Кулагыңа күмүш сырга
Аялдар!
Арыбызга келели!

"Эркекке теңелбе". Бул бала кезде апамдан эң көп уккан сөз. Өмүрүмдө эркек менен талашып-тартышаар учурларымда кулагыма жаңырып тизгинимди тарткан, уяткарган сөз. Бул сөздү укканымда эмнеге экенин сурабай туруп эле эң терең маанисин байкап, эркекке караганда аял кишинин бийик, ыйык, назик экенин сезчүмүн. Бул канымда байыртан жашап келе жаткан маалымат болсо керек. Болбосо "Эмнеге теңелбейм? Ал ким болуп кетиптир?" деген сыяктуу сроолорду неге бербедим? Кийин акыл токтоткондо байкасам, чындап эле аялдар жаратуучу экенбиз. Балдарыбызга эле эмес бүткүл адамзаттын энеси катары чексиз мээрим болуп, ар бир эркекке бакыт болуп жаралыптырбыз. Аялдар мээрим менен бакыттын өзү тура. Муну эч кандай билим дегенден кабары жок кыргыз гана билген. Ошол кыргыздын бири менин апам.

Ошондуктан байыртан жашоонун маңызын сезип улуулукту жөнөкөйлүк менен жуурулуштуруп жашап келген касиеттүү элбиз. Дүйнө элдеринде жок улуу нарк кыргызда. Эң негизгиси кыргыздар аял затын кор кылган эмес, кызын сыйлап, ага кийимдин жакшысын, тамактын таттуусун, аттын мыктысын мингизип көңүлүн өстүрүп чоңойткон. Көңүлү өсүп чоңойгон кыздан баатыр төрөлгөн. Баатырлар элдик байлык катары каралган. Кыздын да ошого жараша жазылбаган милдеттери болгон. Ал каны менен кошо жаралып, канчалык эрке болсо да аял затына тиешелүү байыртан келе жаткан улуу нарктан чыга алган эмес. Кыргыздын эч жерде жазылбаган эреже-мыйзамдары кандан канга, муундан муунга улап келет.
Кийинки кезде биз ошолордон айрылып, башка өзүбүзгө жарашпаган жоруктарды адатка айландырып, майдаланып, байкуш болуп калдык. Азыр элде болуп аткан баш-аламандыктын өзөгү, наркыбызды жоготконубуздан. Болбосо качан кыргыздын жигиттери өз элин тоноп, башка элдин этегине намаз окучу эле? Качан кыргыздын жигиттери жер көз, жалтак, тантык, калпычы, жемкор, аңги эле? Качан кыргыздын аялдары эркекти беттен алып калдайган калктын көзүнчө кол көтөрчү эле? Кайсы бирин айтайын!!! Деги койчу, кийинки жылдарда эмнегедир болуп жаткандардын баарын көргөн көзүмө ишенбей өңүм экенинен шектенчү болдум. Түшүм эле болуп калса гана.
Менин айтайын дегеним, эмнеге биз ушинтип чайналып, бир ордубузда туруп калдык? - деген суроо. Себеби, биз байыртан ата-бабадан калган улуу касиетибизди жоготуп, улуу нарктан тайып калдык. Парламенттин өзүндө эмне деген гана жоруктар болуп жатканын көрүп жатабыз. Элге мыйзам жазып, алга жетелейт деген уул-кыздарыбызды караңыздар. Көпчүлүгү өздөрүнүн бизнесин коргош үчүн келишкен. Айрыкча 3-октябрь күнү эркек кишиге атырылып муштаганы жүргөн аялды парламенттер залынан көрдүк. Кыргыздын кызы ошончолукка бармак эмес. Бул жорук аял кишиге коошпойт экен. Эне көргөн, эр көргөн аялдын кылары эмес. Чуркап барып муштап жибергендей бакчадагы жаш кызбы, туура эмес болсо тили болгон соң микрофонго барып эле айтпайбы, болбосо айта турган жер толтура эмеспи. Атырылып эркектин жанына барганда зыяндан башка табар пайдасы жок экенин сезбеген ушундай денгээлдеги аялдар парламентке чейин кирип, биздин ашмалтайыбызды чыгарып жатышат. Мындай адашып жүргөн аялдар көп. Ошондуктан биз адашып жатабыз. Айрыкча аял кишиде акыл болбосо аны курчап турган чөйрө азап тартат.
Урматтуу аялдар!!! Келгиле өз ордубузду билели, өз огубузду табалы. Аялдар өз ордун тапкан күнү, эркектер нугуна түшөт.
Сонунбүбү Кадырова, акын, ырчы




Опурулган
Обдунов
Жакшылап баамдаган адамга "республикачы" Элмурат Обдуновдун кыймыл аракети "куюшканга кыпчылган" накылын эске салат. Не дегенде, бу жигит кайсы жерде чуу чыкпасын, ошол жерге заматта жетип барып башын тыкканды адатка айландырып алган. Бул туурасында кийинчерээк кеп салабыз. Ага чейин Обдуновго байланышкан кызык окуянын четин кылтыйта туралы.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) 2009-2010-жылдардагы жетекчилигине кылмыш иши козголгонун кулагыбыз чалды. Бейрасмий маалыматка ылайык, окуу жайдын агездеги жетекчилигине Кылмыш жаза кодексинин 304, 315-317-беренелеринин негизинде айып тагылып атыптыр. Ал эми Элмурат мырза ошол жылдары ОшМУнун башкы бухгалтери катары укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берери калетсиз. Эгер ага тагылган айыптар тастыкталып калса мыйзам чегинде жазага тартылып, атүгүл, эркиндиги менен кош айтышып калбайбы? Андыктан, жакын арада башпрокуратура Элмурат Обдуновдун депутаттык кол тийбестигин ажыратуу сунушун парламентке жолдосо таңгалбай эле койгула…

Андайы
жок эле…
Аномалия
Вице-спикер Т.Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев: "Т.Мамытов митингдин катышуучусу эмес болчу. Ал спикердин тапшырмасы боюнча барган"-деп билдирди. Барганы го барган, бирок, "жылкы теппей, жылан чакпай эле" К.Ташиевди жандай жүгүрүп, Ак үйдүн тосмосунан аттай секирип түшүп, алдынан чыга калган УКМК кызматкерлерине муштум шилтеп жибергенин кандайча түшүнөбүз? Же спикер А.Жээнбеков "ошондой кыл" - деп тапшырма бериптирби? Актагандын да эби бар да. Андан көрө "андайы жок эле, К.Ташиев да туруп-туруп эле өзүн Чыңгызхан сезип, Ак үйдү беттеп айкырып жөнөгөнүнө караганда, ал жерде "аномолия" болуп өткөн десе, ынанып калбайт белек.


Жашыл
жамгыр жаап, бийликтегилер
бири-бирин жей баштайт...
Күз келгенде ар кандай эски оорулар да козголуп, эсиңди эки кыла баштайт. "Кыш болбойт"- деп, ага ишенгендерди үшүккө алдырып жибере жаздаган Арс-тан Алай да козголуп, "быйыл да кыштан тердеп-кургап чыгасыңар"-деп салды. Айтымында, быйыл чегиртке болбоптур. Бул бейиш жашоонун белгиси экен. Айрыкча, 2013-жылдан тартып жерге жалаң гана жашыл жамгыр жаап, жаннатта жашап калат экенбиз. Чөлдөр сууга толуп, тоосу жок жер калбайт имиш. "Эми ага чейин дагы бир жыл бар экен, бу бийлик эмне болот?"- десек шар эле "азыркы бийлик бирин-бири жеп бүтөт, аз калды"- деп салды. Түз эле космоско телефон чалып турчу немеден ким-кимди жээрин сурагандан айбыктык. Кокус, "баланча мени жеген жатыптыр"-деп бийликтегилер кырылышты баштап жиберсе, балээге калбайбызбы?