Кылмыш. Окуялар. Адамдар.
Митингчилер журналистке кол салышты
Kloop.kg интернет-порталынын кабарчысынын айтымына караганда ал телефондон маалымат жөнөтүп жатканда, "Камчыбек Ташиевдин классташымын" деген аял ага кол салган. "Интерфакс" маалымат агенттигинин кабарчысы Наталья Любезнова да ушундай жагдайга кабылган. Күбөлөрдүн айтымында, "Камчыбек Ташиевдин классташымын"- деген аял журналисттерге кыйкырып, Н. Любезнованын колунан телефонун жулуп алган. Буга чейин "Ата-Журт" фракциясынын жактоочулары "24.kg" агенттигинин кабарчысы Дарья Подольскаяга да кол салып, колундагы баштыгы менен чаап жиберген .


Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам -иликтөө аркылуу издөөдө жүргөн 24 жаштагы А.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. "Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой" турган курагында кармалган жаран акча талап кылуу жана тоноо боюнча бир катар кылмыш ишине шектелүүдө. Учурда ал убактылуу кармоо жайына камакка алынып, иликтөө иштер жүргүзүлүүдө.


Кыз ала качуу-оор кылмыш
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешов 17жашка чейинки кыздарды үй-бүлө күтүүгө мажбурлоо оор кылмыш экенин Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтып, Кылмыш кодексине өзгөртүү иштеп чыкканын маалымдады. Өзгөртүү Кылмыш- Жаза кодексинин 154-155-беренелерине киргизилмекчи.
" 17жашка чейин никеге турууга тыюу салуу жана ала качуу боюнча 154-беренеге оор кылмыш катары 5жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу деген түшүнүктү киргизүү каралууда. Ал эми 155-беренеси боюнча жашы жете элек кыздарды ала качкандар 7 жылга эркинен ажыратылат". Депутаттын айтымында, ала качуу фактысы катталса, жабыр тарткан тараптын арызы болбосо дагы кылмыш ишин козгоого болот.


Кыргыздар жүрбөгөн жер жок калды
Абхазиянын Россия менен чек арасында Кыргызстандын үч жараны кармалган. 1988-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Хуснидин Рыскулов, 1992-жылы Баткен облусунда туулган Абдураимжан уулу Саиджан жана 1991-жылы Баткен облусунда туулган Таиржан Акрамов Абхазияга кантип жана кандай максатта барып калгандыгы белгисиз. Алар аталган аймактан Россияга кирүүгө аракет кылганда кармалышкан. Айта кетүүчү нерсе- Россиянын субъектиси болгон Абхазиядан Кыргызстанга кайтып келүү үчүн башка жол жок.


Үйлөнүү той ыйга айланды
Ноокен районунун Кыпчак-Талаа участкасында эки жаш үйлөнүп, Жалал-Абад шаарындагы "Сүйүнбек " ресторанында тоюн өткөзүп келе жатып кырсыкка учураган. Натыйжада үйлөнгөн жигит Азамат уулу Нургазы күйөө жолдошу Руслан Расул уулу экөө каза болуп, турмушка жаңы чыккан кыз Кочкор-Ата шаарында ооруканада оор абалда жатат. Бүргөндү айыл округунун тургундары катышкан бул жол кырсыгы эки машинанын айдоочулары бири-бири менен эрегишип, куушуудан улам келип чыккан.

Канышай
Мамыркулова




Райкан Төлөгөновдун куйругундагы калбыр

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 2010-жылдын апрель айындагы талап-тоноо фактыларын иликтөө үчүн убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда бир катар жагдайларды ачыкка чыгарды. Революция учурунда "Ата Мекен" партиясынын депутаты Райкан Төлөгонов партиялашы Туратбек Мадылбековго 26 жолу, Абдулла Юсуповго 8 жолу телефон аркылуу байланышка чыккан экен.

Министрдин айтымында 2010-жылдагы талап-тоноочулуктан жабыр тарткан 34 объекттин 10у текшерилген. "Биз Райкан Төлөгоновдун телефон чалууларын майда-баратына чейин аныктадык Төлөгөнов 6-апрелден 12-апрелге чейин Мадылбековго 25 жолу, Юсуповго 7 жолу чалган. Алар тарабынан Р. Төлөгоновдун дарегине бир жолудан телефон чалуулар болгон. Эң негизгиси Райкан Төлөгөнов 10 жолу талап-тоноочулук болгон жайлардан телефон чалгандыгы аныкталган". Министр Райкан Төлөгөновдун үстүнөн кылмыш ишин ачуу далилдердин жетишсиз деңгээлде болуп жаткандыгынан улам токтолуп турганын баса белгиледи.
"Анын дагы кимдер менен жолугуп, кимдер менен телефон чалышканын такташыбыз керек. Телефон чалуулар боюнча маалыматты биз кечээ гана алгандыктан тиешелүү адамдарды суракка алып үлгүргөн жокпуз" деп кошумчалады министр. Ошондой эле, буга чейин депутат Райкан Төлгөгөновду жана анын уулу Муса Төлөгөновду суракка алуу мүмкүн болбой жаткандыгын айтты. "Муса Төлөгөновдун Кыргызстанда экендиги тууралуу маалымат бар, ал эми депутат ден соолугунун начардыгына шылтоолоп суракка келбей жатат" деди министр. Министрдин маалыматынан улам комиссиянын мүчөсү, "Республика" партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев "комиссия иштин материалдары менен таанышып, анализ жүргүзүшү керек" деген пикирин айтты. Ошондой эле "биз буга саясий гана баа беришибиз керек, калганын укук коргоо органдары ишке ашырат" деп кошумчалады депутат.

АКИ-пресс




Рэкет кыздар аныкталды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Октябрь райондук башкармалыгынын кызматкерлери аталган аймактагы мектептердин биринде окуучу кыздар арасындагы рэкетчилик фактысын аныкташкан. Аталган райондун 6 мектебинин окуучуларынын ата-энелери ички иштер органына "жаңы окуу жылы башталгандан бери 9-класстын окуучулары биздин кыздарыбыздан дайыма акча талап кылууда" деп арыз менен кайрылышкан. Аталган райондун ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иш жүргүзгөн участкалык инспектору тарабынан рэкетчилик жасаган 9-класстын төрт окуучу кыздары аныкталган. Бул факты каттоого алынып, тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Колго түшүштү
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ички иштер башкармасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө операциясынын жүрүшүндө качып жүргөн кылмышка шектүү эки адам колго түшүрүлдү. . Алдамчылык кылып качып жүргөн 53 жаштагы Нарын облусунун жашоочусу жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 129-берене менен шектенип, качып жүргөн 34 жаштагы С.А. кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.