Элетте эмне кеп?
Бакчасы да,
башкасы да менчик

Бул иш тууралуу Талас райондук соту дагы, аталган райондун У. Өмүралиев атындагы айылдык аймагынын аксакалдар соту дагы жакшы билет. Ак-Сай айылындагы бала бакчанын 2,1 гектар жеринин чыры айылдын аймагынан чыгып, Башкы прокуратурага чейин жеткен.

Аталган айыл аймагынын башчысы К. Айталиев Ак-Сай айылынын тургуну Ж. Адракаевдин үстүнөн Башкы прокуратурга жана облустун прокуроруна арыз жиберип, Талас райондук прокуратурасы тарабынан маселе жеринде текшерилген. Ж. Адракаев аталган айылдын бала бакчасынын ээси болуу менен катар эле бакчанын 2,1 гектар алма багын жалган документтердин негизинде менчикке чыгарып алган экен. Тактай кетүүчү жагдай, ошол мезгилде Ж. Адракаев айыл башчысы болгон. Айыл эли бала бакчадан кыйналган Ак-Сай, Жаңы-Арык айылдарынын тургундары балдарын Чат-Базар айылындагы бала бакчага ташып алып барып жатабыз десе, Ж. Адракаев аталган Ак-Сай айылындагы эки кабат бала бакчанын имаратын 2,1 га жерин алма багы менен элдик жыйындын негизинде менчикке чыгарып алгандыгын айтууда. Ошентип бүгүнкү күнгө чейин "Жашыл Бак" деп аталган менчик бала бакчанын маселеси чечилбей келет. Ж.Адракаев менчик ээси, ал эми айылдын бала бакчасы жок. Ж. Адракаев бала бакчаны "айыл элин салык үчүн карызынан кутултуп, тиешелүү төлөмдөрдү төлөп, башын ачып алгам" дейт. Айыл эли жалпы чогулуш болбогондугун, Ж. Адракаев "арзан солярка алып берем" деп актай баракка кол койдуруп алганын, бакчанын 2,1 гектар алма багынан 11 жылда түшө турган киреше бакчанын өздүк чарбасына жетмек деп чырылдап келишет.
Айыл башчысы К. Айталиевдин арызы боюнча райондук прокуратура текшерген учурда бир топ фактылар аныкталып, чырдын башы болгон жыйындын жумушчу тобунун башчысы Д. Кудабаев "1999-жылдын 31-мартында эч кандай жыйын болбогондугун, Ж. Адракаев чарбага солярка алып келем деп актай баракка кол койдуруп алгандыгын" көрсөткөн. Д. Кудабаевдин көрсөтмөсүн Өмүралиев айыл округундагы ошол кезде токтомго колдорун коюп, мөөрлөрүн баскан 13 дыйкан чарбанын жетекчилери өз түшүнүктөрү менен тастыкташкан. Ж. Адракаев 1999-жылдын 31-мартында "Манас" биргелешкен дыйкан чарба ассоциациясынын жалпы чогулушу мыйзамдуу өтүп, анын негизинде дыйкан чарба жетекчилери жана жалпы ассоциация мүчөлөрү №5 токтомду кабыл алгандыктарын көрсөтөт. Ассоциациянын ошол кездеги башчысы Ш. Жумакеев менен түзүлгөн келишимге ылайык "ассоциациянын ошол кездеги салыкка 110000 сом карызын накталай төгүп берип, штрафтын пенясын токтотуп, ошол кезде түзүлгөн оор кырдаалдан улам салык инспекциясы тарабынан арестке коюлган ассоциациянын техникаларын элге кызмат кылууга шарт түзгөн Ж. Адракаевдин эмгегин 300000 сомго баалашып, "бала бакча анын жеке менчигине өткөрүлүп берилсин" деген чечим кабыл алынгандыгын көрсөткөн. Муну Э. Бейшеналиев жана Кошалиевдер тас-тыкташкан.
Адракаев мындан сырткары 1999-жылдын 16-июлунда Талас областтык агрардык жер реформа борбору тарабынан ага Б -89 каттоо номери менен 000371 сандуу менчик укугу тууралуу күбөлүк берилип, аны 2002-жылдын 25-февралында Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан 262 катар саны менен каттоодон өткөрүп, серия №007443 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилгендигин, 2007-жылдын 16-январында кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортун алгандыгын көрсөткөн.
Текшерүүдө Ж. Адракаевдин ассоциациянын салыкка карызы үчүн 110000 сом акчалай төккөнү аныкталып, бирок менчиктештирип алган имарат менен жерди Ж. Адракаевге сатуу тууралуу Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 20-октябрындагы, 1999-жылдын 13-мартындагы токтомдору Талас областтык арбитраждык соту тарабынан жокко чыгарылган. 1999-жылдын 16-июлунда областтык жер жана агрардык реформа борборунан №000371 менчик укугу тууралуу күбөлүгүн кайрадан алып , бирок борбор тарабынан 1999-жылдын 7-августунда бул күбөлүктү жокко чыгарган №57 токтом чыккан. Прокуратура аталган токтомдун көчүрмөсүн мамлекеттик архивден таап, токтомдо Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү мурдагы совхоздун эски гаражындагы кароолчулар баш паанек кылуучу там, машиналар коюлуучу навес, цемент плиталарды сатуу тууралуу айыл өкмөтүнүн токтому бекитилгендигин аныктаган. Ал эми токтомдун түп нускасы областтык прокуратура тарабынан кыскартылган 170-00-87 сандуу кылмыш ишинин материалдарынан табылган. Мына ушул жерден прокуратура бала бакчанын алма багын алгач Ж. Адракаевге чыгарып берип, кайра чакыртып, "тамаша" көрсөткөн агрардык реформа борборун текшерүүгү укугу бар беле? деген мыйзамдуу суроо туулат.
Жогоруда аталган арбитраждык соттун чечимине макул болбогон Ж. Адракаев Жогорку арбитраждык сотко кайрылган. Алар тарабынан областтык арбитраждык сотунун 2001-жылдын 24-августундагы жана ошол эле жылдын 7-сентябрындагы чечими жокко чыгарылган. Талас райондук агрардык жер реформа борбору, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы баш болуп, айылдык жыйындын токтомун негиз кылып Ж. Адракаевдин менчик ээси болушуна шарт түзгөн тараптар учурда баштары катып турса керек. Мына ошол эле учурда Жогорку арбитраждык сот областтык арбитраждык соттун чечимин бир жактуу жокко чыгарып салбай, маселени кылдат караганда туура болмок.
Прокуратура аталган фактылар боюнча айыл башчысы К. Айталиевдин сотко кайрылууга укуктуу экендигин көрсөткөн . Ошентип кеч эсине келген Ак-Сай айылынын тургундарынын, аксакалдарынын мына ошол алма бактан түшө турган кирешени эсептеген "математикасы" да, бакчасы жок балдардын куураганы тууралуу арыз-муңу да суу кечпей калчудай. Конституциянын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекетте менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке менчик, муниципалдык жана башка менчиктин түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилээри көрсөтүлгөн. Демек К. Жумалиев премьер-министр болуп турган кезде чалынган "ботконун" бүгүн чечиле коюлушуна көз жетпейт.




Укук коргоо
тармагындагы укук
бузуулар
"Өткөн жылы укук коргоо тармагынын кызматкерлери тарабынан 4 миң укук бузуу фактылары катталган" деп маалымдады Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева. Бул маалыматтар Ички иштер министрлигинен алынган. "Булар каттоого түшкөн маалыматтар, каттоого түшпөй калгандары канча? Жыл өткөн сайын алардын саны өсүүдө. Мунун баары жарандардын ишениминин азайышына өбөлгө түзүүдө" деп баса белгиледи депутат. "Кылмыш иликтөө күнүндө милиция кызматкерлеринин катышуусу менен 3 жол кырсыгы болуп өтүп, анын бири эки адамдын өлүмү менен коштолду. Ички коопсуздук кызматы мыйзам бузууну каттоо менен алек" экендигине да токтолду.


Пара берүүгө аракет
кылган адам кармалды
УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш -чарасынын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын 31 жаранынын Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгүн жашыруу максатында мамлекеттик органдын кызматкерине 10 миң сом пара берген "Сталь шесть" ЖЧКнын директорунун жардамчысы Р.С. кармалды . Ал боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 314-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.


Альтернативдик кызмат
5 миң сом
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатынын кызматкери кармалды. Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына аскер комиссариатынын кызматкери альтернативдик кызматка орношуу үчүн 5 миң сом акча талап кылгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Анын негизинде ыкчам иш-чара уюштурулуп, милиция кызматкерлери аскер комиссариатынын кызматкерин пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.