Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Ээн жердин бөрүсү

Редакциябызга "Трансордо" автоташуучулар жана экспедиторлор ассоциациясынын теңтөрагасы Мырзамат Чынгараев аттуу жаран кайрылып, Ош облустук бажы кызматынын башчысы Раим Матраимовдон ыдык көрүп жатканын, анткени, ушу тапта аталган мамлекеттик мекеме жеке бир дамдардан турган топтун мекемесине айланып, толгон-токой мыйзам бузуулар орун алып жатканын, ошонун баарына чыдабай, чындыкты айтканы үчүн атайын уюшкан топтон токмок жеп, бир ай дегенде төшөктөн араң баш көтөргөнүн кеп кылып отурду. Окуянын жүрүшүн өз оозунан уксак...

- Мырзамат ага, Матраимовдун кайсыл иштерин бетине айтып, жаман көрүнүп отурасыз?
- Мен теңтөрагалык кылган "Трансордо" автоташуучулар жана экспедиторлор ассоциациясы кошуна өлкөлөрдөн жүк ташуу вазыйпасын аркалайт. Бизге окшоп сырттан жүк тарткан ишкерлер арбын. Ал эми Ош облустук бажысынын башчысы Раим Матраимов болсо таза иштеген бизнесмендерге кысым көрсөтүп, өзү каалагандай саясат жүргүзүп келет. Ал алты жылдан бери облустук бажы кызматын башкарып, жүк ташуу тармагын 90% монополияга айландырып алды. Өзүнүн үй-бүлөсүнө, жакындарына караштуу фирмаларды калкалап, капчыгын толтуруп атат. Раим мырзанын адамдары бизге бир топ татаалдыктарды жаратып, ар түрдүү жолдор менен жүрүп жаткан ишибизди муунтуп, жок кылууга далалат жасап келишет. Биздин Эркечтамдан өтүүчү жүктөрдүн ар бирин эринбей текшерүүгө алышат. Мыйзамдын чегинде өздөрүнүн кызматын так аткарып, жүктөрдү кылдат текшерүүгө алып атышат дейин десең, өздөрүнө тиешелүү жүгү бар автоунааларды көзирмемчелик убакытта өткөрүп жиберишет. Айрымдарынын документтерин да текшеришпейт. Документтери жок жүктөрдү да чек арадан өткөрүп жиберишип, артынан гана документтерин даярдап жөнөтүп жиберген учурлар кездешет. Бул дагы эч нерсе эмес. Матраимовдун өзүнө караштуу фирмаларынын жүктөрү менен биздин жүктөрдүн чек арадан өтүү баасы эки-үч эсеге айырмаланып турат. Жакында эле Тажикстандан далилдүү фактыларды алып келдим. Көрсө, бажы кызматкерлери өздөрүнүн 30 тонналык автоунааларына 15-16 миң доллардан төлөтсө, биздин 30 тонналык автоунааларыбыз үчүн Ооганстанга 60 миң доллар, Тажикстанга 30-35 миң доллар алып жүрүшүптүр. Демек, Р.Матраимов карапайым элге билинбеген өзүнүн схемасын түзүп, бажы тармагын менчигине басып алган деп айтсам жаңылышпайм.
Бажы жетекчисинин өзүмбилем саясатына алгачкылардан болуп каршы чыктым. Карапайым айдоочулардын, жүк ташуучулардын таламын талашып, "алардын укугу тебеленбесин" деп Матраимовго эчен жолу кирип бетине айткам. Ошондон тартып мени куугунтуктай баштады.
- Коркутуштубу?
- Ооба, ачык эле коркутууга өттү. Мен айттым ага, "Раим, мени билесиң, Бакиевдердин коррупциялык бийлигине каршы чыгып, 7-апрелде Ошту көтөрүп, элдин башын бириктирген, шаарды талап-тоноодон сактап калган революционер адамдардын биримин. Эми сенин мыйзамсыз зордугуңа чыдай албайм. Бакиев учурунан бери жакшы эле эздиң, токтот. Болбосо тиешелүү чараларды көрүп, мыйзамдык негизде мен дагы сага каршы күрөшкө чыгам" дедим. Десем, "байке согуш ачасызбы, огуңуз жетпей калбасын" деп кекетет. "Огум жетпесе, дзотту денем менен жаап жатым алам" деп чыгып кеткем. Ошондон кийин эле артыман аңдуулар башталганын сезип калдым. Айтайын, анын Зафар Айдаров аттуу жоон билек жигити бар. Ал аркылуу өзүнө каршы пикир айткан адамдарды коркутуп-үркүтүп, керек болсо өлөрчө сабаткандан да кайра тартпайт. Айдаров мени да коркутууга аракет жасаган. Бир жолу "сиз тажиктер менен арзан иштешип жатыптырсыз, биз дагы ал жактан оокат кылалы деп барып атабыз" деп сөзүн баштады. Мен эч кандай арзан иштешпей эле эл катарында иштешип жатканымды айтсам, "мен керек болсо Алманбеттин (Алманбет Анапияев - Н.К.) ыкмасын колдоном" деп коркутуп баштады. "Сен Алманбеттин тырмагына да тең келбейсиң" деген жоопту узаттым эле, ошол эле күнү чек арадан менин төрт автоунаамды жүгү менен тартып алышты. Адегенде Шарабидин Марифов деген жигит тоскоолдук жаратып, аны менен телефондон кайым айтышуулар болду. Эки сааттан кийин баягы билеги жоон Айдаров келип, чоң чыр башталып кетти. Оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүшүп, катуу коркутууга киришти. "Айдоочулар" коомунун жетекчиси Надыр Токторов келип мени менен сүйлөшүүгө аракет жасаса ага кол көтөрүшүп, денесине жаракат келтиришти.
- Кай жерден, кандайча сабап кетишти?
- Бир күнү үйүмө кайтып келатып биздин көчөдө төрт көздүү күмүш түстөгү номуру жок "Мерседес" унаасы токтоп турганын байкадым. Анын жанында кара кепка, кара футболка, кара шым кийип алышкан алибеттүү үч жигит турушуптур. Алдымды тороп токтотушуп, "братан, сизде сөз бар эле" деп калышты. Ошентип, ар нерсени сүйлөшүп атып, ал жигиттер кетишти. Бул үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда болгон окуя.
5-июль күнү Каратай айылынын ортосунда бир досумдун комогуна кайрылып, суусундук ичип отурган элем. Анан эле "братан, кандайсыз?" - деп эле баягы үч жигит пайда боло калды. Учурашкандан кийин алардын ким экендигин, менден эмне керектигин сурадым. "Эшикке чыгып сүйлөшөлү" дешти. Макул болуп машинемдин артына бардык. Ал жерден "дагы арыраак барып сүйлөшөлү" дешти. Каршы болгонума карабай, атасындай болгон мени беш метрдей жерге сүйрөп барышты. Досумду жардамга чакырдым эле, ал дүкөнүнөн чуркап чыкты. Ошондо үчөөнүн бирөө Ислам деген өзбек жигит экен, "мен кылмыш иликтөө бөлүмүнөнмүн, досуңуздун үстүнөн иш бар" деп калды. Учурдан пайдаланып эки жигиттин колунан бошонуп, машинемдеги травматикалык куралыма жетүүгө аракет кылдым. Бирок, мени машинеге жеткирбей кармап алып ташбоордук, жырткычтык менен сабап, чөнтөгүмөн уюлдук телефонумду алып кетишти. Эсим ооп жыгылып калган экенмин. Эсиме келсем эл үйүлүп, бети-колумду жууп атышыптыр. Түз эле шаардык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө келип түштүм.
- Бул иш боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогонбу?
- Шаардык кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Сүйүн, Ислам, Кубаныч, Бакыт аттуу балдар кармалды. Азырынча тергөө иштери аягына чыга элек. Эмне себептен мындай кадамга баргандарын ачык айтпай жатышат. Ал эми булардын артында Р.Матраимов турарын сезип атам. Анткени, андан бөлөк шек санай турган адамым жок. Башка эч ким менен душмандашкан жан эмесмин.
- Андан бери ал тарап кандай аракет кылышууда?
- Ар кимди ортого салып, айыбын жабуунун аракетин көрүп жатышат. Бирок, алардан ар нерсени күтсө болот. Ал турсун учурда жеке эле менин эмес, үй-бүлөмдүн, туугандарымдын өмүрү коркунучта. Мен айтып кетем, эгер менин үй-бүлөмө жана жакындарыма коркунуч туулуп калчу болсо, анын артында сөзсүз түрдө Раим Матраимов, Нышан Ажымаматов, Зафар Айдаров, Шарабидин Марифов тураарын расмий билдирем. Андыктан тийиштүү органдар олуттуу көңүл буруп, мени жана жакындарымды, үй-бүлөмдү сактап калышын суранып, силерге кайрылып жатам. Чындыктын, калыс бийликтин бар экени чын болсо, токтоосуз түрдө Ош бажысындагы өзүм билемдикке чекит коюп, мыйзам алдында мамлекетке, адамдын саламаттыгына да залал келтиргендерди жазалоо керек.

Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ө.Т.Бабановго,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго жана КР Жогорку
Кеңешинин депутаттарына,
Башкы прокурор А.Ж.Саляновага,
Ички иштер министри З.К.Рысалиевге,
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын
төрагасы Ш.Е.Атахановго
КАЙРЫЛУУ
Эски бийликтин тушунда паракорлук күчөп, адам укугу көз көрүнөө тебеленип-тепселгени кадимки көрүнүштөй кабылданып калган. Мындай катаал режимдин кесепетинен эчендеген эр азаматтарыбыздан айрылдык, нечендери бөтөн өлкөгө журт которууга аргасыз болушту. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелинен кийин келген бийлик мындай кейиштүү көрүнүштү кескин жоюп, элге теңчилдикти ыроолоду.
Мурда коррупциялык элементтер эрөөн-терөөнү жок эле базардагыдай соодалашып келсе, эми жыл башында президент тарабынан жемсөөлүккө каршы аеосуз күрөштүн жарыяланышы жамы журттан колдоо тапты. Мамлекет байлыгын каалагандай ичип-жеген адамдардын статусуна карабай камалышы - бүгүнкү бийликтин эл үчүн, мамлекеттин өнүгүшү үчүн билек түрүнө киришкенин айгинелейт. Ошондой эле криминалдык чөйрөгө ачылган күрөш өз жемишин бергени айныгыс факт. Бийликтин мындай батыл кадамы эл тарабынан колдоо таап, бийликтин аброю артып баратканын эч ким тана албайт.
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" дейт элибизде. Анын сыңарындай, мамлекет башчысынын күнү-түнү тынбай жасаган эмгегин заматта жокко чыгаруу максатында жеке кызыкчылык деңгээлинен көтөрүлө албаган "азаматтарыбыз" бийлик бутактарында жүргөнү өкүнүчтүү. Алардын бири - Ош облустук бажы кызматынын жетекчиси Раим Матраимов. Бул киши алты жылдан бери облустук бажы кызматын башкарып, жүк ташуу тармагын 90% монополияга айландырып, өзүнүн үй-бүлөсүндөгү жана өзүнө караштуу адамдарга бөлүп берип, капчыгын кампайтканын өз көзүм менен көргөм, "Трансордо" аталыштагы автоташуучулар жана экспедиторлор ассоциациясынын теңтөрагасы катары жакшы билем. Мен элдин, жүк ташуучулардын жана айдоочулардын таламын талашып, бул системаны бир нукка салып, карапайым айдоочуларды жумуш менен камсыз кылуу максатында аракет кылганымдан улам Р.Матраимовдун куугунтуктоосуна кабылдым. Ал Зафар Айдаров аттуу "желдети" аркылуу өзүнө сын-пикир айткан адамдарды коркутуп-үркүтүп, керек болсо көгала койдой сабаткандан да кайра тартпайт. Мен да Р.Матраимовдун "желдеттеринен" таяк жеп, оор жаракат алдым. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, Сүйүн, Ислам, Кубаныч, Бакыт аттуу балдар сурак берип атат.
Р.Матраимовдун коррупциялык иштери тууралуу Республикалык бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго кайрылган элем. Андан жыйынтык чыккан жок. Эми аргам кеткенде ишти көзөмөлгө алып, адилет чечим чыгышына өбөлгө болор деген терең ишенимде сиздерге кайрылып отурам. Менин азыр өмүрүм коркунучта. Эгер менин үй-бүлөмө, менин өмүрүмө, саламаттыгыма доо кетсе, анда Раим Матраимов, Зафар Айдаров, Нышан Ажымаматов, Шерабидин Марифов жоопкер болорун алдын ала эскертмекчимин.
Мырзамат Чынгараев
" Трансордо" автоташуучулар жана
экспедиторлор ассоциациясынын теңтөрагасы

Тынчтык
Алтымышев
P.S. Бул материал боюнча Ош бажы жетекчилигинин жообун жарыялоого редакция даяр экенин билдирет





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика