Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Талапкерлер такталды
"Республика" партиясы:
"Жаңы адамдар, жаңы кадамдар"

Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо кайсы партиянын дымагы канча экендиги туурасында саясий божомолун саймедиребеген серепчи калган жок шүкүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү алдыңкы сапта реформатор партия катары кадырга ээ болгон "Республика" партиясы болот деген пикирде экендиги коомчулукка маалым.

Бул партия талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаарына аз калганга чейин башкалардай болуп озунуп, пиар-кампаниясын баштап албагандыгы менен өзгөчөлөндү. Акыркы учурга чейин кимди алып чыгаарын жарыялабай, сабырдуулукту сактады. Өткөн парламенттик шайлоодо "баланча жылдык тарыхым бар" деп менменсинген партияларга теңата болуп, жеңишке жетишкендигин, лидери Өмүрбек Бабановдун өкмөттү жетектеп тургандагы алгылыктуу, конкреттүү иштерин, эл арасындагы кадыр-баркын эске алганда, мындай пиар-стратегиянын да жөнү бардай.
Эсиңиздерде болсо, Бабанов башбакандыктан кеткенден тартып анын кийинки саясий тагдыры туурасында ар кыл божомолдор айтылып келди. Айрым серепчилер саясат айдыңынан кетпөө үчүн баш калаанын мэрлигин мелжейт десе, башкасы келишпес оппозициянын курамын толуктап, бийликти кокуйлаткан күч болот деген пикирлерин жарыялаганы бар. Ал ортодо Бабановдун өзү буга ак да, көк да дебей, партиясы болсо тек гана ырааттуу түрдө партиялык курулуш иштерин улантып, элге берген убадаларын аткаруу менен алек болуп жатты.
Кечээ 11-октябрда, буга чейин элдин бүйүрүн кызытып келаткан маселеге чекит коюлду десек болчудай. Опера жана балет театрында өткөн шаардык партиялык конференцияда "Республика" партиясынын лидери партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып, жеңишке жетүүгө белсенгендигин расмий жарыялады.
Өзүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алган делегаттардын алдында сөз сүйлөгөн Ө.Бабанов бул шайлоонун стратегиялык маанисин белгилеп өттү.
"Сунуштаган программасы конкреттүү жана реалдуу, элдин көйгөйлөрүн жана аларды кантип чечүүнүн жолдорун билген, элге ак иштеп бере тургандыгына шайлоочуларды ынандыра алган партия гана жеңишке жете алат. Биздин партия түзүлгөн күндөн тартып так аныкталган программанын негизинде башкы максатка - элибиздин жашоосун жакшыртып, өлкөбүздүн экономикасын алдыга жылдырууга жетишүүгө аракет кылып келатат", - деди Өмүрбек Бабанов.
Чындыгында эле "Республиканын" шайлоодо жеңишке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Канткен менен көптөгөн жылдар бою жалаң бирөөгө сын айтуу менен өзүнө саясий упай топтоп келаткан айрым партиялардан айырмаланып, бул партия иш менен өзүн көрсөтө алды. Эл Бабановдун командасында демилгелүү, энергиясы жана жаңы идеялары мол инсандар иштегендигине жана дал ушундай адамдар гана Кыргызстанды көтөрө ала тургандыгына ынанды. Ошондон улам азыркы тапта "Бабановдун өкмөтү дагы иштей турса болмок, реформалардын темпи басаңдай түшкөндөй болду" дегендердин катары барган сайын арбып баратат.
Бабанов өз сөзүндө шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө жаңы саясий маданиятты көрсөтүп, шайлоо процессине жаңыча мамиле кылып, ыплас технологияларды пайдалануудан алыс болуп, шайлоонун ачык-айрым, акыйкат өтүшүнө көмөкчү болууга чакырды.
"Эл депутаттар тосмодон ашып өткөнгө жулунган, революциялар менен мародерчулук орун алган жашоодон тажады. Биздин борбор шаарыбыз мындай көрүнүштөр кайталанбай турган, жашыл жана көрктүү, шаар тургундары сыймыктана ала тургандай шартта өнүгүшү керек. Бул үчүн ак эмгек, жигер жана иш билгилик талап кылынат. Биздин партияда дал ушул сапаттарга ээ инсандар арбын", - деди Ө.Бабанов.
Конференция учурунда жашыруун добуш берүү аркылуу шаардык кеңешке шайлоого партиянын атынан катыша турган талапкерлердин тизмеси бекитилди. Алардын катарында ар кыл кесиптеги, ар кандай улуттагы, түрдүү жаш курактагы инсандар бар. Бирок, булардын баарын башкы максат - Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө, элибиздин бакубат жашоосуна жетишүүгө багытталган идеяларды жана демилгелерди ишке ашыруу максаты бириктирип турат.
Жаңы күч, жаңы дем менен жаңы адамдардын курамында жаңы кадамдарды жасоого белсенген белдүү "Республика" партиясына ак жол каалап коелу.

Б.Бейшебаев





Эстейм сени, этиң эске түшкөндө…
Абдулла койдун санын көтөрүп, кимдикине
барчы эле?

Кечээ, парламенттеги мародерчулук боюнча окуяны тергеп-тескеген депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул боюнча кененирээк маекти гезиттин ушул санына жарыяладык. Бирок, андагы бир окуяны атайын бөлүп жазуу шартка ылайык болуп тургандай. Ал болсо утурумдук ошол комиссиянын курамындагы депутат Надира Нарматова эжекебиздин ары күлкүлүү, ары олуттуу эскерүүсү. Төмөндө ошол окуяны чыпчыргасын коротпой баян эттик...


Анда менин жаңыдан депутат болуп келген кезим болчу. Мурдатан түштүктө жашап, күн кечирип келе жаткандыктан борборубуз Бишкекте үйүм жок эле. Анан парламенттин ишмердүүлүгү башталды, шартка жараша борбордо жашаар үйү жок бир канча депутат калаадагы депутаттык үйдөн орун алып, көчүп келип жашап калдык. Бирок, депутаттык иштин аки-чүкүсү менен ал үйдө кайсы депутаттар жашайт, ким кайсыл батирден орун алганын деле элес албаптырмын.
Күндөрдүн биринде иштен чарчап келип, үйгө кирүү үчүн лифтти күтүп калдым. Ошол маалда жаныма төрт сомодой болгон, сакалдары бар, олбурлуу, спорт-смен сыяктуу жигиттер келип, мени менен кошо лифтке түшүштү. Өзүм жалгыз болсом, аял болсом, бир лифтте мурда-кийин тааныбаган, жүздөрү дагы кооптуу жигиттер турса, чыны коркот экенсиң. "Алда неме болот, балким сумкамды жулуп кетишеби, балким кол салышабы" деген ойлор келбей койбойт экен. Анан дагы бир кызыгы, бирөөсүнүн колунда бир семиз койдун саны толугу менен бар эле. Коркконумдан баягы жигиттерден көзүмдү албай тиктеген бойдон, лифтте кете бердим. Ал балдардын кайсыл батирге кирип кеткени деле эсимде жок. Эртеси, депутаттык үйдүн комендантына жолугуп, "деги биздин үйгө кимдер келип-кетип жатканын билесиңерби? Чоочун адамдар жүрөт, карабайсыңарбы",-деп айткамын. Ошону менен ал балдарды деле кийин көрбөптүрмүн.
Кийин эле НТС каналы баш болуп, гезиттердин баары эле чуулдап, парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттары 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки Бакиевдердин мүлкүн талоого катышкандыгын айтып чыгышты. НТСтеги Абдулла Юсуповду негедир эле көргөндөй боло берем. Көрсө, ал баягы койдун бир санын көтөргөн, лифттеги төрт жигиттин бири экен. Көзүнөн көзүмдү албай тиктегенге, жакшы эле жаттап калыптырмын. Негизи эле мен бир көргөн нерсемди эсиме жакшы эле сактап калам.
Урматтуу Зарылбек Кылычбекович, Абдулла Юсуповду суракка алып жаткан учурда, ушул эт боюнча да сурап коюшуңузду суранам. Эгер ал ошол бир койдун санын көтөрүп жүргөндүгүн мойнуна алса, демек, Райкан Төлөгөновдун үйүндө жашагандыгы чын болуп чыгат да, туурабы?

Жазып алган Тынчтык Алтымышев




Өйдө карап түкүрбө!
Кумга сиңген 400 миң доллар. Кыскарган иш
Камакта жаткан Садыр Жапаров качкын президент Бакиевдердин командасында болуп, алардын миллиарддаган акчаларды сыртка чыгарып кетишине опол тоодой эмгек сиңирген. Бул тууралуу "Ысыккөл Инвест Банктын" мурдагы төрагасы Болот Байкожоев билдирди. "2007-жылы өлкөгө алдамчылардын бандасы келип, мамлекеттин бүт каржы булагын менчиктөөгө киришишти. Алды менен мен негиздеген жана жетекчилик кылган банкты Бакиевдерге таянган Садыр Жапаровдун карындашы, акционер Райкүл Жапарованын жардамы менен рейдерлик кылып басып алышты. Артынан "Кыргызкредит банк", "Промстройбанк", "БТАбанк"тарды ээлешти. Ал тургай Жапаровдун карындашына кылмыш иши ачылып, бирок, Жапаров Ак үйгө өз киши болгондуктан жоопкерчиликтен кутулуп кеткен",-дейт бийлик кордугун башынан өткөргөн Болот мырза.
Ошондой эле ал 2004-жылы Садыр Жапаровго "Ысыккөл инвест банктан" 400 миң АКШ долларын мыйзамсыз алгандыгы боюнча кылмыш иши ачылып, бирок, Бакиевдердин колу менен жабылып калганын айтат. Кыскасы, катуу бакылдаган Жапаровдун артындагы калбырлары калкып чыкканы туру.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??