Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

СМС-пикир

"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


"Коза-НОСТРА"- кыргызча - "Коза- Конституция" болду го! Мафиозилер, атышсаңар атышпайсыңарбы эртерээк! Жеп- ичерлер азайсын! Эртерээк тазаланбасак болбой калды, улам бир ажыдаардын башы кылтыйып чыгып келатат.
Орозбек, Лейлектен

Токтоткулачы, партиялар жарышын! Кыргыз мамлекети бир гана "Кыргыз эл" партиясынан турушу керек. 5 миллиард Кытайда да биздикиндей партия жок болуш керек.
Патриот КЫРГЫЗ, 772 1491***

Бүгүнкү өлкөдөгү болуп жаткан окуялар: өкмөттүн отставкага кетиши, коалициянын тарашы, түзүлүшү, Ж.Сатыбалдиевдин , И.Масалиевдин келиши президенттин демилгеси экени эч кимге деле жашыруун эмес. Эми Үсөн аканы алып келсеңер Кур.Салиевичти көздөй бир эле кадам калат. Алар келсе минтип чуулар көбөйбөй, тез эле "телегейибиз тегиз" болуп калат. Ананчы, баарын жапжалпак кылып тегиздейт. Ушуну каалап жатасыңар го.
771 0118***

Кыргыз мамлекети Эгемендикке ээ болгону, 21 жылдан бери өнүгүүнүн жолун таппай келатат. Акаев мезгилинде мамлекетти таламай кылып, ар ким колу жеткенин менчиктештирип кирди эле. Приватизацияны-прихватизацияга тез эле айлантып жибердик. "Мамлекет, улут, эл" деген аң- сезимден чыгып кетти, ошондо. Чак челекейи чыгып, таламайга түшүп жаткан Кыргызстанга чет өлкөлүктөр да кирип келип, каалагандарын сатып алууга, басып алууга жетишкен. Акчаны көргөндө көздөрү кызарып, абийир, намысты асып койгондор аларга баарын сатты да . Мына эми жыйынтыгын көрүп жатабыз го. Ага күнөөлүүлөрдүн бардыгы отурат азыр парламентте, бийликте. Буга эмне дейбиз?! Өздөрү да сазга батып, мамлекетти да сазга батыргандардан эмнени үмүт кылабыз?!? Таза, ак иштегендер керек элге! Алар кийинки муундар, жаштар. Жол бергиле, жаштарга!
Токторбек, кыргыз патриот,
772 1444***

Урматтуу "Алиби!" 5 жылдык юбилейиңер кут болсун! ММКлар - бул коомдун күзгүсү, коомдун кандай экенин чагылдырып, аны элге көрсөтүп турат эмеспи. Силердин гезит алдыңкылардан болуп, элдик болуп, чындыкты чыркырап жазгандардын бири. Окуп отуруп жогору жактагылардын, бийликтегилердин силерди баалабай, унутта калтырып жаткандарына нааразы болдум. Канткенде да силерди эл билет, эмгегиңерди эл баалайт. Окурманыңар катары силерге тилегим ак, гезиттин өмүрү узун болуп, эл үчүн кызматыңарды аябай, каршылыктарга бек туруп иштей бергиле. Калемиңер дагы курчуй берсин! Баш редактор Бабырбек Жээнбеков, ишиңизге ийгилик!
Асанкул, Ысык-Көл району,
550 3457***

Салам "Алиби!" Мен КАСПИЙДИ, БАЛТИКАНЫ көрдүм жээги алдемедей болчу, өзгөчө Балтика деңизи. Бирок, Ысык -Көлдүн жээги таза болбогону менен көлдүн өзүндөй тунук, таза эч жерде жок! Ошондуктан "таза Ысык-Көл" үчүн күрөшөлү. Көлүбүз бирөө эле да. Эгерде Ысык -Көл адыраңдаган кавказдыктардыкы, мактанчаак казак баурдастардыкы, Окем браттардыкы же дагы башканыкы болгондо ар бир чумуганың эле 1 доллар турмак. Тегерегин булгатпай карап, кызганып да тимеле айлаңды алты кетиришмек да.Башты иштетсек, бутубузга туруп, анча -мынча жыртык -тешигибизди бүтөсөк. Туризм -деген, бизде жөн эле сөз бойдон калууда.
Окурман Бишкектен,
773 8945***

Айрым депутаттар, Өкмөт башчы баш болуп Малайзиянын мурунку президентинен, өкмөтүнөн " мамлекетиңерди кантип өнүктүрдүңөр?"-деп сурап жатышат. Мамлекетти кантип көтөрүштү билбесеңер, акылыңар жетпесе Ак үйдө эмне отурасыңар?! Баарыңар биригип акылыңар Малайзиялык бир адамдыкынан азбы? Эми эч ким жардам, акча бербей койгондо акыл сурай баштадыңарбы? Уят, мырзалар!!!
Тепен, 772 6649***

Президент Алмаз ШАРШЕНОВИЧ! Акаев, Бакиевчилерди бийликке, кызматка 25 жылга чейин жолотпош керек. Башкаларга сабак болот. Алар же ичип-жегендерин кусуп бербесе же күнөөлөрүн мойнуна албаса, анан эмне кылыш керек? Илгери кулакка тарткандай курутуш керек болчу. Бирок, биз гумандуу элбиз да. Репрессия убагында не бир акылдуу, жүрөгү "элим-жерим, улутум " -деп соккон инсандарыбыз атылып деле кетпедиби. Аларды унутпай эстеп туруу үчүн парламенттегилер, бийликтегилер "Ата-Бейитке" айына эки жолудан атайы барып турушу керек. Аларды көрүп эстерине келээр. Алгач арбактар ыраазы болсун!
555 7414***

Атамбаев, элди куурата турган болдуңуз! Сизди айланаңыздагылар кууратмай болду.
777 1392***

Мектептердеги рэкетчилик токтобойт, качан алардын ата-энеси, ага-эжелери оңолмоюнча! Себеби, үйдө бала "кайдан акча жасасам, кантип тигини алдасам, тигинин баланчасын мен алып алсам" деген эле сөздөргө кулагы канып же "мен силерди кантип багам, сенин оокатың, кийимиң деп сандалып жүрөм " деген эле сөздөрдү угат да үйдөн. Анан чоңдордун кылганын кылат. Жакшы жагыбыздан үлгү бололучу, балдарга.
778 7020***

Кыргызстанга партиялык системанын кереги жок . Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартышып жатат. Андан көрө мурункудай элдин атынан бирден келсе. Ошондо жакшы болот.
772 8424***


Кыргызстанга жаңылануу керек! А.Мадумаров президент, К.Ташиев премьер, А.Келдибеков спикер болгондо жашоо оңолмок.
Замир, ОШтон, 773 3300***

"Жерди казсаң суу чыгат, темирди чапсаң чуу чыгат" экен. Сезимим, жүдөө тарткан жүрөгүм, ишеничтүү адам таппай тумчугам. Ыймандуу 5 маал намазга, сүннөткө бекем сулуу айымдар менен таанышам.
702 04- 01- 53, 707 40- 96- 09

Акаевдин куйруктары баары соо, анткени Акаевдин дени таза, ооруган эмес да. Ал эми Бакиевдин куйруктарынын баары ооруу, болгондо да жаман оору- рак болуп жатышат, четинен. Бакиев өзү бир жолу ооруп, Германияга барып дарыланып келбеди беле. Ошондон жукса керек, баарына. Баса, БАКИЕВ да тынч жүрбөй баласы Макстан ок жеген эле. "Сыныктан башканын баары жугуштуу" болуп, буларыңа баары жукту. "Ок атмайды" Максимка үйрөтүп кетиптир да. Баракелде-е! Эми, үйрөнгөн адат калабы же...
Каратоо, 772 7750***

Мен НЕМАТОВ Чыңгызды издейм. Чыңгыз мен сени түбөлүк сүйөм, звонок кылчы суранам! Мага сенден башка эч кимдин кереги жок.
Адина, 777 4919***

Пейли кенен, койну кенен, жери кенен берекелүү Сары-Өзөн-Чүйүм, кең пейил ЧҮЙ элим! "Көп түкүрсө көл болот" деген ушу да. Кечээ жакында Бишкек баатырдын эстелигин тургузуу үчүн Чүй эли жапа тырмак киришип, марафон өткөрүштү. Алардын салымдарын көрүп эл ыраазы болду. Баатыр бабабызды эстеп, анын арбагына таазим кылып карапайым калк да аянбаптыр. Ынтымагыңар арта берсин, жерибизде тынчтык болсун, бар болгула! Максатыңар орундалсын!
Садык, Чүйдөн, 559 7791***

Мамлекеттин жетишкендигин балдар менен карыларга болгон камкордугунан байкаса болот экен. Анда Кыргыз мамлекетин кошуналардын көзү менен карап, байкап көрөлү: Бюджетин пенсияларды кыскартуу менен толтурушат экен. Балдары үчүн бакча, мектеп жетпей, бирок анын жолун таап, 20 орунга 40тан бала, мектеп жарабаса алачык даярдап окутушат. ПРОЕЗДНОЙ дегенди жойгон, балдар акча алып жүрүшөт, себеби, "налогчулар" үчүн бул ыңгайлуу. Негизи кыргыз баарына тез эле ыңгайлашат. Чыдамдуу, кенебеген эл. Пенсионерлер үчүн атайы жеңилдиктери бар дүкөндөр болчу эле качан жойгон, анткени башкаларга да оокат керек да. Ардагерлерибиз балдарынан эч нерсе аянбайт. Мына, ушундай патриот кыргыздар!
Орто муун, 553 0205***







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??