Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Зинат Абыкалиева,
"Сары-Өзөн" телерадио компаниясынын кызматкери:
"Айылдык жигитти шаардыкка
айлантып алыш кыздардын колунда"
Зинат Абыкалиева "Сары-Өзөн" телерадио компаниясында эфирге жооптуу редактор болуп иштейт. Баскан-турганы тың, келечекке сергек ой жүгүрткөн кыздардын бири. Бүгүн аны менен кызыктуу маек курдук.

- Кесибиң өзүңө жагабы?
- Албетте жагат . Абдан кызыктуу .Маалыматтын чордонунда жүрөсүң да.
- Келечекте өзүңдү кайсыл жерден көргүң келет?
- Келечекте, өзүмдү тарых барактарынан көргүм келет. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн эмгек өтөгөн өрнөктүү кишилердин катарына кошулсам деген тилегим бар. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн, анын азаттыгын жактаган, кыргыз тилин, дилин, ыйык туткан ишмер катары эсте калсам деген кыялым бар. Биздин өлкөнүн жараны болуу сыймык болчу заманга жетишибиз керек. Келечек муундар Тыныстанов, Раззаков, Абдрахманов, Айтматов, Чокморов сыяктуу болууга умтула турган учурга жетишибиз керек.
- Жигиттердин кайсы сапатын баалайсың? Болочоктогу жолдошуң кандай адам болушун каалайт элең?
- Жигиттерди бир сөз менен айтканда, чыныгы мырзалык сапаттарды алып жүрүшсө өздөрүнө да жакшы болот деп ишенем. Ачыгын айтсам, мырзалардын сапаттуусу да сапатсызы да бар . Акылдуу, сабырдуу, туруктуу, чечкиндүү, жеңил ойлуулукка берилбеген сапаттары болсо ушуларын баалайм. Албетте "жолдошум жакшы болсо экен" деп эле тиленет болуш керек ар бир кыз. Жаштын тилегин берет демекчи, мен ойлогондой мырзага туш болом деп ишненем.
- Эгерде айылдык бала сенин колуңду сурап келсе…
- Менимче баарыбыз эле айыл жергесинде сапырылган топуракка аралашып ойноп чонойгонбуз. Ошол жердин тузун, суусун татып алып, анан мен "айылдык бала" деп атап, чангандан алысмын. Эгер кандайдыр бир чыныгы тунук сезимге тушуккан болсом, анда колумду сураган балага барат болчумун. Айылдык баланы шаардык балага айлантып алыш алган жарынын колунда десем болот го… Муну менен кыргыздын таамай айтылган бир макалына таянсак да болот "Жакшы аял жаман эркекти хан кылат" деп коёт эмеспи.
- Бакыт деген эмне?
- Бакыттын түрү көп. Сенин бул жарык дүйнөгө жаралып, ата-энеңдин, бир туугандарыңдын мандайында аман-эсен жүргөнүң бул да бакыт. Ал эми бакыттын дагы бир түрү- бактылуу турмуш улоо.
- Үй-бүлөлүү, бала-чакалуу чиновникти сүйүп калсаң…
- Беш кол тең эмес да. Сүйүү кары жашка карабайт болуш керек. Балким андай сүйүүнү баштарынан өткөрүп жүргөн адамдар деле бар деп ойлойм. Бирок, Кудай мындай сүйүүдөн алыс кылсын. Ушундай катуу сезимге тушуккан адам өмүр бою арманда калса керек. Мындай арзууну мен өзүмө эмес, башка кыздарга дагы каалабайм.
- Жашоонун маңызы эмнеде деп түшүнөсүң?
- Жашоо - адамга жаратылыш буюрган касиеттерден келип чыккан каалоолордун жетелөөсүн ээрчип жүрө бермей убаракерчилиги. Бирок, жетелөөлөрдүн багыты, маңызы киши төрөлгөндөн баштап кандай чөйрөгө туш болуусуна жараша болот. Биринчиси үй-бүлө, ата-эненин теги, ошого байланыштуу деңгээли, тарбиясы, кулк-мүнөзүнө карата уланып кете берет. Кийинчерээк кишинин чөйрөсү аралашып, татаалдашып отурат.
- Өмүрүңдөгү кызыктуу жагдай…
- Эсимде жок.
- Бош убактыңды кайда өткөрөсүң?
- Эми ар кандай. Көбүнчө китепканаларга барып турам. Андан сырткары бош убактым болуп калса эле табиятка чыкканга аркет кылам. Бирок, менимче жаш кезде бош убакыт деген болбошу керек. Адам кыял-тилектери орундалганча тыным албашы керек деп эсептеймин.
- Сен жактырып уккан чыгарма?
- Классикалык чыгармаларга басым жасап угам.
- Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиң?
- "Жакшы тилек, жарым ырыс" деп коёт кыргызда. Буюрса, Кыргызстан, келечекте дүйнөлүк аренада болбосо да, Борбордук Азия регионунда, өзүнүн географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкандыгынан жана кен-байлык, жаратылыш ресурстарынан пайдаланып, кичинекей болсо да тыкан жана динамикалык экономикасы бар, гүлдөгөн, бейиштей болгон мамлекетке айланат. Ал үчүн регионалдык бөлүнүү, ички араздашуу, миграциялык маселелерди чечүү керек деп ойлойм. Билимдүү кишилерди чет өлкөгө сүрбөй, аларга мамлекеттик кызматтардан татыктуу орундарды берип, демократия эмес, меритократиялык жол менен өнүгүүбүз зарыл.
Сүйлөшкөн
Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??