Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Орун басарды оңой кишилер коргобойт
Коррупцияга шектүү делип кармалган Талас облусунун губернаторунун орун басары Анарбек Тургуналиев, губернатор жана айрым депутаттардын кепилдиги менен камактан бошотулду.
7-июлда Талас облустук ИИМ башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө "губернатордун орун басары элдин акчасын өз максатына пайдаланган" деп Талас районунун айрым тургундары арыз менен кайрылган. Алардын маалыматына караганда бир жыл мурун Талас областынын мамлекеттик администрациясы тарабынан Суусамырдын малчыларынан "Казак" көпүрөсүн калыбына келтиребиз деп 5 миң сомдон жыйналып (бардыгы болуп 300 миң сом), бирок бир жыл өтсө да көпүрө оңдолгон эмес .Бул факты боюнча материалдар прокуратурага берилип, Кылмыш кодексинин 304-беренеси, "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана 171-беренеси, "ишенип берилген мүлктү менчиктөө же чыгымдоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Айып тагылган губернатордун орун басарын өкмөттүн Талас областы боюнча ыйгарымдуу өкүлү Койсун Курманалиева жана Жогорку Кеңеш депутаты Данияр Тербишалиев коргоого алып, сот иштерине чейин бошотууга кепилдик беришкен.


Сугалак судья
Ысык-Көл облус-тук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл райондук сотунун судьясына карата Кылмыш жаза кодексинин 304, 315, 328-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Көрсө, ал 2000-жылдын декабрь айында Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын жана Ысык-Көл райондук администрациясынын жалган буйругун түзүп, 2010-жылы 21-октябрда А.У. аттуу жаранга 2,7 гектар жерди өткөрүп берүү тууралуу Ысык-Көл райондук сотунун чечимин чыгарган экен. Же болбосо А.У.нун арызын кароодо "Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын каршы пикири жок" деп маалыматты асмандан алып чечим чыгарып койгон. Судья минтип "жол чаап" бергенден кийин 2011-жылы 3-мартта аталган жер участогу райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан А.У.га катталып, анын 1,5 гектары 1 млн. 500 миң сомго бааланып кеткен экен.


Укуругум долоно, ууру, бөрү жолобо
Ысык-Көл облусунда мал уурдоого каршы түнкү күзөт уюштурулду. Анткени көл аймагында 8 айдын ичинде облус боюнча 230 мал уурдалса, анын ичинен 101ин түндөсү уурдашкан экен. Түнкү күзөттү уюштуруу райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине жүктөлүп, ага коомчулук жардам кылмакчы. "Бир жакадан баш" чыгарып, аракет кылуудан майнап чыгат деген ишеничте турган областтын укук коргоо тармагынын түнкү түйшүгү көбөйөөрү турган иш. Ошентсе да кылмышты ачуудан мурун алдын алуу максаттуу болот эмеспи.


Эсенди ким өлтүрдү?
Кечээ Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында митинг өтүп, жүздөй адам чогулуп, "адам өлтүрдү" деп шектелген милицияларды камоо, бул окуяны көргөндөрдүн баарынан көрсөтмө алуу талабын коюшту.
Кара-Жыгач айылынын тургуну Эсен Момбеков башынан алган жараатынан 14-сентябрда ооруканада каза таап, туугандары милициянын токмогунан өлгөнүн айтып, нааразы болушууда. Маркумду мал базар болгон күнү башы канжалап жаткан жеринен үч милиция кызматкери Момбековду ооруканага жеткиришкен экен. Райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Абдурашид Керимбаев "Кара-Жыгач айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин баары бул иш тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтетилет" деп убада берди.


Жаман үйдү коногу бийлейт
Ош шаарындагы "Турбаза" эс алуу комплексинде жүргүзүлгөн оперативдик иш-чарада 1968-жылкы кытайлык В.Х. менен анын 1990-жылкы Ч.Х. аттуу уулу экөө мотор майларын мыйзамсыз жол менен чыгарып аткан жеринен кармалган. Алар мыйзамсыз, жеке ишкерчиликке уруксаты жок эле авто-унааларга керектелүүчү майларды иштеп чыгарары аныкталып, тинтүү учурунда пластикалык идиш, тосол жасоочу сырье, бөтөлкө жасоочу аппарат, 500 литрлик темир идиштер, пластикалык бөтөлкөлөр, Тюмень шаарында жасалуучу "Антифриздин" 2 түрдүү этикеткалары табылган.


Кордогонду коргогондор
"Кочкор райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери "8-класстын окуучусун зордуктады" деп шектелген адамды коргоп атышат" - деди акыйкатчы Турсунбек Акун.
Анын айтымында, кылмыш 2011-жылдын октяб-рында болуп, кыздын туугандары 2012-жылы гана арыз менен кайрылышкан. "Кыздын ата-энеси күнөөлүү делген адамга карата чара көрүлбөгөнүн айтышты. Райондук милициянын жетекчисинин орунбасары Өмүрбек Абдыраков аларды "арызыңарды алгыла" деп көндүрүүгө аракет жасаптыр, тергөөчү "экспертиза дайындалбасын" деген экен. Ал эми райпрокурор "кечигип калдыңар" деп жооткотуп койгон экен. Кочкордун укук коргоо тармагынын өкүлдөрү аталган ишти жаап коюуга болушунча аракет жасоодо" -дейт акыйкатчы. Акыйкатчынын ортого түшүүсү менен кылмыш иши козголуп, сотко өткөн экен, бирок райсот Шаршенбек Астаркулов "тараптар келишип алды" деп айыпталуучуну актап жиберген. Учурда мына ошол Мирлан аттуу зордукчул качып кетип, жашырынып жүргөн кези экен. Турсунбек Акун сотторду тандоо кеңешине кайрылып, кылмышка шектүү адамдын качып кетишине шарт түзгөн кызмат адамдардын бардыгына чара көрүүнү өтүндү.


Ооорулуу болбосоң, болосуң…
Өткөн жылдын жана үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде жүргүзүлгөн аныктамага ылайык, медициналык мүнөздө чара көрүү боюнча сот чечимдерин иликтеген Башпрокуратура "соттор айрым кылмышкерлерди негизсиз эле күчтөп дарылоого өкүм кыла тургандыгын" аныктаган. Жарым жыл ичинде соттор 284 адамга медициналык чара көрүү боюнча өкүм чыгарып, ал адамдардын 175и өзгөчө жана оор кылмыш жасагандар болгон. Булардын ичинен мурда психиатр-дын каттоосунда тургандардын саны 36 адамды түзгөн. 33 адам мыйзамсыз маңзат жүгүртүү иштерине катышкандар болгон. "Соттук-медициналык экспертизалар айыпталуучулардын жактоочуларынын суранычтары менен ишти кароо маалында дайындалган. Көбүнесе медициналык чара көрүү биринчи бүтүмдөрдүн негизинде дайындалып, бирок комиссиялык экспертизалардан өткөрүлгөн эмес" - дейт өз аныктамасында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү. Ошондой эле айрым медициналык мекемелер Кылмыш кодекси жана "психиатр-дык жардам жөнүндөгү"мыйзамды көзгө илбей, соттордун тийиштүү чечимисиз эле, "оор кылмыш жасады" деп айыпталгандарды бошотуп жиберген фактылар бар экенин аныктаган.


Кырсык каш-кабактын ортосунда
Баткен областынын Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек ара бекетинде кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери кокусунан ок чыгарып алып, эки адам жаракат алды. Кадамжай районундагы Халмион айыл округунун аймагында Өзбекстандын Фергана областындагы Ваудил району менен чектешкен аймакта Назия Турдалиева аттуу аял менен "КаМАЗ" авто-унаасынын айдоочусу Абылхаким Жороев жана кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери Толубай Кылпанов курулуш материалын жүктөп жатып, өзбек чек арачыларын көрүп кетүүгө кам урушкан. Үчөө автоунаага отуруп жатканда кайгуул-күзөт кызматкеринин куралынан кокусунан ок чыгып, Турдалиева менен Жороевдин бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилген.


Четте жүрсөң абайла
Москвада мыйзамсыз соода кылгандарды текшерүү учурунда полиция кызматкерлери менен кыргызстандык жана тажикстандык сатуучулар кагылышты. Россиянын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда полиция кызматкерлери мыйзамсыз соода кылган 6 сатуучуну кармап баратканда 100дөй чет өлкөлүк сатуучу полиция кызматкерлеринин автобусун таш, темирлер менен ургулап кирген. Натыйжада 5 тартип коргоо кызматкери жараат алып, 6 кыргызстандык жана тажикстандык кармалды. Алардын төртөөнө "бийлик өкүлдөрүнө кол салды" деп айып тагылып, кылмыш иши козголгон.


"Алиби пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??