элем, Бабырбек байке! Бүгүнкү окурмандар 1952-жылдагы "Манас" конференциясынын тарыхый ролун баамдамак турсун, угушпаса деле керек.
- Андай болсо ошол "Манас" эпосуна арналган талаш-тартыштуу конференция кандайча уюштурулуп калды? Эмне себептен "Манас" эпосу СССРде жашаган көптөгөн элдердин оозеки чыгармачылыгынын ичинен талкуулануунун объектисине айланды эле? Кепти ошондон баштасак...
- 1952-жылдагы "Манас" эпосуна арналган илимий конференциянын тарыхый мааниси зор. Конференцияны өткөрүү идеясынын көтөрүлүшү, проблеманын коюлушу, ага карата даярдыктар, коомчулуктун реакциясы, акырында конференциянын жүрүшү, талкууга катышкан окумуштуу, коомдук ишмерлердин сөзү, ал сөздөрдүн, конференциянын чечимдеринин кыргыздын ар бир айыл-кыштактарына чейин толкун сымал таралып жетип турушу - ушунун баары улут сыймыгы болгон улуу эпосубузга карата кызыгуу, сүйүү, коргоо сезимин дагы бир ирет жандандырып, илимий коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. "Манас" эпосу боюнча келечекте аткарылчу иш-чаралардын, басып чыгаруунун жана изилдөөнүн программалык багыттары да ушул конференцияда такталган. Бүгүнкү "Манас" үчилтигине байланыштуу илимий жана практикалык жетишкендиктердин башаты 1952-жылдагы конференцияга барып такалат.
"Манас" эпосунун тагдыры ар дайым оор болуп келген. Эпосто мамлекеттүүлүк идеясы, демек саясатка байланыштуу тема башкы орунда тургандыктан, коомдук абалга, кырдаалга жараша ар кандай кысым, чектөөлөрдүн болуп келгендиги айтпасак да түшүнүктүү. Улуу жеңиш келип, совет эли жай турмушка жаңыдан кире баштаганда, руханий чыгармачылык кайрадан, 30-жылдардан кийинки экинчи толкундагы чоң согушка, кызыл кыргынга туш келди. Бул чагылгандай чак түштө түшүп, чыгармачылык дүйнөнү астын-үстүн кылган Ждановдун белгилүү доклады эле. "Звезда", "Ленинград" журналдары боюнча партия кабыл алган токтом "бөрк ал десе, баш алып", элдин аң-сезиминде байыртадан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келген фольклордук чыгармаларга чейин ревизиялап, окурмандардын үшүн алып, чыгармачыл адамдардын жүрөгүн түшүрүп салды. Баатырдык эпостор делген "Жангар" менен "Эдигей" элдик эмес деп жарыяланган. Орус тилинде жарык көргөн "Манас" эпосундагы "Чоң казат" окуясы да саясий курмандыкка чалынган. Албетте, "Манасты" курмандыкка дуушар кылгандар өзүбүздөн эле чыгып, партия менен өкмөткө тескери, бурмаланган, жалган көз караштагы маалыматтарды жеткиришкен, улуу эпосубузду сынга алган макалалар себеп болгон.
- "Саясий курмандык" дейсиңби?
- Ооба. Эпостун "Чоң казат" окуясында кытай жерине болгон жортуул сүрөттөлөт эмеспи! Анын бир жеринде сындай саптар:
Анда Манас кеп айтат:
Ай, абаке, деп айтат.
Дүнүйө болсо табылар,
Табылбай кетип баратса,
Мына түмөндөп жаткан Кытайдын,
Бир чекеси чабылар
Совет мамлекети тынчтыкты жактаган, сактаган, коргогон өлкө болсо, жаңыдан эле фашисттик Германияны жеңсек, анан кантип совет элинин чыгармалары башкалардын жерлерин, бийлигин баскынчылык менен тартып алууга үгүт, чакырык ташташы керек? Кытай менен достук мамиледе болсок, демек "Чоң казатты" баштаган Манас баскынчы турбайбы? - деп Манаска саясий айып тагылат. Анын үстүнө "Манастын" "Чоң казатын" даярдаган С.Каралаев, С.Липкин, Л.Пенковский, М.Тарловский, Е.Мазальков, Ө.Жакишев, Г.Петров, Ы.Абдрахмановдор Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан мезгил болчу. Төмөнкү адамдар Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн:
- Анда эмне үчүн "Манас" эпосунун конференциясын өткөрүүгө партия менен өкмөт кызыкдар болушту. "Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын" деген принципте тим эле коюшса болбойт беле? Кайрадан окурмандардын бүйүрүн кызытып, окумуштууларды кызыл чеке кылбай эле?
- "Манас" жөн эле чыгарма эмес да. Дүйнөлүк мааниси бар, көлөмдүү чыгарма. Бир эле "Чоң казат" окуясына байлап жалпы "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун элдик эмес деп оңой-олтоң эле сызып салуу көп татаалдыкты, түшүнбөөчүлүктү, машакатты жаратмак. Ошондуктан, Манас эпосун дагы тереңден изилдеп көрүүгө мүмкүндүк берилген. Конференцияны өткөрүү боюнча 1950-жылы 20-октябрда СССР ИАнын Президиуму демилге көтөрүп чыккан жана ал 1951-жылы эпостун элдүүлүгүн тактоо, негизги варианттардын негизинде кошмо, курама вариант түзүү идеясын карап көрүү боюнча ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумуна сунуш киргизген. Бирок, кыргыз тарап бул маселени чечүүнү кечеңдетип отуруп 1951-жылдын 29-сентябрында каралган. Акыры СССР ИАнын Президиуму 1952-жылдын 21-январында чечкиндүү кадам жасап, Кыргыз филиалынын Президиумуна конференцияны өткөрүүнү милдеттендирет. Ошентип 1952-жылдын 6-10-июнунда Фрунзе шаарында "Манас" эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл союздук илимий конференция чакырылган.
- Кайрадан ушул маселени тактап алсак: конференциянын максаты эмне эле - "Манас" эпосун каралообу же жактообу?
- Чындыгына келсек, СССР ИАнын Президиумунун негизги максаты "Манас" эпосун кандай жол менен болсо да сактап калуу болчу. Ошондуктан, эпостун өзөгүн түзгөн элдүүлүк проблемасын башкы, негизги тема кылып, анын айланасындагы советтик идеологияга жат панисламисттик, пантүркисттик, феодалдык түзүлүштү мактаган идеялардан арылтууну, тазартууну максат кылганы чындык болчу. Буга "Манас" эпосунун варианттарын эл арасынан жыйноо, жазуу жана курама вариантты даярдоо сунуштары жөнүндөгү документтери күбө. Бир жактуу эле 1952-жылкы конференция "Манасты" жок кылуу үчүн уюштурулган дегенге каршымын. Илимдер академиясында отурган адамдар да жөнөкөй адамдар эмес эле да. Алар көркөм чыгарманын табиятын жакшы түшүнгөн адамдар болгон. Мамлекет эпостон саясий ката көрүп, анын аныктыгын такташ үчүн көрсөтмө бергенден кийин, жогоруда айтып өтпөдүмбү, СССР Илимдер академиясынын президиуму ага жооп иретинде эпостун элдүүлүгүн тактоо боюнча конференция өткөрүү зарылдыгын белгилеген. Кээде бул жагын айтпай эле, бир жактуулукка алдырып, 1952-жылдагы конференцияны "Манас" эпосун жок кыла турган конференция катары баалап да жүрөбүз. Бул туура эмес. Мындай болгондо илимий конференцияны партия өткөрпөйт болчу да, бир эле чечим менен "Манас" эпосун сөз кылууга тыюу салып коймок. Ооба, ошол конференцияда "Манасты" башка жакка буруп кетүүчү көз караштар да айтылган. Советтик идеология "Манаста" жалпы адамзаттык баалуулукту көрө билип, аны ошол мезгилдин көз карашына туура келбеген панисламисттик, пантюркисттик идеялардан тазалагысы келген да, эпостун элдүүлүгү деген идеяны көтөрүп чыккан. Ошол эле учурда советтик идеологиянын да аша чаап, "Манасты" өтө ревизиялап жиберген учурлары да болгон. Кандай болгон күндө да Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Багыш Сазанов ж.б. көптөгөн манасчылардан "Манас" үчилтигинин жазылып калышы совет доорунда иш жүзүнө ашканын унутпашыбыз терек.
- Авторитеттүү илимий борбор тараптан түшүнүүчүлүк болсо, эмне үчүн 1952-жылкы конференцияда "Манас" эпосунун тагдыры олку-солку болуп турду.
- Конференцияда эпоско чыныгы илимий талкуу болду. Ар бир илимий көз карашты карап көрүү керек. Каршы болуп жатса, эмне үчүн экендигин так аныктоо керек. Ал мезгилдеги идеологиянын рамкасынан алганда "Манас" эпосуна коюлуучу дооматтар ачык болчу. Алсак, туруктуу сюжеттен тышкары эпоско көптөгөн окуялар кирип кеткен, Батышка, Түндүккө жортуулдар орун алган. Ошол себептен айрым окумуштуулар-Боровков, Климович, Самаганов, Балтин, Нуров "Манастын" элдүүлүгүн негиз кылышпай, көбүнчө тескери маанай жаратууга аракет жасашкан. Алардын-максаты конференцияны пайдаланып, "Манас" эпосунун варианттарын жазууну уланткан, эпостун курама вариантын түзүү идеясын кийинкиге калтырып, конференцияны үзгүлтүккө учуратуу болчу. Мына ошол күчтөрдүн аракети менен жыйынтык терс жакка ооп кетиши да толук мүмкүн эле. Ошол себептүү Юнусалиев, Жакишев, Баялинов, Ауэзов, Богданова, Токомбаев, Сыдыкбеков, Маликов жана башкалар жогоруда аталгандардын ой-пикирлерине чечкиндүү каршы турушкан. Талаш негизинен эпостун идеясы, келип чыгыш доору, элдик вариант деп кайсы вариантты эсептейбиз дегенден чыккан.
- Ал мезгилде республикалык партиялык уюмдун жетекчиси И.Раззаков эле да. Ал киши кандай позицияны ээлеген экен?
- Архивдик материалдар күбөлөгөндөй, И. Раззаков Казак ССРинин ИАнын президенти К.Сатпаевге, Өзбек ССРинин ИАнын президенти Т.Сарымсаковго, СССР ИАнын президенти С.Вавиловго, СССР Жазуучулар союзунун Башкы катчысы А.Фадеевге "Манас" эпосуна арналган конференцияга белгилүү адис окумуштууларды жиберүүсүн өтүнгөн кат жиберген. Конференциянын ийгиликтүү өтүшүнө финансылык, чарбалык, уюштуруучулук камкордук көрсөткөн, өзү болсо конференциянын ишине катышкан. Конференцияга сырттан эле элүүдөн ашуун илимпоздор келишкен.
- "Манасты" сактап калууда казак элинин улуу уулу Мухтар Ауэзовдун ролу зор экендиги маалым. Аны биз ар дайым айтып да, жазып да келе жатабыз. Чыңгыз Айтматов агабыздын ошол конференциядагы Ауэзовдун ролун баса көрсөткөн эскерүүсү китебинде жазылып турат. Менин айтайын дегеним Болот Юнусалиевдин ысымын дагы айтып жүрсөк, кандай дейсиң?
- Эң туура айтасыз. Ал кишини улуу муундар легенда кылып эскерип жүрүшөт. Конференцияда Балтин деген окумуштуу Библияны алып чыгып, "Манасты" сындайт. Ага чыдабаган Болот Мураталиевич Юнусалиев Ленин менен Сталиндин томдорун чоң кара сумкасынан алып чыгып, Библияга каршы коюп, конференциянын нугун оң жакка - эпостун пайдасына бурган экен. Азыр биздин кол жазмалар фондубузда конференциянын стенограммасын чагылдырган 3 томдук бар. Болот Юнусалиевдин сүйлөгөн сөзү менен таанышып отуруп, академик агабыздын Боровковго, Климовичке каршы тайманбай, чечкиндүү, курч жооп бергенине ыраазы болосуң. Ал эпостогу башкы идея катары эл-жерди сырткы баскынчылардан коргоо деп эсептеген.
Конференция он пункттан турган чечим кабыл алган. Жетинчи пунктунда эпосту даярдап, бастыруу маселеси коюлган. Конференциянын жыйынтыгы 1952-жылы 1-августта СССР ИАнын Президиумунда каралып, "Манас" эпосун коомчулукка жеткирүүнүн иш-чаралары так көрсөтүлгөн.
Ушул жерден бир оюмду ачык айтып кетүүнү туура көрүп отурам, Бабырбек байке. Совет мезгилин кээде бир жактуу эле жамандай беребиз, совет мезгили болбосо "Манас" бизге жетпейт эле, "Манаска" совет бийлиги жакшы эле камкордук кылды. Ага караганда Эгемендүүлүккө жеткенден кийин "Манас" эпосу, тескерисинче, мамлекеттик камкордуктан тыш, сырткары калды. Ошол эле "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрсөк да, "Манас" эпосун изилдөө, жарыялоо, жайылтуу, которуу проблемаларына каражат бөлүнбөй келет. Бул өтө өкүнүчтүү.
- "Манас" боюнча анан тынчып калыштыбы?
- Кайдан? Конференциядан кийин Боровков менен Климович "Дружба народов" журналына мурдагы тескери пикирлерин тереңдетишип, "Манасты" жок кылуучу макалаларын жарыялашкан. Бирок өздөрү акыры "Манастын" элдүүлүгүнө таянып, курама вариантын жазууга макулдугун беришкен. Конференциянын резолюциясына кол коюшуп, кайра позицияларынан артка чегинишкен Боровков менен Климовичтин эки жүздүүлүгүн, чыккынчылыгын Юнусалиев "Дружба народовго" чыккан макаласында катуу сынга алган. "Литературная газетага" жазган катында ал экөөнү , Ахунбаев, Батманов, Юдахин, Токомбаев, Маликов, Сыдыкбеков ж.б. да катуу сынга алышкан.
- Союз тарабынан чыгарылган курама вариантты "көк китеп" деп коюшар эле. Биз окуп калдык. Ошондогу элдин "Манаска" кызыгуусун айтпа. Биринчи жолу элге "Манас" массалык түрдө жетип, коомчулук "Манас" менен жашап калган.
- Мен да окуп калдым. 1952-жылкы конференциянын жыйынтыгы катары эсептелген "Манас" үчилтигинин кошмо варианттарын окубаган ошол мезгилде үй-бүлө болбосо керек. Ал мезгилде мен да беш-алты жашымда окууну үйрөнүп алып, чоң ата, чоң энеме жана кошуналарга шатыратып "Манасты" кайта-кайта окуп бергеним эсимен кетпейт. Биздин муун ошол "көк китеп" деп койгон "Манастан" тарбияландык.
Конференциянын чечими боюнча ал 1953-1955-жылдары жарыкка чыкмак, бирок "Көк китеп" да көпкө чейин кармалып калды. "Манасты" Кубанычбек Маликов түзмөк. Ал С.Орозбаков менен С.Каралаевдин варианттарын жакшы билгени менен, калган сегиз манасчынын варианттарын окуп чыгышы керек эле. Ошондуктан, кошумча убакыт берүү тууралуу атайын кат менен кайрылган. К.Маликов эпос айткан киши болгондуктан, толкуп кетип өзү да саптарды кошуп жиберген учурлар болгон.
- Кийин Ч.Айтматов менен А.Токомбаевдин "Манас" боюнча чатагы да эпосту эл-жерди басып алууга байланыштуу чыкпады беле?!
- Ооба, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Манас" эпосунун төрт томдугу чыккан. Башкы редакторлук Чыңгыз Айтматовго тийген. Аны менен, албетте, А.Токомбаев келише алган эмес. Анткени, А.Токомбаев жогоруда айткандай "Семетейдин" кошмо вариантынын түзүүчүлөрдүн бири болучу. Башкы редакторлук ага ыйгарылышын каалаган. Бирок, Борбордук Комитет Айтматовдун дүйнөлүк кадыр-баркын эске алып, аны башкы редакторлукка бекиткен. Токомбаев Айтматовдун жетекчилиги астында биринчи жолу чыккан Сагымбай Орозбаковдун вариантынан кемчилик издеди. Манаска "башка жерди басып алган баскынчы"-деген айып тагылды. Ошентип, коомчулук дагы бир жолу "Манасты" коргоп калган.
- "Көк китепти" кайра чыгарса болобу?
- Эмне үчүн болбосун, болот. Мына жакында Президенттин фондусунун көмөгү менен "Кыргыз адабияты" антологиясы мектептин программасына ылайык басылып чыкты. Мен түзүүчү Дилдебек Андашевге сунуш кылып, "Көк китептен" "Семетей" (А.Токомбаев түзүүчү), "Сейтек" (Т.Сыдыкбеков түзүүчү) эпостору басылып чыкты. Ал эми "Манас" эпосу Б.Жакиев тарабынан түзүлгөн варианты боюнча орун алды.
- 17-октябрда силер өткөрө турган конференцияга келсек. Программада салттуу "Манасты" колдогон окумуштуулар да, Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" колдогондор да бар экен. 1952-жылкы талашты алтымыш жылдан кийин кайра баштап жаткан жоксуңарбы?
- Кудай сактасын! "Демократия"- деп эле "Манасты" тытмалап, ойго-тоого сүйрөй бербей, кийинки муунга эпосубуздун үлгү жактарын көрсөтүшүбүз керек. "Манасты" барктайлы, сактайлы десек, демагог, нигилист, популист болбой, сабырдуулук менен, кеңешип, маселени чечели. 1952-жылкы конференция манастаануу багытындагы эстафетаны Эгемендүү Республикага жеткирип берди. Азыркы "Манастын" тагдыры өзүбүздүн колубузда. Ар бир кыргыздын жүрөгүндө болушу үчүн Улуу чыгарманы урматтай да, сыйлай да билели!