Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргызстанда эч нерсеге таңгалбаса болот
Урматтуу "Алиби"! Эл арасында "Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырган Максим Бакиевдин машинелерин ушул күнгө чейин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, бийликте отургандар минип, тайраңдап жүрүшөт" деген имиш бар. Максим Бакиевдин машиналарына күнү түшүп калган эмне деген бийлик? 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция Максим Бакиевдин машиналарын тартып алып миниш үчүн болду беле?
Айдар Мокенов, Нарын шаары

Урматтуу Айдар! Сиздин эмнеден улам кыжалат болгонуңузду түшүнүп турабыз. Албетте, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция Бакиевдердин үй-мүлкүнө мародерлук кылуу же Максим Бакиевден тартып алынган машиналарды тайраңдап минип жүрүш үчүн болгон эмес. Бул эми таптакыр башка маселе. Максимдин машиналарын кимдер минип жүргөнү тууралуу айта турган болсок, Маммүлктү башкаруу фондунун директор орунбасары Назира Үсөналиеванын айтымында Убактылуу Өкмөттүн декрети менен 5 машине президент иш башкармалыгынын балансына берилген. Бирок, Назира айым азыр бул машиналарды "ким минип жүргөнүн билбейт" экен. Ал эми "Атажурт" фракциясынан депутат Ахматбек Келдибековдун маалыматы боюнча "BMW-750 - Жогорку Кеңеш төрагасы, "Мерседес-500"дү - премьер-министр, Lexus-570RXты - мурдагы президент Роза Отунбаева минип жүрөт. Lexus-330 болсо - "дежурка" - экен.
Баса, Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылган Як-40 учагын "Мамлекеттик мүлк фонду 100-200 миң долларга сатып ийгени атат деп уккам. Силер аны саткыча, ал жараксыз болуп калат. Андан көрө учакты президент иш башкармалыгынын балансына өткөрүп, литердик учак катары пайдаланууну сунуш кылсам, тилимди албай коюшту" - дейт Ахматбек Келдибеков. Капырай, Убактылуу Өкмөт "Максим Бакиевдин бир машинасынын баасы 300-400 миң долларга барабар" деп жатышты эле, Мамлекеттик мүлк фондусунун Як-40 учагын 100-200 миң долларга сатканы жатканы кызык экен. Арийне, Кыргызстанда эч нерсеге таңгалбаса болот.




Усубалиевди
сыйлай албасак уят болобуз...
Экс-президент Роза Отунбаевага 60 миң сом пенсия чектелген деп угуп жатабыз. Ал эми кыргыз мамлекетин 20 жылдан ашуун башкарган Т.Усубалиевдин пенсиясы эмне үчүн арзыбаган эле суммада? Элибиздин аксакалы Усубалиевге эмгегине жараша сый көрсөтө албасак уят болобуз го.
Калый Жунусбаева,
Кочкор району

Биздеги маалыматтар боюнча Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага 80 миң пенсия чектелген. Ал эми Кыргыз ССРинин компартиясын көп жылдар жетектеген аксакалыбыз Турдакун Усубалиев тууралуу айтсак, а кишинин пенсиясын көтөрүү үчүн Өкмөт "Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн атайын мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна койду. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Т.Усубалиевдин пенсиясынын өлчөмү 60 миң 480 сомго чейин көбөйүп, бюджеттен жылына 443 миң сом талап кылынат. Ошентип, Өкмөт тарабынан канчалык камкордук көрүлгөнү менен Кыргызстанды 20 жылдан ашуун башкарган аксакалыбыздын пенсиясы өлкөнү 1,5 жыл башкарган экс-президенттин пенсиясынан аз болору айтпасак да түшүнүктүү чыгар.


Болот Отунбаев
кыйын экен!
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Б.Отунбаев кызматынан кетип, Швеция Королдугуна элчи болуп дайындалды дешет? Болот Отунбаев кайсы күнөөсү үчүн элчиликтен кетти?
А.Бешимов, Өзгөн району


Отунбаев кызматынан кеткен жок. Тескерисинче, анын ыйгарым укуктары мурдагыдан да кеңейди. Кыргыз Респуб-ликасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен Кыргыз Респуб-ликасынын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев резиденциясы Берлин шаарында жайгашуу менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Швеция Королдугундагы, Сан-Марино Республикасындагы жана Ыйык тактыдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу чет жердеги элчилерибиздин айрымдары бир эле убакта эки же үч мамлекетке элчи болуп иштеп келатышканы эч кимге деле жашыруун эмес. Элчилердин кимисине кошумча ыйгарым укуктарды берет, ал мамлекет башчысынын ыйгарым укугундагы маселе.


Дагы бир айга узартылды
Депутат Нариман Түлеевдин иши аябай созулуп кетти го. Деги ал Бишкек шаардык кеңешине шайлоолорго чейин камактан чыгабы?
Адил Турсункулов, Бишкек шаары

Нариман Түлеевдин камакка алынганына төрт айга чукулдап баратат. Элдин эсинде болсо керек, ал 21-июнда өз үйүндө камакка алынган. Башкы прокуратурага төрт саат сурак бергенден кийин кое берилип, 22-июнда ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" делип айып тагылып, камакка алынган. Бүгүнкү күндө ал УКМКнын убактылуу кармалуучу жайында отурат.
Жакында Түлеевди бул жайда кармоо мөөнөтүн бир айга узартуу маселеси каралды. Депутаттын жактоочулары бул чечим менен макул эмес.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 8-октябрда Нариман Түлеевдин ишин карап, Н.Түлеевдин адвокаты Султан Баратовдун судья Бекболот Жаналиев ишти карабасын деген арызын канааттандырды.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??