32 талапкер
тандалды,
34ү жайланды
2012-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын жыйындар залында Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди иргеп алуу боюнча Сотторду тандоо кеңешинин отуруму болуп өттү.
Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча иргеп алуу жарышына 66 талапкер кое берилген. Алар Жогорку соттогу 35 судьялык орун үчүн ат салышышты.


Сотторду тандоо кеңешинин 24 мүчөсүнүн ар бирине "макул" же "каршы" деген оюн билдирүү үчүн талапкерлердин аты-жөнү жазылган 66 дан бюллетень берилди. Кандайдыр бир себептер менен тигил же бул талапкерди электен өткөрүп жаткан учурда жыйын залында болбой калган Кеңештин мүчөсү ал талапкерге добуш берген жок. Ошондуктан, айрым талапкерлер 24 добушка эмес, андан азыраак добушка ээ болгонун төмөнкү таблицалардан көрсөңөр болот.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 13 баллдан жогору добуш алган талапкерлер үчүнчү турдан өтүп, эми алар Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилмекчи. Ал жерден бардык талапкерлер сыдыргыга салгандай өтүп кетет дегенден биз, албетте, алыспыз. Бирок, көп жылдык судьялык эмгек жолунда аты-жөнүн таза кармоого аракет кылып келген Борончиева Гүлсананын 21, Жумашев Кабылбектин 21, Байзуллаев Жаухараттын 20, Боронбаева Дильфузанын 21, Мухамеджанов Абылайдын 20, Темирбеков Лепестин 19 добуш алышын "Алиби" гезитинин эмгек жамааты канагаттануу менен белгилеп кетмекчи.
Биз ошол эле убакта Жамашева Ферузаны, Аманалиева Бактыгүлдү, Бокоев Каныбекти, Мельникова Маргаританы, Турганбеков Канатты, Сатыбалдиева Нургүлдү, Акматов Болотбекти, Үметалиева Галинаны, Калиева Гүлбараны, Жороев Курманбекти, Ажибраимова Айжамалды, Акыев Арзыбекти, Момбеков Кубанычты 17 ден жогору балл алгандыктары, Сотторду тандоо кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн ишенимине ээ болгондугу менен куттуктайбыз. Алдыда ар бир кыргызстандыктын ишенимине ээ болуу сыяктуу зор сыноо бар экендигин үчүнчү турдан өткөн ар бир талапкер терең түшүнөөрүнөн биз шек санагыбыз келбейт.
Ошол эле убакта, биз, "Сотторду тандоо кеңешинин элегинен өткөн 32 талапкердин бардыгы эле "Жогорку соттун судьясы" деген жогорку наамга татыктуу, алардын бардыгы Жогорку Кеңештин сынагынан такалбай өтөт" - дегенден алыс экендигибизди да жашыргыбыз келбейт. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин кароосуна кое берилген талапкерлердин оң, терс жактарын ачып берүүчү фактылар, материалдар болсо, "Алиби" гезити аларды өз окурмандарына жеткирүүгө даяр.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай - Айтбаева Индира, Оморова Максуда, Мамбеталы Жаңыл, Кайыпов Марат, Кудаяров Жылдызбек, Суеркулов Токтосун, Сариев Аманбек, Максутова Гүлжамал, Тилебалиев Акынбек, Масымбаев Төлөнбай, Макаров Николай өңдүү талапкерлердин конкурстан "кулап калышы" жүрөгүбүздү ачыштырбай койгон жок. Биз аларды нагыз профессионал, ак ниет, таза адамдар катары билерибизди жашырбайбыз. Алардын алдында тандоо дагы деле болсо бар. Алдыда жергиликтүү сотторго тандоо кампаниясы турат. Таза, билимдүү, ишкер, судьялар төмөнкү инстанцияларга аба менен суудай керек экендигин бул адамдар жакшы түшүнүшөт деп ойлойбуз. Ошондуктан райондук, шаардык, областтык соттордун тизмелеринде аты аталган талапкерлердин аты-жөнүнүн жазылып турушу Кыргызстандын судьялар корпусунун күчтүү болушуна алып келеринен биз эч убакта шек санабайбыз.




Тааныш-билиш,
мурдагы аброй
роль ойнодубу?
Төрт сааттан ашыкка созулган добушка салуу сынагынан 32 талапкер өтүп, 34ү акыркы тизмеге илинбей калды. Добуш берүү учурунда сот тандоонун мындай ыкмасына нааразы болгон тараптын өкүлдөрү да жыйынга катышып отурду.Ага чейин добуш берүү өтө турган имараттын алдына ар башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү нааразылык билдирип чыкты. Алар 35 упайдан өйдө топтоп, экинчи турдан өткөн отуз талапкерди үчүнчү айлампага өткөрбөө талабын койду, анткени көптөгөн талапкер - мурдагы бийлик менен чогуу иштеген соттор болууда.
"Кыргызстандын сотторун тазалоо" кыймылынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Маматкеримов "Буларды өткөрбөш керек. Эл арасында ансыз деле сотторго болгон ишеним аз. Эми такыр эле жоголот".Жыйынга Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрүнөн сырткары, бир нече жарандык коомдун өкүлдөрү дагы байкоочу катары катышып, тандоо учурунда айрым жеке көз караштар роль ойноп, тааныш-билиш, мурдагы абройго карата чечим чыгарган учурлар болгонун белгилешти. "Апрель байрагы" кыймылынын байкоочусу Алга Кылычевдин пикиринде "Биз буга чейин айрым талапкерлер тууралуу - алардын коррупциялык иштерге катышы бар" деген далилдүү маалыматтарды бергенбиз. Алар эмнегедир аны эске алган жок. Алар өтсө, эч кандай жаңылануу же реформа деген болбойт". Ал эми Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев: "Ар бир түшкөн доо арызды кеңеш мүчөлөрү доклад окуганда, ар бир талапкерге түшкөн дооматтарды окуп, ага токтолгон. Экинчи турда дагы ошол түшкөн кагаздардын бардыгы каралган. Ага байкоочулар деле күбө болгон" . Эмнеси болсо да жөө жомокко айланган "Сотторду тандоо" деген чоң айлампа акырына чыкты, президентке сунушталган тизмедегилердин тагдыры кандай болот аны мезгил көрсөтөт.
"Алиби"