Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты:
"Телефондук сүйлөшүүлөр чоң далил болчудай..."

Качкан президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн талап-тоноого парламент депутаттарынын тиешеси барлыгын аныктоо боюнча парламенттеги беш фракциядан убактылуу атайын комиссия түзүлүп, ишти иликтей баштаган эле. Бүгүн ошол комиссиянын мүчөсү, "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевди кепке тарттык...

- Кожобек Жайчыбекович, айрым депутаттардын талап-тоноочулукка катышы бардыгын иликтөө боюнча депутаттык комиссия иштин кайсы баскычына жетти?
- Биздин атайын түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия бүгүнкү күндө өзүнө тапшырылган ишти иликтеп чыгуунун дээрлик 50 пайызын ишке ашырдык десек болот. Азырынча биз, ошол 7-апрель революциясынын айланасында мурдагы бийлик ээси болгон Бакиевдердин үйлөрүн жана мүлктөрүн талап-тоноп, мыйзамсыз менчиктештирип алууга катышкан деп шектелген кесиптешибиз, депутат Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековду сурап, окуяга катышы бардыгын териштирип көрдүк. Ошондой эле булардын катышы бардыгын айтып жаткан Абдулла Юсоповду, анын аялы Рано Юсупованы, окуяга күбө болгон таксинин айдоочусу Таалай Баваевден сурамжылоо жүргүздүк. Мындан башка да окуяга күбө болгон делген адамдарды, депутаттын балдарын чакырып жатабыз.
- Райкан Төлөгөновдун уулу Мусанын Кыргызстанда эместиги тууралуу маалыматтар бар. Же ал комиссиянын чакыруусуна келдиби?
- Тилекке каршы, биз эки жолу чакырттык, бирок Муса Төлөгөнов комиссиянын чакырыгына келген жок. Биз чынында, ал бала менен тааныштыгыбыз болбогондон кийин аны алып келүүнү комиссиянын мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бакыт Калмаматовго милдеттендиргенбиз. Ал өзү дагы буга макул болуп, Мусаны катыштырууга аракет жасап жатат. Анын Кыргызстанда эмес-тиги тууралуу маалымат бизде да бар болчу. Бирок, ИИМ министри Зарылбек Рысалиев Мусанын Кыргызстанда экендигин бүгүн өз оозу менен айтты. Буюрса, комиссиянын кийинки отурумдарына келип калат го деген үмүттөбүз. Атасы Райкан Төлөгөнович деле "ал келет, качпайт" деп жатат.
- Ток этээр жерин айтканда, иштин жоон ортосуна келип калыпсыздар, чындап эле Абдулла Юсуповдун айткандары чын чыгып, депутаттар талоончулукка катышы болгонбу?
- Азырынча катышы бар же жок деп айтуу эртерээк. Анткени, азыр депутаттык комиссия ИИМ жана прокуратура менен бирге иш алып барып жатат. Алар болсо, ишти толук тергеп бүтө элек болгондуктан, биздин комиссия эч качан алардан эрте баарын бүтүрүп койгонго шарт жок. Бирок, жылыштар жакшы, ИИМ тарабынан тергөө кынтыксыз жүрүп жатат десек болот. Анын далили катары, бүгүнкү ИИМ министри Зарылбек Кылычбековичтин телефондук сүйлөшүүлөр боюнча жаңы маалыматтарын айтсак болот. Министрдин сөзүнө таянсак, мобилдик байланыш компаниялары дээрлик бир айга чукул убакыттын ичинде Абдулла Юсупов айткан телефондук сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды тактап беришкен. Анда белгилүү болгондой, Райкан Төлөгөнов менен Абдулла Юсуповдун, Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун 2010-жылдын 6-апрелинен 19-апрелге чейинки сүйлөшүүлөрү дээрлик аныкталган. Ошондой эле,
Абдулла Юсупов 6-апрелден 19на чейин Райкан Төлөгөновго 1 жолу телефон чалса, Райкан Төлөгөновдун мобилдик аппаратынан Юсуповго ошол убакыттар аралыгында 10 жолу чалуулар болгону факты түрүндө аныкталган. Министрдин дагы бир орчундуу маалыматы депутат Райкан Төлөгөновдун телефондук чалуулары Юсупов айткан талап-тоноочулук болгон 10 объектинин жанында болуп жаткандыгында. Демек, бул телефондук сүйлөшүүлөрдүн чыгышы менен эми ИИМ дагы, биз дагы депутаттар менен күбөлөргө кайрадан сурак жүргүзүшүбүз керек.
- Ошол телефондук сүйлөшүүлөрдө эмне жөнүндө сөз болгон?
- Бул боюнча маалымат жок. Байланыш компаниялары 25 күндүн ичинде араң ошол маалдагы Турат Мадылбековдун, ата-бала Төлөгөновдордун, Юсуповдун телефондук чалууларын, коңгуроо кайсыл объекттерде турганда болгондугун аныктап беришкен. Ал эми эмне деп сүйлөшкөндөрүн ачыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгү тилекке каршы, алардын колунан келбей турган иш экен. Бирок, ишти иликтөөгө ушул алынган маалыматтар чоң жардам берет.
- Телефондук сүйлөшүүлөр аныкталып жаткан соң, бул депутатка кылмыш ишин ачууга негиз болбойбу?
- Иш козгоо же козгобоо биздин комиссиянын иши эмес. Аны тергөө органдары чечет. Бүгүн министрдин айтымында, бул телефондук сүйлөшүүлөрдүн аныкталышы менен депутатка кылмыш ишин ачууга негиз жок. Анткени, ал телефондук чалууларда эмне жөнүндө сөз болгону белгисиз. Азыр ошол чалуулар боюнча кайрадан сурак жүрүп, булардын сүйлөшүүсү Абдулла Юсупов айткандай, талап тоноочулукка тиешелүү болгондугун аныктай турган тирүү күбөлөр болсо гана кылмыш иши ачылат экен.
- Бүгүнкү комиссиянын отурумуна эмне үчүн Райкан Төлөгөнов катышкан жок?
- Бүгүнкү отурумда биз ИИМ министри Зарылбек Рысалиевди гана чакырып, тергөөнүн акыркы маалыматтарын угууну пландаганбыз. Ал эми Райкан Төлөгөнов болсо саламаттыгына байланыштуу ушул тапта ооруканада жаткандыгын, ошол себептүү ИИМдин тергөөсүнө да катыша албай жаткандыгын министр билдирип өттү. Ал ооруканадан чыкканда бүгүнкү ачылган жаңы жагдайлар же болбосо такталган телефондук чалуулар боюнча кайрадан сурак башталат. Биз ойлоп жатабыз, ошондон кийин бир топ белгисиз жагдайлар ачыкка чыгат го деп. Жана комиссиядагы кесиптештерим айтып кеткендей, ал буга чейинки көрсөтмөлөрүнүн биринде "Мен Абдулла Юсуповду тааныбайт элем. Ал мага Ала-Тоо аянтында турганда өзү келген" деп билдирсе, дагы бир көрсөтмөсүндө "Абдулла Юсуповго өзүм чалгам, анткени, ал "Бакиевдердин объектилерин жакшы билем" деген, биз талап-тоноочулук болуп кетпесин деп, ал объектилерди кайтарууга алганбыз" дегендей билдирүү жасады. Менимче, мунун баары такталат го.
- Мурдагы отурум учурунда Райкан Төлөгөновдүн уулу Муса менен Абдулла Юсуповду Чүй облустук прокуратурасынын имаратында токмоктогону тууралуу да айтылды эле. Ошол такталдыбы?
- Бул маалыматты Абдулла Юсупов өзүнүн көрсөтмөсүндө айтып, "очный ставка" болуп жаткан учурда тергөөчү эки-үч мүнөткө сыртка чыгып кеткенде, сырттан Райкан Төлөгөновдун уулу Муса кирип келип, аны уруп жибергенин айткан. Чындыгында бул олуттуу окуя. Анткени, бул жерде алдын ала сүйлөшүп алгандай иш болуп жатат да. Тергөөчү чыгып кетээри менен сурак бөлмөсүнө Мусанын кирип келиши, ал кол салып жатканда Юсуповду кайтарган СОБРдын эки кызматкери унчукпай карап турганы чындыгында тактай турган маселе. Биз бул боюнча Ички иштер министрине кайрылып, кийинки отурумга ошол СОБРдын кызматкерлерин күбө катары чакырып берүүсүн сурандык. Ал макул болду. Ошондой эле Абдулла Юсуповдун аялынын көрсөтмөсүндөгү Мусанын жакын таанышы делген Чыңгыз атуу жигит дагы ИИМдин тергөөчүлөрүнө келип, сурак берип жатканын уктук. Эгер тергөө аягына чыкса, биз дагы комиссиянын отурумуна аларды чакыртабыз. Буга кошумча, ошол күндөрү объектилерди менчиктештирүүгө салым кошкон мурутчан нотариус жигит жөнүндө да ИИМден сурап жатабыз. Азырынча ал жөнүндө маалымат жок экен.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??