Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Жыйырма биринчи мыйзам
Бирөөнү алдаш үчүн
макоо болумуш бол:
ага караганда акылың
кемдей көрүн
Мыйзамдын чечмелениши:
Эч кимге өзүнүн башка бирөөдөн акылсыз көрүнүп турганы жага бербейт. Курмандыгыңды кылтакка илинтүү үчүн аны сен акылдуусуң деп койгондон өтөрү жок. Буга ишенип алган ал шордуу эч нерседен шек албай капканыңа кантип түшкөнүн билбей калат.


Бийликтин ачкычы
Кимдир бирөөлөрдүн өзүбүздөн акылдуу экенин сезүү оңой менен көтөрө алгыс мүшкүл иш. Биз адатта мындай учурларда актана баштайбыз. Ал жөн эле китептен үйрөнүп албадыбы, а мен ансыз деле билчү элем, Аны ата-энеси жакшы акча төлөп окутпадыбы, эгерде менин ата-энем бай болгондо же ошондой үй-бүлөдө чоңойгонумда..., Ал өзү ойлогондой анчалык деле акылдуу эмес ж.б. Дагы бир майда эмес маселе: Ал мүмкүн кайсы бир жагынан кыйындыр, калган жагынан ашынган эчтекеси деле жок. Эйнштейн деле физикадан башка жагынан кемчил эмес беле - дегенди айтабыз.
Ар ким өзүн акылдуу сезерин жана акылдуусунуп турарын эске алсак, кимдир бирөөнүн акыл-эс жагына тийишип алуудан этият болуу керек. Бул кечиримсиз күнөө. Эгерде сен бул мыйзамды темирдей бекем кармап, аны өзүңө иштете алсаң, адамдарга таасир этүүдө эбегейсиз мүмкүнчүлүктөргө ээ боло аласың. Адамдарга алардын өзүңдөн акылдуу экенин акырын туюнтуп коюп, ага ынандырып салып, анан акырындап кийин өздөрүн аса турган арканыңды чыйрата бер. Адамдарга интеллектуалдык жактан сенден жогору турарын туюндуруп коюу менен эң негизгиси алардын көзүнө чөп салып жибергенге жолуң ачылат.
1865-жылы Отто фон Бисмаркка Австриянын бир макулдашууга кол коюшу зарыл болуп турган. Макулдашуу толугу менен Пруссиянын кызыкчылыгына жооп берип, Австрияга пайдасы жок болчу. Анан Бисмарк кырааның куулана баштайт. Сүйлөшүүгө катышып жаткан Австралиялык граф Бломе карта оюнун катырган неме эле. Ал куинс оюну дегенде оңкосунан кетчү. Ким бул оюнду кандай ойносо, анын ким экенин биле салам - деп мактанып да жүрчү. Бисмарк анысын угуп калган.
Кечинде сүйлөшүүлөрдүн алдында Бисмарк эч сыр бербей момпоюп туруп, аны куинс ойногонго чакырат. Кийин ал жөнүндө минтип жазып жатпайбы: Ошондон бери мен эч качан куинс ойнободум. Мен ал жолу өтө эле олдоксон, ойлонбогондой ойнодум. Баары таң калышты. Бир нече миң талер (ошол кездеги акча бирдиги) уттуруп да жибердим. Эң башкысы Бломени бул оюн боюнча ага жетпесиме ынандырып салдым. Бисмарк бул оюнда бир гана начар оюнчу эмес, өзүн анчалык акылдуу, терең адам эмес экендигин да көрсөтөт. Көрүнгөндүн башын сүйлөп, тантыган кептен урдурат. Токтоно албай каны кызуу немече кызаңдайт.
Мунун баары Бломе үчүн баалуу маалыматтар эле. Ал Бисмарктын агрессивдүүлүгүн угуп жүрчү, эми даана ынанып отурат. Ал эми Бломе жакшы билгендей агрессивдүү адамдар, адатта акылсыз жана кызуу кандуу келишет. Ошондуктан кол коюуга келгенде ал өзүн акылдуумун деп ичинен кымылдап турду. Бисмарк өңдүү башында мээ ордуна шамал ыркырап турган неме салкын кандуу терең ойлонууга, куулукка салганга, ошол шамалы жетмек беле деген ал, акыркы вариантты көңүл коюп деле окубайт. Коюлган колдордун сыясы кургай электе Бисмарк каткырып жиберип, минтип кыйкырат: Баракелде...Бул документке кайсы Австралиялык дипломат кол койсун деп жүрбөймүнбү. Мына сага....
Кытайлыктардын Жолборсту өлтүрүш үчүн чочконун терисин жамын деген макалы бар. Анын тамыры тереңге кетет. Эски заманда аңчы чочконун терисин жамынып алып, чочкочо коркулдап, анын кыймылын туурап, жырткычтарды азгырчу тура. Аны байкаган жолборс түшкү тамак даяр турбайбы деп жакындап барбай коёбу. Анан аңчы акең аңкоо башын жара атпай эмне болуптур.
Мындай чочко кебин тартынуу жолборс өңдүү өзүнө өзү ишенген далайлардын арка-мойнун үзүүгө аябай жардам берет. Бул ыкманы өзүңдү баалабай жүргөн чөйрөдө колдонсоң каймакка майды куйгандай, калмакка нике кыйгандай жараша эле түшөт. Алар ойлогондой бир бечара кейпине ого бетер бекинип ал. Ал эми тегерегиңдегилер сенин башыңда, алар үчүн эң коркунучтуу план бышып калганын сезе беришпейт. Жогору жакта отургандар сени кой оозунан чөп албаган, алар эмнени айтса ошону аткарып турчу көр пенде катары кызматтан-кызматка көтөрүп да жиберишет.
Клавдий Рим императору болгонго чейин, кийин Людовик XVIII болгон француз принци, жогору жактагылар аларды так талашат- деп күтпөшү үчүн ушул ыкмаларды колдонгон. Алар жаш кезинде макоодой көрүнүшчү. Ошондуктан аларды жайына коюшкан. Качан гана маалы келип, чечкиндүү чабуулга өтүшкөндө беркилер көзүн ачканга да үлгүрбөй калышкан.
Акыл бул жашыра турган жакшы оокат. Бирок, токтоп калбоо керек. Баамчылдык, сергектик, тапталган тил акылдын кошчусу. Адамдарга ал касиеттерди тескери жагынан көрсөт. Ошондо алар сенден шек ала алышпайт. Арнольд менен Слэкке макоо көрүнүү жети укмуштарды жасаганга жол ачары белгилүү болчу. Битин сыгып, канын жалаган финансисттер алардын аркасынан күлүп эле жатышчу. Белгилүү болгондой күлгөндөрүнүн артыгы чыгып аягы шым болушпадыбы. Эсиңерде болсун, дайыма адамдарга сен акылдуусуң деп тургандан өтөрү жок. Аларга мындай майдай жаккандыктан, сен алардын арасында узакка жүрө аласың. Бир күнү жарга түртүп жиберип баса бересиң.

Айталы, өлүмүш болгон опоссум.
Жырткычтар жыттап өтүшкөн менен жөн эле өлбөй, сасыгы мурунду жарып, эбак жыттанып кеткен немеге (ал атайы ошондой жыт чыгарат) эгерим тийишпейт. Кол башындай болгон, кебетеси да суук, жаны тынбаган жаныбардын башына мындай акыл кайдан келе каларына биздин да башыбыз жетпей келет.

Абройлуу пикир.Билип кой,кээде макоо көрүнүмүш болгон акылдуу адам ар дайым утушта. Эң мыкты акылмандык деле ошол макоо болумуштан турса керек. Болгону канчалык ошондой көрүн аласың кеп ошондо. Анткени, аңкоолордун арасында акылман, акылмандардын арасында макоо көрүнүү оңой эмес. Аңкоо чалыш болуп турган неме акылдуу экенин кайдан билдик? Эң мыктысы баары менен жакшы мамиледе болуу үчүн өзүңө катардагы жөнөкөй адамдын бет кабын тартынып алганың.
(Бальтазар Грациан).

Тескей жагы

Акылдуулукту көрсөтүү дайыма эле ийгилик алып келбейт. Андан көрө ошол акылыңды жашыра билгенди үйрөн. Өзүңө адат кылып ал. Эгерде адамдар баары бир сенин караңгыда көз тапкан акылдуулугуңду билип калган күндө да ошончо акылың менен жер көтөрүп жүргөн жөнөкөйлүгүңө суктанбай коюшпайт. Бир гана кызмат тепкичи менен өйдөлөй баштаганыңда таза эле макоо болуп көрүнгөнүң болбогон иш. Эгерде кааласаң өзүңдүн жетекчилериңе башка конкуренттериңе караганда өзүңдүн акылдуу, иш билги экениңди туйгузуп койсоң болот. Бирок, улам бийиктеген сайын ич күйдүлүктү туудуруп албас үчүн кичине демиңди басып жүр.
Бирок, акылыңды алдар баштыгыңан алып чыгууга туура келген учурлар да болуп калат. Эгерде сен баарына көзү жеткен, абройлуу адам экениң белгилүү болсо, адамдар сенин ар бир сөзүңө ишенбей коё алышпайт. Камырдан кыл сууругандай акыл тапканың башкалар үчүн деле жагымдуу.
Көркөм сүрөттөрдү сатуунун атасы Жозеф Дювин бир ирет белгилүү магнат, өзүнөн Дюрердин сүрөтүн сатып алган Нью-Йорктогу бир күркүлдүн үйүндө өткөн кечеге чакырылат. Коноктордун арасында баарын билем дегенсиген жаш француз сынчысы да бар болчу. Магнаттын кызы шайтан сайып, жаш французска таасир калтырам- деген ниетте дал ошол Дюрердин сүрөтүн көрсөтүп эмне дейсиң - дегенчелик кылат. Сынын сыңгыр сынчы көпкө чейин карап туруп: Билесизби, бул сүрөт түп нускасы эмес окшойт - деп салбаспы. Магнаттын кызы жүгүргөн бойдон атасына барып, сынчынын сөзүн жеткирет. Каары келген магнат ошол эле жерден Дювенден түшүндүрүп берүүсүн талап кылат. Дювин уялып калгандын ордуна, боору эзилип эле катып калат. Анан күлкүсүн жыйып: Эй, боз бала. Бери болгондо бул жердеги жана Европадагы эксперттердин жыйырмасы сага окшоп, бул түп нускасы эмес айтышкан болчу. Сен да аларды катасын кайталап жатасың. Дювендин ишенимдүү үнү, салабаттуу турушу жаш французска таасир бербей койгон жок. Бушайман болгон ал дароо кечирим сураганга шашат.
Дювен көркөм сүрөт рыногунда көптөгөн мыкты чыгармалар көчүрүлүп, түп нуска катары сатылаарын жакшы билчү. Ошондуктан ал кайсынысы жасалма, кайсынысы түп нуска экенин билүүгө аябай тырышчу. Өзүнүн кардарларына чыныгы түп нускасын сатканга аракет кылчу. Ал үчүн кардардын түп нускасын сатып алдым -деген ишеними өтө баалуу болчу. Ошон үчүн жогорку сөз болгондо өзүн ишенимдүү кармап, сүйлөп жатпайбы. Демек, кээ бир учурларда курулай эле бет капка жашына бербей, өзүңдүн ишти мыкты билээриңди тастыктап койгонуң да зарыл нерсе.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??