Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ак үйдө иштөө азап...
Мыйзамдын чечмелениши:
Аалам боюнча жыргаганда эле саясый айла-амалдардын чордонуна, бийлик ордосуна аралашкан Ак үй (хан сарай) кызматкерлери жыргайт. Алар кожоюндун каш-кабагынан эмне айтаарын билип турушат. Түлкүдөй мант бергич келет. Өзүнүн бийлигин жылуу-жумшак бере койгонго да даяр... Деги, Ак үйдүн ички мыйзамын үйрөнүп алсаң - сенин даражаңдын өсүшүнө чек жок болот.

IV көрүнүш
Жан-Баптист Изабэ кадимки Наполеондун Ак сарай ичиндеги көмүскө сүрөтчүсү болчу. 1814-жылы Вена конгресси өтүп жатканда тактан кулаган Наполеон Эльба аралына сүргүнгө айдалат. Европанын тагдырын чечүү алдында турган конгресстин катышуучулары бул тарыхый учурду эпикалык полотного калтыруу үчүн Изабэни чакыртышат. Сүрөтчү Венага келип түшөөрү менен француздардын негизги өкүлү Талейран ага биринчи болуп жетип барды. Сүйлөшүүлөрдөгү өзүнүн ордун сезген Талейран сүрөтчүгө "мени дал ортосуна коюп тартасың" - деген талабын коёт. Изабэ чык ыкластан макул болот. Көп өтпөй сүрөтчүгө Англиянын герцогу Веллингтон да "куда түшүп" Талейран айтканды айтат. Изабэ: "улуу герцог ортодо болбогондо кайда болмок эле"- деп лепилдеп жооп берет.
Жумушуна келгенден кийин Изабэ ойлоно баштайт. Экөөнүн бирөөнү ортого койсо, бөөдө дипломатиялык чыр чыгып, Европага абадай зарыл болуп турган тынчтыкка доо кетмек.
Акыр аягында сүрөтчү эки саясатчынын тең эсебин мындайча табат: Эбегейсиз чоң полотнодо Европанын дипломатиялык каймактары отурат. Баарынын көздөрү сырттан жаңы кирип келаткан Веллингтонго кадалган. Бирок, дал ортодо Талейран чалкалайт...Бул сүрөткө тигил экөө тең ыраазы болуптур.

Түшүндүрмө
Ак үйдө кожоюндун көңүлүн табыш өтө кыйын, ал эми эки кожоюндун көңүлүн жайгаруу үчүн гений болушуң керек. Бул Сцилло менен Харибдин ортосунан чөгүп өлбөй сүзүп өткөнгө барабар. Кожоюндар өздөрүнө таандык сый-урматын алыш керек. Эч качан алардын биринин көңүлүн алып, экинчисин таарынтып алба.

V көрүнүш
Жорж Браммел (кийин Бо (Сулуу) аталып кеткен) 1700-жылдары ашкере сылаңкороздугу менен белгилүү болуп, күндөлүк турмушка оймо түшүрүлгөн бут кийимдерди киргизген, жаагы жок чечен неме эле. (Көп өтпөй элдин баары эле аны туурап калышкан). Анын Лондондогу үйү шаардын сыймыгы аталып, өзүн мода боюнча абройлуу адис катары эсептешчү. Эгерде ага кимдир бирөөнүн бут кийими жакпай калса, дароо эле айтчу. Ал бечара жерден чукуса да акча таап, Браммел эмне кийсе, дал ошондой бут кийим кийчү. Браммел галстукту байлоонун жаңы жолун да ойлоп тапкан. Байрондун өзү "аныкындай кылып байлайм"- деп далай түндөрдү таң аткыча күзгүнүн алдында өткөргөн.
Браммелди принц Уэльский да чындап сыйлачу. Өзү да сыланып-сыйпанып турчу. Королдун ак сарайына жакындап алган, бир жагынан эл ичиндеги абройуна сыйынган Браммел жаш принцтин кемчил жагын айтып, аны "Биг Бенг"- деп келеке кылат. Мунун аягы Браммелди Ак сарайдан айдап чыгуу менен бүттү.
Браммел принцтин каарына калганы менен көкүрөк көтөргөнүн уланта берди. Бирок, көп өтпөй анын колдоосу жок калган неме карызга мойнунан батат. Аз убакыттан кийин жанында эч ким калбады. Эч ким көңүл бурбай калган ал, кийин жеткен жакырчылыкта көз жумду.

Түшүндүрмө
Браммелдин курч тили өз башына тийди. Принц Уэльскийдин "жарасын чукуй коём"- деп балээге калды. Анын үстүнө эл көзүнчө айтпадыбы. Демек, эч качан кожоюндун сырткы кебете-кешпирин келеке кылбагыла. Браммелге окшогон далайлар кожоюнун "ыксыз келеке кылам"- деп, жакырчылыктын сазында калышканын унутпагыла.

VI көрүнүш
Папа Урбан VIII адамдардын эсинде таланттуу акын катары калгысы келген, өкүнүчтүүсү анчалык кудурети жок эле. 1629-жылы герцог Франческо д Эсте Папанын ырга таптыгын билгендиктен, Ватиканга Фулфио Тести деген акынды элчиликке жиберет. Кийин ал герцогго мындайча жазат: "Биздин сүйлөшүүлөрүбүз аяктагандан кийин кетүүгө ишарат кылганымда Улуу урматтуу мага белги берип, коңшу бөлмөгө кирдик. Үстөлдүн үстүнөн бир топ кол жазмаларды алып, ыр окуду. Ал ырлар Ыйык Марияга жана графиня Матильдага жазылган одалар эле..."
Бизге Тесланын ал ырлар боюнча эмне ойлогону белгисиз, бирок, өзүнүн өйдө-ылдый пикирин кат аркылуу да ачык айтпагандыгы ойлонтпой койбойт. Дагы минтип жазат: "Мен анын көңүлүн көтөрүп, ар бир сабын мактап, анан Улуу урматтуунун бутун өөп, жагымдуу кабыл алуусу үчүн рахматымды айтып, чыгып кеттим". Бир нече күндөн кийин герцогдун өзү Папага келгенинде анын ыр саптарынан таштап коюп отурду. Буга сүйүнгөн Папанын эбедейи элжиреп турду дешет.

Түшүндүрмө
Табит жагынан алганда да кожоюн менен талашып-тартышпа. Ыр жазган неме болсо "улуу талантсың" деп койсоң учуп кете жаздайт. "Кийимиңиз, баскан турганыңыз бизге үлгү" - дей салсаң жерге батпай калат. Андан башка ага эмне керек?!

VII көрүнүш
Хань династиясынан чыккан (б.з.ч. 358-333 ж.ж.) байыркы Кытай падышасы Чжао чочкодой ичип алып, хан сарайдын багында уктап калат. Хандын таажысы үчүн жоопкер кызматкер, ошол туштан өтүп баратып, падышанын үстүндө чапаны жок уктап жатканын көрүп, өз чапанын жаап кетип калат.
Чжао ойгонгондон кийин үстүнө жабылган чапанды көрүп "мени жаап койгон ким?" - деп сурайт. Ал чапандын кимдики экенин билгенден кийин, баягы кызматкерди чакыртып алып, "өзүндүн түз ишиңди кылбай, мага эмне чапаныңды жабасың?"- деп туруп башын алдыртып салат.

Түшүндүрмө
Дайыма, өз ишиңди жаса. Аны да алыңа ченеп, ашынып кетпей жаса. Баш көтөрбөй иштей бергендин да чеги бар. Элдин эле катарында бол. Ал эми өзүңө тиешесиз ишти аткарсаң Ак үйдөгү атаандаштарың сага кыйшык көздөрү менен карай башташат. Болбой эле талантың таш жарып баратса, Ак үйдөн чыккандан кийин жеке ишиңе жумша.

VIII көрүнүш
Кайра жаралуу доорундагы италиялык сүрөтчү Фра Филиппо Липпи (1406-1469) бир ирет достору менен көңүл ачуу үчүн кайыкка түшүп деңизге жөнөп калышат. Алар Анконадан сүзүп чыгар замат каракчылардын колуна түшөт. Колдоруна чынжыр салып Алжирге алып келип, кулчулукка сатып жиберишет. Ошентип, Филиппо Италияга кайтып баруудан үмүтүн үзүп, он сегиз ай бою кулчулукта күн өткөрөт.
Бир жолу ал күйүп жаткан чычаланы алып, аны менен өзүн сатып алган кожоюндун сүрөтүн келиштире дубалдын бетине тартып салат. Кожоюнга дароо кабар жетип, ага сүрөт жагып калып, кулчулуктан бошотот. Аны менен тим калбай Ак сарайынан жай берет. Буга чейин андайды көрбөгөн Алжирдин аттуу-баштуу адамдары Филиппо тарткан сүрөттү көргөнү агылып келе башташат. "Бул бир Кудайдын керемети"-дешип ооздорун ачышат. Ыраазы болгон кожоюн белек-бечкекти аянбай берип, Филиппону Италияга жөнөтүп коёт.

Түшүндүрмө
Башка бирөөлөр үчүн баш көтөрбөй иштеп жаткан биз, каракчыларга колго түшүп, акыры кулчулукка сатылып кеткендерден айырмабыз жок. Бирок, Филиппо сыяктуу ар бирибизде башкалардан ашыра жасай турган талант болушу мүмкүн. Ошол талантыңды кожоюнга тартууласаң кожоюнуң башка Ак үйчүлөргө караганда сени көтөрмөлөбөй койбойт. Сен кылган иштин атак-даңкы убактылуу болсо да кожоюнга кала берсин: сен аны кызматтык тепкич катары пайдалан. Башкалардан баалуу экениңди көрсөтө билсең, ордуң бийикте болот.

XI көрүнүш
Бир ирет король Альфонсо I Арагонскийдин кызматкери түш көргөнүн, түшүндө королдун өзү ага алкынган ат, баалуу кийим-кече, жаркыраган курал-жарак бергенин айтат. Король колу ачык, март адам эле, "бечаранын көргөн түшү чын болуп калсын"-деген ниетте анын айткандарынын баарын бердиртет. Кийинчерээк тиги неме "түш көрдүм"-деп дагы жетип келет. Бул жолу ал король ат башындай алтын берип жатканын билдирет. Король жылмайып туруп: "Мындан ары түшкө ишенбей жүр. Ал болбогон нерсе"-дептир.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??