Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Депутат Т.Мадылбековдун уулу камалды

Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун Бишкек шаардык прокуратурасында иштеген уулун камакка алды.

Элдар Мадылбековго "өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук кылган жана рейдерлик жасаган" деген айып тагылууда. Башкы прокуратуранын маалымдашынча, ал апрель окуяларындагы Бакиевдердин дүнүйө-мүлкүн басып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишке катышы бар деп шектелип жатат.
15-сентябрь күнү кечинде кармалган Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм прокурору Элдар Мадылбеков азыр шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу абагында отурат.
Башкы прокуратуранын тергөө тобунун башчысы Рустам Абдрасулов Э.Мадылбековдун кайсы кылмышка шектелип жатканын мындайча түшүндүрдү:
- Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 166-беренеси (алдамчылык) менен 2010-жылдагы Бакиевдердин мүлкүнө башкалардын ээлик кылуусу боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелип жаткан. Ошол иштин негизинде Мадылбеков Элдар Туратбекович шектүү катары кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Элдар Мадылбеков Жогорку Кенештеги коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу. Буга чейин парламенттеги "Республика" фракциясынын бир катар өкүлдөрү "Ата Мекендин" депутаттары "Туратбек Мадылбеков, Өмүрбек Текебаев жана Райкан Төлөгөновду апрель окуясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн ээлеп алган" деп айыпташкан. Факт катары түрмөдө отурган Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөлөрүн НТС телеканалы аркылуу утур-утур көрсөтүшкөн болучу. Бирок "атамекенчилер" аны төгүндөгөн.

Туратбек Мадылбеков уулунун кармалуусун бул ишке такыр тиешеси жок деп эсептейт:
- Эмненин негизинде кармалгандыгы тууралуу азыр колумда эч кандай документ жок болгондон кийин мен бирдеме деп айта албайм. Эгерде чындап кылмышка тиешеси бар болсо, мыйзам алдында жооп берет.

"Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев бул окуяга мындай комментарий берди:
- Биз айтканда шоу катары кабыл алышты эле. Бакиевдердин мүлктөрүнүн баары улутташтырылган эмес. Биз айткандай эле, ушундай болуп ар кимде жүргөнү тастыктала баштады.

Саясий эксперт Марс Сариев башкы прокуратура айныгыс факт болбосо, Мадылбековду камай алмак эмес деген пикирде:
- Азыркы бийликтин учурда мыйзамга ылайык иштөөдөн башка жолу жок. Бул кылмыш иштери да мыйзам боюнча эле жүрүп жатат деп ойлойм. Факт боюнча иштебесе Башкы прокуратура жана анын артында турган бийлик дагы орустарда айтылгандай "саясий өлүк" болуп калышат.
Август айында "Ата Мекен" фракциясы менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ортосунда компроматтар согушу чыккан. "Атамекенчилер" өтө кымбат ат алуу менен премьер түркиялык бизнесмендин ишине жол ачкан деп чыкса, Бабановго тиешелүү саналган НТС телеканалы азыр тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрүн тынбай көргөзгөн.
Буга улай ошол кездеги өкмөт башчы Бабанов Башкы прокуратурага бул ишти тыкыр иликтеп чыгууну тапшырган. Бирок Башкы прокуратура 15-сентябрдагы расмий билдирүүсүндө, Элдар Мадылбековдун кармалуусу Юсуповдун көрсөтмөсүнө тиешеси жок экенин баса белгилеген.
Бул окуяга мыйзам боюнча сот чекит коюуга тийиш. Башкы прокуратуранын айтымында, Элдар Мадылбеков 48 саатка камалды. Анын айыбы угузулуп, бул мөөнөт бүткөндөн кийин баш коргоо чарасы аныкталат.


Азиза Култаева
"Азаттык", 16.09.2012






Башпрокуратура билдирет
Башкы прокуратура:
Бакиевдердин мүлкү боюнча иштерге Э.Мадылбеков жана С.Жапаровдон тышкары УКМКнын кызматкерлери да аралашкан


Башкы прокуратура: - "Ата Мекен" партиясынан депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Э.Мадылбековго козголгон кылмыш ишинин тегерегинде айрым ачыктоолорду жарыялады.

АКИпресс интернет сайтында өткөн пресс-конференцияда Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн начальниги Каныбек Турдумамбетов Бакиевдердин үй-бүлөлүк мүлкүн тартып алуу боюнча бул фактылар текшерүү учурунда аныкталгандыгын билдирди.
Сөз Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 74 тө жайгашкан имарат жөнүндө болуп жатат. Бул имарат мурда Айыл чарба министрлигине таандык болгон. Кийин ал Маммүлк аркылуу өкмөттүн токтому менен Чолпон-Атадагы имаратка алмаштырылган. 2009-жылы имаратты Максим Бакиев алып, ишеним кат аркылуу өзүнүн досу Сергей Кимге каттатат. (Ал ага чейин 2 жыл мурда Ысык-Көлдө кырсыктан көз жумган болчу). Андан кийин имаратты ОсОО "Глобал профит" фирмасына каттатышат. Фирманын жасалма ээси 1985-жылы туулган, Максим Бакиевде катардагы шоопур болуп иштеген Станислав Белянин деген болгон.
Андан кийин Апрель окуясы болуп кетип, Э.Мадылбековдун кишилери имараттын кулпусун бузуп, каалгасын талкалап кирип ээлеп алышат. Имарат Элдардын досуна каттатылат.
Имараттан эртерээк кутулуп, пайда табууну көздөгөн Элдар сатып алуучуну издей баштайт. Аны алгач Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов сатып алат. Анын курулуш фирмасы имаратта ремонт жасай баштайт. Бирок, имарат прокуратура органдарынын тыюу салуусунда экендигин билип калган А.Бурканов сатып алуудан баш тартат.
Эми Элдар имаратты тыюу салуудан алып чыгуу үчүн бардык күчүн жумшай баштайт. Э.Мадылбеков Беляниндин жасалма колун жасап, фирманын 100 % үлүшүн жана имаратты Садыр Жапаровго 19,5 миллион сомго (500 миң доллар) сатып жиберет. Азыр ал жерде "Ата Журт" партиясынын офиси жайгашкан. Башкы прокуратуранын эсептөөсүнө караганда шаардын борборунда жайгашкан бул имарат кеминде 2 миллион доллар турат.
Андан кийин Маматов деген сатып алуучу табыла калып, имаратты дагы жалган бирөөгө каттатат. Мындан кийин имарат дагы бир жолу сатылып, аны Садыр Жапаров сатып алат. Ал кезегинде Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде Э.Мадылбеков менен бирге иштешип, анын жетекчиси болгон. Азыр Э.Мадылбековго үч эпизод боюнча (166 ст (алдамчылык), 172 ст (күч менен тартып алуу), 350 ст (жалган документ жасоо) иш козголгон. Ошондой эле депутат С.Жапаровго да 30-166 статьялары боюнча (алдамчылыкка катышуу) иш козголду.
Учурда бул кылмыш ишине "Ата Журт" партиясынын лидери -К.Ташиевдин, Э.Мадылбековдун атасы - Туратбек Мадылбековдун канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги иликтенүүдө. "Ташиев жакында суракка чакырылат"-дейт К.Турдумамбетов. Мындан тышкары, бул имарат улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесине кирбегендиги да анык болду. Бул ишке УКМКнын кызматкерлери аралашкан. Ошондой эле УКМКнын бул маселени ачык бойдон калтырган кызматкерлерине карата текшерүү жүргүзүү үчүн суроо-талап жөнөтүлдү.
К. Турдумамбетовдун айтымында бул иште саясат жок.
"Аки-пресс"







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??