Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кыз Сайкал турбайбы
3- октябрь күнү Камчыкенин Ак үйгө жасаган "Чыңгызхан" чабуулун баарыбыз эле көрдүк. Бирок, биз бер жагын эле көрүп калыппыз.
Кайран Камчыкең "Чыңгызхандын" образына түшүп, Ак үйдү беттеп алкынып жөнөп бергенде, аркы терезеден карап турган Ак үйдөгүлөр жандан түңүлүп (Чыңгызхандын сүрү оңойбу) сыртка безип чыгышыптыр. Камчыке Ак үйдүн тосмосун эки-үч секирип аттаса, алар бир эле секирип аттап өтүшүп, Панфилов паркындагы бактарга чыга качышыптыр. Өзгөчө "депутаттардын жаны таттуу болот экен" - дейт, кыз-келиндерди түртүп жиберишип сызышыптыр. Айрыкча, президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары Д.Нарымбаев тимеле аттай чуркап безе качып, алдына эч кимди салбаптыр. Эң аягында А.Кодуранова менен Болот Сүйүнбаев экөө гана калыптыр. ЖКсы баш болуп, президенттин аппараты төш болуп качканы бийликтегилердин суу жүрөктүгүн көрсөтүп турат. Деги президент айланасына кимдерди топтоп алган? Эгерде эртең 10 автоматчан Ак үйгө кирип келсе, буларды кайдан табабыз?

11 млн. азбы, көппү?
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажановдун билдиргенине караганда Кыргызстандын экологиялык посттору быйылкы жылы11 млн.сом каражат чогултуп, мамлекетке санап беришиптир.
Мурдагы жылы 9 млн.сом табышыптыр. Кызыл директор муну менен "кичине өсүш бар"-дегенди кыйытып жаткансыйт. Анткени менен жайкы сезон учурунда саат сайын кеминде 500 машине өтүп турган Балыкчыдагы экологиялык постту "таза иштешет"-дегенге эл ишене бербейт. Булар жыл сайын эле "жаңы аппарат койдуруп, жакшылап иштейбиз"-дегенди жабырата айтышканы менен жыйынтыгын көрө элекпиз. Мүмкүн эмдиги жылга чейин эптеп жиберишер.



Чендешсе болмок
Эсиңиздерде бар чыгар, депутаттар каникулда жүргөндө күч структуралары "депутат Нурлан Сулаймановго иш козгогону калдык, кишенибизди даярдап койдук"-демиш болушуп, жөн турган бечараны үркүтүп жиберишкен.
Же "келсең камаласың"-дегенди туюнтушуп, атайы ошондой кылганбы, айтыш кыйын. Эмнеси болсо да чендешсе болмок экен. Н.Сулаймановдун ошондо жүрөгү түшүп калганбы же мурда ооруп жүргөнбү, айтор, Мюнхенде жүрөгүнөн операция жасатыптыр. Абалы күндөн күнгө жакшырып баратса керек. Ылайым ошондой болсун. Бирок, булар катуу чочутуп коюшту окшойт, Кыргызстанга кайтып келеби-келбейби ушу жагы кыйын болуп калат ко?


Керебизби? Чоёбузбу?
Депутат Сайдулла Нышанов түшүнө кирип чыкканбы, таң ата электе ЖК жыйынында Айт намазы учурунда эски аянтта элдин батпай кетип жатканын көтөрүп чыкты.
Көтөргөн маселеси дурус эле го, бирок, депутаттын "эски аянтты кеңейтиш керек"-дегенин кандайча түшүнсөк бөлөт. Аны кантип кеңейтиш керек? Чоёбузбу? Керебизби? Андан көрө "башка аянт бергиле" - дегенинде данек бар. Ошол жагынан "урдурса" оптуурак болбойт беле?!


Күбөнү коркутуп жатышыптыр
"Республикачы" депутат Кенжебек Бокоев мародёрчулук боюнча баалуу күбө болгон Мирбек Баялиевди кимдир бирөөлөр коркутуп жатканын билдирди.
Анын айтканына караганда тергөөчүнүн өзү бечара күбөнүн жүрөгүн түшүрүп жатса керек. Тергөөчү башы менен түз эле баланын атасына телефон чалып, эгерде көрсөтмө бере турган болсо, аны да кошо отургузуп коерун уулуңарга түшүндүрүп койгула дептир. Депутат Башкы прокурор өзү келип бул маалыматты угушу керек эле деди. Күбөлөр мыйзам тарабынан корголо турганын эске алсак, бул жерде иш таза эместей. Депутат билдиргендей тергөөчүнүн өзү коркутуп жатса, бул иштин аягына эч качан чыкпайт окшойбуз.


Биз биринчибиз... Артынан санаганда
2012-жылдын тогуз айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 4,6 пайызга түшүп кетип, КМШ өлкөлөрүнүн арасында артынан санаганда биринчи келатыппыз.
Бир сөз менен айтканда, ИДП 203 млрд 837,8 млн сомду түзгөн. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, "Кум-Төрдү" кошпогондо ИДП 3,8 пайызга өсүп, 84 млрд.120,6 млн.сомду түзүптүр. Айрыкча, өнөр-жай, кайра иштетүү тармактарыбыз кыйратпаптыр. Кудайга шүгүр, эки жылдан бери анчалык деле ойпоң-тойпоңу жок жашап жаткандайбыз, бирок, экономикабыздын эңшерилип кетишин эмне менен түшүндүрөбүз? Сыягы, баарыбыз эле акыры аңга кептечү саясаттан башыбыз чыкпай калгандай. Минте берсек…


Таштанды таштасаң, талкаланасың
Кыргыз өкмөтү ойлонуп-толгонуп отуруп, "таштандыларды көрүнгөн жерге таштай бергендерди талкалайбыз"-деген мыйзамын алып чыгууну көздөөдө.
Себеп дегенде, мурдагы 10-50- сом деген айып пулдар эч кимге таасир бербейт экен. Мындан ары таштандыларды каалаган жерине ыргытып жиберип баса бергендердин өздөрүн баса калып, мойнуна 15 миң сом айып пулду иле салсаң, экинчи таштабай калат эле деген пикирин билдирди. Бул колдой турган мыйзам болуп турат. Себеп дегенде, Бишкекти айтпайлы, алыскы жайлоолорго чейин таштанды басып баратат. Эмитен эсибизге келбесек, кеч болуп калчудай.

Бөлгөнү жатышат
Кыргызстандын кайсы тармагын алба өчөйгөн абалда. Анын ичинде баарыбыз көп үмүт кылчу туризм тармагы да бар.
Бирок, бул тармак эгемендик жылдарында элди бакмак түгүл өзү 17 жолу ар кайсы мекемеге "эрге тийиптир". Акыры келип токтогон жери Маданият министрлиги эле, эми бул мекемеден да ажыраштырып, "өзүнчө эле кыл" дешип, энчисин бөлүп берип жатышкандай. Бирок, Кыргызстандын туризм боюнча ишкерлер союзунун төрагасы Михаил Халитов "Бул жерде өзүнчө мекеме түзүүнүн алдында мамлекет эмне иш кылат жана туризмден эмнени каалайт, ошону ажыратып алсак. Ийне-жибине чейин аныктап алып, анан "эрге" берсеңер жаңылбайт элеңер"-деген кеңешин айтты. Өкмөт "өзүнчө кетсин"-деп эле өпкөсүн кагып жатат, угар бекен?!


Диверсанттар дейби?
Каап, байкабай калган экенбиз. Көрсө биздин депутаттар жашаган үйгө диверсанттар толуп кетишиптир. Атайын кызматтар каякты карап жүрөт десең?!
ЖК депутаты Гүлнара Жамгырчиеванын айтымында кайдан келгени белгисиз диверсанттар үйүнүн жанында турган кызынын машинасынын терезесин талкалап кетишиптир.(Терезе талкалагыч диверсантты кайсы өлкөдө даярдачу эле иликтеп көрүш керек экен). Депутаттын "өмүрүбүзгө, ден-соолугубузга зыян келтирилип калбашы үчүн каска кийип жүрбөсөк, ээн-эркин баса албай калдык"-дегенине караганда, абал оор окшойт. Ошону менен депутат айым ЖК төрагасынан "ал үйгө видео камераларды койбосоңор, кырдаал кыйын"- дейт. Эми, канттик, баарыбыз барып депутаттарды кайтарсакпы?! Диверсанттар жан койбойт го?!


Жылып келаткан суук…
Жыргатпаган өкмөт
Жылда көмүрдү "Маймак" станциясы аркылуу алып жүрүшкөн Таластык туугандар быйылкы кышка бир тоголок да камдай алышпай суук түшкөн сайын кабатыр абалда. Буга "Маймак" станциясынын үч айдан бери иштебей турушу себеп болууда. Казактардын көмүрдү сылай жүктөгөн вагондору таластыктар кармап калчудан бетер "Маймак" станциясына токтобой, өтүп кеткенче шашылат дешет. Бул маселе жай бою эле көтөрүлүп, бийлик "ачтырдык"- деп айткандай болгон. Андай эмес экен. Казакстан эпизоотикалык абалды шылтоолоп, Кыргызстандын сүт азыктарын киргизбей жатканынан улам, "өзүбүздө да күнөө барбы?"-деп ойлонуп калганбыз. Ал эми темир жолдон да бирдеме жукчудай болуп, "Маймак" станциясын ачпай жатышын дегеле түшүнсөк буюрбасын. Кыргыз өкмөтү "эшек такалап" отурбаса, элди ойлосо болот эле.


"Алиби" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??