Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Митингстан

Кийинки жылдары Кыргызстан болбой эле, дүйнөгө Митингстан катары таанылып баратабыз. Фактыга кайрылсак, өткөн жылдын тогуз айында республика ичинде 1013 митинг болуп өтүптүр. Ошондо эл аралык серепчилер "Гиннестин китебине киргени калдыңар"- деп келеке кылышкан. Ал эми быйылкы жылы канча митинг өткөргөнүбүздү эсептеп берген киши жок. Кебетеси, былтыркыдан ашпасак, кемибейт болушубуз керек.

Кыргызстан учурда "митинг"-дегенден баш көтөрө албай турат. Анын себеби белгилүү. Муну "демократиянын шарапаты"-дейт экенбиз. Конституциялык укугубуз экен. Бул жагынан азыркы митингдердин детонатору болгон К.Ташиев, Т.Мамытов, С.Жапаровдордун колдоочуларынын жаалы катуу. Алды ачкачылык жарыялап, аксакалдары Ак үйгө чейин жетип келишти. Баарынан да боюнда бар келиндин ачкачылык жарыялап ийиши баарыбызды кейиткен. Кудай жалгап, токтотту окшойт. Саал мурдараак К.Ташиевдин айылдаштары "Ош-Бишкек" кан жолун түнү менен тосуп, таңга жуук тараган. ММКларда эки жакта 6 миңге жакын машина өтө албай турат деген маалымат кеткен. Жол деген жол. Ар кандай максатта жол тартат киши. Арасында оорусу бар, соосу бар дегендей.
Жөн эле көр оокаты менен кетип бараткан кишинин К.Ташиевдин камалганы, атүгүл бар, жогу менен иши эмне? Аларды ары-бери өткөрбөй коюуга кимдин кандай укугу бар?! "Ош-Бишкек" жолунун саясый стратегиялык мааниси чоң. Республиканын түндүк-түштүгүн байланыштырган жападан жалгыз түйүн. Бирок, бул жол-саясатчылардын кубаттуу куралына айланганына көп болду. Убагында А.Мадумаров да "бир саатка жетпей жаптырам"-деп А.Акаевдин айласын кетирип турчу. Мындай ыкма жеке гана саясый талаптар эмес, экономикалык маселелерде да колдонула калып жүрөт. Буга жакында "Ош-Бишкек" жолунун Чүйдөгү бөлүгүн тосо калган чүйлүк туугандарды мисалга тартсак болот. Алар "оор жүк ташуучу машинелер жолубузду талкалап жатышат"- деген жүйөөнү кармашкан.
Бүгүнкү күнгө кайрылсак, ачкачылык жарыялап, жол тосконго чейин барышкан К.Ташиевдин жакындарын, жердештерин адам катары түшүнсөк болот. Бирок, баарыбыз баш ийе турган мыйзамды кандай кылабыз? К.Ташиев катардагы жаран эмес. Килейген саясый партиянын башчысы, депутат, официалдуу оппозицияда турат делген, бийлик башындагы адам. Анан алма ууруга түшкөн көчөнүн тентек баласынан бетер, жол турса Ак үйдүн тосмосунан секирип өткөнү, секирип баратып санын шишке сайдырып алганы, анысын "атып жиберди"- деп бийликке жалаа кылганы, тосмодон ашып түшөөрү менен тоок кубалаган корозчо үрпөңдөп, Ак үйдү кайтаргандарды тырпыратып кубалап жөнөгөнү, кийин "жөн эле жумушка бараткам"-деп баарын кызылдай танганы мыйзамды мындай коёлу жигиттикке жатабы?. Андан көрө "ооба ошондой кылдым, бул менин позициям" -деп турса көпчүлүк "буга, эми дабаа жок"- демек. Мүмкүн, аргасыз саясый кадамы катары бааланмак. Ичтен да, сырттан да колдоо тапмак.
Ошону менен К.Ташиев баштаган жооп топтордун камалышы кыргыз коомчулугун кырды-бычак абалына кептеди. Күркүрөгөн митингдер күчөп, бийликке кысым артууда. К.Ташиевдин жактоочулары ЖК депутаттарына, президенттик аппаратка кирип чыгышты окшойт. Президенттин кеңешчиси Ф.Ниязов "президенттин иш планында митингчилер жолугушуу жоктугун" билдирди. Оп-паа! Булар ушул жерден жаза басканы турушат окшойт. Кезегинде А.Акаев да А.Бекназаровго байланыштуу жолугушууга барган Аксылыктарга жонун салып жүрүп, балээге калган. "Улук болсоң кичик бол"- дегендей, президент А.Атамбаев да К.Ташиевдин жактоочуларын кабыл алып, өткөндө айтканындай "баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз" -дегенин дагы бир жолу эстерине салып, жылуу-жумшак узатып койсо, кичирейип калмак эмес.




Бульдозёр жүрүш
Басма сөздөргө оңду-солду бирдемелерди айтып турбаса шакыйы кармап турчу А.Бекназаров "Мен Конституциялык палатанын судьялыгына өтсөм да, өтпөсөм да А.Атамбаев кылды деген сөз кетет"-деп жыландын башын чыгарып турат.
Мунусу менен бульдозерунун тумшугун президентке такап, ачык эле "өткөрсөң андай, өткөрбөсөң мындай"- деп турбайбы эргулуң. Бул сөздүн ар жагында көп нерсе жатканын баамдап турабыз. "Бульдозер жүрүш" деген ушул.


Чегебиз..Ичебиз…
ЖК депутаты Дастан Бекешов: "…бюджеттин жетишпегенинен спорт, курулуш, атургай билим берүү тармактарын каржылоо кыскарып жатат. Ушуга байланыштуу чукул арада Салык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, тамеки жана алкоголь ичимдиктерине акциздик салыкты киргизүүнү сунуш кылам"- деп чыкты.
Ырас эле, депутат айткандай, арак менен тамекинин салыгын көбөйтсө болчудай. Ичкиси келгендерибиз арактын баасына карабай баса калып ичебиз да. Чылымчылар деле ошондойбуз. Мурдубуз курттап атса акчанын көзүнө карамак белек. Эң негизгиси эле тыйып салышпаса болгону. Кайран союз аракты тыйып салып, бир жылда 25 млрд.рубль киреше албай калып, ошонун айынан өзү да союлуп кеткен.



Бүлүнгөндөн бүлдүргү алгандар...
Башкы прокуратура 2010-жылдын апрель окуялары учурунда "Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги бүгүнкү депутаттары Р.Төлөгөнов, Т.Мадылбеков, Ө.Текебаевдер катышкан 13 мародёрлук фактынын бар экендигин тастыктады.
Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын өкүлү Орузбек Бердыбаев мародёрчулук фактысын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияга билдиргендигин "Вечерний Бишкек" сайты жарыялаган. О.Бердибаевдин айтымында, "Ата Мекенчилердин" үстүнөн мародерчулук фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Абдулла Юсуповдун жана башкалардын иш аракеттеринде дагы кылмыш курамынын белгилери ачыкталган. Көрүнүп тургандай, бул иштин аягы далайларды алып жыгылчудай. Кыргыздын "бүлүнгөндөн бүлдүргү алба" - деген кеби бар эле. Аны унутушуп, акыры ушул болбодубу.


Казак кысты эле,
кыргыз кыймылдай баштады

Казакстан менен сүт азыктары боюнча сүйлөшүүгө барган кыргыз ветеринарлары бозала болуп кайтып келишти, болбогон шылтоолорду айтып келишти. Мамлекеттик ветеринария департаментинин директору Жаныбек Султановдун айтымында казак тарап Бажы союзунун талаптарына таянып, Кыргызстандын сүт азыктарын киргизүүдөн караманча баш тартыптыр .

Себеби эле, Кыргызстан эпизоотикалык абал боюнча маалымат көрсөтө албаптыр. (Кыргыз ветеринарлары аны жасабай ат такалап жүргөнбү десек, атайын мыйзам керек дешет.)
Ошентип, казактар "малыңарды идентификация кылбапсыңар - шылтоосу менен биздин сүт азыктарды албайбыз деп турушат. Ал эми "идентификация кылалы" десек, жалаң биркасына эле 500 млн.сом талап кылынат экен. Кошумчалай кетсек, малдын башка жугуштуу ылаңдарын айтпаганда да Кыргызстан жалаң шарп ылаңын жеңүү үчүн 250 млн.сом жумшашы зарыл дешет адистер. "Какаганга муштаган" дегендей Кыргызстандын ветеринария тармагы туруп-туруп эле эки баштуу, төрт мүйүздүү болуп кетип, (бизде эки Башкы инспекция бар) кимисин угарыбызды билбей, мээ айланып турат. Ошону менен күнүнө 120 тонна сүт азыктарын Казакстанга чыгарып турчу элек, айлабыз алты кетүүдө. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Айыл чарба министрлигине "үч күндүн ичинде керектүү мыйзамды даярдап ЖКга тапшыргыла, бир айдын ичинде кабыл алынсын"- деген тапшырмасын берди. Казак кысса кыргыз ушинтип кыймылдай баштайт көрүнөт.

"Алиби" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??