Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Айныган айыл
чарба саясаты...
Айкырган академик

Кыргызстан агрардык өлкө. Ага жараша дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшү менен кызматташпай коё албайбыз. Жакында Ысык-Көлдө Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн айыл чарба тармагынын адистеринин эл аралык 15-кеңешмеси болуп өттү. Ушуга байланыштуу академик Жамин Акималиевге айрым суроолор менен кайрылдык. Академиктин айтымында КМШнын 8 өлкөсү (Армения, Грузия, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан) Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган эл аралык Борборлор (АКАРДА-СИММИТ) менен 17 жылдан бери үзөңгүлөш иштешип келатыптыр. Эмесе, маекке кезек берели.

- Жамин Акималиевич! Коомчулукка билгизбей эле эл аралык агрардык уюмдар менен колтукташып иштешип жатыпсыздар. Унчукпай эле жүргөндөй болдуңуз эле?
- Союз союлганда Бүткүл дүйнөлүк Банктын алдында айыл чарба илими боюнча иштеп жаткан 15 эл аралык борборлор Борбор Азия жана Кавказдын 8 өлкөсүнө кайрылышкан. Ошондон бери алар менен бирге эл аралык Консорциум уюштуруп, айыл чарбасы боюнча атайын программа түзүп алып иштешип келебиз. Анын үстүнө союз согум болгондо бизге окшогон аграрчы илимпоздор каражат бөлүнбөй талаада калганбыз. Алардын сунушу бизге майдай эле жакты. Булардын максаты жеке эле жардам кылбастан, алдыңкы айыл чарба тажрыйбасын үйрөнүп, лабораториялардын кызматын пайдаланып, биздеги илимий ачылыштарды өздөрүнө алып, жайылтышат экен. Биз алардан алабыз дегендей. Ошону менен 17 жылдын аралыгында 15 - кеңешмебиз өтүп жатат. Быйыл Кыргызстанга кезек келген экен, Ысык-Көлдө өткөрдүк.
- Макул, эми натыйжасы барбы?
- Бар эмей. Айталы, азыр кеңири белгилүү буудайдын Жамин, Альмира сортторун чыгаруу үчүн булардан 14513 буудайдын сорттук үлгүсүн (гермоплазмасын) алдык. Аларды чаңдаштырып, сынап отуруп 15 жылдын аралыгында 5 жыл сынап жүрүп ушул эки сортту тапканбыз.
Альмира күздүк буудай. Түшүмдүүлүгү Жаминден жогору. Бирок, факультативдик Жамин сортунун артыкчылыгы күздө сепсең күздүк, жазында сепсең жаздык болуп калат. Бул айыл чарба илиминдеги дүйнөлүк жаңылык болуп калды. Жамин сорту бүгүнкү күндө 50 миң га жерге айдалат. Ошондой эле 12730 арпанын сорттук үлгүсүн (гермоплазма) алып келип, алардан жергиликтүү күздүк-жаздык төрт сортту чыгардык. (Жеңиш, Адел, Нестан, Тамара). Булардын баары Кыргызстандын шартына ыңгайлашкан, канча жылдар сыналган сорттор. Бирок, биздин айыл чарба министрлиги өзүбүздүн ушундай сыналган сорттор турганда Орусиядан (Краснодардан) мурда кыргыз кыртышына чоочун сортторду алып келип, дыйкандарга сунуш кылып жатат. Ал эки жыл жакшы түшүм берет. Үчүнчү жылы сары дат илдетине чалдыгып, 40 пайыз түшүмдүүлүгүн жоготуп коюуда. Биздин сорттордун артыкчылыгы 15 жылга чейин туруктуу түшүм берүүсүн жоготпойт. Дыйкандарыбыз муну билбей жатпайбы.
- Бирок, биздин тегирменчилер кыргыз буудайынын жабышкактуулугу (клейковинасы) начар дешип Казакстандын буудайына тап коюп жатышпайбы...
- "Карабаса катын, бакпаса мал кетет" -дейт кыргыз. Буудайды септиңби, багышың керек. Биздин жергиликтүү сорттор жалпысынан "интенсивдүү" аталат. Бул жалпак тил менен айтканда "канчалык жакшы баксаң ошончолук мыкты түшүм аласың" - деген эле кеп. Мисалы, Жамин сорту гектарына 60-70 центнер түшүм берет. Клейковинасы 24-28 пайызды түзөт. Клейковина өзү 21 пайыздан төмөн болбош керек. Көрдүңүздөрбү, биздин сорттордун мүмкүнчүлүгүн. Ал эми жанагы кыргыз буудайын жарабайт деп жаагын жанган монополисттер (Акун, Яшар, Эл нур) иштин аныгында Казакстандыкы деп коюп эле биздин буудайдын 70 пайызын пайдаланып жатышат. 30 пайыз гана Казакстандан алып келишет. Муну мамлекеттен кредит алуу үчүн жасап жатышпайбы.
- Сөзүңүзгө караганда бизде өткөн аграрчылардын эл аралык жыйынынын максаты айыл чарба илимин өндүрүшкө киргизүү турбайбы?
- Борбордук Азия менен Кавказда 80 млн.эл жашайт. 11 млн.сугат, 24 млн кайрак (көпчүлүгү Казакстанда) жер бар. Ал эми стратегиялык ордун билесиздер. Өткөн жыйыныбызда ушул 8 мамлекеттин айыл чарба тармагы жөнүндө кеңири сөз болду. Кайсы гана мамлекет болбосун айыл чарба өндүрүшүн илимий негизде гана жүргүзүш керек. Дүйнөлүк практикада айыл чарба илимине маани берген өлкөлөр ат чабым алыс кетишти. Айталы, айыл чарба илимине Японияда ИДПнын 5 пайызы, Америкада 4 пайызы бөлүнөт. Карагылачы эмне деген каражат?! Бул эле коңшу Казакстан 0,50 пайыз бөлсө, Орусия, Азербайжан 1 пайызга жакындап калды. Ал эми Кыргызстанда жалпы эле илимге ИДПдан 0,1 пайыз каражат бөлүнсө, анын ичинен айыл чарба илимине 0,07 пайыз каражат бөлүнөт. Эски болсо да айтайын совет доорунда айыл чарба илимине чоң каражаттар бөлүнчү. Окумуштууларга жакшы маяна төлөнчү. Белгилүү болгондой ал кезде айлыкты илимпоздор көп алчу эмес беле. Ошол эле мезгилде талап да катуу эле. Азыр илимге аркан менен сүйрөп баралбай калбадыкпы. Ой, деги кайсы тармак болбосун илимсиз кайда барабыз? Сөздүн кыскасы биздин Ысык-Көлдө өткөн эл аралык кеңешмеде илимди айыл чарбасына кийирүү, жаңы сортторду, пайдалануу, жөнөкөй айтканда жерди кандай айдоо керек, малды кандай багуу керек, жашылча-жемиштерди кандай өстүрүү керек, кандай сорттору тандоо керек айтор, илимий жолдор айтылды. Ошондой эле жыйындын аягында кыргыз өкмөтүнө айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча сунушубузду айттык.
- Жамин Акималиевич! Эми сөздү Кыргызстандын айыл чарба көйгөйүнө бурсак. Жаңы бекиген Айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев майда чарбаларды ирилештирбесек ишибиз жылбайт окшойт-деген көз карашын айтты. Сиз кандай дейсиз?
- Бул биздин көз караш. Бир жылдан ашып кетти бул маселе боюнча андагы президент Р.Отунбаева, андагы өкмөт башчысы А.Атамбаевге, ЖКга кайрылгам. Үчөөнүн ичинен Жогорку Кеңеш жооп кылып мени чакырышып, сунушумду карап, жактырышкан. Мен аларга сөз менен иш бүтпөсүн, атайы Айыл чарбасын ирилештирүү боюнча Мыйзам кабыл алгыла дегем...Кезегинде 519 колхоз-совхоз, тажрыйба чарбалары бар эле. Алардын ар биринде орто эсеп менен алганда 2300 гектар айдоо аянттары бар болчу. Бул чарбалар элибизди 90 пайыз азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылчу. Кумшекер менен Орто Азияны, буудайдын үрөнү менен дагы эле Орто Азияны, жүгөрүнүн үрөнү менен Азербайжанды, беденин үрөнү менен бүтүндөй Орусияны, ГДРди, кант кызылчасынын үрөнү менен Орусияны, Украинаны камсыз кылып турбадыкпы.
Анан ошондой өлкө башканы коюп өзүн-өзү ун, үрөн менен камсыз кыла албай үтүрөйүп отурбайбы. Баягы 519 чарба азыр 320 миң майда дыйкан чарбаларына бөлүнүп кетпедиби. Орто эсеп менен алганда ар биринде 1,5-2 гектар жер бар. Эми, бөлүнгөндү бөрү жейт болуп ар кимиси билген талканын чалып жатат. Айыл чарбасынын илимий системасы жоголду. Которуштуруп айдоо деген жок, туура себүү деген жок, кандай себишти билишпейт. Кыскасы, өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип кетти. Көп жерлер кол жетпей кысыр калды. Кыртыштын асылдуулугу 21 жылдын ичинде 1,5-2 эсеге чейин төмөндөп кетти. Ал асылдуулук деген миңдеген жылдарда барып пайда боло турган нерсе. Мына, Чүй облусунда жердин асылдуулугу мурда 2 пайыз эле, 1 пайызга түшүп калды. Муну кантип калыбына келтиребиз.
... Ал эми ат сокого күнүбүз түшкөнүн көргөндө күйүп гана кетем да. Совет маалында айыл чарбасы 70 пайыз механизация менен бүткөрүлчү. Анан кол менен өндүргөн продукция кымбат болот, азык-түлүктүн баасы асмандап кетти. Экспорт түгүл элге жетпей калды...
- Жамин ага! Кейий берип бизди да жашыта турган болдуңуз. Андан көрө академик катары оң жолду айтпайсызбы?!
- Мында бир гана жол бар. Ал айыл чарбасын кылчактабай ирилештирүүгө киришүү. Кредитке, грантка келген айыл чарба техникаларын чилдей таратпай, ошолордун негизинде ар бир районго МТСтерди түзүп, ошол эле келген техникаларды, кредиттик жардамдарды ирилештирилген чарбаларга биринчи кезекте берүү керек. Ошондо барып айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жанданат. Жумушчу орундары түзүлөт. Айыл чарбасы илимий негизде өнүгө баштайт. Болбосо 320 дыйкан-фермерлердин ар бирине акыл үйрөткөнчө айнып кетпейсиңби. Ансыз деле айыл чарба саясаты айнып турбайбы. Же андай эмеспи?!






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??