Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Таласатыктарды таарынтпагыла
Президент Талас элине кыянатчылык кылып жатабы?

3- августта Таластагы Маймак бекетин Казакстан тараптан бир тараптуу жабылып, бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков да маселе көтөрдү. Бирок, депутат элдин арыз-муңун бийик трибунадан "бийик" катмарга жеткиргиче, маселе бышып жетилмек түгүл жарылганы калган экен. Редакцияга Талас областындагы Кара-Буура райондук Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жээнчороев келип, Маймак бекетинин жабылышынан улам келип чыккан таластыктардын көйгөйүн "төгүп" берди.

- "Маймак станциясынын жабылышы маселе жаратты"- деп отурасыз. Кеп учугун улай бериңиз.
- Бүгүнкү күндө ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша, ал Жогорку Кеңештин депутатыбы, министрби же айыл өкмөт башчысы болобу, өзүнө тагылган милдетти жоопкерчилик менен аркаласа, анын мамлекетке кошкон салымы деп билем. Ошондуктан, райондук кеңештин депутаты катары Таласта болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди коомчулук билсин деп келип отурам. Бүгүнкү күндөгү Талас элинин көйгөйлүү маселеси бийликти ойлондуруп жатабы жана аларды чечүүнүн жолдорун бийлик издеп жатабы, таластыктар үчүн табышмак. Талас элинин экономикасынын бирден бир күрөө тамыры - темир жол. Маймак бекети аркылуу кеткен темир жолдун аркасы менен эл ушул мезгилге чейин жашоо тиричилигин өткөрүп келген. Мына ошол Маймак бекетинин казактар тарабынан бир тараптуу жабылышы элге кыйынчылык алып келүүдө. Жыйырма бир жылда канча бийлик алмашып, канча президент келип кетсе да бекет жабылган эмес. Мына ошол темир жол бекетинин азыркы бийликтин тушунда, болгондо да "жыйырма жылдан бери официалдуу түрдө келе элек болучу" деп жар салган казак президенти Нурсултан Назарбаевдин иш сапарынын алдында жабылып калышы бизди ар кандай ойго жетелеп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев "казак тарап менен бардык маселелер чечилди" деди. Чечилбей эле темир жол жабылып калды го. 3-августта жабылып калган темир жолго байланыштуу Талас элинин экономикалык-социалдык абалы өтө төмөнкү деңгээлге түшө тургандыгын төмөндө фактылар менен далилдеп берейин. Маймак бекетинин жабылышынан улам Темир жолго жакын жайгашкан "Газпром Нефть Азиянын" Талас областындагы нефте базасы, "Кайыңды" кант заводунун таластыктардын өндүргөн кызылчасын кабыл ала турган пункту, Таластагы ПЛУАДга же болбосо жол тармагына битум кабыл ала турган пункт өз иштерин токтотту. Мындан сырткары майда ишканаларды ачып, былтыр Кара-Буура районунун бюджетине 18 миллиондук инвестиция алып келген, СЭЗге (эркин экономикалык аймак) кирген 19 ишкананын иши үзгүлтүккө учурады. Былтыр тоннасы 2700 сомдон 15 миң тонна көмүр алып келип, калкты сапаттуу жана арзан көмүр менен камсыз кылган "МСН-Маймак" ишканасы, Казакстандан арзан буудай алып келип, жергиликтүү тегирмендерден тарттырып, элди арзан ун менен камсыз кылган "Талас-Дан Азык" ишканасы өз ишин токтотту. Өзүңүздөр жакшы билесиздер Таласта төө буурчак өндүрүлүп, чет мамлекеттерге сатылат. Эми ошол төө бурчакты жүктөө иштери да токтоп, эртеңки күнү төө буурчактын баасы кескин төмөндөй турган коркунуч келип чыкты. Алдыда таластыктарды кандай кыйынчылыктар күтөөрү түшүм жыйноо менен алектенген элге азырынча билине элек. Кыйынчылык башка түшүп, эл кыйналганда мындай социалдык маселе саясатка айланбасын деп азыр биз келип отурабыз. Бул маселени саясатка аралаштырбай биз алгач Кара-Буура райондук кеңешинин сессиясында көтөрүп чыгып, акимди милдеттендирип, талап койдук. Ал киши чече албагандан кийин бул маселе менен 18-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева, Данияр Тербишалиев катышкан жолугушууда өкмөттүн Талас областы боюнча ыйгарымдуу өкүлү Койсун Курманалиевага кайрылдык. Маселени тезинен чечпесе "Талас областынын эли оор кырдаалга туш болоорун" алдын ала айтып түшүндүргөнбүз. 22-августта Казакстандын президенти Нурсултан Нзарбаевдин официалдуу иш сапары күтүлүп жаткан эле. Койсун Курманалиева эжеге "төрт күн убакыт бар, маселени президентке жеткизсеңиз, ал жерде эч кандай контрабандалык, мыйзамсыз жүктөр жүктөлбөгөндөн кийин чай үстүндө чечиле турган маселе" деп өтүнгөн элек. Анткени Маймак станциясынан жүктөр түшүрүлүп, жүктөлүп, Жамбыл областынын Тараз шаарынан растаможка болот. Койсун Курманалиева эже "бул маселени түндөп чыксам да президентке жеткирем, чечип берүүгө аракет кылабыз" деп убада берип, "селектордук жыйында учурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатылбалдиевге да айттым" деген. Учурда таластыктар түшүнө албай турабыз, же губернатор калп айттыбы же маселени жеткире албай жатабы же президент Талас элине кыянатчылык кылып жатабы? Таластын эли болгону бул маселени саясатка аралаштырбай чечип берүүсүн өтүнөт.
- Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун мамилеси жакшы экендиги маалым. Ал киши өзү да Таластан эмеспи. Кайрылып көрдүңөрбү?
- Айрымдар бул маселени Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетишине байланыштуу ойлонуп чыгарылган акция деп ойлошу мүмкүн. Бул казак тарап менен мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Президент Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаев менен чай үстүндө чечип койгонго мүмкүнчүлүк болгон. Өмүрбек Бабанов жардам берүүдөн качкан жери жок, бирок азыр ал кызматта эмес. Жеке ишкер катары жардамдан качпай тургандыгын да билебиз. Бирок, бул маселе мамлекеттер аралык болуп жатпайбы. Ошондуктан социалдык маселе менен саясий маселени аралаштырып кароонун кажети жок. Учурунда Өмүрбек Бабанов кызматтан алынганда "таластыктар" колдойлу деген деле сөз болгон.Бирок ал киши "мен үчүн кызмат эмес, өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк маанилүү" деп койгон. Ошондуктан, бул маселеге Бабановду аралаштыруунун кажети жок. Түшүнгөн жанга таластыктар "саясий эмес, социалык маселебизди мамлекеттин, өкмөттүн деңгээлинде чечип бергиле" деп кайрылып жатат. Азыр жыйым-терим менен алек болгон элдин маселесинен саясат жасоо жарабаган иш. Азыр бир да үй бир тоголок да көмүр менен камсыз боло элек. Таласка башка региондордон көмүр ташып келүү абдан кыйынчылыкка турат, эртең кар түшкөндө кантебиз? Темир жолдун жабылышы менен таластыктардын өндүргөн продукцияларынын баасынын кескин түрдө төмөндөп кетүү коркунучу пайда болду. Таластык ишкерлердин коңшу мамлекеттердин ишкерлери менен түзүлгөн жүк жөнөтүү, жүк тосуп алуу боюнча келишимдери аткарылбай, чоң зыянга учуроодо. Жогоруда айткандай былтыр "МСН-Маймак" ишканасы аркылуу 3 миң тонна көмүр түшүрүлүп, мектептердин 50 пайызы көмүр менен жабдылып калган. Быйыл бир да мектеп көмүр менен камсыз боло элек. Анан кантип өкмөт "кышка даярдык көрүп жатабыз" деп ооз көптүрөт?
- Маселе чечилээрине көзүңүз жетип турабы?
- Биз бүгүн райондук кеңештин депутаттары, дегеле бул маселеге кайдыгер карабагандар Жогорку Кеңештин депутаттары, спикер, өкмөт башчы менен жолугушуу аракетин көрөбүз.Массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка чыгып бул маселени айтабыз. Балким, президентке бул маселе жетпей жаткан чыгар. Бирок, мына ушундай мыйзамдуу иш-чаралардан кийин да бул маселе чечилбесе, элге жооп берилбесе анда 1-октябрдан тарта "Талас элинин социалдык маселеси чечилбесе, эл көтөрүлөт" деп талап коебуз. Таластыктар бул бийликке революция үчүн эле керек беле? Маселеси чечилбеген элдин социалдык жарылуусу келип чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, биз саясатка жабышкан жерибиз жок социалдык маселебизди чечип, таластыктардын жашоо-тиричилигинин күрөө тамыры болгон темир жолдогу Маймак бекетин ачып бергиле деп суранып жатабыз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??