Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

күн багыт

Атамбаев Путинге даттанмай болду

Президент А.Атамбаев "Мекен шейиттери" бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алып, жаш баладай эле сооротту. "Силер ачууга алдырып Беларусиянын элчилигин камалай бербегиле, алар менен тарыхый, маданий байланышыбыз бар , анын үстүнө ОДКБнын, Бажы союзунун мүчөсү" - деп жакшылап кулактарын ушалады. Атүгүл "Бакиевдерди Беларусиядан чыгарып берүүгө көмөктөш"- деп Путинге "даттанаарын" да билдирип жиберди. "Бирок, бул үчүн Бакиевдерге карата соттун чечими болсо, жакшы болот эле" - деп кейип да алды. Айтканындай эле колубузга кармап, бетке далда кылчу соттун чечими алигиче чыга элек.


Райкан Төлөгөнов велосипед уурдаганбы?

"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты, 2010-жылдын 7-апрелиндеги мародерлукка шектелип жаткан Райкан Төлөгөновдун "колу туткактыгы" тууралуу кечээ дагы бир кабар тарады. Анда Бишкек шаарындагы, ЖКнын депутаттары жашаган мамлекеттик үйдөн депутаттар Замир Алымбековдун, Акылбек Султановдун жана Назарали Ариповдун балдары тепкен үч велосипед дайынсыз жоголуп, ууру табылбай келгендиги, кийин Ракебиздин квартирасынан өрт чыккан учурда баягы табылбай калган велосипеддер ошол балкондон чыкканы айтылат. Муну Арипов өз оозу менен тастыктап берди.
Ушундан улам, коомчулукта улуу жазуучубуздун уулунун көзү көргөндү "көрсөтпөй сурап алчу" өнөрү бар экендиги тууралуу ишеничтер арбып бараткандай…


Араванды кызганган Бакиров

Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев өз тарапташтары менен бирге "Өнүгүү" кыймылын түзүп, агрардык секторду көтөрүү демилгесин колго алганы белгилүү. Өткөн жумада Жалал-Абад шаарында аталган кыймыл Германиядан алып келген айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүн уюштуруп, аларды түштүктөгү ар бир районго берип жатканын белгилеген. Бирок, ошол учурда депутаттардын арасында бир "чп" чыгып кеткенин айтып келишти. Көрсө, Араван районунда Төрөбаевдин тракторлорду берип жатканына ичи күйүп кеткен "Атажуртчу" депутат Өмүрбек Бакиров кызганычтын айынан кесиптешине бир тийип, "Араванга саясат кылганыңды токтот",-деп ач айкырык салыптыр.
Колунан келген ишти жасап, келбеген ишке кедергисин тийгизген кантип болсун. Уят эле го, ыя?!


Ошто дагы бир анклав!

Ошентип, Ош облусунун аймагында коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин акчасына мектеп курулмай болду. Биздин бийлик "кошоматка кой сойгонду" ушунчалык мыкты өздөштүргөн эмеспи, "Нуракеге" деп алты гектар жерди айланта чийип, бөлө салышты. Эми элестетип көрөлү, учурда Ош шаарында жүз миңдеген кыргыз жаштары үй курууга 6 чарчы жер тилкесин ала албай, арманда жүрөт. Анан дагы, бийлик акелер Оштогу жападан жалгыз аэрпорттун аянтын чоңойтууга жер бөлүп бере албай, көрүнгөн шылтоону айтып көшөрүп отурушат.
Андан да кызыгы, ошол 6 гектар жердин 2 гектарына мектеп курулуп, калган 4 гектар аянтты жашыл токой паркы болот имиш. Бул кайсы бир "бийлик эгелеринин Нуракеге жамынып, өзүнө менчик резиденция курууга болгон аракети болушу мүмкүн" - дегендер да четтен чыгууда…


Сагынбаева Саламаттык сактоону сазга батырабы?

Мурдагы Коалициялык Өкмөттүн катарынан орун алып, Саламаттыкты сактоо министрлигине отурган Динара Сагинбаева эжекебиз, бул жолу да өз кызматында кала берди. Ушундан улам жакында бир катар тармактагы мекеме кызматкерлери нааразычылык жүрүштөрүн баштап, министрдин отставкасын талап кылаарын кулагыбыз чалып калды. Анткени, бул эжекебиз өзү тизгиндеген тармактын күнгөйү менен тескейин беш колундай билгенди мындай кой, айрым маселелер боюнча таптакыр эле кабарсыз экени күн өткөн сайын ачыкталып, миңдеген тажрыйбалуу врачтар уялып жүрүшкөнүн айтып келишет. Башкасын билбейм, биз деле ардактуу министрдин жакында "Де-факто" гезитинин түз маегиндеги жоопторунун бирине да толук ынана албаганыбызды ачыктап кетели.
Баса, ал өзүнүн "шефтери" КСДПчылардын айткан буйруктарын айныбай аткарууга жан-алы калбай киришип, айрым иш билги жетекчилерди кызматтан түшүрүүгө аракет кылып, керек болсо, артынан түшкөнү тууралуу да кызыктуу маалыматтар бизге келип жетти. Ал боюнча кийинки сандарда сөз болсун…




Баяндамачынын "бапкесинен"

Күтүүсүз камактын күңгөйү
Коомчулукта депутат Туратбек Мадылбековдун уулу, прокуратура кызматкери Эльдар Мадылбековдун "мамлекетке 2 млн.доллар зыян келтирген"- деген айыптоо менен камалышы ар кандай талкууларды жаратууда.

Мурда "Ата Мекенчилер" үйүрү менен (Ө.Текебаев, Р.Төлөгөнов, Болот Шер, Т.Мадылбеков) Бакиевдердин мүлкүнө "аңчылык" кылганын НТС каналы аркылуу А.Юсупов деген "абакчы" айтып чыгып, баарыбызды дүрбөткөн эле. "Сенин эле колунаң келип жатат" маанисинде Болот Шер Ө.Бабановго ок да берип жиберген. Кыргыз саясый олимпиндеги орто кылым жыттанган мындай көрүнүштөргө Башкы прокуратурасы баш, күч жана укук коргоо органдары төш болуп, "кың" дей алышкан эмес. Эми болсо Башкы прокуратура "А.Юсуповдун айтканына таянган жокпуз, өзүбүздүн эле мээнетибиз"- деп Э.Мадылбековду камакка алды. Ушунун өзү Т.Мадылбеков канчалык асман-айга түйүлүп актанбасын Бакиевдердин мүлкүнө "суук колун салган го" деген ойго түртпөй койбойт. Болбосо, анын уулу "бул иштерге кайдан барып аралашып калган?" -деген суроо табигый түрдө жаралып жатпайбы.
Депутат Т.Мадылбеков: "Уулум чоңоюп эле калган жигит (чоңойгондо 34кө чыгыптыр), күнөөсү далилденсе, мыйзам алдында жооп берет" - деп турат. Албетте, ата катары мындай ишти эч кимдин башына салбасын. Бул жагынан Т.Мадылбековду түшүнсө болот. Кептин баары иштин Бакиевдердин мүлкүнө байланыштуу болуп жаткандыгында. Сактыгы жагынан сагызганды сайга калтырган "Ата Мекен" фракциясы Т.Мадылбековдун уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча эч кандай ходатайство бербей тургандыгын айтты. Аныгында бере да албайт болчу. "Т.Мадылбековдун уулунан колуңду тарт" деген эле күнү "Ата Мекендин" ансыз да жардын кырында турган аброю "жалп" дей түшмөк. Т.Мадылбековдун өзү деле депутат катары тергөө иштерине киришпесин жар салды. Чындап келсе кирише да албайт. Азыр саясый кырдаалдын өңүтү өзгөрдү. "Ө.Текебаев Конституцияны өзгөртүп жиберген жалаасы боюнча" депутаттар комиссия түзөбүз деп жатат. Саясатта мурдунун жытчылдыгы жагынан теңдеши жок Ө.Текебаев ошол түзүлөөрүн билип туруп, "түзгүлө, текшергиле" демилгесин өзү көтөргөн. Бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөп турбаса башы ооруган, "Ө.Текебаев бир түндүн ичинде өзгөртүп жиберип жатпайбы" -деп оозун куу чөп менен аарчыган А..Бекназаровдун Конституциянын жаңы вариантына балчайта койгон колун элге көргөзгөн.
Азыр Ө.Текебаев башында турган "Ата Мекенчилердин" каягынан кепке чалынып каларын билбей кайсактап турган маалы. Камактагы Э.Мадылбековдун "кесепети" "Ата Журтчуларды" да кыйгап өткөн жок. Бул партия да Э.Мадылбековдон араң эле 500 миң долларга имарат сатып ала коюптур. (Абдрахманов, Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинен). Аны кантип сатып алышканын сайрап чыккан "Ата журтчу" Садыр Жапаровдун актануусуна токтолуп отурбайлы.
Бир сөз менен айтканда, Бакиевдердин мүлкүнө байланыштуу ызы-чуудан улам далайлардын төбөсүнө камчы ойногону калды окшойт. Эң негизиси Башкы прокуратурасыбы, башкасыбы бул ишти тыкыр иликтеп, саясаты кайсы, кылмышы кайсы коомчулукка далилдеп бериши керек.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??