Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

О ң д о л б о г о н к а т
"Калпка толгон кайрылуу" каты
же Эрмек Үмөтовго каяша
"Ааламга жол айылдан башталат" - дегендей, киндик каным тамган Талас районундагы Көпүрө-Базар айылымдан баштайын. Рысбек Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алмүрөков байке, сиз айыл өкмөтү болом - деп талапкерлигиңизди койгондо, элдин атынан "Андаш" кенинин ачылышына каршы турасызбы? - деп сураганымда, - "Андаш" кенинин ачылышына мен да каршымын, эл менен болом, - деген элеңиз. Эл чогулуп, акимчилик баш болуп, бийлик бутактарынын катышуусунда "Андаш майнинг компаниясы" менен жолугушуу болду. Жолугушууда элдин талабы менен ошондогу райондун акими Нартаев экөөңүздөр токтом кабыл алдыңыздар. Ошонун негизинде жол тосулуп, чалгындоо иши токтоп, "Андаш", "Акташ" кендеринен техникалар толугу менен чыгарылды. "Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты", - дегендей бир барак акт түзө коюп, айылдын аксакалдарына, жаштарына кол койдура салып, кол койгон ошол адамдарды райондук прокуратурага салып бердиңиз. Мына ушунуңуз биздин көкүрөктө калды. "Бетке айткан сөздүн заары жок". Андыктан, айтып чыгасызбы, кайрадан жаздырып чыгасызбы, өз эркиңиз, ага жардам берер Үмөтов Эрмек мырза бар эмеспи!..


"Манас ордо" газетасындагы Үмөтов Эрмек байке, "Андаш майнинг компаниясын" мактаган жагынан "беш каманды" мактаган ырчыдан кем калышкан жоксуз. Ошону менен бирге бул ишиңиз аркылуу "Манас ордо" газетасынын жамаатынын бетине көө сүрттүңүз. "Кылмыш жана жаза" газетасында аты-жөнү белгисиз автор, Көпүрө-Базар элинин "Баатыр энелеринин" атына жамынып, аларды жөнсүз жерден ыңгайсыз абалга такаган ал адам менен сиздин байланышыңыз бар деген шектенүүнү өзүңүз жаратып отурасыз. Мейли, "Андаш майнинг компаниясынан" айрымдардын жардам алганы ырас деп коелу. Бирок, көпчүлүк эл "Андаш майнинг компаниясына" бизге силердин акчаңардын, белегиңердин кереги жок, - дегенде, "Андаш майнинг компаниясы" биз берген жардамдан силердин "ачылбасын", "ачылсын" деген көз карашыңарга тиешеси жок. Грант катары, - деп айтылган. Аны өзүңүз да билесиз. Эми калдайган калкты жалганчы кылып, "Талас турмушу" областтык коомдук саясий газетасына "Калпка толгон кайрылуу же биз Андаш кенинин тезирээк ишке киргизилишин колдойбуз" - аттуу макала жарыяладыңыз.
"Алиби" газетасынын ушул макаланы басуудан баш тартуусунун себеби, аты айтып тургандай "Калпка толгон кайрылууну" басууга беттери чыдаган эмес. "Калпка толгон кайрылууда" "Андаш" кени ачылсын дегендер 80%, ачылбасын дегендер 20дан ашуун бай адамдар гана деп айтылышы чындыкка жатпайт. Балким, мени да бай, 6-8 адамга жумуш жасатат, - деп чыгарсыңар. Ооба, мен баймын. Ак мээнет менен тапкан 10 коюм болсо, эртең 100 болоор. Анткени, ата осуяты менен жашайм. "Бирөөгө жамандык кылбагын, эл-журтуңа жүрөгүң таза болсо, кудай жолунда намаз окуганга барабар. Эл ичинде бирөөлөр бар. Элдин эсебинен алсам, жутсам деген. Сен андай болбо, буюрган оокат өтөт, өз маңдай териң менен жаша",-деп үйрөткөн.
Ачык айталы, ата насаатын аткардым, ал эми "Андаш майнинг компаниясына" 1500 сом айлык алып, кызмат кылган байлар араңарда жокпу? Жок десеңер тизмени ачык чыгарып жарыя кылалы. Жек-жааты, куда- сөөгү, кыз-кыркыны ачык билсин. Көпүрө-Базар эли кыздарыбызды сыйлаган элбиз. Ата-энеси үчүн кыздарыбызды уят кылбайлы, - деп сабырдуулук кылып жатышат. "Эл чынында кенди иштеткенге каршы чогулганын кантип жашырам" дедиңиз, Эрмек байке!
"Талас турмушу" газетасынын кызматчылары, "Миң уккандан, бир көргөн, - деп келип, эл пикирин уктуңарбы? Көпүрө-Базар элин, Талас элине жаман атты кылаардан мурун губернатор Б. Болотбековго жолугуп, чындыкты сурадыңарбы? Губернаторубуз президенттин алдында Көпүрө-Базар элинин толкуп турганын ачык айткан атуул. Сиздерге эл кабыл алган токтомдун "Андаш" кенинин ачылышына 95% каршы, 5 % макул болгон жыйынтыгын ачык көрсөтмөк. Ошол "Калпка толгон кайрылууну" жарыя кылуу менен Көпүрө-Базар элинин ичине от чачып гана койдуңуздар. "Демократиялык жаңылануу" деген көз караштар жок болгондон кийин, ыр кесеңер жана башка жаңылыктар менен чектелсеңиздер болмок. Сиз "Алиби" газетасына чыккан Э. Аттокуровдун макаласын "бекер таратылды" деп көргөзүпсүз. А "Талас турмушу" газетасына чыккан "Калпка толгон кайрылуу" макаласы деле бекер таратылбадыбы!? Эл ушул эки макаладан кимдин ким экенин өздөрү эле талдап алат. Калкыбыз Э. Аттокуровдун гезитке чыккан пикирлерин чындык деп баалайт.
Макалаңызда "Андаш" кенинин 1-телосу гана иштелет, - деп айтылган. 2-3-телону жардам катары өзүңөр иштетип, Кыргызстандын казынасына салып аласыңар, - дегенге ким ишенет? "Андаш" кени ачылса, Көк-Кыя кени, Чоң-Өр, Талды-Булак, Жалгыз-Тал, Акташ кени ачылаарын башыбыздагы бөркүбүздөй эле көрсөк болот. Бүгүн "Андаш майнинг компаниясы"-бетиңерди өөп, колуңарды кысып, эртең калган кенин иштетип, жайыттарды тайган тыткан түлкүнүн терисиндей кылып таштап кетээрине көзүңөр жетпейби? Капастагы карышкырга муштумун көрсөткөн коендой болуп, Зубков жумуштан кеткенден кийин муштумуңарды түйүп "Андаш майнинг компаниясынын" колтугунан чыгып, Эртабылды Аттокуровду жамандап, өкмөттүн колтугуна кире калыпсыңар. Убагында силерге окшогондордун айынан Кумтөр кенинен кыргыз эли кол жууп калышкан. Кен байлыктарды иштетүүдө мамлекет башчысы, Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңеш менен биргеликте жалпы кыргыз эли чечүүчү иш. Эл менен эсептешпей, "Андаш майнинг компаниясы" ачыла элек кенге жумушчуларды кабыл алып баштадыңар. Кадр маселесин убагында жергиликтүү Кеңеш чечээрин билип туруп, эл ичин ириттиңер. Ушул маселе жергиликтүү айылдык Кеңештин сессиясында каралуусу керек.
Чындык силер тарапта болсо, анда Көпүрө-Базар айылына берилген 3 миллион сом жөнүндө ""Андаш майнинг компаниясы" маалымат берүүдөн неге баш тартты? Көпүрө-Базар элинен алтын иштетүүчү билимдүү армия өсүп чыгат, - дейсиңер. Билимдүү армиянын башында турган "Андаш майнинг компаниясы" техникаларын алып кеткенден кийин, куралы жок калган калк алардан калган таштандылардан алтын алабы? "Ачылбасын" - деген эл "Андаш майнинг компаниясынын" жашыруун иштерин ачыкка чыгарганда, үнүңөрдү чыгарбай, эми эл ичин чиритип жатасыңар.
Такталган маалыматтар боюнча, Көпүрө-Базар айылына "Андаш" кенин иштетүү жылдарында өздөштүрүлүүчү инвестициянын көлөмү 70 миллион АКШ долларын түзөт деп жазыпсыздар. Ошол тартылган инвестиция кайда жумшалат? Мамлекеттик салык төлөө, завод куруу, техникаларды сатып алуу, акы төлөөнүн баасын эки эселеп көрсөтсө да, инвестордун өзүнүн иши. Көпүрө-Базар айылына тартылган 70 миллион АКШ доллардын инвестициясы "Андаш майнинг компаниясынын" жеке менчик мүлкү болуп эсептелет. Бүгүн короого айдап кирип сүйүнтсө, эртең айдап чыгып кеткенге "Андаш майнинг компаниясынын" толук укугу бар.
"Андаш майнинг компаниясы" инвестиция үчүн 5 тонна накталай алтын 70,270 тонна жезди жумшаган күндө да, алар эч нерсени жоготпойт, Эрмек мырза! Алардын көксөгөн максаты 24000000 АКШ долларын түзгөн 20 тонна накталай алтын экендигине акылыңыз жетпей жатабы? Мына ушул өндүрүлгөн алтынды алар өзүнүн элине жумшайт. Алардын бала-чакасы, эли-журту бай болуп, үстөгү жок кредит менен түбөлүк камсыз болушат. Кыргыздар бул алтынга өздөрү неге ээ болбойт? Кен казылып бүткөндө, айылдын элине түбөлүккө талкаланган жайыттар, жабыркаган жаратылыш калат. Көпүрө-Базар элине берилүүчү 1 миллион АКШ долларын түзгөн коомдук фонд - итке сөөк таштагандай болуп жатпайбы. Ушуга акыл жүгүртүп көрсөңүз болмок, Эрмек байке!
"Андаш майнинг компаниинин" бүтпөгөн чырынан айылыбызда Жогорку Кеңештин бир канча депутаттары, Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, көз каранды эмес бейөкмөт уюмдары эл менен жолугушту. Эгерде, силер жарыялагандай "Андаш" кенин иштетүүгө эл макул болсо, силер максатыңарга жетип, презентацияңарды өткөрмөксүңөр. Тилекке каршы, элдин каршылыгынан келген комиссиялар жана депутаттар бул маселени Жогорку Кеңештин сессиясында сентябрь айында карап чечээрин, ага чейин элдин талабына ылайык кенди иштетүү токтотуларын чечип кеткенин жалпы Талас элинен эмнеге жашырып жатасыңар?
Ыйманыбызга балта чаппайлычы,Эрмек байке!
Ошол жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруу иштеринде кемчиликтерди ачык көргөзүп, жалпы элдин көйгөйлүү талабын элге ачып жеткирген газетаны жалганчы десек, анда жалганды чындай сайраган, кендин иштешин эл колдогон - деген учуртмаңызга кандай баа берсек болот? Уятыңыз болсо мынчалыкка бармак эмессиз…
Улуу Ата Мекендик согушта он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кырчындай жап-жаш аталарыбыз, агаларыбыз биз үчүн жерибизди, элибизди, кен-байлыктарыбызды коргоп курман болушкан. Ошол кыйын шартта машак терип, ач-жылаңач болсо да бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышкан. Ал эми азыр тынч заманда элибиздин байлыгын чет элдиктерге сатканга жан далбаса жасагандар көбөйгөнгө жүрөгүм күйөт. "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат", - дегендей, Көпүрө-Базар элин ушундай оор учурда ыдыратып турганыңа ызаланып отурам. Айылыбыздын тагдыры-"Андаш майнинг компаниянын" жана анын жактоочуларынын колунда эмес деп айткым келет. Жаратылышыбызды коргоодо учкун болуп тутанып, чындык үчүн жалындап, Талас өрөөнүнүн кен-байлыктарын урпактарыбызга сактап калалы, эл-жерибиз үчүн өз укугубузду талашалы!
Талас району,
Көпүрө-Базар айылы,
Асан Курманбаев






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??