Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Ийгиликке карай...
КСДП партиясынын Бишкек шаардык уюму конференциясын өткөрдү
11-октябрь күнү Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын Бишкек шаардык уюму өзүнүн кезектеги 14 - партиялык конференциясын өткөрүп, анын ишине катышкан(Бишкек шаарында партиянын 107 баштапкы уюмунда 932 мүчө бар) 163 делегат кызуу талкуудан кийин алдыда Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка 108 адамдан турган талапкерлердин тизмесин бекитти жана 21 адамдан турган КСДПнын Бишкек аймактык уюмунун Кеңешин шайлады.

Аталган Кеңешке М.А. Аманкулов, К.М. Ирсалиев,Б.Ж. Усупова, А.А. Хаджиев, А.И. Голенко, Ч.Жуматаев, Т.Шамов, Л.А. Васильев, А.Кылычев, Биринчи май районунан Г.С. Орозбакова, Т.Н. Талканбаев, Н.С. Дружинин, Октябрь районунан С.К. Эшмалиева, С.Б. Сарбанов, Ч.О. Матиев, Свердлов районунан Т. Султан уулу, А.К. Кайыпов, Т.Т. Ашканбаев, Ленин районунан А.А. Эшматов, К.Рыскулуева, А.У. Уланов шайланышты. Аталган Кеңеш партиянын Уставына жана партиянын талапкерлерди эркин көрсөтүүдө авторитардык ыкманы жокко чыгарган демократиялык принциптерине шайкеш түзүлгөнүн айта кетели. Кеңеш баштапкы уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн өкүлдөрдөн турат. Муну социал-демоктраттардын өлкөдөгү шайлоо өнөктүктөрүнө киргизген жаңылыгы деп атасак болот.
Конференциянын ишине КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина катышып, КСДПнын катарын жаңыдан толуктаган партиялаштарына кайрылды. "Менин силерден бир гана суранаарым,-деди Карамушкина айым,- партиянын идеяларын жактырып, анын ишин алдыга жылдыруу үчүн келген болсоңуздар, партия менен кошо мамлекет, өлкө үчүн болгон жоопкерчиликти да чогуу тартууга тийишсиңер. Биздин катарыбызда эч качан партияны, партиялаштарын сатпаган, шертке бекем адамдар болушу керек. Эгерде партия мүчөлөрүнүн ичинен кимдир бирөөлөр коррупцияга аралашкан болсо, андайларга биздин катардан орун жок, наамына, эмгегине карабай партиядан чыгарып салышыбыз керек".
КСДПнын Бишкек шаардык штабынын жетекчиси Марат Аманкуловдун айтымында аталган конференция партиянын шаардык уюму үчүн өтө маанилүү. Анткени, ал шаар кеңешинин депутаттыгына борбор калаанын жыргалчылыгына иштеп бере турган татыктуу, кесипкөй адамдарды тандап алды. "Биз шайлоого алдыңкы көз караштагы, мыкты инсандардын командасы менен барууну көздөп жатабыз. Мына ошондо гана шаардыктардын алдында уятка калбайбыз. Шаар көйгөйлөрүн четинен чече баштоого убакыт жетти. Бул багытта биздин партиянын өз программасы бар жана анда маселелерди чечүүнүн реалдуу жолдору так чагылдырылган. Бүгүнкү конференция биздин катарыбыздан чыныгы татыктуу адамдарды тандап алды деген ишеничтемин",-деди Марат мырза.
Конференциянын дагы бир делегаты, КСДП партиясынын саясый Кеңешинин мүчөсү Рысбек Мааткабыловдун айтымында Бишкек шаарынын чечүүнү талап кылган көйгөйлүу маселелерин чечүүдө шаардын турмуш -жашоосун жакшы билген кесипкөй адамдар болууга тийиш жана андай адамдардын саны КСДП партиясында басымдуулук кылат. "Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү-биз мурдакыдай жеке мандат менен эмес, командабыз менен баратабыз. Ошондуктан, көптөп көтөргөн жүк жеңил болот демекчи, шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алганга, аларды иш жүзүнө ашырганга жеңил болот деп ойлойм,-дейт делегат Рысбек Мааткабылов.

"Алиби пресс"




Ак терек, көк терек, инфекционисттин ордуна проктолог керек

Академик Оморбай Нарбековдун кыргыз элине жасаган эмгеги жана анын айланасындагы маселе тууралуу "Алиби" гезити буга чейин жазып келди. Мындан редакция кызматкерлери жабыр тарткан жок. Оморбай Нарбеков сыяктуу улуу адамдардын эмгегин баса көрсөткөндөн тигил же бул массалык маалымат каражатынын баркы жогорулап, же басылманын нускасы төмөндөп калбайт. Муну жалпыга маалымдоо каражатынын жамы журтка жасаган эмгегинин бир бөлүгү деп гана кабыл алуу керек.


Бизге бир гана жагдай түшүнүксүз. Кыргыз элинде "кесиптик деңгээл" жана "кесиптик көз караш, кесиптик жактан түшүнбөстүк" деген көз караштардан мурун, деги эле медицина деген көз караштан мурун (элдик медицина болгонун танган жерибиз жок) улууну сыйлоо деген түшүнүк бар эмес беле.Эмнегедир саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева эжеке бары-жогун аралаштырып алганбы, же академиктин кыргыз медицинасына жасаган кырк жылдык эмгегин каакы ордуна көргүсү келген жери жокпу, буга чейин бул багытта гезит бетине жарыяланган маалыматтарга ак да, көк да деген жок. Ак, көгүнө биз деле муктаж болуп отурган жерибиз жок. Динара эженин каш-кабагынын аба-ырайын карап отурганга министр болбогонубуз менен бизде деле убакыт жок. Болгону "кыргыз медицинасынын сазга батып отурганын" тизмектеп папке көтөрүп, кара очки тагынган кооптуу, айымдар маал-маалы менен босогобузда пайда болуп, көрүмчүдөй болгон мындай адамдардан чочулачу болдук. Алар көтөрүп келген маалыматтардын арасында эмнелер тууралуу гана жазылбаган. "Проктологду, инфекционисттин ордуна, чогуу окуган нарындык курсташын республикалык СПИД борборуна алып келип", анча-мынча маселени Дамира Ниязалиева эжеси экөө"Супарада" эле "суутуп коет" деп далай кептин башын "кылтыйтып" кетишет. А түгүл 2009-жылдары миллиондогон сомдук инсулин шприцин алмаштыра коюп, "Аманат"фирмасынын директору катары саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаевди курмандыкка чалып кутулуп кетишкен окуяларын дагы айтып кетишкен эле. Бул эми прокуратура тармагы тактай турган маселе болгондон кийин биз арылап асылбай эле, баштаган маселебизди жыйынтыктап коелу. Биз билгенден Оморбай Нарбековдун кыргыз медицинасындагы омоктуу эмгегин тааныгысы келбейби, же Оморбай Нарбеков аксакалдын кийингени жакпайбы айтор Динара эжекенин Оморбай Нарбеков аксакалдан "хронический аллергиясы" кармаганына көп эле болду. Же бир себебин түшүндүрүп койбойт жарыктык. Биз эми кыргыздын жалпак тилине салбай фактылар менен тактап коелу. Оморбай Нарбековдун мекемесине 1997-жылдын 15-сентябрында юстиция министрлиги атайын күбөлүк берген. Муну тактаганыбыз, Оморбай ата дарыларын көчө базарга коюп саткан жери жок. Эң эле негизгиси, ошол жогоруда кеп болгон М. Каратаевдин колу коюлган, саламаттыкты сактоо министрлигинин 1997-жылы, 15-сентябрда берилген лицензиясы бар.Ал жетпесе 2010-жылдын 22-ноябрында берилген Э. Соороноевдин колу коюлган шайкештик сертификаты дагы бар. "Сорбент Нарбеков", "Тянь-Шань мүрөгү" деги академик тарабынан чыгарылган дарылардын биокошулма катары, организмди чыңабаса, зыяны жок экенин тастыктаган документтер бир папка толтура. Биздин медицина тармагыбыз түгүл, Казакстандын медицина тармагынын, а түгүл дүйнөнүн чар тарабынан академик Оморбай Нарбековдун биокошулмаларына оң пикирин билдирген тараптар арбын. Бизди кызыктырган бул эмес. Болгону региондордогу медицина тармактарын "Оморбай Нарбековдун" дарыларын "коркунучтуу" кылып кат жиберткенден эринбеген министр айым, академиктин жашын сыйлап бир жолу кабыл алып койсо болот беле? Аксакалдын жашы, кыргыз медицинасына сиңирген эмгеги бир кабыл алууга татыбайбы? Көзмө-көз сүйлөшүп, "аксакал жашыңыз келип калды, сиздин дарыларыңызды басып өткөн кыргызда Нобелдик ачылыш жасай тургандардын дарысы текчеге батпай турат" десе, академик деле түшүнүп үйүнө кетип калмак. "Адамдын граждандык укуктарын коргоо" коомдук бирикмесинин жетекчиси катары кол койгон С. Боталиевдин "лицензияң жок экен" деген катын окуп, биз деле түшүнбөй калдык, 1997-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги академикке лицензия бергенин, же аксакалдын сакалы менен ушунча жыл ойногонун. Эмнеси болсо да, орой айтканда эчкидей жашы калган академиктин жашына жетишке министр айымга оголе көп бар. Аксакалдын маселесин арадай жерде, чарадай жыйын кылбай көзмө-көз чечет деген ойдобуз. Тактай кетүүчү жагдай "Алиби"гезитинин кызматкерлери мына ушул принциптин алкагында аксакалдын алдынан кыя өткөн жери жок.Демек, медицина тармагынын бүтүндөй талаасын калчап отурган министр айым маселени чечүүгө түздөн-түз милдеттүү.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??