Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы?
Редакциядан:
Учурда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, анын деңгээли тууралуу кийинки кездерде көп сөз боло баштады. Ушуга байланыштуу "Азаттык" радиосунун КТРКда өткөргөн "Ыңгайсыз суроолор" аттуу көрсөтүүсүндө талаш-тартыш пикирлер айтылган. Төмөндө ошол көрсөтүүдө айтылгандарды кыскартуу менен жарыялайбыз.

Айзада Касымалиева: "Журналисттерди, маалымат каражаттарын сотко берүү көрүнүшү күч алды. Саясатчылар "сөз эркиндигин аша чаап пайдаланып жатат"- деп журналисттерге доомат артса, тескерисинче медиа өкүлдөрү "саясатчылар сөз эркиндигин чектегенге баратат"- деп коңгуроо кагып жатат. Бүгүнкү биздин программабыздын талкуусунда ушул маселе боюнча сөз болмокчу. Студиянын коноктору Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов жана "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков.
- Бакыт мырза, бул суроону сизге жолдоюн. 27-сентябрда апрель окуясында "Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоногонго тиешеси бар"- деп шектелип, тергөө абагында олтурган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүн териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны болуп, анда "Ата Мекенчилер" анын ичинде сиз дагы НТС телеканалынын кабарчыларынын катышуусуна тыюу салып, каршы болдуңуз. Ошондо сиз "журналисттердин кесиптик милдетин аткарууга жолтоо кылып жатам"- деп ойлогон жоксузбу?
Бактыбек Калмаматов: Негизинен, ал митингди көрдүм, бирок, максаты эмне экенин түшүнгөн жокмун. Митинг өткөрүүгө, массалык маалымат каражаттарынын эркин иш алып барышына бир дагы мыйзам чек коё албагандан кийин, мыйзам чыгаруучу катары мен дагы чек коё албайм. Комиссиянын жумушу боюнча айта турган болсом, тергөөчүлөрдүн бизге түшүндүрмөсү боюнча тергөө амалдарын, анын купуя сырларын алдын-ала массалык маалымат каражаттарына, жалпы коомго жарыялоо бул мыйзамга каршы келет.
Айзада Касымалиева: Бабырбек мырза, "Ата Мекенчилер" эч кандай маалымат каражаттарынын укугун бузган жокпуз"- деп Бактыбек мырза айтып жатат. Алар НТС каналы Бабановдун куралы болуп жаткандыгын билдиришүүдө. Айрым талдоочулар "Республика" менен "Ата Мекен" партиясынын кармашында жалпыга маалымдоо каражаттары бир бейтараптуулук принцибинен тайып, кайсы бир саясатчылардын куралы болуп калды"- деген ойду айтып жатышат. Сиз ушул пикирге кошулат белеңиз?
Бабырбек Жээнбеков: ... Азыр Бакыт мырза айтып кетпедиби "тергөөнүн купуялыгы"- деп. Биз мыйзамды карап көрөлүчү. Бул комиссия эч кандай тергөө органы эмес. Жогорку Кеңештин ушул фактыны изилдөө боюнча түзүлгөн комиссиясы. Демек, тергөөнүн купуялыгы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Жогорку Кеңеш бул ачык орган. Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаган. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин комиссиясында болобу, комитетинде болобу, кандай гана маселе каралбасын, каалаган журналист барып катышып, ал жердеги болгон окуяны, маалыматты окурмандарга же теле көрүүчүлөргө жеткирүүгө акысы бар. Мыйзам бул жагынан эч кандай чектөө койбойт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө "НТС телеканалы мындай берүүлөрдү көрсөтүүгө акысы жок"- дегенге кошула албайм. Ал НТСтин укугу, аны чектөөгө "Ата Мекен" партиясынын дагы, "Ар Намыс" партиясынын дагы жана толук бойдон Жогорку Кеңештин дагы акысы жок.
Айзада Касымалиева: "Купуялуулук"- деген нерсе шылтоо болуп атабы жөн эле?
Бактыбек Калмаматов : Мен кененирээк түшүндүрөйүн да. Купуялуулуктан дагы, бүгүн массалык маалымат каражаттарынын мойнуна коомдун өтө бир оор жүгү илинген. Алар өздөрү таркаткан маалыматтардын объективдүүлүгү үчүн жооп бериш керек. Ал маалыматтар көп жактуу, такталган, далилденген, маалымат болууга тийиш. НТС телеканалы бир жактуу, түрмөдө отурган үч адамдын көрсөтмөсү менен кимдир бирөөнүн куралына айлангандай түшүнүк жаратып, мародёрство боюнча көрсөтүүнү алып чыкты. Бул бир.
Экинчиден, мен комиссия төрагасына ошол жерде сунушумду айттым. "Эгерде комиссия ММКларга комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө муктаж болуп аткан болсо, анда бардык ММК өкүлдөрүнө бирдей мазмундагы чакыруу жолдош керек"-деп. Тилекке каршы, ошол күнү комиссиянын төрагасы тарабынан да, комиссия мүчөлөрү тарабынан да бир дагы массалык маалымат каражаттарына чакыруу таркатылган эмес. Мен бир нерсеге токтолуп коёюн. НТС телеканалынын түрмөдө отурган үч адамдын көрсөтмөсүн үч күн бою теледен көрсөткөнү, Кыргызстандагы бардык ММКлардын өкүлдөрү тарабынан сиздердин тегерек столуңуздарда журналисттик канондордон чыгып, же болбосо журналисттик этикага жатпайт. Журналисттик этика деген бар да. Ар бир журналист ошол этиканы сакташ керек.
Айзада Касымалиева: Сиз макулсузбу?
Бабырбек Жээнбеков: Телеканал болобу, башка ММКлар болобу ар биринин өзүнүн саясаты бар. Алар каалагандай берүүгө акылуу. Бир гана жери мыйзамдын чегинен чыкпаш керек. Ошол эле талап-тоноочулук фактысы боюнча НТС туура эмес маалыматтарды элге жеткирсе "Ата Мекен" партиясы сотко кайрылууга укуктуу. Буга чейин "Ата Мекен" партиясы бир нече гезиттердин үстүнөн сотко кайрылып эле, көпчүлүк учурда жеңип деле келатпайбы. Эмне үчүн бул ирет НТС телеканалын ошондой эле сотко берип, айрым бир учурларда анын укугун мыйзам чегинде чектеп коюуга барышкан жок?
Айзада Касмалиева: Чынында эле, "Ата Мекен" партиясы эмнеге ал укуктан пайдаланган жок?
Бактыбек Калмаматов: Мен аны билбейт экенмин. Бирок НТС телеканалынын ошол берүүлөрүнүн бардыгы журналистикалык этикадан чыгып кеткендигин Кыргызстандагы саясий эксперттер дагы, журналистикадагы адамдардын бардыгы, массалык маалымат каражаттарынын дээрлик көпчүлүк өкүлдөрү тастыкташты.
Айзада Касымалиева: Сиз дагы көрдүңүз да. Сиз дагы "бир тараптуу"- деп эсептедиңизби?
Бабырбек Жээнбеков: Жок, мен эсептеген жокмун. Мынакей Бакыт мырза айтып атат, "НТС телеканалы журналистикалык этикадан чыгып кетти"- деп. Булар аны кайсы чен өлчөм менен өлчөп, "чектен чыгып кетти"- деп атышат? Мына ушул суроого Бакыт мырза жооп берсинчи? Үч күн катары менен көрсөтөбү, бир жума катары менен көрсөтөбү, бул НТС телеканалынын өзүнүн укугу. Бул анын редакциялык саясаты. Биз ал саясатка кийлигишип, "силер мындай кылбагыла, муну көрсөтпөгүлө, башка нерсени көрсөткүлө"- деп айта албайбыз да. Чектөө да киргизе албайбыз.
Айзада Касымалиева: Негизи эле, Бакыт мырза, Жогорку Кеңеш былтыр дагы 5-каналга "бир жактуу маалымат таратып жатат"- деп күнөө коюп, анан каналдын журналисттерин парламентке киргизүүгө тыюу салганы бар эмеспи. Анда дагы "сөз эркиндигине чектөөлөр киргизилип жатат"- деп журналисттер нааразы болгон. Мына азыр дагы ошондой кырдаал түзүлүп жатат. Бул эмне, журналисттерге бөгөт коюп, сөз эркиндигин ооздуктоого алып бараткан жери жокпу?
Бактыбек Калмаматов: Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен тең жаралган, 20 жылдык тарыхы бар партия катары биз акыркы 20 жылдагы Кыргызстандагы саясаттын ар бирине түздөн-түз тиешеси бар партиябыз. Ошол саясий күрөштүн негизгиси, сөз эркиндиги үчүн күрөш болгон. Биз "Ата Мекен" партиясынын демилгеси менен журналисттердин эркиндигин, сөз эркиндигин Кыргызстанда Конституциялык деңгээлде бекемдедик, жада калса журналисттерге "жалган же болбосо ушак иретинде маалыматтарды таркатса дагы, жоопко тартылбайт" деген мыйзамды киргиздик. Бирок, журналисттер кожоюндарынын кызыкчылыгын көздөп, алардын куралы болуп,ошол эркиндикке доо кетирүүсү - бул журналисттерге, жалпы ММКларга берилген эркиндикти ооздуктоого алып барып коюшу мүмкүн. Эгерде мыйзам берген эркиндикти массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү туура эмес колдонсо, аша чаап колдонсо, бул келечегинде сөз эркиндигин кайсы бир деңгээлде мыйзам менен кайра тыюуга алып келип коюшу мүмкүн.
Айзада Касымалиева: Журналисттер өздөрүнө өздөрү бут тосуп жатабы?
Бабырбек Жээнбеков: Жок, бул жерде мен "бут тосуу бар"- деп эсептебейм. Бакыт мырза айтып атпайбы, "20 жылдык тарыхы бар "Ата Мекен" партиясы бул багытта, сөз эркиндиги багытында, бир топ алгылыктуу иштерди жасаган, азыр дагы жасап жатат"- деп. Туура, мен макулмун ага, анткени бир кезде мен дагы "Ата Мекен" партиясынын катарында болгом. Сөз эркиндиги боюнча мен өзүм да бир топ азап тарткан кишимин. Анан эми, бирок, бир суроо туулуп атат да. Эгерде "Ата Мекен" партиясы 20 жыл бою сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келсе, анда эмнеге бүгүн анын айрым бир мүчөлөрү жөнүндө НТС телеканалы буларга жакпаган материалдарды бере баштаганда булар НТС телеканалын жабууга аракет кылып жатышат?
Даярдаган
Гүлзат Шамбеталиева