Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Дежурный" берене

Кылмыш-жаза кодексинде 281-берене деген бар. Автоунаа түгүл ат мингенге акысы жок айрымдардын айынан адам өлүмүнө алып келгендерге колдонула турган. Айрыкча аталган берененин 3-бөлүмү "дежурный" десек болот.

Эсиңиздерде болсо үч баланы жетим калтырып, Эркинбек Эстебесовду койдуруп кеткен Арстанбек Ормушев деген Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары жада калса ушул берененин негизиндеги жазага кириптер болбой дардалактап жүрөт. "Жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоону бузуу" деп чечмеленген 281- беренедеги "жоопкерчилик" деген түшүнүктү "эптеп эле автоунаа айдоо" деген түшүнүк менен алмаштырып алгандардын баарына козголот бул боюнча кылмыш иштери, бирок жыйынтыгы чеке жылытаарлык эмес.. Айрыкча, учурда күн алыс ушул берене менен козголгон кылмыш иштери чачтан көп болуп кетти. Күн алыс көп адамдын каза табышы менен коштолгон жол кырсыктары катталууда. Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу да үч адамдын өлүмүнө себепчи болуп, аталган беренинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга шарттуу түрдө 2 жылдык сынак мөөнөтү менен эркинен ажыратылды эле бул окуя деле күндүн бүктөмүндө калып кетти.
Редакцияга баш баккан Эрик Авазбековдун кебин угуп отуруп, мына ушул "281-берене"- дегендин кыргызга кереги канчалык?" деген ойго жетелендик. Той бергенде, өлүк узатууда чыгымы көп кыргыз үчүн аталган беренеге " мас абалында үчтөн ашык адамды сүзүп өлүмгө дуушар кылган адам , алардын артында калган жетимдерин 18ге чыккыча багып өстүрүп, маркумдардын кыркын, ашын берип, өмүр бою мүрзөсүнө барып куран окуп, үч жыл эмес өмүр бою рулга отурбасын" деп, же болбосо "өмүр бою автоунаа айдоо укугунан ажыратылып, кеминде 15 жыл жаза мөөнөтүн өтөсүн" деп өзгөртүү киргизүү керек окшойт. Болбосо, аталган берене жоопкерчилиги жок айрым адамдарга "чымын чаккандай" да эмес тура. Бир өлүмдүн күйүтүн көтөрүү адам үчүн кыйынга турат. А бир мезгилде "кырсык" дегенди бетине жабуу кылган айдоочунун айынан бир нече жакынынан ажыроонун өзүн элестетип көрүү канчалык.
Окуя 2011-жылдын 13-август күнү Каракөл шаарында болуп, 1975-жылы туулган Турдиев Нурсеиттин автоунаасы ушул эле шаардын жашоочусу Жетешиков Алмазбек башкарган автоунаа менен кагылышып, натыйжада, айдоочу Жетешиков Алмазбек, жүргүнчүлөр Абазбеков Кеңешбек аксакал,кыздары Абазбекова Эльмира жана Альбиналар алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумушкан. Жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган Турдиев Нурсеит мас абалында болгон экен. Белгилей кетүүчү жагдай, каза болгондор жана жол кырсыгынын күнөөкөрүнүн туугандык жагдайлары да бар. Албетте, Нурсеит Турдиевге жогоруда аталган берене боюнча кылмыш иши козголуп, Каракөл шаардык соту тарабынан жаза чектелген. Сотко төрагалык кылган М. Дүйшеев мыйзамдан четтеди дегенден алыспыз. Бирок, бир караган адамга бир үй-бүлөгө кара түн түшүргөн айдоочуга жаза өтө эле жеңил-желпи чектелип калгандай. Же болбосо, бир үй-бүлөнүн жер көтөргүс кайгысы жогоруда аталган беренеге салыштырмалуу "түккө да" турбай калган. Же болбосо, Нурсеит Турдиевге алгач Каракөл шаардык соту тарабынан КЖКнын 281-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгондуктан төмөндөгүдөй өкүм чыккан: "Турдиев Нурсеит Жаныбекович КЖКнын 281-беренесинин 3-бөлүгү менен "күнөөлүү" деп табылып, үч жылга чейин транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркинен ажыратылсын. КЖКнын 63-статьясынын негизинде эркиндигинен ажыратууга белгиленген жаза "шарттуу кесүү" деп эсептеленип Турдиев Нурсеит Жаныбековичке 3 (үч) жыл сынак мөөнөтү белгиленсин, 3 (үч) жылга бардык транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылсын. Сынак мөөнөт ичинде ишенимди актап, жаңы кылмышка барбаса жаза аткарылбасын."
Ал эми каза болгондордун балдары үчүн сот төмөндөгүдөй чечим чыгарган: "Жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлү Абазбеков Эрик Кеңешбековичке атасын жана бир туугандарын коюуга жана куран окутууга кеткен чыгымдар, Жайлообаева Мединанын дарылануусуна кеткен чыгымдар болуп отуруп, келтирилген 1760500 сом материалдык чыгымды өндүрүү, жээндери 1997-жылы туулган Аруукеге, 2002-жылы туулган Кыязга алар жашы жеткенге чейин ай сайын 7600 сомдон пособие төлөөгө, Жайлообаева Мединанын окуусу үчүн жылына 30000 сомдон, Маматова Аруукенин окуусу үчүн жылына 100.000 сомдон окуу жайды бүткүчө контрагын төлөп берүү милдеттендирилсин. Эрик Абазбековго сотко граждандык тартипте доо келтирүүгө укуктуу экендиги түшүндүрүлсүн". Сот ишине М. Дүйшеев төрагалык кылган. Мас абалында кылмышка кириптер болгон Нурсеит Турдиев Э. Абазбековдун Жалал-Абад сотуна жазган апелляциялык арызын кароо учурунда каза болгон А. Жетешиковдун "Тойота Камри" автоунаасынын чыгымын же болбосо 15 миң доллар төлөп бергендигин, каза болушкан Абазбековдордун үй-бүлөсүнө 40 миң сом төлөп бергендигин, калганына шарты жок экендигин баса көргөзүп безилдеген. Бирок, берки кара жамынып үч бирдей сөөк үйүнөн чыккан үйгө басып да келбегенин айткысы келген эмес. Областтык сот өкүмдү айыпталуучуну он жылга эркинен ажыратууга жана жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө өзгөрткөн. Анын бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп сот залынан камакка алынган. Учурда айыпталуучунун Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылганына байланыштуу каалаганындай басып-туруп жүрөт. Жогорку Сотко кайрылып жанталашып жүргөнүнө караганда берки каза тапкан тараптардын убал-сообун ойлоп жатканын Кудай билет.
Мындай карасаң Каракөл шаардык сотунун судьясы М. Дүйшеев мыйзам талаасынан чыкпай, адилет чечим чыгарган сыяктуу көрүнөт. Адамгерчилик деген маселеге келгендечи? Мастыгынан бир үй-бүлөнүн чоң атасын баш кылып жер жаздантып, артында жетимдерин калтырган мындай акмактарды "мыйзамдан айлан" деп атып салса аздык кылаар. Айдоочулукка тыюу салынган убактысы бүткөндө Нурсеит Турдиев аракка тоюп алып, кайрадан бир үй-бүлөнүн убалына калбайт деп М. Дүйшеев кепил боло алабы? Эмнеси болсо да бир туугандарынан калган жетимдерин бооруна кысып, Эрик Абазбековдун айласы куруп турган учуру. Атасынан, бир туугандарынан айрылган жабырлануучу "М. Дүйшеев учурунда адилет чечим чыгарып бере алган эмес" деп соттор кеңешине да кайрылган. Соттор кеңешинин А. Кудайбергенов төрагалык кылган тартип комиссиясы "биринчи жана экинчи сот инстанцияларынын кабыл алган соттук актылары мыйзам чегинде кабыл алынган" деп эсептеп, Каракөл шаардык сотунун судьясы Мамыт Дүйшеевге карата тартиптик өндүрүш ишин козгоодон баш тартышкан.
Эмне дейбиз, 281-берене менен Мамыт Дүйшеев дагы, башка судьялар дагы кылмыш ишин козгоп, жогорудагыдай өкүмдөрдү чыгара берише тургандыгы айдан ачык. Мыйзам чегинде дегенибиз менен көп адамдын өлүмү менен коштолгон бул берене айрымдар үчүн жазадан кутулуунун оңой жолу болсо, жабырлануучу тараптар үчүн өмүр бою кеткис так.




"Өзүңөр
казгыла"
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев "суук түшө электе көрүп келейин" дедиби алгачкы иш сапарын Теңир-Тоодон баштады. Кочкорду аралап өтөөрдө Теңдик айылынын жашоочулары алдынан тосуп чыгып "сага айтпаганда кимге айтабыз" дешип, арыз армандарын төгүп алганга үлгүрүштү. Жер астынан көтөрүлгөн суу бул айылдын 20 жылдан бери чечилбеген маселеси болуп келет. Өкмөт башчысы бул маселени үч айдын ичинде чечип берээрин айтып сүйүнттү. Адатынча "элди уюштурбаптырсың, иштебепсиң"- деп маңдайына келе калган айыл өкмөтүн зекиди. "Мындан ары ӨКМ министрлиги менен иштешесиң, ар бир үй өз арыгын өзү казсын, трубаны ӨКМчүлөр коёт" - деп жол көрсөттү. Ошентип, Теңдик айылындагылар дренаж арыгын өздөрү казмай болду. Алдуусу казаар, ал эми алсызы кандай кылаарын премьер-министр айткан жок.


Күлөсүң да, күйөсүң
"Мастан жинди качып кутулуптур" - дейбиз. Ырас эле мас адамдын жасаганы соо кишинин башына келбеси анык. Ош шаарынын Э.А. деген тургуну арактан катыра соккон экен, экинчи борбордогу "Кыргыз көчү" темир аркасынын башына кантип чыгып кеткенин билбей калыптыр. Эргулуң жөн чыкпай аркага асылып, таң аткыча уктаптыр. Анан соолугуп түшөйүн десе түшө албайт дейт. Акыры Ош шаарынын куткаруучулары алып түшүп, ап-аптап, башын да жазып берип, үйүнө да жеткирип коюшуптур.


"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??