Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Жамбаш алган Жамашева...

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин сот, укук жана мыйзамдуулук комитети, ошондой эле Жогорку Кеңештин жалпы депутаттары өздөрүнүн жыйынында Президенттин элегинен өтүшкөн Жогорку соттун судьялыгына 25 талапкерди шыпыргыга салып, "чу" дегенде эле бирин да калтырбастан баарысын өткөрүштү. "Эгерде баарысын өткөрбөсөк президентке каршы чыккан болобуз", "Жогорку соттун иши токтоп калат" деген "кукловод" депутаттар да болду. Шумдугуң кур! Айрым бир депутаттардын айткандарын угуп отуруп кайран К.Бакиевдин "Ак жол" партиясы эске түшөт. Качантан бери Жогорку Кеңеш кошоматка кой союп калган? Мындай аша чапкан кошоматчылыктын аягы эмне менен бүткөндүгүн айрым депутаттар жылуу-жумшак орунга келгени унутуп коюшкандай сезилет. Болбосо, Жогорку соттун иши буга чейин деле токтобой иштеп, асманыбыз түшпөй эле келбедиби. Үчүнчү бийликтин өкүлдөрүн жоо кууган тездикте шайлабай, ар бир талапкерге кылдат мамиле жасалса оңтойлуу болмок. Тилекке каршы андай болгон жок. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ар бир талапкер боюнча чыркырап айткандарынын, маалымат каражаттарынын жазгандарынын баарысы канчалык далилдүү, маанилүү болсо дагы, алар депутаттардын көз жаздымында кала берди. Элдин үнүн укпай, аны менен эсептешпегендерди кантип Эл өкүлү деп айтууга болот?


Албетте, депутаттардын ишеничине ээ болуп Жогорку соттун судьялыгына шайланышкан 25 адамдын баарысын "жаман" дегенден алысмын. Болгону, алардын арасында сууга салса чөкпөгөн, амалдуу талапкерлердин өтүп кеткендиги өкүндүрөт. Алардын бири Феруза Жамашева дээр элем. Бул айымдын мыйзамсыз иштери боюнча Президентке, Жогорку Кеңешке жана сотторду тандоо кеңешине эң бир көп арыз, даттануулар түшүп, республикабыздын бир катар маалымат каражаттарындай эле "Алиби" гезити да буга чейинки сандарында бул боюнча байма-бай жазып келген. Мунун баарысын Президенттин өкүлү, депутаттар, сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексенге салышып, көз жаздымда калтырып коюшту. Мыйзам тескеген адамдардын мыйзамсыз иштеринен бирин-экин мисал келтирсек, эч ким деле капа болбос.
Сот тармагында иштегендердин айтымында, Феруза Жамашева мамлекет эсебинен квартира алуу үчүн кезекте 9-болуп турса да кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, 2011-жылдын декабрь айында Бишкектин "Жал-Артис" кичи районунун №12 үйүнөн 2 бөлмөлүү квартира алууга жетишкен. Өзү мыйзамды бузуп квартира алганы аз келгенсип, Жогорку сотто болгону 1 жыл 6 ай гана иштеген жакыны Гүлзат Абсатаровага да ошол эле кичи райондун №13 үйүнөн 1 бөлмөлүү квартира алып берген. Ф.Жамашева жана Г.Абсатаровага кезексиз квартира берүү боюнча Жогорку соттун проф-союздук комитетинин жыйыны өткөрүлгөн эмес жана профкомдун бул боюнча эч кандай чечими чыккан эмес. Болгону, Жогорку соттун профсоюздук комитетинин төрайымы өзүм билемдик менен жасалма токтом токуп берген. Натыйжада, өмүр бою сот системасында иштеп, кезекте көп жылдар бою биринчи турган Жогорку соттун судьясы Рысбүбү Эсенгулова жана сот системасында 20 жылдан ашуун иштеп, кезекте үчүнчү турган Жогорку соттун референти Жайнагүл Алиева, ошондой эле кезекте төртүнчү турган Жогорку соттун судьясы Төлөмбай Масыбаев ушул күнгө чейин квартира ала алышпай, кур жалак калып келишет. Проф-союз комитетинин мүчөлөрү жана үйгө кезекке тургандар Ф.Жамашеванын мындай мыйзамсыз иштерин азыр гана мезгилдүү басма сөз беттеринен окуп билип отурушат. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен канчалык бууганы менен "кыңыр иш кырк жылда билинет" демекчи, акыры ачыкка чыкты. Учурда Ф. Жамашева жана Г. Абсатарова мыйзамсыз алган квартираларында өздөрү жашашпастан аны 350-400 долларга башка бирөөлөргө батирге берип келишет экен. Бул албетте алардын жеке иши деңизчи, мыйзам боюнча адам жеке менчигин кандай пайдаланам десе өз эрки эмеспи. Ошондой болсо да, ошол эле учурда Жайнагүл Алиева балдары менен батирден-батирге көчүп, квартира алсам дегенде эки көзү төрт экенин да айтып коюуга тийишпиз. Бул эмне деген адилетсиздик? Же Жамашевага баары боло береби…?

Ошондой эле, Ф.Жамашева ойдон чыгарылган шылтоо менен, мыйзамды одоно бузуп, ал тургай өзүнө ылайыктап жалган протокол даярдап, Жогорку соттун басма сөз катчысы болуп иштеп келген кесиптешибиз Бактыбек Рысалиевди да кызматынан мыйзамсыз четтеткен. Бул Кыргызстандын медиа-коомчулугунда кескин сынды, тынчсызданууну жаратып, Б.Рысалиевди республикабыздын дээрлик бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери колдоп чыгышып, Президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана депутаттарына чейин атайын кайрылуу кабыл алышкан. Журналисттердин мындай тынчсызданууларынын да жөнү бар десек болот. Анткени, кесиптешибиз Бактыбек Рысалиев Жогорку сотко басма сөз катчысы болуп турганда консервативдүү чөйрө демократиялашып, журналисттер сот отурумдарына катышууга толук мүмкүнчүлүк алуу менен резонанс жараткан сот иштери боюнча актуалдуу маалыматтарды өз маалында алып калышкан. Эми, ал кеткени, сот сис-темасынын иши тууралуу эч кандай маалымат чыкпай, дымып эле калды.
"Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген 2 жыл аралыгында Ф.Жамашева эмне иш жасоого жетишти?" деген суроого биринчиден, Акмат Бакиевдин жеңил жаза алышына түздөн-түз болбосо да кыйыр катыштыгы болду. Дегенибиз, Ф.Жамашева Марат Бакиевдин жердеши жана курс-ташы экени жалпыга жакшы маалым. Экинчиден, Ф.Жамашева "июнь окуясына катыштыгы бар" деп күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин (бул чуулгандуу иш соттук коллегияга төрагалык кылган судья Перизат Абакированын принципиалдуулугунун натыйжасында гана аягына чыкты) бир жылга жакын эч бир негизсиз каратпай кармап келди. Үчүнчүдөн, ойдон чыгарылган шылтоо менен мыйзамды одоно бузуп, алтургай өзүнө ылайыктап жалган протокол даярдап, кесиптешибиз Б.Рысалиевди кызматтан алды. Төртүнчүдөн, алдыңкы кезекте турган кесиптештерин сыздатып өзүнө жана жакынына мыйзамсыз кезексиз квартира алууга жетишти", - дегенден башка жооп табуу мүмкүн эмес.

Эгерде Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Ф.Жамашева жогорудагыдай төбө чачты тик тургузган мыйзам бузууларга барып жатса, деги анда эмне жөнүндө сөз кылууга болот. Андыктан, президент, тийиштүү укук коргоо органдары бул боюнча кескин чараларды көрүшөт деген ойдобуз.
Биз жогоруда Ф.Жамашеванын айрым гана мыйзамсыз иштерин санап өттүк, ал эми мындан кем эмес резонанс жараткан мыйзамсыз иштери оңдоп саналат. Учурда алар боюнча журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат. Анын баарысын учуру келгенде коомчулукка маалымдайбыз.
Соттордун ушундай адилетсиздигинен улам 2010-жылдын апрель айындагы элдик революцияны жаратып, анда 80ден ашуун эр азаматтарыбыз курман болушуп, миңдеген атуулдарыбыз денелеринен ар кандай жаракаттарды алышып, майып болушпады беле. Мунун баарысын Ф.Жамашева бийликке келгени унутуп калса да, эл, тарых аны унутпайт.
Ф.Жамашева жетекчи катары судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга жана аларды коргоо, сот адилеттигин орнотуу багытында кымындай да иш жасабай, бийликке келгени өз көмөчүнө гана күл тартып, мыйзамсыз иштер менен алек болуп келгендиги айдан ачык көрүнүп турат. Ал тургай Убактылуу өкмөттүн декрети менен кызматтарынан четтетилген судьялардын маселеси, сот системасынын бюджети талкууланып жатканда судьяларды, бюджетти коргоп, жактап, тикеден-тик турганды мындай кой, бир да жолу басып барып койбогону таң калтырат. Натыйжада, жергиликтүү соттордун 2012-жылдагы бюджети 2011-жылга салыштырмалуу 90 млн.сомго кыскартылган. Бул Ф.Жамашеванын кайдыгерлигиби же анын жетекчилик дараметинин төмөндүгүбү? Кандай десек да жарашчудай.
Былтыркы өткөн сотторду тандоодо Феруза Жамашева болгону 5 гана добуш алган болсо, быйылкы тандоодо ал 19 добушка ээ болду. Добуш берүүдө Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү Ф.Жамашеванын кайсы сапатын жогору баалап добуштарын бергендиги табышмак. Болбосо Ф.Жамашева бир жылда эле жакшы болуп, ал эми былтыр көпчүлүк добушка ээ болушкандар жаман болуп калыштыбы.

Бек Мамашов




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??