Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мамлекеттик
резиденцияда кимдер жашайт?

Мамлекеттик резиденция - өзгөчө аймак. Анын өз эрежелери жана жашоо тартиби бар. Чет элдик коноктордон сырткары, аталган территорияда өлкө жетекчилери, абройлуу инсандар такай жашайт. Мамлекеттик күзөт кызматы бекем кароолго алган резиденцияда жашоонун башкы талабы - жогорку мамлекеттик макамга ээ болуу керек.

Өткөөл мезгилдеги президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевди резиденцияда дагы эле жашап жатыптыр деп кыргызча гезиттер жазып чыгышты. "24.kg" МАнын бул маалыматты тактаган суроосуна Эмилбек Каптагаев жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиевдин айтымында, Каптагаев кызматтан кеткенден кийин резиденциядан дароо чыгып кете алган эмес.
Турусбек Коёналиев: - Өзү жашаган жок. Бирок, Бишкекте үйү жок экен, кийим-кечектерин бир топко чейин алып чыгып кеткен жок. Жашабаса да кийимдери үчүн келип-кетип жүрдү. Кийин үй алдыбы же жашай турган жер таптыбы, кийимдерин алып кетти.
Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү да туруктуу өкмөт шайланышы менен эле резиденциядан жүктөрүн алып чыгып кетишкен жок. Кээси жашап жатты. Бирок биз бекер жашатпай, акча төлөтүп алдык". Убактылуу өкмөттөн айырмаланып, Өмүрбек Бабанов жетектеген министрлер кабинетинин жетекчилери резиденциядан коалиция ыдырашы менен эле чыгып кетишкен.
Биринчилерден болуп, вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова бошотту. Ал "коалиция ыдырады" деп жарыяланган күнү эле эч кимге айтпай көчүп кетти. Аалы Карашев анын ордуна Тайырбек Сарпашев бекитилгендиги белгилүү болору менен эле бошотту. Ал эми Өмүрбек Бабанов ошол күндөрү эле көчүп кеткен.
Негизинен резиденцияга бир-эки чемоданы менен келишет. Андыктан, тез эле кийимдерин жыйнай коюшат.
Мамлекеттик резиденцияда кимдер жашайт?
Бул маселе президенттин буйругу менен аныкталат.
Азыр жашап жаткандар: Президент - Алмазбек Атамбаев,
Премьер-министр - Жантөрө Сатыбалдиев,
ЖК төрагасы - Асылбек Жээнбеков,
Башкы прокурор - Аида Салянова,
Биринчи вице-премьер-министр - Жоомарт Оторбаев,
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы - Туйгунаалы Абдраимов ,
Шаар мэри - Иса Өмүркулов,
Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы - Шамил Атаханов.
Булардан сырткары, Жогорку Соттун төрагасы да жашашы керек. Ага тиешелүү үй азырынча бош турат.

Өзгөчө аймактын өзгөчө эрежелери

Мамлекеттик резиденцияны 200дөй кызматкер тейлейт. Андыктан бул аймак дайыма таза жана тынч, кайсы мезгилде болбосун көрктүү. Мамлекеттик резиденцияда 15 үй, алты конок үйү жана бир конгресс холл бар. Айрымдарына экиден үй-бүлө жайгаштырылган.
Турусбек Коёналиев: - Албетте, евро эмес. Шарты орточо. Совет мезгилинде курулган үйлөр. Ал жерде жашагандар оңдоо иштерин өздөрү жасайт. Бирок бөлмөлөрдү кеңейтип, кичирейтүүгө болбойт. Коммуналдык акыларын төлөйт. Короосун тазалоо, чөптөрүн оруу иши бизге тиешелүү. Андан сырткары, стол-үстөл сыяктуу бизге тиешелүү эмеректерди сындырып койсо, төлөп беришет.
Бул жерде жашагандар конок тосуп же башка иш-чара өткөрсө бизге маалымдоого тийиш. Мурдагы жылы эле биздин уруксатыбыз менен Кайып Оторбаевдин мааракеси өттү. Эми өзүңөр билесиңер, Кайып Оторбаев белгилүү инсан, академик.
Роза Отунбаевага атайын үй бөлүнгөнү белгилүү. Андан сырткары, мурдакы жетекчилер Апсамат Масалиев, Төрөбай Кулатовдорго үй өмүрү өткөнчө колдонууга берилген. Ошондой эле азыр генерал Анарбек Бакаевдин жубайы да мамлекеттик резиденция аймагында жашайт. Ал эми башкалардан айырмаланып, Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовго тийешелүү үйлөр алардын артында калгандардын менчиги болуп эсептелинет.
Турусбек Коеналиев: - Бир кезде ушинтип менчикке берилип кеткен экен. Кайсы мэрдин буйругу экенин да айта албайм. Бирок, азыр бул үйлөр үчүнчү жакка сатылып кетпесин деп аракет кылып жатабыз. Канткен менен бул мамлекеттик аймак. Андыктан бул жерде ошого тиешелүү гана адамдар жашашы керек.
Исхак Масалиев: - 2010-жылы апрель окуяларынан кийин ремонт иштери башталды. Эки жылдан бери бүтө элек. Андыктан азыр эч ким жашабайт. Үй өзү эски, 1956-жылы салынган. Жыгачтан, үч бөлмөлүү, бир үйдү эки үй-бүлө бөлүп жашайт. Бизге үй атамдын атына түбөлүк колдонууга берилген. Азыр анда апам турат".
Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев да чоң атасы менен резиденцияда жашайт экен, аны да кепке тарттык.
Эрмек Усубалиев: - 1997-жылы үй өкмөттүн токтому менен чоң атама берилген. Чоң атам кары киши болгондуктан, аны менен мен жашайм. Чоң атам 60-жылдары резиденцияны өзү салгандыктан ага үй берилген. Үйдүн өлчөмү 60 чарчы метр. Абдан эски үй болгондуктан биз анын жанына жаңысын өз каражатыбызга куруп атабыз. Айтматовдор бизге коңшу турат, - дейт.
Чыңгыз Айтматовго эки үй тиешелүү. Анын биринде уулу Элдар, биринде жубайы Мария Айтматова жашаары маалым болду.
Жазгүл МАСАЛИЕВА,
"24.kg"




Текебаевдин термеси

Депутат Ө.Текебаев жергиликтүү кеңештеги коллегаларынын шорун шорподой кайнатмай болду. Тагыраагы алардын мамлекеттен каржыланган ишканаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам токуп жиберди. Депутаттын айтымында андай ишканаларда иштеген депутаттар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды оңой эле өткөрүп кетишет экен. Анын мисал келтиргенине караганда Ош шаарынын депутаттары ичкен сууга тарифти көтөрүп жиберишиптир. Көрсө, шаардык суу каналынын башчысы шаардык кеңештин депутаты экен. Анан берки коллегаларына "көз кысып", каалаган мыйзамын өткөртүп алса керек. Ө.Текебаевдин бул мыйзамы өтүп кетсе, жергиликтүү кеңештердин мамлекеттин акырынан жем жеген далай депутаттары "таш жалак" калат окшоп калды.


Жылдыз эмнени жылдырды?

Депутат Ж.Жолдошева эми ойгонгонсуп "президент Алмазбек Атамбаев кан кудасы Алымбай Султановду Мамлекеттик баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын башчылыгына дайындап жиберди" - деп бакырды эле ЖКнын ичи солкулдап, комьпютерлер калдактап, үстөлдөр ары бери жылышып, имараттын терезелеринин айнеги күбүлүп кала жаздап барып токтоду. Айтканы туура дечи, бирок бул маселени кечигип көтөрүп калгандай. Анткени, "Алиби" гезити өткөн санында президент түшкө чейин жаңы шайланган министрлерди "кудаңарды, жакыныңарды жолотпогула" - деп парламентте каарыганын, түштөн кийин кан кудасы тигинтип "майланышып" отуруп калганын ошол эле күнү жазып чыккан. Депутат болгондон кийин Ж.Жолдошева "Алибинин" айтканын кайталабай, "кур деген алты метр алдыда жүрсө" деген эле тилек. Бирок, кеч болсо да көтөрүп жаткан маселесин кош колдоп колдойбуз. "Балык башынан сасыганда" болбойт да.


Биримдик... Өнүгүү...

Өткөн жумада "Биримдик жана өнүгүү" саясий партиясынын 4-съезди болуп өттү. Съездде учурда мамлекетте болуп жаткан саясий абал талкууга алынып, партиянын алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу, келечектеги перспективалар туурасында сөз болду. Ошондой күздө өтө турган шаардык кеңештерге боло турган шайлоолорго катышуу үчүн көрүлө турган даярдыктар тууралуу да сөз болду. Аталган партиянын лидерлеринин бири саясат таануучу Токтогул Какчекеев партиянын алдыда аткара турган милдеттери арбын экендигине токтолду.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??