Ху Цзиньтауда нысап бар экен
Урматтуу "Алиби"! Досум экөөбүз "мамлекет башчылары канча маяна алат" деген маселенин айланасында талашып-тартышып кеттик. Ал: "Өлкө башчысы болгон соң, канча кааласа ошончо алат да. Жок дегенде эле айына миллион доллар алса керек" дейт. Мен билгенден өлкө башчыларынын айлык маянасы жупуну эле болсо керек?
Муратали Назаров,
Сүлүктү шаары


Сиз туура ойлойсуз! Өлкө башчылары жупуну эле маяна алышат. Айталы, Кыргызстандын президентинин бир айлык эмгек акысы ошол эле "Мегаком", "Билайн", "Газпромнефть Азия" сыяктуу жеке менчик компаниялардын жетекчилеринин бир айлык эмгек акысынан алда канча аз экени белгилүү. Атүгүл, Кыргызстандагы айрым бизнес компаниялардын жетекчилери АКШнын президенти Барак Обамадан да көп айлык акы алышат. Алсак, АКШнын президенти Барак Обама айына 33 миң 333 доллар маяна алат. Жылдык кирешеси 400 миң доллар. Ал эми президент Владимир Путиндин бир айлык эмгек акысы 9 миң 543, жылына 144 миң 519 доллар. Путиндин бир жылдык иштеп тапканын биздеги айрым жетекчилер бир айда табат десек болот.
Кошуна Кытай Эл Республикасынын башчысы Ху Цзиньтаунун айлыгы 886 доллар. Жылына болгону 10 миң 633 доллар табат. Нысап деп мына ушуну айт. Бизде экс-президентибиз айына 80 миң сом пенсия алат. Түшүнүү да, түшүндүрүү да кыйын. Бийлик аке эмне үчүн андай экенин Кытайдын экономикасы менен Кыргызстандын экономикасын салыштырып түшүндүрүп койсо жакшы болмок.


312 миллион сом киреше ...
Жакында эле өкмөт пенсионерлердин пенсиясын көтөрдү. Бирок, саясатчылар, финансисттер "өлкөнүн казынасында акча жок" деп жатышат. Макул, пенсионерлердин пенсиясын көтөргөнгө эч ким каршы эмес. Бирок, пенсия кайсы булактардан каржыланат? Муну да ойлонуш керек эмеспи. Мен ушуга таңгалып турмун?
Абыт Сейитказиевич, Балыкчы шаары

Албетте, сиздин тынчсызданганыңыздын жөнү бар. Өлкөнүн бюджет таңсыктыгы 20 миллиардга чукул экени, бюджеттин жыртык тешиктерин "эмне менен бүтөйм?" деп мамлекеттин бул маселеге башы ооруп турганы талашсыз факт. Анткени менен Өкмөт каржылоо булактарын таппай туруп, пенсияны көтөрүү тууралуу маселени коймок эмес. Дагы бир көңүл бура турган жагдай, биз билгенден Соцфонддун бюджети менен Өкмөттүн бюджетин чаташтырбаш керек. Соцфонд өзүнүн бош акчаларын банктарга коюп, андан киреше табат. Маселен, быйыл Соцфонд "Айыл Банк", "BakaiBank", "Азия Банк", "Дос-Кредобанк" сыяктуу коммерциялык банктардагы камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 312 миллион сом киреше алабыз деп турат. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевдин айтымында, өткөн жылдын 4 айында бул мекеме камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 66 миллион сом киреше алган.
Айта кетчү нерсе, Соцфонддун акчалары Соцфонд "Айыл Банк", "BakaiBank", "Азия Банк", "Дос-Кредобанк" эсептеринде жатат. Алардан түшкөн киреше 10-12 %ти түзөт.


Алтайда табылган байыркы
адамдын теги кыргызбы?
Ата-бабалардын мекени болгон Алтайда байыркы адамдын сөөгү табылганы канчалык чындыкка жатат? Же бул да көп имиштин бириби?
Байбосун Бекбергенов, Кара-Кулжа району


"Азаттык" радиосу "Лондондон чыккан "The Guardian" гезити Сибирде, Алтай тоолорундагы "Денисов үңкүрү" аттуу аябагандай зор жана терең үңкүрдө байыркы замандарда, тагыраак айтканда мындан 50 миң жыл башта жашаган адам баласынын сөөгү тууралуу кызыктуу макала жарыялаганын" кабарлады. Көрсө, сөөктүн айрым калдыктары мындан үч жыл мурда, 2008-жылы археологдор тарабынан табылган экен. Бул тууралуу илимий макала жакында эле "Science" журналына жарыяланган. АКШ менен Германиянын адистери байыркы адамдын ДНКсын бөлүп алууга жетишип, генин изилдеп, бул сөөк кыз баланын сөөгү экендигин аныктаган. Азыркы илимдин канчалык өскөнүн ушундан билиңиз - кыздын тирүү кезиндеги өңү-түсү кара тору, чачы кара-күрөң, көзү да күрөң түстө, бизче айтканда кой көз кыз экени да билиниптир.
"Лейпциг шаарында жайгашкан Макс Планк институтунун антропологдорунун айтканына жана байыркы кыздын генетикалык түзүлүшүн изилдеген Гарвард медициналык окуу жайынын адистеринин пикирине караганда, бул кыздыкындай генетикалык үлгүлөр азыр да бар. 50 миң жыл мурда жашаган кыздын уруулаштары же кандаштары бир убактарда Алтайды жердеген жана азыркыга чейин жашап келаткан улуттардын арасында барбы, болсо кимдер, кайсы улуттар деген суроо окумуштуулардын, генетиктердин алдында турган чоң илимий суроо сыяктанат" деп "Азаттык" жазмакчы, эгер, биздин ата-баларыбыз Алтайда жашаганын эске алсак, балким ал кыздын кандаштары жана уруулаштары азыркы кыргыздар болуп жүрбөсүн?