кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0918_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0918_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0918_1.htm on line 79
п»ї
Президент Талас элине
кыянатчылык кылып жатабы?
Маймак бекетинин казактар тарабынан бир тараптуу жабылышы таластыктарга кыйынчылык алып келүүдө. Жыйырма бир жылда канча бийлик алмашып, канча президент келип кетсе да бекет жабылган эмес. Мына ошол темир жол бекетинин азыркы бийликтин тушунда, болгондо да "жыйырма жылдан бери официалдуу түрдө келе элек болчу" деп жар салган казак президенти Нурсултан Назарбаевдин иш сапарынын алдында жабылып калышы бизди ар кандай ойго жетелеп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев "казак тарап менен бардык маселелер чечилди" деди. Чечилбей эле темир жол жабылып калды го. 3-августта жабылып калган темир жолго байланыштуу Талас элинин экономикалык-социалдык абалы өтө төмөнкү деңгээлге түшө тургандыгын төмөндө фактылар менен далилдеп берейин. Маймак бекетинин жабылышынан улам Темир жолго жакын жайгашкан "Газпром Нефть Азиянын" Талас областындагы нефтебазасы, "Кайыңды" кант заводунун таластыктардын өндүргөн кызылчасын кабыл ала турган пункту, Таластагы ПЛУАДга же болбосо жол тармагына битум кабыл ала турган пункт өз иштерин токтотту. Мындан сырткары, майда ишканаларды ачып, былтыр Кара-Буура районунун бюджетине 18 миллиондук инвестиция алып келген, СЭЗге (эркин экономикалык аймак) кирген 19 ишкананын иши үзгүлтүккө учурады. Былтыр тоннасы 2700 сомдон 15 миң тонна көмүр алып келип, калкты сапаттуу жана арзан көмүр менен камсыз кылган "МСН-Маймак" ишканасы, Казакстандан арзан буудай алып келип, жергиликтүү тегирмендерден тарттырып, элди арзан ун менен камсыз кылган "Талас-Дан Азык" ишканасы өз ишин токтотту. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Таласта төө буурчак өндүрүлүп, чет мамлекеттерге сатылат. Эми ошол төө бурчакты жүктөө иштери да токтоп, эртеңки күнү анын баасы кескин төмөндөй турган коркунуч келип чыкты.






"Алиби", 11-сентябрь, 2012-ж.

"Алиби", 7-сентябрь, 2012-ж.

"Алиби", 31-август, 2012-ж.

"Алиби", 24-август, 2012-ж.

"Алиби", 21-август, 2012-ж.

"Алиби", 17-август, 2012-ж.

"Алиби", 7-август, 2012-ж.

"Алиби", 3-август, 2012-ж.

"Алиби", 21-июль, 2012-ж.

"Алиби", 17-июль, 2012-ж.

"Алиби", 13-июль, 2012-ж.

"Алиби", 6-июль, 2012-ж.


Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0918_1.htm on line 236

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0918_1.htm on line 236

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0918_1.htm on line 236


а ­е¦Є.НҐй«