Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мактаган
Муфтияттын маңкасы чыгабы?
Ушул жуманын башында "Манас" эл аралык аба майданынан жасалма визаларды көтөрүп жүргөн Ошко кыргыз жараны кармалган. Текшере келгенде, анын жанынан Арабияга багытталган 75 даана жасалма виза чыгып, кайрадан өлкөнү дүрбөлөңгө түшүрүп отурат. Эсиңиздерде болсо, акыркы жылдары ажылык сапарга чыгуу өзүнчө эле бизнеске айланып, миллиондогон сомдук коррупция жыттанган схемалар тууралуу кептер айтылып келген эмеспи. Демек, "ажылык сапардагы коррупция жоюлду"-деп мактанган муфтияттын маңкасы сыртына чыгып калганбы? Бул боюнча Азирети муфтий Рахматулла ажыга чалганыбызда "Биздин буга тиешебиз жок. Визадагы аты чыккан 75 адам биздин ажылык сапарга барууга арыз берген адамдардын арасында дагы жок экен",-деп жооп кайтарды. Ал арада "визалар Казакстандан жасалган" деп жатышат. Эми ойлоп көрсөңүз, Казакстандан жасалган Кыргызстандын визасы менен ажылыкка баратканыңызды?! Жомок эмеспи, ыя?


"Ак ийилет, бирок, сынбайт" эмеспи…
Сабировду
сандалтышты
Ити чөп жеген ишкер, "Ата Мекен" партиясына кирип, министрликке жеткен Равшан Сабировдун соту дагы деле аягына чыга элек. "Пара алууга катыштыгы бар"-деп шектелген мурдагы Социалдык коргоо министринин тагдыры менен соттор кыйладан бери ойноп келе жатат. Ал ортодо, пара алып жаткан жеринен кармалып, сурак учурунда "бул ишке Равшан Сабировдун айтуусу менен баргамын" деген министрдин жардамчысы өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, "шефин" актай баштады. Көрсө ал жактоочусунун "бардыгын министрге жүктөсөң, жоопкерчиликтен кутуласың" деген сөздөрүнө ишенип, жалган көрсөтмөлөрдү бере берген имиш.
Балким, чындап эле Равшан мырза ак болуп жүрбөсүн? Ал министр кезинде кабинетине баш багып, дубалынан да, столунан да ыйык Курандын турганын көргөнүбүз бар эле…



Дыйканбаев менен Сабиров дагы камалышы керекпи?
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети менен коштолгон 3-октябрдагы митингге депутаттар Максат Сабиров менен Курманбек Дыйканбаев дагы катышканын жамы журт жакшы билет. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов сыяктуу "ата журтчулардын" камалганын көргөн Дыйканбаев дароо жүзүн өзгөртүп, башкача сайрап кирди. Буга "Ата журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев нааразы болуп: "Эмнеге М.Сабиров менен К.Дыйканбаевдин аракеттерине укук коргоо органдары баа беришпейт, алар митингде активдүү жүрүшпөдү беле?" дегендей жакындарына шыбыраптыр. Мыктыбек Юсупович катуу киришсе Дыйканбаев менен Сабиров да үч "төңкөрүшчүнүн" жанынан жай албайбы?


"Түшпөс хан" оппозиция короосуна түштүбү?
Куулугу жанда жок Ош мэри Мелисбек Мырзакматов кезектеги оюнун баштаган чагы. Ал расмий бийлик менен кызматташкандай түр жаратканы менен, көшөгө артында оппозиция менен "ойноп" жатканын көргөндөр айтып жүрүшөт. "Уккан кулакта жазык жок" демекчи, Мелисбек Жоошбаевич жардамчысы аркылуу борбордогу оппозиция лидерлерине "жашылбай" салынган чемодандарды жөнөткөнүн көргөндөр шыбырап келишти. Эгер укканыбыз чын болсо, анда "түшпөс хандын" эки жээкте ойдолоктогону туура эмес экенин эскерте кетели…


Акылбектин айтканы келди
Убагында Экономика министри Акылбек Жапаров "малга паспорт бериш керек" десе, эл кыраан каткы күлгөн. "Төбөсүнө таш тийиптир"-деп. Бирок, бүгүн ошол күлгөндөр көз жашылап, сүт азыктарын, мал этин сыртка сата албай жер муштап отурушат. Анткени, Кыргызстандын сүт жана эт азыктарын кабыл алып келген казактар чек араны жаап салды. Себеби болсо, акыркы жылдары Кыргызстандагы мал ооруларынын күчөшү, эпизоотикалык абалдын начарлашы. Коңшуларыбыз "малыңардын идентификациялык документи жок экен, кечирип койгула",-дешүүдө. Убагында, терең ойлонуп, Жапаровдун айтканын жасай бергенде, бүгүн бул кордукту көрбөй, этибиз менен сүтүбүздүн баасын бийиктетип сатып отурмак экенбиз.
Ушундан улам, Жапаровдун деле жаман киши эместигин моюндабасак болбочудай болуп турат.




Дубандардан жазышат
Шаардын бренди болсун
Жалал-Абад. Шаарда эл аралык уюмдардын колдоосу менен семинар болуп өтүп, анда "областтын борборунун бренди жок экени" айтылды. "Жалал-Абад" курорту азыр Союз мезгилиндегидей эмес. Минералдык сууларын чет өлкөлүктөр көп колдонбойт. "Жаштардын шаары" деп аталганы менен алардын коомдогу орду төмөн. "Стабилдүүлүк жок , инвесторлор келбейт" деген пикирлер айтылды. Шаардын тургундары, мэриянын кызматкерлери, аймактык башкаруунун өкүлдөрү дагы сын-пикирлерин ортого салып, башка өлкөлөрдөгү шаарлардын брендин көтөрүү багытындагы аракеттери фильм катары көрсөтүлдү. Жалал-Абад шаарынын брендин көтөрүүгө шарттар бар экендиги, туристтерди тартууга боло тургандыгы айтылып, бул боюнча туруктуу иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.


"Айгүл-Таш-Самат" бүткөрүлдү
Баткен. Областтын аймагындагы "Айгүл-Таш-Самат" жогорку чыңалуудагы линиянын курулушу аягына чыгып, ачылыш аземи болду. Объектилер эксплуатацияга берилээри менен Лейлек району, Баткен районунун үч айыл окуругу жана Сүлүктү шаары электр энергиясы менен камсыз болуп баштайт. Бул үчүн 142 км аралыктагы 110 кв жогорку чыңалуудагы линия курулуп, "Самат" подстанциясы реконструкциядан өткөрүлдү. Долбоорлоо иши 2005-жылы башталган. Капиталдык курулуш иштери 2010-жылдын март айында башталып, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан долбоорду ишке ашырууга 11,99 миллион доллар кредит бөлүнгөн. "Улуттук электр тармактар" ачык акционердик коому 895 миң доллар каражат бөлгөн. Лейлек районунуна электр энергиясы Тажикстан аркылуу келип, бир топ кыйынчылык жаратып келгендигин эске алсак, "Айгүл-Таш-С-маттын" курулушу аркылуу Баткен өрөөнү электр тармагы боюнча эгемендикке ээ болду. Аталган курулушту президент Алмаз Атамбаев өзү ачты.


"Эдвокаси борбору" ишкерлерге жардам берет
Ош . Ош шаарындагы Навои көчөсүндө ишкерлик менен алектенген жарандар менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жолугушту. Буга чейин Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн ишкерлеринин тиешелүү документтеринин жоктугунан улам Навои көчөсүнүн 20 соода жана тейлөө жайларынын иши токтотулган эле. Бул ишке "Мыйзам жана тартип" жана адам укуктары боюнча "Эдвокаси борбору" киришип, ишкерлер менен мамлекеттик органдын өкүлдөрүн сүйлөшүүгө чакырды. Жолугушууга Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары, Кара-Суу районунун акиминин орун басары, райондун архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү келишти.
"Алиби пресс"


Каныбек катуу эскертти
Эл өкүлү, "ар-намыстуу" депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өлкө жетекчилерине өктөм үн менен бир тийди. "Силер, спикер, премьер-министр, президент, өзүңөр Башмыйзамды бузуп жатасыңар. 2011-жылы "Протокол жөнүндө" мыйзамды кабыл алганбыз, ал жерде мамлекеттеги жогорку бийлик башчылары бир убакта мамлекеттен чыгып кетүүгө болбойт" деп жазылып турат. Мындай дүйнөдө жок. Силерге бул оюнчукпу?",-деди каарданган Каныбек мырза.
Чындап эле, акыркы мезгилде Президент деле, Өкмөт башчы деле, Спикер деле сыртка чабагандап, айылчылаганды көбөйтүштү. Же бир куржундары толуп келсечи...





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??