Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Инвестордун 2300000$ кимдер уурдады?
Инвестор керек дейбиз. Келгендерди үркүтөбүз. Анан кантип өнүгөбүз? Ким үркүтүптүр? Кадимки Генералдык прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин өкүл атасы, А.Акаевдин "Алга, Кыргызстандагы" кол баласы, экс - депутат Хакимов Абдумуталип Мирзарахимович.
"MERCOT A.G." компаниясы Борбор Азия пахтасын Россияга, Европага алып чыгуу менен алектенген ири ишкерлердин трейдери. Жылына 50 миң тонна пахта айлантса, анын 8 миң тоннасын Кыргызстандын үлүшүнө туура келчү. Депутат кезинде Хакимов бул компаниянын ишенимине кирип, Жалалабад пахтакорлоруна финансылык агымды буруу тууралуу жогорку деңгээлде келишим түзгөн. "MERCOT A.G." бүгүн алданып калганына ишенгиси келбей, алакан жайып отурат. Хакимов жалпы эсеп менен чет элдик инвесторлорду 1,5 миллион АКШ долларына "кидать" этиптир, андан сырткары дебьюторлук милдетти мойнуна алган Хакимов алдын ала бул компаниядан 800 миң доллар алып аны шайлоо компаниясына керектеп койгондугу белгилүү болду.
Келишим түзүүдө да "аферистик амал" ийгиликтүү ишке ашкан. Аткеним, анча чоң эмес суммадагы акча алып жанкан Хакимов күрөөгө өзүнүн "Дома-Ата" май заводун койгон. Бирок, ал убакта ал заводу, андан мурун түзүлгөн келишим боюнча Кыргыз Инвест Кредит Банкында күрөөдө турган эле. Кандайча банкта күрөөдө турган завод башы бошобой жатып экинчи ирет күрөөгө коюлуп калган? Генпрокурор түштүктө, паханга айланган өкүл атасынын жарым криминалдашкан бизнесин "крышевать" этип жүрбөсүн? Чындыгында эле Кыргызстанда жогорку жакта ишенген кожоң болбосо бизнес кылуу мүмкүн эмес.
Күжүрмөн эмгектеринин аркасында эл аралык аренада жакшынакай репутация жасап алган "MERCOT A.G." компаниясынын Кыргызстандагы окуясын уккан коллегалары бүгүн Кыргызстанга ишеним арта албайт. Бакиев баш болуп экономиканы оңойлу деп атышкандай болду эле… Ан үчүн инвесторлор керек экен. Алар келели десе Генпрокурор, опей генералдык өкүл аталар минтип атышса, кантип келишсин. Андыктан, адегенде тартипти, мыйзамдуулукту орнотуш зарыл. Мыйзамдардын так аткарылышына көзөмөл сала турган Генпрокурорубуздун "атасынын" кылганы бул, балким, "ата" баласына бата берип тургандыр. Же өкүл атам өз атам, өлүп кетсин кайнатам, деген сөз мыйзамдан да жогору туруп калды беле? Эскерте кетсек Хакимов ака өзбек паспортунун ээси болгондугуна карабай ЖКнын депутаты болгон. Кайсы бирин айтайын, хакм…мм…


Сакалчандар менен салгылашканда
"2,5 миллион доллар жеген чиновниктер
жоопко тартылсын"
31-январда Т.Бакир уулу ЖКда доклад окуп жатып, 1999-жылы Баткен окуясынын маалында барымтага алынган япон геологдорун куткарып алуу үчүн япон өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 2,5 млн. долларды аткаминерлер өз ара бөлүшүп алышкан деген маалымат берди. Эскерте кетсек, япон жараандары менен кошо Кыргызстандык алты милиционер жана генерал Анарбек Шамкеев да экстремистердин туткунуна түшүп калган. Япон бийлиги жарандарын куткарууда акча бөлүп бергендиги тууралуу маалыматты четке кагууда. Өз убагында өлкө башчысы Аскар Акаев да "Дейли Иомури" газетасына берген интервьюсунда бул имиштерди жокко чыгарган.
Т.Бакир уулу "беш адамды барымтадан чыгарган күнү Улуттук коопсуздук министри М.Ашыркулов мени өзүнө чакырып, япон элчиси менен жолукканбыз. Ал кеткен соң Коопсуздук кеңешинин катчысы Б.Жанузаков келип, айтсам диктафонго жаздырып алышпасын деп коркуп кагазга "2,5 тонна ун" деп жазган. Бул эмне деп сураганымда кулагыма "2,5 млн. доллар" деп шыбыраган. Бул окуядан кийин мени барымтадагыларды куткаруу процессинен четтетишкен. Тажик министри Мирзо Зиеевке да бир аз акча беришкен, бирок көпчүлүк бөлүгүн кыргыз чиновниктери бөлүп алышкан" деп сөзүн аяктап жатып ошол жылы Кара-Тейит кыргыз айылын өзбек учкучтары бомбалоого алгандыгына да КРнын Коргоо министрлиги күнөөлүү экендигин жана андан жабыр тарткандар үчүн өзбек өкмөтүнөн сот аркылуу компенсация өндүрүү зарыл экендигин белгиледи. 1-февраль күнү ЖК депутаты А.Мамасалиев окуяны Генералдык прокуратура текшерүүгө алышын талап кылып, мамлекеттик кызматкер жетекчилик милдеттерин аткарууда кылган кылмыштары үчүн канча убакыт өтсө да жоопко тартылыш керек деди. Туура айтат, балада бар. Жетекчилик кызматка баргандын өзү элдин жүгүн мойнуна алгандыкты түшүндүрөт. Демек, аткаминерлер алган милдеттерин аткарсын, жолдон чыга турган болсо жоопко тартылсын. Эскерте кетсем, Баткен окуясынын айынан кыргыз эли 51 азаматынан айрылган. Азаматтарыбыз антип өлкөсү үчүн өмүрлөрүн берип атышса, айрым аткаминерлерибиз Ата Мекенинин коопсуздугун акча менен эсептеп жүрүшүптүр.





Менчик деп жүрүп,
Мекенибизден айрылабызбы?

Жакынкы жарым жылдын ичинде Кыргызстан менчиктештирүүнүн кучагында калат. Улуттук экономикабыздын өзөгүн түзгөн стратегиялык объектилердин баарысы сатыкка коюлат. Кыргыз бийлигинин мындай чечими баарына эле жага бербейт. Айрым сынчылардын айтымында, чет элдик инвесторлор муну менен экономикабызды гана башкарбастан, саясатыбызды дагы башкарууга мүмкүнчүлүк алышат.
2005-жылы бийлик алмашуудан кийин, менчиктештирүүнүн жаңы жолу пайда болгон. Ага чейин Кыргыз парламенти аткаруу бийлигинин мындай аракеттерине каршы турушуп, "мамлекеттин байлыгы айрым адамдардын менчигинен жогору турат"-деп келишкен. 2008-жылдын 10-январында президент К.Бакиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сүйлөп жатып, мындай деген, -"мамлекет башкарган жерлерде жалаң уурулук жана акча чачуулук". Ошондуктан, стратегиялык объектилерди мамлекеттен ажыратышыбыз керек экен. "Ээси болсо, андан сураганга да болот"-дейт, кыргыз президенти. Башчыбыздын мындай сөзүнөн кийин, Кыргызстандын бир топ объектилерине чет өлкөнүн ишкерлери көз арта баштады.
Акыркы эки жылдын ичинде мамлекет өзүнүн банк жана туристтик секторлорун менчиктештирип жиберген. Банк системасын Кошуна Казакстандын бизнесмендери колуна алышкан. Мисалы, Кыргызавтобанкты-Казкоммерцбанк, Инексимбанкты-Темирбанк, Энергобанкты-Алма-Ата соода, финансылык банкы, КайратБанкты-Казахстан Элдик Банкы менчиктештирип алышкан. Эми кошуна өлкөнүн бизнесмендери кыргыз энергетикасына, темир жолдоруна, телекоммуникацияларына көз артууда.
Өкмөт башчыбыз И.Чудиновдун сөзүнө таянсак, өкмөт мамлекетттин үлүшү бар бир топ объектилерди сатыкка койгонго аракет көрө баштаптыр. Алардын катарында "Кыргызтелеком", "Аэропорт Манас", "Северэлектро", "Бишкектеплосеть", "Кыргызгаз" жана башка ондогон ири ишканалар бар. Өкмөттүн пресс кызматынын билдирүүсүнө караганда, 7 миңден ашуун объектилер менчиктештирилүүгө жатат. Сатыкка коюла турган объектилердин эң ириси Камбарата ГЭСтери. Азыркы күндөрү Камбарата ГЭСтерин курууга Казакстандын "Каз Куат" компаниясы менен Орусиянын РАО "ЕЭС России" компаниялары келишкен. Камбарата-1 ГЭСине кошуна Кытай өлкөсү дагы кызыгууда. Ал эми, Камбарата-2 ГЭСин Кыргызстан өз күчү менен курууга ниеттенип жатат. Кайсы каражатка курабыз? Тышкы карызыбыз 1 миллиард доллардан ашык болсо, быйылкы жылы бюджеттин дефицит көлөмү 3,3 миллиард сомго чыга турган болсо, анан Камбарата-2 ГЭСин курууга кете турган 3,5 миллиард сомду асмандан алабызбы? Чындыгында, Камбарата-2 ГЭСи кошуна казак бизнесмендеринин акчасына курулат деген имиш бар. Эгер "тендер" ачык болсо, "кимдер" экенин билиш оңой эле. Кокус казактар алып калса, анда ачар Кыргызстандын энергетикасын гана көзөмөлдөбөстөн, Борбордук Азиядагы Сырдарыя суусунун көлөмүн дагы көзөмөлдөп калат. Сырдарыя Кыргызстандан чыгып, Өзбекстан, Тажикистан аркылуу Казакстанга кирерин жакшы билебиз.
Анда, Казакстан бүткүл Борбордук Азиядагы өзүнүн саясатын жүргүзүп калат. "Бишкек ТЭЦти" менчиктештирип алган адам, кайра реконструкциялоо үчүн 50 миллион доллар жумшаш керек. Алган адам ошончо каражатты жумшайбы? Эгер жумшай турган болсо, сөзсүз түрдө электр энергиясына болгон бааны көтөрөт. Көтөрбөйт деп, ким кепилдик бере алат?
Канттагы цемент-шифер заводу менчиктештирилгенден кийин, анын жаңы кожоюну 16 миллион доллар жумшаш керек болчу, бирок алардан бир тыйын дагы сарптабагандыгын экс депутат А.Бекназаров айтып чыкпадыбы? Менчиктештиргенден кийин, цемент менен шифер басы Казакстанга арзан сатылып, кыргыздарга үч эсе кымбат сатылып жатканына күбө болуп жүрбөйбүзбү?
Азыркы менчиктештирүү менен Мекенибизден айрылып, Чудиновду чурулдап издеп калбайбызбы? Азыр объектилер гана эмес, жайыт жер дагы менчиктештирилгени жатыптыр. Айыл чарба министрлиги Жогорку Кеңештин короосуна жайыт жерлер тууралуу мыйзамды жөнөттү деген имиштер бар. Ал мыйзам долбоору боюнча жергиликтүү бийликтер жерлерге кожоюндук кыла баштайт экен. Жайыттардын баарысын Кытай сатып алса эмне кылабыз? Менчик деп жүрүп, Мекенди сатып жибербесек болду...
Рыскелди Момбеков







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика