Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН ПАРТИЯ
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 2012-жылдын 21-апрелинде өткөн 12-курултайында Уставга үч өзгөртүү киргизген. Тилекке каршы, бүгүн Уставга андан башка да өзгөртүүлөр кирип калганы билинди. Алсак, "Председатель партии и его Заместители утверждают руководителей и штатных сотрудников территориальных органов партии" деген, адамдын күлкүсүн келтире турган, пункт пайда болуптур. "Партияга кабыл алуу жергиликтүү жана борбордук уюм аркылуу жүргүзүлөт" деген дагы бир өзгөртүү бар экен. Ушунун негизинде Кара-Көл шаардык уюмда катталбаган адамдар, "Бишкектен партияга өтүп келдим" дешип шаарда өзүнүн "СДПК" деген уюмун түзүп, бири партбилеттерди таратып жатса, экинчилери партбилеттерди сатып жатат. Үчүнчүлөрү "Сени шаардык Кеңешке депутат кылам, тизмеге жазам" деп акча чогултуп жүрөт.
Дагы бир кызыгы, Саясый кеңеш өз алдынча Уставга каршы келген дагы бир Уставды "жобо" деген ат менен кабыл алыптыр. Алар курултайдын ыйгарым укугуна кирген маселелерди өзү чампалап чечкенге укугу жок экенин унутуп калышкандай. Мындай өзгөртүүлөр курултайда каралган эмес. Эгер каралса делегаттар эч болбосо "Председатель партии" дебей "Председатель Политсовета партии" деп жазгыла" деп каталарын оңдоп коюшмак.
Мына ошол ката жазылган Уставдагы пункттун негизинде Саясый кеңештин төрагасынын орун басары Ч.Турсунбеков Кара-Көл шаарына А.Бакасова дегенди координатор кылып жөнөтүптүр. Анысы шаарга келип, "А.Атамбаев айтты" деп, шаардык уюмду таратып, буга чейин партиянын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп келген ишенимдүү мүчөлөрүн партиянын катарынан чыгарып, баягы "Ак жол" партиясын "КСДП" партиясы деп кайрадан түптөдү. "Апрель окуясынын каарманы" медалын алган, КСДПнын 1993-жылдан берки мүчөсү А.Сарытаевди, 2009-жылы президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер болуп көрсөтүлгөн А.Атамбаевдин Кара-Көл шаарындагы координатору "Ак жол" партиясынан, бийликтен тепки жеген Ж. Алиевди партиянын катарынан чыгарып салганы - КСДП партиясы бирөөлөрдүн менчигине өтүп кеткенин далилдеп тургансыйт.
Мындай окуя бир гана Кара-Көл шаарында эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында болуп жатканы өкүнүчтүү. Жалал-Абад областтык уюмдун жетекчисин да так ушундай жол менен алып салып, ордуна бөлөктү жөнөтүшүптүр.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! КСДП партиясы - "А.Атамбаев түптөгөн партия" деп аталат. Ошондуктан "Саясий уюм" деген эмне экенин билбегендерди "Устав менен иштегиле" деп ооздуктап коёсуз деп ишенебиз. Себеби, ноябрь айында жергиликүү кеңештерге шайлоолор болот. Ушул шайлоого "КСДПнын атынан "Ак жол" партиясы бара турган болуп калды. Биз, албетте, сот аркылуу аларды шайлоого жолотпогонго аракет жасайбыз. Бирок…

Ж.Алиев,
Кара-Көл шаары. Ленин көч. 8-83.
Моб.тел. 0773 085749.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??